"Кыргыз туусу", 09.08.11
  Театр сереси

"Меккеге карай узак сапар"
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Учур" мамлекеттик жаштар театры драматург С.Раев менен тажик режиссеру Барзу Абдураззаковдун "Меккеге карай узак сапар" аттуу драма-притчасы менен А.П. Чехов атындагы Х эл аралык театралдык фестивалына катышып келишти. Аталган фестивалда дүйнөнүн театралдаштырылган мыкты труппалары көрсөтүлүп, алардын ичинен биздин спектакль жана аны сахналаштыргандар жогорку баага татыктуу болушту.

Бул фестиваль атайын дүйнөнүн мыкты режиссерлорунун тажрыйба алмашуусу үчүн уюштурулган лаборатория болуп эсептелет. Быйыл лабораторияга Марк Захаров, Сергей Женовач, Сергей Бархин, Кама Гинкас, Дмитрий Крымов сыяктуу кесипкөйлөр катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мында алар дүйнөнүн ар тарабынан келген режиссерлордун "Смола и перья", "Руки, ноги и голова тоже", "Золушка", "Ботаника" сыяктуу эмгектерине күбө боло алышкан.
Аталган фестивалдын алкагындагы кыргыз театрынын спектаклин көрсөтүү Моссовет атындагы театрдын сахнасында 8, 9, 10-июнда өткөн.
Башкы каармандардын ролун аткаргандар "Учур" театрынын жаш актерлору - Улан Зайнидин (Император), Бактыгуль Асанова (Кемпир), Медин Учукеев (Көлөкө), Нурдөөлөт Копоев (Адам, киши), Кыял Төрөгулова (Жаш кыз), Тендик Маматказиев (Жаш бала), Чыңгыз Мамаев (акын) абдан эмоционалдуу актерлук чеберчиликти көрсөтө алышкан.
А.П.Чехов атындагы эл аралык театр фестивалынын башкы директору, театр союздарынын Конфедерациясынын төрагасы - Валерий Шадрин белгилеп кеткендей: "Меккеге карай узак сапар" спектакли мындан башка да дүйнөлүк эл аралык фестивалдарга көрсөтүүгө татыктуу".
Ал эми биздин жердештерибиздин бул ийгилиги - бүтүндөй кыргыз театрынын алдыга озгонунан кабар берип, көкүрөктө сыймыктануу сезимин жаратат.
Жылдыз ТОЙБАЕВА,
театр изилдөөчү,
КРдин УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун искусство таануу бөлүмүнүн илимий улук кызматкери
Перизат ЖАНЫБЕКОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты




Кыргыз жапондой болуп эне тилин сүйсө кана?..
1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Кыргыз мамлекетинин мамлекеттик тили макамына ээ болду. Эми ошол мыйзам кабыл алынгандан бери 22 жыл өтүптүр. 22 жыл аралыгында мамлекетибизде мыйзам талаптары аткарылган жок. Себеби, 5-берененин 1-пунктундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили - кыргыз тили деп кашкайта жазылганы менен 2007-жылкы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясында мамлекеттик тилге байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор болгон, тактап айтсак 5-статьянынын 2-пунктунда Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылары жобосу киргизилген. Ошентип орус тилине расмий статус берилүү менен көпчүлүк мамлекеттик уюмдарда аны мамлекеттик тил ордуна колдонууну шарттап турганы айкын болуп турат.

Мамлекеттик масштабдагы мыйзамдар, токтомдор, укуктук актылар жана башка ушул өңдүү документтердин алгачкы варианты орус тилинде даярдалып, анан мамлекеттик тилге которулат. Ошону менен мамлекеттик тил өнүгүүдө деп түр көрсөтүп келүүдөбүз. Анан качан биз өз тилибизде ойлонуп, өз тилибизде документтер даярдоого киришебиз деген суроо туулат?
Мындай абалдан чыгуунун жолу мыйзамдуу түрдө ар бир кызматкерге талаптар коюлса, кызматтык орун ээлеген кызматкер өзүнөн-өзү мамлекеттик тилде тигил же бул документти даярдоого белсенип киришмекчи. Мамлекеттик кызматка алынуучу адамга мамлекеттик тилди билүү талаптарын, өзгөчө жаштарга коюлса, ар бирине башка чет тилдерди өздөштүргөн сыяктуу өз эне тилинде оюн айта, жаза билүү талабы коюлса кандайдыр бир жыйынтык чыкмак. Андан тышкары, ар бир уюмда, мекемеде кезектеги аттестация, сынакка катышууда мамлекеттик тил боюнча суроолор жана тапшырмаларды киргизүү зарыл. Мамлекеттик кызмат агенттигине караштуу тестирлөө борборунда өткөрүлгөн тесттердин ичине адистик боюнча гана суроолор эмес, мамлекеттик тил боюнча суроолор киргизилүүсү зарыл.
Эң башкы маселе эне тилге болгон мамиле үй-бүлөдө калыптануу-га тийиш. Ар бир үй бүлө баласын кыргыздын салт-санаасын, маданиятын сыйлоого тарбияласа, кантип ал үй бүлөдөгү бала өз эне тилинде сүйлөбөй коё алат? Бизде
шаардык интеллигенттердин көпчүлүгү балдарын орус тилдүү мектептерге окутушат. Эмне үчүн? Себеби, кыргыз тилиндеги окутуу сапаты жана окутулуучу сабактардын окуу куралдарынын мазмунун жаңы ыкмада эмес, ошондой эле окутуу талаптагыдай эмес дешет. Бул бир беткей түшүнүк дээр элем, себеби цивилизацияга жетишкен Жапон өлкөсүндө ата-энеси баласынын башка тилдерди билүү менен катар, үйүнө келгенде башка үй бүлө мүчөлөрү менен өз элинин улуттук кийимин кийип алып өз тилинде сүйлөшүп, өз каада-салтын бекем кармануусуна жетишүүгө тарбиялайт.
Роза БЕКТУРОВА,
журналист