"Кыргыз туусу", 16.08.11
  Сунушум бар

Манастын феномендүүлүгү
же кыргыздын идеологиясы менен мамлекеттик белгилери
Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө жок дүйнө орусча "энергоинформационное поле" деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз, кубат (энергия) - билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр - кыргызча Жок ) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн - кыргызча Бардын ) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара байланышкан дүйнөсүндө эле биз жашап жатабыз. Ал эми, элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп " Теңирчилик " деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн.

"Адам", "Обо-Ева" ысымдарынын семантикасы кыргыз гана тилинде терең, азыркы илимдик чындыктарга байланыштырылып так түшүндүрүлөт башка тилдеги түшүндүрмөлөргө караганда. Ошондуктан ысымдар кыргыз гана тилинде берилген деймин! Ким берди? Жараткан берди! Ошондуктан, кыргыздын тарыхы, санжыра санаты Адам-атадан эле башталат деймин!
Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Кыргыздын Теңирчилиги Жердеги эң алгачкы системалуу илим-билим, дүйнөтааным. Мындай тааным Куранда айтылган Адам атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, Санжыра санаттары болуп атадан-балага эл арасында оозеки айтылып, мурасталып келет. Дүйнөдө оозеки айтылганды өздөштүрүп өзүнүкү же бурмалап колдонгондор да бар.
Кубат (энергия) - билим (знания) талаасынан ( Жоктон-Көктөн ) гана (кыскача объективдүү билимден гана) накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Мен субъективдүү билимдин ээси болсом, Жараткан объективдүү билимдин ээси. Мындай чындыкты илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы кубат-билим (кыскача кыргызча кут ) төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги - Теңирчиликтин белгиси - кыргызда гана бар (№1 сүрөттү кара).
СҮРӨТТӨ : 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн адамга түшкөн кут. Кыргызда гана болгон экинчи тилде - анын оюм-чийим тилинде адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Сүрөттө түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөргө (3) ажырайт. Мындай түшүнүктөр (3) тең болушу гана туура (бул Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы боюнча адамда ошондой болушу керек), ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде бул эки түшүнүктөрдү теңдештикте (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы! Ошондо гана Жерде адамгерчиликтүү, келечектүү тиричилик болот, болбосо - Акыр заман келет. Азыр биз кишичиликтүү тиричиликтин (адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калыгул-ата айткандай. Ушундай ойдон тең капталдуу болгон ромб -"адам" кыргыз оюму жаралган. Дагы адамдын мындай тиричилигинин өмүрү Көктөн чектелип берилээри айтылган (4).
Мындай белги кыргыздын көк түстүү (же көк-жашыл түстүү, себеби кыргыз жаңы чыккан чөптү көк деп койгондуктан) жаңы желегинде болушу туура! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп "Улутман" телеберүүдө колдонулат же Манастын көк желегине башкача тартышып колдонгусу келишет. Мына чала
системалуу эмес билим берүүнүн жана билимде болгондун кесепети!
Манастын желеги көк болгону талашсыз. Себеби, Манас Көктүн баласы, Иисус сыяктуу. Ал картаң Жакыптын баласы эмес! Көк асман өзү жараткан Адам-атанын тукумдары - кыргыздын тукумдары - бириндеп жок болбошу керек эле! Ошондуктан Жараткан Манасты атайын миссиясы менен жараткан. Манас жана акындар айткан кенже дастандарынын санаттарынын таасиринде жарандын өзүн-өзү таануусунан анын чала түшүнүктөрү такталып, системалуу болуп, ошондуктан ыйман жолуна түшүү менен кишинин адам болуу билими калыптандырылып кыргыздын башка элдерден айырмалаган бөтөнчөлүктөрү жаратылат!
Биздин Теңирчиликти туура өздөштүрүп алган Кытай жакында Теңирчиликтин эрежеси боюнча бардыгы теңдештирилген экономикалык жолго (теңдештирилген социалисттик жана капиталисттик экономикага) түшүп кризиссиз эле өнүгүп жатканын түшүнчү адашкан кыргыз. Теңирчилик менен тааныш жана анын негизинде өздөрүн өздөрү башкарган Кытай, Жапан, Корея мамлекеттеринде өнүгүү жакшы эле болууда эмеспи.
Ошентип, Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясы болуп келген жана болуп кала бермек! Өзүмчүлдүктүн белгиси болгон көп партияларга жана урууларга бөлүнбөй кыргызга Адам-ата калтырып кеткен бир идеологияга гана келишибиз керек, окурман! Мурдатан бери бекеринен карыялар жашка "Оо, качан адам болосуң" деп айтып келишкен эмес. "Манас" эпосунун философиясы жана Манас илими адам болуу илиминде камтылып, анын бир эле жагдайы экендигин кыргыз түшүнүшү зарыл. Себеби, дүйнөтааным бардык билимдин негизин түзөт, анын башаты. Албетте, Манас илими Теңирчилик илими менен байланышкандыктан адам болуу идеологиясынын өзөгү. Манас биздин тарыхыбыз, аны биз билишибиз керек, окуу жайларда бул тарых кеңири окутулушу керек. Манас менен жана эпосту айтуу менен биз сыймыктанышыбыз керек! Кыргыздарды бириктирүүгө ал зарыл.
Себеби, системалуу дүйнөтаанымындагы бардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо - бул жогоруда кыргызча аталган идеологиянын азыркы илимий терминдер менен эле айтылышы. Мындай ой ар кандай элдердин илимий чөйрөлөрүндө, эл аралык форумдарда ачык айтылууда. Эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк тууда Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал "дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөм жана ошого ылайык киши болбой адам болуп жашаймын, тиричиликтенем" - деген ураан салгандык болбойт беле. Мындай туунун астында тиричиликтенгенге же салтанаттуу иш-чарада аны көтөрүп сыймыктанганга ким каршы чыксын. Мындай ураан бардык элдерге үлгү болоору да шексиз!
Эми герб жөнүндө. Мамлекеттик символдор натура болбой же кандайдыр бир турмуштук тайыз ойлорго негизделбей (азыркы учурдагыдай) тереңирээк келген фундаменталдуу ойлорго-принциптерге негизделиши зарыл. Кыргыз башынан системалуу билимге ээ болгондуктан мындай принциптер кыргыз таанымында бар. Ошондуктан, аларды колдонуу менен бул гербди талкуулоого коёмун (дааналыгын камсыздоо үчүн сүрөт өзгөртүлүшү мүмкүн. №2 сүрөттү кара).
Герб тегерек кыргыз түндүгүнүн элесинен жана эллипсоид фигураларынан турат. Эллипсоид - бул Бар дүйнөнүн символу, себеби анын эки уюлу бар. Тегерек - бул Жок дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бир бүтүндөйдүн символу, анын бир эле уюлу болот (А. Мюррей. "Человек, творящий чудеса" же автордун "Кыргыз ким" китептери). Эллипсоиддин ичинде "Кыргыз Республикасы" деген жазуу бар. Бул "Кыргыз мамлекети, дүнүйөсү - Бар дүйнөнүн бири" дегендик. Жазуу Теңирчиликтин белгисин курчайт. Ал Кыргыз Республикасы ушул белгиде айтылган ойлор-принциптер менен жашайт дегендик эмеспи.
Кыргыздын Бар дүйнө жөнүндөгү түшүнүгү көргөндөр үчүн анын экинчи тили болгон кыргыз оюму менен тегерек түндүктүн элесинде кошумчаланып баяндалат. Тактап айтканда, кыргыздын түшүнүгү боюнча, Бар дүйнөнүн өнүгүшү кайталанма (циклдүү) түрдө болоору жана мындай цикл 4 этаптан, ал эми анын ар бири 7 баскычтан (алты "кыял" оюму + бир "адам" деген экинчи кыргыз оюму) турары баяндалат. Этаптардын алмашышы "Таанууну тануу" мыйзамы менен болоору "адам" жана "кыял" оймолордун комбинациясы менен берилген. Төртилик (4) менен жетилик (7) касиеттер дүйнө менен кишиде негизги ролдорду ойноору азыркы илим менен акырындап аныкталууда. Демек, илгери эле мындай түшүнүктөргө жеткен кыргыз өзүнүн символунда башка элдерде болбогон экинчи тили менен аны баяндап, колдонуп башкалардан
айырмаланбайбы.
Мындай белги кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк менен көтөргөн жаңы түндүгүнүн маңыз-мааниси жаңыланган туурараак дүйнөтааным, акылмандуу философия, жөнгө салуучу идеология жана аларга
ылайыктуу калыстык саясат менен экономика экендиги менен жана жарандын киши эмес адам болуусу менен байланышкандыгын дүйнөнүн бардык элдерине даңазалабайбы.
Сөздүктө "герб - отличительный знак государства " делет. Демек кыргыз мамлекети мындай герби жана көтөргөн туусу менен бардык мамлекеттердин алдында өзүнүн бөтөнчөлүгүн толук сыймыктануу менен сүрөттөй алмак! Аталган ойлордун негизделиши дагы Кыргыз улуттук университетинин сайтында: www.university.kg - Публикации - ППС жана автордун
"Кыргыз ким?" ( Бишкек. 2001, 2007-ж.) китебинде берилген.
Сатылган ЖОРУПБЕКОВ,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти