"Кыргыз туусу", 16.08.11
  Митинг

Судьялар кеңешинин ишин жаратабы же таратабы?
Кечээ Жогорку Кеңештин алдында бир нече коомдук уюмдардын митингдери болуп өттү. Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын тандоо боюнча коомдук кеңештин курамын таратуу чакырыгы менен чыккандар парламент депутаттары кирчү эшиктерди тосуп туруп алышты. Митингчилердин бир катары 7-апрель окуясына күнөөкөр деп камакта отурган мурдагы коргоо министри Б.Ка-лыевди үй камагына бошотуп, жаза өтөө шартын жеңилдетүүгө макулдугун берген 61 эл өкүлүнө нааразы болушууда. Атүгүл Бактыбек Калыевди жактаган депутаттардын мандатын чакырып алабыз дегенге чейин барып, кол топтоп киришти. Атамекенчи депутат Р.Жээнбековду Б.Калыевди жактагансың деп аз жерден ур-токмокко ала жаздашты. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлери болбогондо эл өкүлүнө кыйын болуп калмак.

Бул күнү Ак үйдүн эки капталы митингчилерге толуп чыкты. Эскерте кетчү жагдай, 15-август күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларынын талапкерлеринин ишин карамак. Буга чейин Кыргызстандагы эң жогорку сот органдарына талапкерлерди мамлекет башчысы Роза Отунбаева кабыл ала баштаган. Президент өткөн жумадагы сотторду тандоо кеңешинин жыйынында талапкерлердин ар бирөөсү менен жекече маектешем деген эле. Ал кечээки билдирүүсүндө судьялардын кээ биринин кесиптик деңгээлине ичи чыкпаганын коомчулукка билдирди. Президенттин айтуусу боюнча судьялардын арасында судьянын функциясына кире турган эң жөнөкөй суроого да жооп бере албагандары болуптур. Таң калбаска айла жок. Жарандык коом менен жалпы коомчулуктун "ыйлап" жатканындай эле бар экен.
Сотторду тандоо кеңешинин ишин сындап чыккандар бир караган кишиге Бишкектеги эле бир ууч жарандык коомдун өкүлдөрүн кызыктырып жаткандай таасир калтырышы да мүмкүн. Бирок, иш андай болбой чыкты. Кечээ Ош шаарынан да коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип, өз нааразычылыктарын билдирип кетишти. Мисалы, "Ордолуу журт"
коомдук бирикмесинин жетекчиси Т.Төрөкелдиев: "Эгерде судьяларды тандоо кеңеши ишин дагы уланта берсе, биз элди көтөрүп чыгабыз" дегенге чейин барды. Бир нече коомдук уюмдар чуулгандуу кеңешти таратуу керек деген пикирлеринен кайтышчудай эмес. Айтор, судьяларды тандоо кеңешинин иши өз башына гана муш болбой, бери Ак үйдөгү депутаттардын ортосуна да жик кетиргени ачык көрүндү.
Жогорку Кеңештин Сот укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров бул акцияларды КСДП фракциясынын өкүлү Данияр Тербишалиев аталган комитеттин төрагасынын ордун алуу үчүн "мага каршы уюштуруп жатат" деди.
Кечээки митингчилердин арасындагы "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо"
коомдук уюмдарынын өкүлдөрү: "Биздин арабыздан судьяларды тандоо кеңешинин курамына киргизгиле", - деген талаптарды
коюшту. Аталган уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда парламент төрагасы А.Келдибеков судьялардын татыксыздары өтпөй турганына ишендирип кетти.
Президент Роза Отунбаева Жогорку соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын 15-августка чейин кабыл алууга үлгүрбөй тургандыгын мурда эскерткен. Кечээки күнү 101 депутатты араң чогултуп алганда кезексиз чакырылган пленардык жыйыны танаписке чыгып, аталган комитет жыйынын өткөрдү. Комитет жыйыны абдан курч өттү. Судьяларды тандоо кеңешинин төрагасы З.Базарбеков менен С.Жапаровдун өз ара жакындык байланышы бар деген дооматты айткан коллегалары болду. Атүгүл кээ бир комитет мүчөлөрү "билдирүүлөрдү жарыялаганда комитеттин бардык мүчөлөрүн ала жыгылбай жүр" деген мааниде сын айтышты. Комитет төрагасына дооматтар аз болгон жок.
Ал гана эмес, судьялар маселесинин чыры жогорку бийлик органдарына чейин жетти. Садыр Жапаров кечээки митингди Президенттин аппарат жетекчиси Э.Каптагаев уюштурганын айтып чыккан. Ал эми Президенттин басма сөз кызматы эл өкүлүнүн айыптоосун төгүндөгөн маалымат таратты. Айтор, мынчалык чууну жараткан Судьяларды тандоо кеңешинин иши бул кебетеси менен жаратылып тынабы, же таратылып тынабы аны кошумча маалымдайбыз.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"