"Кыргыз туусу", 16.08.11
  Элет үнү

Таластагы
"Жолчу" АКсынын төрагасы
Эсен Назаралиев:
"Региондордун көйгөйлөрү
парламенттин көз
жаздымында калууда"
- Эсен Сыйдылдаевич, өткөн жылы сиз жетектеген ишкана бир топ омоктуу иштерди жасады. Тагыраак айтканда 20 жыл ичинде Талас шаарындагы жолдордун бир кыйла бөлүгүнө асфальт төшөлдү.
- Кеп чынын айтканда өлкөдө саясый туруктуулук болбосо анын таасири экономикага тиет. Мисалы, 2009-жылы биз 70 млн сомдун тегерегиндеги жумуштарды аткарганбыз. Өткөн жылы 37-39 млн. сомдук көлөмдөгү гана иштерди аткардык. Ошонун ичинде Талас шаарына өкмөт тарабынан транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу 10 млн. сом каражат бөлүнүп, 16-17 миң чарчы метрлик аралык жолго асфальт төшөлдү. Союз учурунда Талас шаарынын бюджети чактуу болгондуктан мамлекет тарабынан жылына 2 чакырымга каражат бөлүнүп, асфальтталып турулчу. Бирок улам бара-бара убакыт өткөн сайын шаардын жолдорунун абалы начарлап, дээрлик кунары кете баштаган. Албетте, мында жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы бар экендигин эч тана албайт. Облустун, шаардын жетекчилери да аракеттенишсе болмок. Ошондой эле партиядан шайланган биздин депутаттар Талас өрөөнү үчүн күйгөнүн көрө элекмин.
Республикалык транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан кичи шаарларга каражат бар. Былтыр Нарын шаарына 60 млн. сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле Жалал-Абад жана башка шаарлар чоң каражат алышты.
Быйыл баягы эле көрүнүш. Нарын шаарына 60 млн. сом, Баткен шаарына 90 млн. сом каражат бөлүндү. Ал эми Талас шаарына эч кандай каражат бөлүнбөй куру жалак калды.
Былтыр, андан кийин да революцияны жасагандар, шаар депутаттары да мага келишти. Былтыр базардын тушундагы Оторбаев көчөсүнө асфальт төшөө иши башталды эле бүтпөй калды. Базар азыр миңдеген адамдар тиричилик жасаган жайга айланбадыбы. Мүмкүнчүлүктү карап көрдүм. Тактап айтканда кум, шагыл, бир аз битум бар эле. Шаар жетекчилиги шаардык Кеңеш менен кеңешип, Оторбаев көчөсүнүн Ломоносов көчөсүнөн Маяковский (Үмөт молдо көчөсү) көчөсүнө чейинки аралыкты асфальттап, 4,5 млн. сомдук ишти бүткөрдүк.
Мен да шаардын тургунумун, шаар бюджетинин чама чаркын көрүп турам. Ошондуктан жогорудагы ишти насыя бүтүрдүм. Азыр шаар ал насыянын 1 млн. сомунан кутулушту. Жыл этегине чейин кутулабыз деп убада беришкен. Эгер ишти насыя бүтүрбөсөк, убакыт да өтмөк. Шаардыктардын көкөйүнө тийген кунарсыз жолдор да ошол абалда болмок. Мындан тышкары Бердике Баатыр жана Ломоносов көчөсүндөгү көпүрөлөрдү жаңылап бүтүрүп бердик.
- Өтө өкүттүү иш. Облус борборлорун алсак, Ош миллиарддаган каражаты бар шаар. Жалал- Абад дагы өзүнчө бай шаар. Каракол шаарына болсо Кумтөрдүн жүз миллиондогон каражатынын таасири бар. Баткен, Нарын шаарларына бөлүнгөн каражаттарды болсо уктук. Таптакыр болбоду дегенде Таласты куру жалак калтырбай 10-20 млн. сом каражат бөлүп койсо болмок да. Бишкектен келген чоң чиновниктер, депутаттар Талас шаары апрель революциясынын бешиги болду дешет?
- Калыстык болбой, Талас шаары көз жаздымда калганына күйүп жатам да. Сөзсүз бул жерде жергиликтүү бийлик башчылары да Баткен, Нарындагыдай күйүп жанып аракет жасашы керек болучу. Көздөлгөн, максатталган бир топ иштер бүтүп калат эле. Өткөн жылы жасалган иштерге шаар эли, жалпы эле Талас эли кубанып калган эле. Быйыл да ошондой болсо болмок, аттиң.
- Башка кандай иштер аткарылууда?
- Үч жылдан бери титулдук баракчага кирбей келаткан Манас районундагы Арал айылынын жолунун асфальттоо иштери жүрүүдө. Карьер маселеси чечилген, бирок ал курулуштун деле 30 пайызы гана каржыланган. Буйруса августтун 20ларына бүтүрүп беребиз.
- Сиздин ишканаңыз өзүн өзү каржылайт да? Быйыл дагы кандай ой-максаттар бар?
- Ооба, биз өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Ошондон улам азыр Баткен менен келишим түзүлүп жатат. Жыл аягына чейин келишимдеги иштерди аткарып, акча каражат таап, жаматты каржылап багуу керек. Албетте, 1000 чакырымга чейин техникаларды жеткирип, иштөө убаракерчилик, Таласта деле жумуш болсо жакшы болмок. Революция жасаганда, саясатта Талас биринчи. Президент, өкмөттүн 1-вице-премьери, 5-6 министр, транспорт жана коммуникациялар министри Таластан. Албетте, Кыргызстан өлкөбүз бирдиктүү, бирок каражатты бөлүштүргөндө калыстык болбой жатпайбы. Мен гана эмес, көптөгөн жердештерим калыстык болбой жатканына нааразы. Жергиликтүү жетекчилерибизденби же өкмөттөнбү, же Жогорку Кеңештенби, айтор, бул факт.
- Эсен Сыйдылдаевич, материалдык-техникалык база мыкты болмоюн, такшалган адистер болмоюн иш ийгилиги болбойт эмеспи?
- Калетсиз сөз. Биздин ишкана 1954-жылы МДС болуп уюшулган. Кийин жол курулуш башкармалыгы болду. 1990- жылдары акционердик коом болуп, мамлекеттен толук ажыраганбыз. Жол курулуш иштеринен тышкары, үйлөрдү, турак жайларды, мектептерди курабыз. Сертификаттарыбыз бар.
Колубузда 60-70 техника бар. Жамаатта 70ке жакын адам эмгектенет. Бирок сезон учурунда убактылуу жумушчуларды ишке алып, жалпысы 120га жетет. Дегинкиси бир жылда 200 млн. сомдун тегерегиндеги иштерди аткарууга чамабыз жетет.
Ал эми материалдык -техникалык база жыл өткөн сайын эскирет. Эки жылдан бери техникаларды жаңылап жатабыз. Жаңы техникалар 30 пайыз болуп калды.
Материалды-техникалык база кубаттуу болсо заказчылар да арбын болоору шексиз. Жазында Казакстанга чакырышкан. Эми Баткенге даярданып жатабыз. Жамааттагы жумушчулар алды 20 миң сомго чейин, арты 10 миң сомго чейин эмгек акы алышат. Жамаатта орус, немец, кыргыз улуттарынын өкүлдөрү арбын.
- Көмөкчү чарбаңыздар өнүгүп жатабы? Азык-түлүк көйгөйү дүйнөлүк глобалдуу проблемага айланбадыбы?
- Мен союз учурунда эле жетекчи болгондон бери көмөкчү чарбага күбүрөөк көңүл буруп келгем.Ар кандай кысталыш учурларда көмөкчү чарбанын жамаат мүчөлөрүнө жардамы көп тиет. Бердике баатыр округунда 30 гектар айдоо жер, алма багыбыз бар. Шумкар жайлоосунда жайлообуз, сарайыбыз, бир короо коюбуз бар. Соңку 2 жылда азык-түлүккө болгон баа өлкөбүз тургай дүйнө жүзүндө кескин кымбаттады. Жумушчуларга, кызматкерлерге керектүү учурда айлыктарынын эсебинен базар баасынан 15-20 пайыз арзан эт менен камсыз кылабыз. Алма, өрүктөн проблема жок. Ошол эле убакта көмөкчү чарба чыгашалуу эмес, өзүн өзү каржылаган чарба.
- Элет жериндеги көйгөйлөргө да кол кабыш жасап жатасыздарбы?
- АРИС программасы боюнча ар бир айыл округуна 200 миң сомдон каражат каралууда. АРИС программасы аркылуу, жергиликтүү элдин демилге, көмөгү болсо облус боюнча элет жеринде, жайлоо, жайыттардагы жолдорду оңдоо боюнча көп иштерди аткарса болот.
- Сүрөөнчүлүк да бир топ иштерди жасачу элеңиздер?
- Өткөн жылы жалпысынан 400 миң сомдук сүрөөнчүлүк иштерди жасаганбыз. Мектеп болобу, элеттиктер болобу, ар кандай тармактар боюнча.
Спортсмендерге да көп жардам берип келебиз.
- Улуттук руханий туубуз болгон Манас дүйнөсү боюнча иштеп жүргөн инсандарга да сүрөөнчүлүк жасагандыңыз тууралуу маалыматтар бар.
- Улутубуздун руханий туу чокусу болгон Манас рухун ар дайым бийик тутуп, анын дүйнөсүн насыйкаттап, искусство аркылуу чагылдырууда эмгектенген инсандарга колдоо көрсөтүү атуулдук парзыбыз болууга тийиш. Ошондуктан кыл калемдин белгилүү чебери Жаныбек Райга мүмкүнчүлүктүн келишинче колдоо көрсөттүм. Демөөрчүлөр дем берсе искусство ишмерлери да руханий канат байлап жигерденет эмеспи.
Өткөн жылы апрель революциясында Манас руху элдин духун, рухун көтөрүп, күч кубат бергени айныгыс чындык. Ошол окуядан кийин улутубуздун, элдин аң сезиминде касиеттүү Манас рухуна болгон мамиле да, көз караш да бийик сереге көтөрүлдү десем болот. Демек Манас руху элибиздин, улутубуздун жан дүйнөсүндө түбөлүк жашачу касиет.
- Жакында туулуп өскөн айылыңызга да бир каз таман трактор тартуулап келдиңиз.
- Жогорку Кеңешке депутат болгондо көбүнчө өзүм туулуп өскөн айылга жардамды башка айылдарга караганда азыраак бериптирмин.
Былтыр Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда мен "Ак шумкар" партиясын колдогом. Ошол мезгилде айылда жыйын өткөн учурда айылдаш инилерим "байке силер бизди шайлоо учурунда эле эстеп каласыңар да башка учурда таптакыр эле унутуп коесуңар" дешти. Мен ал сөздү жүрөгүмө жакын кабыл алдым. Мен шайлоо өнөктүгү өткөндөн кийин жаштар коомун түзгүлө, жардамды башка учурда берем дедим. ДТ-75 маркасындагы артында сокосу, алдында бульдозер түрткүчү бар тракторду айылыма белекке бердим. Жаштар ичкиликтен алыс болуп, өз жашоолоруна тың болсо жаманбы? Ар бир тың чыкма уулдар өз айылдарына жардам берсе эле элет жери бир топ оңоло түшөт.
- Сиз мурда ЖКга эл өкүлү катары депутат болуп шайландыңыз эле. Азыр түйшүгүңүз азайдыбы?
- Эң өкүнүчтүүсү парламентте региондордогу элдин таламдары көлөкөдө калууда. Мисалы, партиялык тизме менен шайланганда Таластан 5-6 депутат бар.
Мурун эл өкүлү катары бизге шайлоочулар "мен сени шайладымбы, бул заказды аткар" дечү. Азыр шайлоочулар анте албайт. Шайлоочулардын укуктары бир аз басмырланып калды. Шайлоочулар мурдагыдай кайсы бир депутаттан конкреттүү заказды талап кыла албайт.
Бирок депутат болбосом деле Таластын кулуну болгондуктан жер-жерлерден ар кандай маселелер боюнча кайрылышса колдон келишинче жардам берүүдөмүн.
- Азыр эл арасында деле парламентке партиялык тизме менен шайланганда, региондордун, элеттиктердин таламдары унутта калат экен. Парламенттин тең жарымын бир мандаттуу кылыш керек экен деген пикир арбын. Мына жана сиз айттыңыз Баткен шаарына 90 млн, Нарын шаарына 60 млн. сом каражат жолго бөлүнүптүр деп. Эгер мурункудай Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү болсо мындай калпыс иш үчүн ызылдап катуу кармашат элеңиздер да?
- Козуке, кыргызда "Көп суур ийин казбайт" деген жакшы макал бар. Мурда Жогорку Кеңешке Таластан эки депутат болсок элдин кызыкчылыгын аткарууга аракет жасоочубуз. Азыркы депутаттар эч кимге убада берген эмеспиз дешет. Эл арасындагы кеп демек, жүйөөлүү. Бул олуттуу маселе. Баткен шаарына 30 млн. сом, Нарын шаарына 60 млн. сом берилсе, Таласка 10-15 млн. сом бөлүнсө болмок да. Депутаттар, өкмөт, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул маселеге калыстык жасашса болмок.
- Эсен Сыйдылдаевич, кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Түйшүктүү иштериңиздерди ийгилик коштоп жүрсүн.
- Куруучулук сыймыктуу кесип, дүйнөдөгү 7 кереметти куруучулар курган. Таласта мыкты куруучулар бар. Жалпы эле өлкөбүздөгү куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Баарына чың ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. Бул күнү жыл сайын биздин эмгек жамаатыбыз жаратылыштын кооз жерине чыгып, эс алууну салтка айландырганбыз.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"