"Кыргыз туусу", 12.08.11 20 жаштагы Хусейн ИСРАИЛОВ:
"Кыргызстанга качан капчыгым толгондо келем"
1991-жылы эгемендүүлүктүн алгачкы жылында жарык дүйнөгө келген улан-кыздардын баарысы
быйыл 20 жашка чыкты. Бирок, алардын ар кимиси ар кандай күндө, өз арабаларын тартып келүүдө. Бирөөлөрү кайсы бир чет өлкөдө билим алып жүрүшсө, бирөөлөрү айылда чөп чаап, суу ташып жүрүшөт. Дагы бирөөлөрү үйлөнүп, бала күтүп калышты. Ал эми биздин каарманыбыз Хусейн Исраилов алыскы Орусия жеринде иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын бири.
- Саламатсыңбы Хусейн, сенин Москвага барганыңа канча болду?
- Бир жарым жыл болуп калды. Мектепти бүтүп эле дароо бул жакка келгем.
- Эмне иш кыласың?
- Бул жакка келген эмгек мигранттардын көпчүлүгү курулуштарда иштешет. Ошол сыяктуу мен дагы көп кабаттуу курулуш объектилерде зым токуп, бетон куюп эмгектенем. Ушул учурда 45 кабаттуу үйдү тургузууга катышып жаткан кезим.
- Ошентип иштеген сага жагабы?
- Айла канча. Башка кандай жумушта иштемек элең? Дагы ушуга шүгүр. Оңой-олтоң нерсе жок да. Кыйынчылык болбой койбойт. Анын үстүнө бөлөк-бөтөн жерде каалагандай жүрө да албайсың. Айла жок, иштейм деп келгенден кийин бардыгына чыдап, сабыр кылып иштегенге аргасызсың.
- Кыргызстанга качан келейин деген оюң бар?
- Азырынча айтуу кыйын. Качан капчыгым толгондо келем. Анүчүн жок эле дегенде дагы алты-жети жыл иштейм го.
-Өз жериңе келгенден кийин эмне жумуш кыласың?
- Ачыгын айтсам аны азыр өзүм да билбейм. Азырынча бул жакта иштеп акча таба берейинчи, анан аны барганда көрөбүз да.
- Алдыда кандай максаттарың бар?
- Алдыма койгон максаттарым абдан көп. Буюрса, жакшы иштеп, өз эмгегим, өз мээнетим менен бутума турсам дейм. Ата-энеме оордугумду салганды каалабайм. Кудайга шүгүр, колу-бутум, дени-кардым соо. Азыр колумдан бардык жумуш келет. Ошондуктан, бой жетип ал тургай үйлөнө турган убагым да келип калганда ата-энемдин колун карап олтура берсем уят да. Келечекте өзүмдүн үй-бүлөмдү өзүм толук камсыз кылып, болгон шарттарды түзүп алуу үчүн талыкпастан, бар кыйынчылыктын баарына чыдап иштеп жатам.
- Айтмакчы, ата-энеңдер
каякта турушат?
- Биз Москвада чогуу жашайбыз. Алардын келгенине 2 жылдан ашты. Биз атам, мен жана менин түгөйүм үчөөбүз курулушта чогуу иштейбиз. Апам болсо азыр Кыргызстанда. Туугандар менен көрүшкөнгө кеткен.
- Москвада жүрүп көңүл
ирээнжиткен көрүнүштөргө күбө боло элексиңби?
- Мени өкүндүргөн жана көңүлүмдү ооруткан нерсе Россиядагы жумушчу мигрант кыздардын жүрүм-туруму. Көпчүлүк кыргыз кыздар тажик, түрк, орус ж.б. улуттун балдары менен сүйлөшүп жүрүшкөнү. Аларды көрүп бир чети жиниң келсе, бир чети жүрөгүң ооруйт, кейип кетесиң. Бир сапар улутташ мекендешиме эмне үчүн кыргыз балдары менен мамиле түзүп, сүйлөшпөгөндүгү жөнүндө суроо узатканымда: "Башка улуттун балдарында биринчиден, акча көп, экинчиден, кыздарга жакшы мамиле жасаганды билишет", - деген жооп алгам. Эгерде ал кыздардын ата-энелери Россияда кылган жоруктарын көрүп, билишсе, бул жакка эч качан жиберишмек эмес...
Ат жалында маек курган
Бермет НУРУБЕКОВА





Кашкар баатыр баяны
Тээ кыштата кайра-кайра теледен көрсөтүлүп жүргөн "Кашкар-Булак" аттуу телероликти көргөн сайын тоолук сезим коштоп, кадимкидей канаагат алып жүргөн элем. Ажайып пейзаж чагылдырылган ушул көз ирмем чакан эмгек мен талантын сыйлаган кинорежиссёр Тилек Мураталиевге таандык экенин, дегеле Кашкар-Булак аттуу бу Ала-Тоонун дагы бир бурч, конушунун сыры, тарыхы тууралуу жакындан билип, аңдоонун саат, убагы да өзү келип, өз кезегинде ошол жерде туулуп, жашап, дүйнөдөн өткөн кыргыздын сейрек кашкөй баатыры Кашкар бабабыздын эстелигин ачуу аземине катышып олтуруп, "бирдемени билем го, окумалмын" деген дымагым жерге түшүп, касиеттүү кайран журтумдун тарыхын алигүнчө жарытылуу билбегениме ардандым, аттиң...

Эстелик кең Жумгалдын дарбазасы болгон Кызарт айылына көрк да, сүр да кошту белем. Атчан турган баатырдын эстелиги акыйкатта кынтыксыз дегендей көркөм деңгээлде жасалыптыр. Автору айтылуу чебер скульптор агабыз Тургунбай Садыков өзү. Ал эми азыркы модалуу тил менен айтканда жеке демөөрчүсү - республикага белгилүү окумуштуу экономист, Кашкар баатырдын түз урпагы Шайлообек Мусакожоев. Эстеликтин наркы да өзүнө тете, оңой-олтоң, арзан иш эмес экени көрүнүп турат. А Шайлоо байкебиз болсо адатынча бийик маданий паразаты, жөнөкөйлүгү менен "элим болбосо жалгыз менин колумдан мындай зор иш келмекпи" деп күлүп койду. Дегеле менин жеке оюмда, мындай эл-журтун коргогон чыгаан баатырдын көркөм эстелигин Бишкектин дал борборуна койсо куп жарашат эле да деген закым максат, тилек орноп турду.
Эстелик сөз жок, мыкты жасалыптыр дедик. Баатырдын арбагы ыраазы болсун. Унчукпай, төш какпай эле ата уулу милдет парзын аткарып койгон Шайлоо байкедей кыргыз азаматтары
ылайым арбын болсун дейли...
Эми сөз нугу Кашкар баатырдын даңкын кыргыз, казак кыйырына дүң кылган ошол кездеги кайталангыс кандуу кармаштын, баарыбыздын баш калкалап, жан багаар асыл ата журтубуз Сары өзөн Чүйдүн тагдыр чечээр окуясы тууралуу болмокчу. Баса, ушул учурдан пайдаланып, айтылаар баянга байланышы бар, өткөн жылдары өз башымдан кечирген бир үзүм окуяны да кыстара кетүүнүн өңүтү келип турат...
Алматыга, даражалуу кызматта иштеп жүрүп, 70 жашын белгилеп жаткан кудагыйдын мааракесине барганбыз. Үлкөн той. Сөз арасында той башы жигит мага капилет: "Кененсарынын башын Омбуга алып барган сизби?!" дебеспи. Не дейсиң? "Корксо да коён өлөт, коркпосо да коён өлөт" дегендей абал.
Жанатан казак, кыргыз акындарынын ыр, аскияларын жат айтып, куунак олтурган көңүлүм сууй түштү. Бирок, дароо чыйралып, жообумду кесе айттым: "Дал өзүмүн, мырза. Ормон хан дегенди уктуң беле. Тынч жаткан бир боор элин отуз миң кол менен басып, канга боёгон Кененсары, Ноорузбайды болгону беш миңдей кол менен быт-чытын чыгарган ошол Ормондун урпагымын... А сенин аталарыңдын баштары ошол Чүйдө эле жатат". Албетте, нарктуу үй ээси тиги кекээрлүү жигитти жемелеп, желин чыгарды, бизден кечирим суратты. А бирок аттиң, айтылган сөз - атылган ок, сууган көңүл ордуна келмекпи...
Ушундан улам, Кененсары, Ноорузбай чапкынын кенен иликтеп көрдүк. Тарыхчылардын да, санжырачылардын да айткан-дегендери негизинен бир эле өзөк сюжетке келет. Меркеден башталган өтө ырайымсыз ча-буул Токмокко жетип токтогон. Тирүүнү мындай кой, мүрзөлөр чукулуп, бейкүнөө маркумдардын сөөктөрү чачылган. Дүйнөдө сейрек кездешүүчү вандализмдин - жырткычтыктын буга окшош фактылары бул баскынчылык казатта көп болгону чындык...
Өткөн Совет доорунда негедир тарыхтын мындай жагдайлары, "эл достугуна шек келтирбөө" таризинде айтууга тыюу салынып, жасалма түрдө жашырылып келди. Айгине, согушту эл баштабайт, эл башкарган төбөлдөр, бийлик, байлыгына эсирген ач көз, зөөкүр тирандар баштайт. А азабын, кайгы-казыретин ак эмгеги менен күн көрүп, тынч уктаган карапайым эл-журт тартат. Карт тарыхтын миң кат бүктөмүндө мындайлар сан миң дечи. Бирок да улуу чындык, мына ошол тарых дейбизби, өтүмүш баскан жол, санжыраны тазалап, тактап, аныктамайынча артыбыз жалган, алдыбыз бүдөмүк, шор бойдон кала бермекчи. Бир гана чындык, ачык-айкын адилеттик достугуңдун, туугандыгыңдын, ынтымагыңдын түбөлүк түркүгү экендиги сансыз ирет далилденип келатпайбы.
Узун сөздүн кыскасы, бүгүнкү темабыз Кашкар баатырдын даңкын даңазалаган учурга келе турган болсок, ошол тагдыр чечээр, Токмоктун Кекилик-Сеңириндеги кармашта саяктын Кулжыгач уругунан чыккан Жанбото баатырдын уулу, али 18 жашка чыгып-чыгалек Кашкар мырза
байыртан келаткан салттуу жекеме- жеке эр сайышта кыргызы тургай, каз катар карап турган кас душмандарды да "Ой-байлатып" таңданткан тирукмуш эрдигин көрсөткөн эмеспи.
Эрөөл узакка созулган. Кыргыз тараптан Түлөкабыл, Колдокалча, Адыл баатырлардын эрдиги да аңыз кеп дечи, бирок айрыкча зоот кийип, "жекеге!" деп айкырып, ортодо ат ойнотуп турган казактын баатырына айттырбай атырылып чыгып, үстүндөгү зоотун чечип ыргытып жиберип, жалаң төш ылаачындай тик сайылып, каршылашын жара тартып келген Кашкардын эрдиги өзгөчө кеп. Ошондо Ормон, Ормон башы менен ыйлап жиберген делет. А Ормонуң да "жөө чал" атыккан, аттын аты араң көтөргөн зор, эр да болгон да.
Кашкар бабабыздын андагы, дегеле кийинки эрдиктерин ойлоп отуруп, дүйнөлүк шедевр көркөм фильмдердин бири "Троя" фильминдеги жаш, жалтанбас, кашкөй баатыр Ахиллести элестете берем. Кашкар баатыр да өз кезегинде дал ошондой жарк эткен эрдиктерди жасагандыгын тарых өзү тастыктап турат.
Дүйшөн КЕРИМОВ