"Кыргыз туусу", 12.08.11
  Куттуктоо

Куруучулардын эмгеги - жарандардын бакубат турмушу
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отун-баеванын Кыргызстандын куруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куруучулардын эмгеги өзгөчө коомдук мааниге ээ. Сиздердин "колуңуздардан көөр төгүлгөн" эмгегиңиздер менен республикабыздын түштүгүндө талкалангандарды калыбына келтирүү жана жаңы объекттерди куруу иши жүрүп жатат, жаңы мектептер, турак жайлар, ооруканалар, балдар бакчалары тургузулуп, тарых эстеликтерин жаратып жатасыздар. Өлкөнү экономикалык жана социалдык жактан туруктуу өнүктүрүү сиздердин эмгектин сапатынан түздөн-түз көз каранды. Сиздердин эмгек - ал, барынан мурда биздин өлкөнүн жарандарынын бакубат турмушу, алардын татыктуу жана ишенимдүү жашоосу", - деп айтылат анда.

  Эл аралык конференция

Бишкек жашыл шаарга айланабы?..
Бишкек шаары дүйнөдөгү кир деп саналган 30 өлкөнүн 15-орунунда турат. Бул аныктама 2010-жылдын январына туура келет. Ал эми Совет доорунда биздин баш калаабыз дүйнөдөгү жашыл шаарлардын бири катары белгилүү эле. Ошондой керемет жашыл шаар деген атагын жоготуп бара жаткандыгы өкүнүчтүү.

2009-жылдын акырында Бишкек шаарынын тургундары Франко-кыргыз экотуризм ассоциациясына шаардагы эс алуучу бактардын экологиялык жана санитардык абалынын начардыгы тууралуу билдирүү жасашкан. Мындай жагдайдан чыгуу максатында Бишкек мэриясы, Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөө институту, Франко-кыргыз экотуризм ассоциациясы биргелешип дол-боор иштеп чыгышкан. Ал дол-
боордун алкагында "Бишкек шаарынын сейил бактарынын абалы жана аларды туруктуу өнүктүрүү келечеги" аттуу эл аралык конференция өттү.
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу стратегиялык изилдөө институтунун директору Чыңгыз Шамшиев ачып, бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Президенти менен Бишкек шаарынын мэри жакындан колдоп бергендиги үчүн ыраазылык билдирди. Конферен-циянын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы көптөн бери бизде мындай максаттагы иш-чаранын болбой келгендигин, тескерисинче саясаттын ашкере күчөгөндүгүн айтып, бул маанилүү маселе алда качан козголууга тийиштигин белгиледи. Шаарды жашылдандырып, көрктөндүрүү, маданий очокко айландыруу, жалпы эле Кыргызстандын шартында туризм өлкөсүнө айлануунун жолдору тууралуу кең-кесири баяндама жасап, бул иш-чараны өткөрүп жаткандарды колдоого алууну белгиледи.
Кыргыз Республикасындагы Европа Союзунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Шанталь Эбберект дагы бул долбоорду ишке ашыруунун максаты тууралуу сөз сүйлөдү. Ал эми Франко-кыргыз экотуризм ассоциациясынын президенти Филипп Буазо "Бишкек шаарынын сейил бактарынын абалы жана аларды туруктуу өнүктүрүү келечеги" деген темада доклад окуду. Анда долбоордун негизги идеясы, ишке ашыруу этаптары, статистикалык анализдердин жыйынтыктары, дегеле бактарды коргоо кызматы, курчап турган дүйнөнү сактоо, Бишкек шаарындагы эс алуучу бактардын кайрадан курулушу тууралуу дыкаттык менен айтылды.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Инфратүзүм

Көзөмөл өткөрүүчү жайы пайдаланууга тапшырылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Өзбекстандын чек арасында Кызыл-Кыя бажы көзөмөл өткөрмө жайы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

Кызыл-Кыя бажы көзөмөл өткөрмө жайы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда "Бажы кызматынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана модернизациялоо" долбоорунун алкагында заманбап эл аралык стандартта реконструкцияланып, көзөмөл жүргүзүүнүн заманбап техникалык жабдыктары менен жабдылды. Көзөмөл жүргүзүү ачык-айрым болсун үчүн атайын 6 камера, автомашинадагы жүктү өзүнчө, автомашинаны өзүнчө тарта турган заманбап тараза, өткөрүүчү жайга заманбап жабдыктар да коюлган. Жакын арада маалымат системасы ишке киргизилип, бажы көзөмөлү жана документтештирүү автоматташтырылмакчы.
- Өткөрүүчү жайларды реконструкциялоо долбоордун бир бөлүгү гана, жакын арада биз автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизебиз, ошондо бажы декларациясын биргелешип талдоого, маалыматтарды өз учурунда жыйноого жана финансылык жактан башкарууга мүмкүнчүлүк болот, - деди Кубанычбек Кулматов.

Жыпар АКУНОВА




  Форум

Ири алдыда кошуна менен
соода-сатыкты бекемдөө керек
Кыргызстанда айыл чарбасы, курулуш, тейлөө сыяктуу ар кыл тармактуу ишмердүүлүк жүргүзгөн 300гө жакын компания бар. 5 млн. калктуу Кыргызстан өлкөсүнүн Кытай Эл Республикасы менен 1000 км. аралык чек арасы бар. Казакстан менен да ошончо. Өзбекстан, Тажикстан менен да чек аралашпыз. 2010-жылдагы окуялардан улам өнөктөштөр менен болгон байланыш үзгүлтүккө учурап калды. Чек аралар жабылды. Соода байланышы өксүдү. Республиканын түштүк аймагында болуп өткөн кандуу окуялардан улам бизнес кыйынчылыкка кабылды. Айрыкча чакан ишкерлик өзгөчө жабыр тартты. Бирок ошонун баарына карабай, ИДПнын өсүшү бүгүнкү күндө 6,5 пайызга жетти, - деди Президент Роза Отунбаева "Реалдуу ийгилик" аттуу Борбордук Азия регонунун ишкерлеринин соода форумунун ачылышында.