"Кыргыз туусу", 16.08.11 Жаман иштен сактаса
абийир сактайт"
Мен алдыдагы ушул жылдын 30-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өнөктүгү туурасында сөз кылайын деп турам. Анткени, өлкөбүз ушул кадамы менен жаңы, мурун-кийин басып көрбөгөн, жакшылыктын үмүтүн жандырган келечекке алып барчу кашка жолго чыкканы турат. Бул жалаң эле талапкерлер эмес - элибиз үчүн да эң маанилүү, эң жооптуу өнөктүк. Анын себеби баарыбызга түшүнүктүү го. Өткөн эки президентибизден чоочуп калган жаныбыз - эми жаңылбай, туура тандоого аракет кылышыбыз мыйзамдуу да, талаптуу да көрүнүш. Бул жолу жаза таюуга укугубуз жок. Ансыз да ары-бери чайпалып жүрүп - кыйла мезгилди өткөрүп жибердик... Эми бул жолу Жолбашчы эле издебей - жолубузду да кошо издейли. Мындан аркы багытыбыздын ачык, басчу жолубуздун шыдыр болушун тилейли!...

"Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?"
Эч кимге жашыруун деле эмес го, биз буга чейин ар кандай маңыздагы далай шайлоолорду башыбыздан өткөрбөдүкпү. Комму-нисттик доордо партиянын Борбордук Комитетин да, Жогорку Кеңештин депутаттарын да түзүлгөн тизме менен шайлаар элек.
Жолбашчыбызды Москва бекитип берчү. Алардын портретин гана көрчүбүз. Ошого макул болуп отуруп берчүбүз. Ал кезде талапкерлердин жарышы (бир орун үчүн бир нече кишинин ат салышы) деген болчу эмес, ал ойго келбеген иш эле. Кызмат орундары боюнча түзүлгөн тизмеге киргендер сөзсүз депутат болуп калышчу. Тизмеге аялдардан, ар кандай кесиптин ээлеринен турган катардагы адамдардан да кошуп коюшчу. Ошондуктан, кимдин депутат болору элге алдын-ала эле маалым болуп, бюллетенди карабай туруп урнага уруп кете беришчү...
...Эркиндик алгандан кийин шайлоонун жаңы жолу ачылды, алыска чабылган ат жарышка (аламан байгеге) тушуктук. Бир депутаттык орунга болгон талапкерлердин саны жыйырмага жеткен учурлар болду. Натыйжада бул жол кыргыздарды өзөн-өрөөндөргө, урук-туугандарга, куда-сөөктөргө, түндүк-түштүккө бөлүп таштады. Шайлоочуларды сатып алуу, коркутуу-үркүтүү жолдорун колдонгон учурлар да болду. Акыры, акыйкатсыздыкка чыдабаган эл эки революцияны баштан кечирип, эки ажобузду эл-жерден айдап чыкты.
Натыйжада, 2010-жылдын 16-декабрында жалаң партиялык тизме менен түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын жалпы элдик добуш менен шайлап алганбыз. Бул демократиялык жолдогу эң арымдуу кадамдарыбыздын негизгиси экенин танууга болбойт. Бул дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк мамлекеттери басып өткөн ынанымдуу жолдордун эң байсалдуусу. Бул жолго арткан үмүтүбүз чоң!..
Бирок, кыргызда "Уйга жүгөн салабы - үйрөнгөн адат калабы" деген бир көөнө макал бар. Мени чоочулатып турган да ушул макалдын түпкү мааниси. Биз өткөн жыйырма жылдын ичинде мурун - кийин башыбыздан кечирбеген көп нерселерди үйрөндүк. Айрыкча базар мамилесине баш отубуз менен кирип, аны биротоло жеке менчигибизге айлантканга жетиштик. Ошонубуз менен кыргыздын улуттук мүнөзүн, ички жан дүйнөсүн түзгөн, башка көптөгөн калктардан бизди өзгөчөлөнтүп турган көп нерселерден (меймандостук, кайрымдуулук,абийирдүүлүк,
улууну урматтоо - кичүүнү ызааттоо, эне ыйыктыгы, ата сөзү мыйзам, табийгат
улуулугу, пейил тазалыгы ж.б.) айрылуу алдындабыз, айрымдарынан айрылып деле баратабыз. Азыр жарандарыбыздын көпчүлүгүн абийир эмес - акча башкарып калгандай сезилет. Колдо бар байлыктарга карата "мамлекеттики, элдики" деген түшүнүктөрдү унутуп, "меники", "өзүмдүкү" дегенге өттүк. Же анын пайдалуу натыйжасы көрүнбөйт. Бул бүткүл ааламды каптап келаткан дүйнөлөшүүнүн (глобализация) таасири го деп ойлойм. Буга да мейли дейличи...
Анткени менен, мени мамлекеттик кызматты юридикалык илим менен айкалыштырып келаткан адам катары элибиздин эртеңи, мамлекетибиздин келечеги ойлондурбай койбойт. Мени ошондой терең ойлонтконнегизги маселе - ал алдыдагы 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентине боло турган шайлоо кандай өтөт, белгиленген эрежелерди, мыйзамдарды бузуулар болбойбу, ал орунга ким келет, келечектеги Президентибиз элибиз, мамлекетибиз үчүн иштеп бере алабы дегендей толгон - токой соболдор, ой толгоолор болуп турат...
Партиялардын ортосундагы талаш - тартыштар эмитен эле башталып жатканы да көп нерсени каңкуулагансыйт. Кыясы, көптөгөн ойго келбес кадамдардын күбөсү болот окшойбуз.
"Мен президент болом" дегендердин айылында кадыры барбы?"
Дагы бир кооптонууну жараткан нерсе-азыркы шайлоодо аныкталчу президенттик бир орунга талапкерлердин санынын элүүдөн ашып баратканы болуп турат. Бул - эмнени билдирет? Тизмеден биз кимдерди көрүп турабыз? Баягы эле төрт - беш партиянын лидерлеринин тааныш өңдөрү, тааныш басык, а түгүл алардын жума сайынкы парламенттин минбарындагы (трибунасындагы) үндөрү да кулагыма угулуп тургансыйт. Ал эми өзүн-өзү президенттикке көрсөткөндөр канча?
Бир орун үчүн элүүдөн ашык талапкер-
лердин ат салышууга аттанып жатышканы эмнени билдирет? Президенттик кызматтын баркынын кеткенинби же өскөнүнбү?! Өз алдынча, "мен президент болом" деп чыккандардын эсеби эле отуздан ашып кетти. Арасында жалпы элге эмес, өз айлына эмгегин сиңирбеген жарандарыбыз да жок эмес.
Ошондой эле буга чейинки түзүлгөн партиялардын программалык жарыштардын (идеялардын) негизинде эмес, бир инсандын тегерегинде топтолушу да шайлоочулардын кооптонуусун жаратпай койбойт. Натыйжада, азыр шайлоочулар партиялардын түпкү максатын, программаларын толук билишпейт, алардын учурдагы баштоочуларын (лидерлерин) гана билишет. Баягы: "Партия десе - Ленинди, Ленин десе - партияны билебиз" дегендей эле кеп болуп калды. Мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алып бараары белгисиз...
Мисалы, бир партиянын өкүлү көпчүлүк добушка ээ болуп, Президенттик орунду ээледи дейлик. Демек, ошол партия эл жүгүн көтөрөт. Ошол оор да, ыйык да милдетти аркалоого азыркы партиялардын кимисинин чамасы жетет? Парламенттин трибунасындагы алардын чыр-чатагын, атүгүл өз ара мушташууларын көрүп жатпайбызбы. Ошондой партиялар бир багытта иш алып кете алабы же ошол партиянын лидеринин дымагын (амбициясын) ээрчип кетеби?
Партиялык тартип боюнча сөзсүз лидердин таасиринде болушу керек. Ушундан улам батышты туурап жатып: "Казды туурап - карганын буту сыныптыр" болбойбузбу деген кооптонуу да жаралбай койбойт экен. Себеби, батыш өлкөлөрүнүн партиялары көп жылдардан бери иштеп эл ичинде таанылып, колдоо таап калган уюмдар. Алардын программалары, максаттары да элине маалым. Биздин партиялардын келечекки аракеттери (айрымдарын эске албаганда) элге бүдөмүк, максаттары табышмак болуп жатпайбы.
Биздин партиялар талаптардын биримдигинен эмес, айрым адамдардын эптеп депутат болуу дымагынан улам жаралган партиялар болуп жаткандыгы шектенүүнү жаратып жатат. Ал эми эч бир партияда жок адам президент болуп калсачы? Анда президент менен парламенттин ортосу бүтпөгөн талаш-тартыштардын чордонуна айланбайт деп ким кепилдик бере алат?!. Андай болгондо эмнеге тушугуп калаарыбыз табышмак деле жаратпайт го?... Ушундан улам бир икая эске түшөт:
...Белгилүү режиссёр Ф.А.Корш театрдын жанындагы чиркөөнүн кызматкери менен жакшы тааныш экен.
Ал бир күнү поптон:
- Сыйынганы келгендер көппү? - деп сурайт.
- Өтө аз, - деп жооп берет ал. - А силердин театрда эл дайыма толо го, Феодор Адамович!
- Себебин айтайынбы?
- Айтыңыз, - дейт чиркөө кызматкери.
Анда белгилүү режиссёр:
- Бизде репертуар жума сайын жаңыланып турат. А силердики баягы эле да... - деген экен.
Жети өлчөп бир кесели
Деги биздин үмүтүбүз: дайыма "баягы эле" боло бербей, чыныгы жаңыруунун, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн жолуна түшсөк экен деген аруу тилек. Ушул тилегибиз да алдыда боло турган шайлоо менен түздөн-түз байланышкан.
Анын натыйжасы жалпы шайлоочулар-
дын - сиздердин колуңуздарда, сиздер кандай тандоо кылсаңыздар - натыйжа ошого жараша болот, урматтуу мекендештер. Бул жолу "Жети өлчөп - бир кесели", жолбашчы эле тандабай - келечекки өнүгөөр жолубузду да кошо тандайлы. Бул жооптуу өнөктүктө республикабыздын мамлекеттик кызматкерлери жогорку адептүүлүктү, уюшкандыкты, демократиянын чыныгы үлгүсүн көргөзүп, республикабыздын бардык жарандарына үлгү болот деген ишеним чоң.
Бүгүн республикабызда мамлекеттик кызматкерлерибиздин саны 18 миң, мен бул жолу аларды - бардык мугалимдер, врачтар жана башка тейлөө кызматкерлерине, жалпы элибизге кайрылып, алдыдагы шайлоону жогорку калыстыктын, акыйкаттыктын, ачык-айкындыктын чегинде өткөрүүгө үндөөгө чакырат элем - ошондо алдыдагы шайлоо өнөктү-
гүн чыныгы адептүүлүктүн, адилеттиктин үлгүсүндө өткөрүүгө таасирдүү көмөкчү болот элек деген ишенимимди билдирмекчимин.
Шайлоо болоор - шайлоонун эртеси да келээр, деги алдыдагы шайлоо ачык, таза, кынтыксыз өтсө экен деген аруу оюмду билдирүү менен байыркы бабабыз Жусуп Баласагындын "Жаман иштен сактаса - абийир сактайт, Жакшы ишке баштаса - абийир баштайт" деген сөзү ар бир президенттикке талапкерге жолдомо болсо экен, элибизди бардар турмушка жеткизээр жаңы жолго алып чыкса экен демекчимин.
Чолпонкул АРАБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директору, юстициянын III-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти,
юридикалык
илимдин
доктору, профессор,
КРнын эмгек
сиңирген юристи