"Кыргыз туусу", 16.08.11
  Алака акыбети

Өз ара байланыштар чыңдалат
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жыйынына катышып келди.
Анда мамлекет башчылары
ЖККУга кирген мамлекеттердин коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн глобалдык жана регионалдык коркунучтарга байланышкан маселелерди, ошондой эле, Уюмдун мүчөлөрүнүн өз ара кызматташуусун бекемдөө жолдорун талкуулашты. Андан сырткары, АКШнын Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетүүсү боюнча жана ЖККУ жоопкерчиликтүү болгон аймактардагы табигый, техногендик кырсыктарга каршы туруу, эл аралык терроризм коркунучунун жогорулашы жана баңгизат трафигинин проблемалары туурасында пикир алышуулар болду.
Президент Роза Отунбаева өз сөзүндө саммиттин катышуучуларынын көңүлүн региондо терроризм менен экстремизм коркунучу күчөп бараткандыгына, террористтик жана экстремисттик топтордун ЖККУ өлкөлөрүнүн аймактарында жашыруун иш алпарып жаткан түзүмдөрдүн потенциалын пайдалануу менен ишмердүүлүгү активдешип жаткандыгына бурду.
"Бул коркунучтар барган сайын түрүн өзгөртүп, көп кырдуу болуп бараткандыгы алар менен ар кыл позициядан күрөшүүнүн ыкмаларын жана жолдорун кайрадан таразалап чыгууну талап кылууда. Анын ичинде биргелешкен иш-аракеттерди
координациялоону жакшыртуу, аскерий-техникалык жактан гана эмес, экономикалык жактан да өз ара колдоо көрсөтүү зарыл. Бул коркунучтарга каршы туруу үчүн ЖККУ алкагында гана эмес, ШКУ, Евр-АзЭС, КМШ сындуу регионалдык уюмдардын алкагында да өз ара байланышты чыңдоо аркылуу натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн", - деди Р.Отунбаева.
Мамлекет башчысы ЖККУнун АКШнын жана НАТОнун жакын арада Афганистандан өз аскерлерин алып чыгып кеткенден кийинки региондогу абалга карата мамилесин чагылдырган документти иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.
"Кыргызстан менен Тажикстанга мамлекеттик чек араларды коргоо жаатында комплекстүү жана жамааттык көмөк көрсөтүүгө байланышкан чараларды ишке ашырууну баштоо зарыл. Канткен менен бул өлкөлөр терроризм, баңгизат, курал-жарак контрабандасына каршы күрөштүн "чегинде" турат эмеспи", - деди Президент. Муну менен бирге өлкө башчысы ЖККУнун
Астана бейрасмий саммитинин жыйынтыктарына токтолуп, регионалдык коопсуздук, уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизат трафигине, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүү, Уюмга мүчө мамлекеттердин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттерди консолидациялоо маселелеринин тегерегинде мазмундуу пикир алмашуу болгондугун белгиледи.
"Кыргызстандын түштүгүндөгү трагедиялуу окуялар ЖККУнун ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, анын ичинде Уюмга мүчө мамлекеттерде кризистик кырдаал түзүлгөндө ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруунун зарылдыгын ачыктады. Былтыр декабрда ЖККУнун уставдык документтерине өзгөртүүлөр иштелип чыккан болчу, аларга ылайык, кризис абалына кептелген өлкөлөргө ЖККУнун өкүлүн дайындоо каралган. Бул документтер ЖККУга мүчө бир катар өлкөлөр тарабынан ратификациядан өткөрүлдү", - деди мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, саммиттин жүрүшүндө айтылган идеялар жана сунуштар ушул жылдын декабрь айында өтө турган ЖККУнун расмий саммитинде каралмакчы.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




  Турнир

Кыргыз Республикасынын Президенти
Роза ОТУНБАЕВА:
"Сууда сүзүү - спорт жана турмуштук зарылдык"
Кечээ КРнын Прзидентинин кубогу үчүн сууда сүзүү спорту боюнча Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларынын ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Бишкектеги Карвен-клуб спорт комплексинде өткөн бул мелдешке эки республикадан 90 суучулдар катышты. Турнир Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына жана спорттун бул түрү боюнча Кыргызстанда мелдештердин өткөрүлө башташынын 75 жылдыгына арналды. "Тилекке каршы, техникалык себептерге байланыштуу Өзбекстандын жана Түркмөнстандын бириккен командалары келбей калышты. Бүгүнкү бул жерден жеңип чыккан спортчулар, ушул жылдын сентябрь айында Индонезияда өтө турган Азия чемпионатына катышууга жолдомо алышат", - деди Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев.

Кыргызстанда спорттун аталган түрү массалык түрдө өнүгүп кете элек. Президенттин кубогуна катышкан спортсмендер Бишкектен жана Кара-Балтадан гана келишкен. Атүгүл, көгүлтүр Ысык-Көлдө тыңгылыктуу бассейн жок болуп чыкты. Ал эми башка аймактар тууралуу сөз да жок. Бишкекте болсо бассейндердин көбү жеке менчиктики. Баасы кымбат болгондуктан айлык маянаны аңдып отурган катардагы жаран ага баласын жибере албайт. Жиберсе да спортко аралаштыруу үчүн оңбогондой каражат керек.
"Бизде студенттерди спортко тартуу жагы жакшы өнүкпөй жатат. Өспүрүм балдар спортко ынтызарлык менен катышат. Бирок, жогорку окуу жайына өткөндөн кийин сабактарына карап таштап коюшат. Мына Американы караңыз, чемпиондордун басымдуу бөлүгү студенттер. Бизде дагы студенттердин арасындагы спорттун түрлөрүн колдоону өнүктүрүүгө милдеттүүбүз", - дейт сууда сүзүү боюнча машыктыруучу Р.Бекинина.
Спорт майрамына катышкан мамлекет башчысы Роза Отунбаева: "Биз жакында Бишкектин парктарын жакшыртуу боюнча конференция өткөрдүк. Эми бассейиндер тууралуу сөз кылуучу учур келип жетти. Биз балдардын сууда сүзүүнү үйрөнүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Сиздер өткөрүп жаткан иш-чаралар абдан маанилүү, бирок кеңири жайылтылбай жатат. Суусу бар чөлкөмдөрдөн алыс жашагандарга чейин бассейндерди салып, жеткиришибиз абзел. Сууда сүзүү спорт гана эмес, ал турмуштук зарылдык", - деп белгиледи.
Кыргызстандын сууда сүзүү спорту боюнча федерациясынын атынан мамлекет башчысына 75 жылдык юбилейлик медалы, символдук статуясы белекке тапшырылды.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Өкмөт

- Жаза аткаруу системасы коомчулук үчүн коркунуч туудуруп калган чекке чейин жеткен. Учурда мындай коркунуч азайды. Мисалы, 8-колониянын жетекчиси Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен кызматташкан кирпич заводунун директорунан көп убактан бери пара алып турууну кадимкидей өнөкөткө айландырган. Коррупционер жетекчини кылмыш үстүндө колго түшүрүп, жоопко тарттык. Жаза аткаруу системасынын бөлүмдөрүндөгү ондогон паракор жетекчилер кызматтарынан шыпырылууда - деди КРнын вице-премьер-министри Шамиль Атаханов.

КРнын вице-премьер-министри
Шамиль Атаханов:
"Ондогон паракорлор кызматтан кетти"
12-августта КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында майрамдык салтанат өткөрүлдү. 2003-жылы мына ушул күндү Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин кесиптик күнү катары жарыяланган. Өткөн жумада КРнын вице-премьер-ми-нистри Ш.Атаханов аталган ведомствонун начальниги Шейшенбек Байзаковго ЖАМКнын күжүрмөн байрагын салтанаттуу аземде тапшырды.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери аталган түзүм бир нече реформаларды, жаңыланууну баштан өткөрүп келе жатат. Кээ бир учурда реформага жамынып, мамлекеттик каражаттарды жеп-ичүүлөр, акырында аталган системаны кыйратканга түшүргөн жетекчиле-
ри өлкөдөн качып, изин суутуп кеткенге чейин чуулгандуу иштерди артынан ээрчитип келген.
- Жарым жылдан бери Өкмөт бул системада бир канча иштерди аткарды. Мисалы, аялдардын абагындагы мурда кароосуз калган жайларды оңдоп, аларды окутуу пункту үчүн бердик. Өкмөт ал жактагы аялдарды окутуу боюнча токтом кабыл алды. Андан тышкары, коомго коркунуч туудурган кылмышкерлер аталган системага каршылык көрсөтүүгө, ары-бери чайкап жиберүүгө чейин барышчу. Эми мындан ары алар үчүн шарт катуу болот. № 50 коло-нияны биз дал ушул кылмышкерлер үчүн бердик. Бул биринчи жолу ишке ашырылып отурат. Жаза аткаруу системасынын ишин жакшыртуу боюнча 2015-жылга чейинки стратегиялык планын да Өкмөт бекитип берди, - деп билдирди вице-премьер министр.
Союз ураган жыйырма жылдан бери колониялардын ичинде жазакерлерди жумуш менен камсыз кылган ишканалар бар болчу. Алар көп жылдардан бери таланып-тонолуп, "бомбаланган" кейипке келгени коомчулукка жашыруун эмес. Мындан ары ошол ишканаларды кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлмөкчү. Айтор муз ордунан жылыптыр.
Назира АЛИЕВА