"Кыргыз туусу", 19.08.11
  Өрт - тилсиз жоо

Шалаакы болбогула, өрттөн 54 адам каза болду
Жыл сайын Кыргызстанда 3 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 100 млн. сомдон ашык материалдык зыян келтирилүүдө. Быйылкы жылдын өткөн жети айында өлкөбүздүн аймагында 1877 өрт кырсыгы катталды, 93 млн. сомдон ашык зыян келтирилди. Эң өкүнүчтүү-сү өрт кырсыгынан 54 адам каза болуп, алардын 13ү жаш балдар, 29 адам ар кандай жаракат жана күйүк алган.

Республикада бир гана өрт өчүрүү түзүмү эмес, Өрт коопсуздук агенттиги тарабынан алдын алуу жана өрт өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн айыл өкмөттөрү, райондук администрациялар, мекемелер, ишканалар, уюмдар ичинде өрт өчүрүүчү атайын ыктыярдуу өрт командалары түзүлөт. Биздин кызмат ыктыярдуу өрттөн сактоо бөлүктөрүн уюштурууга жардам көрсөтүүгө жана мекеме, ишкана, уюмдарга усулдук жана практикалык жактан жардам берүүгө багытталган. Азыркы күндө республиканын аймагында кургак чөптөрдөн чыккан өрт катталып жатышы жана адамдардын өрт коопсуздугуна кайдыгер жана шалаакы мамиле кылуусунун кесепетинен өрттөр чыгууда.
Бир күндө эле республикада 30-35 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 25-30 өрт кургак чөптөрдөн чыгып, ансыз деле күйүүчү май тартыш болуп турганда абалды оорлотууда. 2010-жылдын 7-айында 200дөн ашык өрт катталса, 2011-жылдын 7 айынын ичинде ачык талаадагы жана турак жай участогундагы кургак чөптөрдөн тутанган 300дөн ашык өрт катталды. Демек, былтыркы жылдын 7 айына салыштырмалуу көп. Анын ичинен эң көбү Бишкек шаарында - 135, Чүй облусунда 140 өрт катталды.
Ачык талаалардагы жана турак жай жерлеринен кургак чөптөрдөн чыккан өрттөр андан ары өөрчүп кетсе, мамлекетибизге материалдык жактан көптөгөн зыяндарды алып келет. Мисалы, Жайыл районунун Полтавка айылында жалпысынан 100 га.дан ашык айдалган эгин талаасынан өрт чыккан. Өрт коопсуздугунун кызматкерлеринин күчү менен 87 пайызын сактап калышкан. Эгерде өрттү өз убагында көрүп, өчүрүп калбаганда айдалган эгин талаалары толугу менен өрттөнүп кетиши ыктымал эле.
Жогорудагы көрсөтүлгөн кургак чөптөрдүн дээрлик баардыгы өрт коопсуздугун туура сактабагандыктан жана тамеки чогунан, куурап калган чөптөрдү атайын өрттөөнүн кесепетинен коңшу жайгашкан, айталы дан эгиндерине, коңшу сарайга, турак үйгө жабышып өөрчүп, чыгымды өтө көбөйтүүдө.
Негизгиси кургак чөптөрдүн өрттөлүүсүн өчүрүүдө райондордо айыл өкмөттөрү, райондук администрациялар, мекемелер, ишканалар, ж.б. уюмдар өрт коопсуздугу менен бирдикте уюштурулган ыктыярдуу өрт өчүрүү командалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-декабрында бекитилген №858 токтомунун негизинде иш алып барышпайт.
Өрт коопсуздугу тарабынан уюштурулган ыктыярдуу топ кандай иш-чараларды алып баруулары керек? Мисалы, бир мекемеде ыктыярдуу өрт команда уюштурулса, ал команда ошол эле мекеменин өрт коопсуздугун сактоого, өрт чыкса өчүрүп калууга тийиш.
Кээ бир ыктыярдуу өрт өчүрүү командалары кагаз жүзүндө гана уюштурулуп же уюштурулса дагы иш жүзүндө эч кандай иш алынып барылбайт. Ал түгүл мамлекеттик мекеменин аймагында кургак чөптөр өрттөнсө дагы өз алдынча өчүрүп койбой, 101 кызматын чакырышат. Бул майда-барат кургак чөп өрттөнсө барбайбыз дегендик эмес, азыркы экономикалык жактан оор болуп турганда жана анын үстүнө күйүүчү май тартыш болуп турганда сиздер дагы бизге көмөк көрсөтсөңүздөр жакшы болор эле.
Эгерде кокустуктан чоң өрт кырсыгы болсо, же адамдар өрттөн каза болушса, административдик айып менен гана кутулуп кетпестен, кылмыш иши да козголушу толук ыктымал. Ошондуктан, сиздерге өтүнүч катары кайрылабыз, өрт коопсуздугу биздин эле кызматтын иши катары каралбастан, сиздердин дагы иш болорун белгилейбиз. Жыйынтыктап айтканда коопсуздукка кам көрүүчүлөр болоруңуздарды унутпашыңыздар керек.

Азамат АШЫРАЛИЕВ,
улук лейтенант,
Өрт коопсуздугу агенттигинин мамлекеттик өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын
инспектору