"Кыргыз туусу", 12.08.11
  Аңгектен качсаң дөңгөккөбү?..

Судьяларды тандоо кеңеши
туулбай жатып туна чөкчүдөй
Конституциялык палатанын 11, Жогорку соттун 35 судьясын эң жогорку демократиялык принцип менен жарандык коом, ЖМКлар аркылуу маалымдап, жалпы коомчулукка ачыктап, таза тандап алабыз деген жакшы тилек болгон. Ал үчүн судьяларды сынактан өткөрүү максатында коомдук башталышта Судьяларды тандоо боюнча кеңеш түзүлгөн.
Бир айдан бери бир нече жарандык коомдун өкүлдөрү калыстыктан тайган кеңештин ишин сындап, пикеттерди уюштуруп, телерадио, гезит беттерин бербей кыйкырып чыгышты. Кыргызстанда сот системасына ишеничти пайда кылууга өбөлгөлүү эң жогорку орган болот деген Судьяларды тандоо кеңеши туулбай жатып элдин үмүтүн таш каптырып отурат.

Президент Роза Отунбаева кеңештин мүчөлөрүн жарандык коомдун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда кабыл алды. Судьяларды тандоо боюнча аталган кеңеш жөнүндө мыйзамдын авторлорунун бири, парламент депутаты Данияр Тербишалиевдин өзү сунуштаган мыйзамдын аткарылышына өзүнүн ичи чыкпай турганын жашырган жок:
- Судьяларды тандоо боюнча кеңеш каратып туруп толгон-токой мыйзам бузууларга барышты. Биз, булар боюнча мыйзамды жазганда мындан ары адилеттикти бийик туу туткан, ар бир адамдын тагдырын өз тагдырындай көрүп, калыс чечим кабыл алган органды түздүк дегенбиз. Тилекке каршы, булар үмүт-тилекти акташкан жок. Себеби, биз буларга өтө эле көп укук берип коюптурбуз. Мындай болсо бул Судьяларды тандоо кеңеши боюнча мыйзамга кайрадан өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, азыркы курамын кайра таратып, ишти баштасак да кеч эмес. Кеңештин жыйындары коомчулук үчүн ачык өтүп, анын стенограммасы, аудио-видео материалдары, токтомдору ЖМКлар аркылуу маалымдалып турушу керек болчу. Жалпы эл кеңештин мүчөлөрү кайсы судьяга кандай добуш бергенин билиши керек эле. Алар анын бирин да жасаган жок. Мында коррупция орун алганы жөнөкөй адамга деле билинип турбайбы. Булар добуш берилген бюллетенди жашырып каткандын ордуна элге ачык көрсөтүүгө тийиш болчу, - дейт эл өкүлү.
Депутат Д.Тербишалиев мамлекет башчысы кабыл алган жыйында аталган кеңештин төрагасы Замирбек Базарбековдун бир топ жылдардан берки, айталы, Ак-Суу райондук, Каракол шаардык судьялыгында ж.б. жерлерде иштеп жүргөндөгү кыңыр иштерине чейин тизмектеп жиберди.
Судьяларды тандоо боюнча кеңештин ишине нааразы болуп, чурулдап жүргөн бейөкмөт уюмдардын жетекчилери Президент Роза Отунбаевага төмөндөгүдөй мазмундагы кат сунушташты. Судьяларды тандоо кеңешинин курамындагы А.Ажибраимова, Д.Боронбаева Жогорку соттун судьялыгына өздөрү талапкердигин койгондугу мыйзамды каакысындай көрбөгөндүктөрүнө мисал эмеспи? Андан тышкары кеңештин жыйыны өткөрүлө турган күн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу беш күн мурда кеңештин катчылыгы тарабынан жарыяланышы керек болчу. Конкурсанттардын документ өткөрүү мөөнөтүн мыйзамда көрсөтүлгөндөн алда канча аз убакытта кабыл алышкан. Судьяларды тандоодо аталган кеңеш жарандык коом жана журналисттер үчүн ачык болушу керек эле. Мисалы, 3-август күнү судьяларды тандоо кеңеши талапкерлерге добуш берүү учурунда залдагы коомчулуктун өкүлдөрүн сыртка чыгып кетүүгө мажбурлашкан. Жыйындын ачык өткөрүлбөй, жаап-жашырылгандыгына каршы пикирин билдирип, кеңештин курамындагы бир мүчөсү Ж.Нурумбетова нааразылык иретинде жарандык коомдун өкүлдөрү менен кошо залдан чыгып кеткен. Айтор, аңгектен качсаң дөңгөккө деген орган түзүлүптүр. Жарандык коомдун өкүлдөрү мына ушул сыяктуу дооматтары менен сунуштарын жыйында мамлекет башчысына тапшырышты.
Ал эми Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева аталган кеңештин ишине мындай баа берип отурат: "Судьялар кандай критерийлер менен тандалганын билбей калдык. Таптакыр тажрыйбасы жоктору кирип алып, таза иштегендери тышта калышты. Кесипкөй эмес судьялар кейиштүү көрүнүштөргө туш кылат деп коркуп турам. Эртеңки күнү анын кесепетине эч кимди жоопкер кыла албай калабыз" - деди.
Мамлекет башчысынын кабыл алуусундагы болгон бул жыйын абдан курч, түрдүү пикирлердин кагылышуусу менен өттү. Парламенттеги "Республика" фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаевдин кабарлаганына караганда судьялыкка кимиси өтө турганы боюнча тизме алдын ала эле даярдалып коюлган. Эң жогорку судьялык постко өз кадыр-баркын коомчулук алдында түшүрүп алышкан, мисалы, "Мегаком" компаниясы боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алгандар да өтүп кеткен. Эгерде биздин фракция сунуш кылган кеңештин мүчөсү ушундай сотторго добуш берген болсо, биз аны кайра чакырып алабыз.
- Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда Жогорку Кеңешке келип, эгерде президент ооруп калса же көзү өтүп кетсе, анын мураскерин дайындоо боюнча мыйзамдолбооруна демилгечи болуп, сайрап турган Чынара Мусабекова деген айым да Конституциялык палатанын судьялыгына өтүп кетиптир. Бул авторитаризмди жактоо эмеспи? Апрель революциясында 90 эр азамат ушул үчүн жандарын кыйышты беле? - деген собол таштады мамлекет башчысы Р.Отунбаева.
Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Замирбек Базарбековдон судьяларды тандоонун жыйынтыктары боюнча аудио-видео материалдарын, бюллетендер камтылган документтерди жыйын аяктай электе алып келүүсүн талап калды. Судьяларды тандоо кеңешинин төрагасы З.Базарбеков болсо аларды Сот департаментинин сейфине каттырып койгонун айтып тайсалдады. "Ачкыч кимде?" - деген суроого "Менде" деп жооп берди. Төрага Базарбеков жыйындын документтерин коомчулуктан жаап-жашырып, сырдуу сандыкка каткан себебин кеңештин мүчөлөрүнө белгисиз бирөөлөр телефон чалып, коркутуулар болуп жатканы менен түшүндүрүп, бюллетень менен толукталган документтерди дароо алып келүүнү камсыз кыла албай койду. Анысы аз келгенсип, "Биз коллегиалдуу чечкенбиз, мен жалгыз кылган эмесмин" - дегенден башка чеке жылытаарлык маалымат бере албады.
"Эң татыктууларын тандап алуу үчүн судьялардын ар бирөөсү менен өзүм жекече маектешем. Тизмеде көрсөтүлгөн талапкерлердин баары менен макул боло албайм го деп турам. Себеби, анда жарым сабаттуу судьялар да бар, - деген мамлекет башчысы бир нече аргументтерди келтире кетти. -Менин аппаратым добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын терең анализдеп, карап чыгаарын унутпагыла. Мен бул маселени чечүү үчүн парламенттин ар бир фракциясынын лидери менен чогуу талкуулайм".
Айта кетүүчү жагдай, 15-август күнү Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсүндө экендигине карабай ушул Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун судьяларынын талапкерлерин кезексиз чакырылган пленардык жыйынында кароо үчүн чогулушуусу керек. Бирок, Президент Р.Отунбаева судьяларга добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча толук эмес документтер 5-августта гана аппаратына келип түшкөнүн, кыска мөөнөттө анын баарын карап, талкуулап үлгүрбөй калаарын эскертти.
Ал эми 11-август күнү Өкмөт үйүнүн алдында 30дан ашык адам "Үмүттүн лентасы" деген акция өткөрүштү. Алар темир тосмолорго: "Жогорку Кеңеш, бизге чынчыл судьяларды тандап бергиле", "Судьялар оңолсо, Кыргызстан оңолот" өңдүү сөздөр жазылган плакаттарды илип коюшту.
Дагы бир маселе. Бул материал басууга даярдалып жатканда
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү И.А.Степкичева Орусиянын жараны экендиги такталганы кабарлады.
Анткени буга чейин бир катар интернет-басылмаларда И.А.Степкичеванын башка өлкөнүн жараны экендиги жөнүндө маалымат жарыяланган. Маалыматка анын орусиялык паспортунун копиясы тиркелген.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдары атайын текшерүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында орусия тараптан берилген расмий маалымат боюнча Степкичева Ирэна Александровна 1995-жылдан 21-майдан тартып Россия Федерациянын жараны экендиги аныкталган.
Эскерте кетсек "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу боюнча кеңеши жөнүндө" мыйзамына ылайык, бул органдын мүчөсү болууга Кыргыз Республикасынын жарандары гана укуктуу.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"