"Кыргыз туусу", 04.11.11 Фермерлерге
7 пайыздык
насыя берилет
Келерки жылдын январынан тартып айыл чарба тармагына 7 пайыздык үстөк менен насыялар берилет. Бул Өкмөттүн жеткиликтүү насыялоо программасынын экинчи этабынын алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов айыл чарба тармагын насыялоо маселесин караган жыйында билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын февралынан тартып, Өкмөт айыл чарба тармагы үчүн 1 миллиард сом карап, ал өсүмдүк өстүрүүчүлөргө 9 пайыз менен берилген. Андан 4700 жеке жана ири дыйкан чарбалары 565 миллион сом насыя алышкан. Натыйжада жылдагыдан 23 миң гектар жер ашыкча иштетилген. Негизинен картошка, буудай жана пахта өстүрүүгө жумшалган. Насыя алгандар дээрлик 100 пайыз кайтарышкан. "Биз ошонун негизинде 23 миң гектар ашык эгин эктик. Анын натыйжасында күзүндө түшүмдү жыйнаганда айыл чарба продукциялары 4,5 пайызга көбөйдү. Бул насыяларды дагы берүүнү улантууну көрсөтөт", - дейт Өмүрбек Бабанов.
Ал эми "Айылбанкынын" төрагасы Азамат Жоробеков: "Кардарлар насыя берүүнү бир жыл эмес, бир жарым жылга узартууну суранышууда. Түшүмдү жыйнагандан кийин дагы кичине кармап, анан баасы чыкканда сатып, кутулалы дешет. Экинчи маселе бул жерде максималдуу насыя берүү бир фермерге 200 миң сомго эмес беле. Муну дагы кардарлар көбөйтүп бергиле, 500 миң, 1 миллион сомго чейин болсо деп көп кайрылышууда", - деп билдирди.
Эки банктын 9 пайыздык насыя берүүсү башка банктардын да насыялоо саясатын өзгөртүүгө алып келгендиги белгиленди. Алар да үстөк пайыздарын төмөндөткөн. Эми келерки жылдын бюджетине дагы 1 миллиард сом каралып, айыл чарба тармагына берилүүчү насыялар өсүмдүк өстүрүү үчүн деп чектелбей, мал чарбачылыгында эмгектенгендерге да берилет. "Эмдиги жылдан баштап Жогорку Кеңеш колдоп берсе 1 миллиард сомду 7 пайызда беребиз. Банктарда эч нерсе өзгөрбөйт. Силер 2 жана 5 пайызыңарды аласыңар. Арадан бир ортомчуну жок кылдык. Биздин элибизге айткан убадабызды аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Малга канча убакытка канча насыя беребиз? Муну тактоону бөлүмгө тапшырма берем. Малды сатып алып, бакканга, сатканга чейин канча убакыт керек? Негизинен карап чыгыш керек", - дейт Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Кийинки жылдан дыйкандарга 200 миң сомдон, мал баккандарга 300 миң сомдон 7 пайыздык насыя берүү күтүлүүдө. Негизинен жеке фермерлерди каржылоо жагы сунушталды.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"