"Кыргыз туусу", 05.08.11
  Алака акыбети

Япония-Кыргызстан:
Авиакомпания ачуу мүмкүнчүлүгү бар
Ушул учурда Япониянын туризм боюнча агенттиги Кыргызстанга атайын каттамдарды уюштурууну пландап жатат. Мындай маалымат КРнын биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабановдун Япониянын туризм боюнча агенттигинин комиссары Хироши Мизохаты менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Ө.Бабанов эки мамлекеттин туризм багытындагы кызматташуусун бекемдөө максатында, Япониянын туристтик агенттиктерин Ысык-Көлдү, дегеле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кетүүгө жана кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын жайылтууга чакырды.
Ал эми япон тарап өз кезегинде Ө.Бабановдун сунушу жүйөөлүү экенин белгилеп, Кыргызстандын Японияда туризм багытында өтө турган форумга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү ниетин билдирди.
Аталган эки өлкөнүн ортосундагы туристтик байланышты чыңдоо жөнүндө Япония парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Н.Суто да өзүнүн пикирин билдирди. Ал Ө.Бабанов менен жолукканда Кыргызстандагы тарыхый жана маданий баалуулуктарга ээ болгон жайларды өнүктүрүү боюнча биргелешип иштетүү керектигин айтты.
Мындан сырткары ал үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга келип, президенттик шайлоого байкоочу катары катышарын билдирди.
Ушул эле күнү, 3-августта Биринчи вице-премьер министр Япониянын туризм, транспорт, ички түзүм жана жер министри Акихиро Охата менен жолугушту. Ө.Бабанов өз сөзүндө ага биргелешип бир авиакомпания түзүүнү сунуш кылды.
Япон тарап аталган сунуш боюнча кызыкдар экенин айтып, бул боюнча бир чечимди жакынкы күндөрү кабыл алып жана аны менен тез арада тааныштырарын белгиледи.
Бул жолугушууда да туризмди өнүктүрүү маселеси каралып, натыйжада, эки өлкөнүн теле каналдары аркылуу туристтерди тартуу үчүн видео роликтерди көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




  Өкмөттө

Күнөөлүүлөр жоопко тартылат
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өткөргөн кеңешмеде 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде "Кыргызнефтегаз" ААКнын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отчёту жана сунуштары угулду.

Эске сала кетсек, аталган комиссия Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамына ылайык, Өкмөттүн чечими менен "Кыргызнефтегаз" ААКга атайын иштөө жана пайдалануу режими киргизилип, тышкы башкаруучу дайындалгандан кийин түзүлгөн болучу.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар фактысы орун алган. Анын кесепетинен, мамлекетке жана акционердик коомго жүздөгөн миллион сомго барабар суммадагы зыян келтирилген. Ушундай жагдайга байланыштуу, кеңешмеде ачык-айкын мисалдар келтирилди жана жыйынтык чыгарылды. Тактап айтканда, комиссиянын мүчөлөрүнүн пикири боюнча, ал жыйынтыктар текшерилген мезгилдин аралыгында компанияны жетектеген кызмат адамдарын кылмыш жана башка жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп бере алат.
Алмазбек Атамбаев комиссиянын отчётун жана сунуштарын эске алуу менен текшерүүнүн материалдары, "Кыргызнефтегаз" ААКнын тигил же бул кызмат адамдарынын жооптуулук даражасын аныктоо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилиши керектигин белгиледи.
"Эгерде, жетекчилердин кимдир-бирөө өздөрүнүн иштеринин натыйжасында ишканага жана мамлекетке зыян келтирсе, ал жоопко тартылуусу керек. "Кыргызнефтегаз" өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү компанияларынын бири болуп саналат. Ошондуктан ал айрым адамдардын байышынын булагы катары кызмат кылбастан, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек", - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Кыргыз Өкмөтүнүн
аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү





  Тынчтык жана өнүгүү

Коогалаңдарды алдын алуу аракети
Кийинки мезгилде Азия, Африка мамлекеттериндеги коогалаңдардан жана өзүбүздө өткөн жылы апрель, июнь айларында болуп өткөн кайгылуу окуялардан улам Кыргыз бийлиги менен калктын калың катмары бейпил тынч жашоо гана өлкөнүн экономикалык, руханий өнүгүүсүнө кеңири жол ачаарын айкын түшүндү. Ооба, дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүндө, мамлекеттин экономикасы кубаттуу же алсыз, элинин турмуш тиричилик абалы жакшы же начар экенине карабай калк арасында ар кандай нааразылыктар жаралып турат. Ал нааразылыктарды өз убагында аныктоо, алдын алуу чыр-чатактын андан ары ырбашына жана тирешүүлөргө жол бербейт.

Калк башына мүшкүл салуучу андай коогалаңдарды алдын алуу жана жоюу боюнча топтолгон дүйнөлүк мол тажрыйбаны ар тараптан үйрөнүү жүрүп жатат. Анын жакшы натыйжаларын үлгү кылуу, тетири сабактарын кайталабоо көз карандысыз ички жана тышкы саясатын, экономикасы менен руханий дөөлөттөрүн жаңыдан калыптандырып жаткан биздин Кыргызстан өңдүү жаш мамлекеттерге керек. Ооба, кандай мамлекет болбосун, туруктуулукка
умтулат. Элинин патриоттуулугуна негизденген тынчтык гана экономикалык, руханий ургаал өнүгүүгө шарт түзөт.
Учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш болгон эл аралык уюмдар жаңы миң жылдыкта тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылуу аракетин күчөтүүдө. Ал аракет демилгелер дүйнө мамлекеттери менен элинин колдоосуна ээ болууда. Ал иш-чаралар элдик нааразылыктарды алдын алуу, анын чыр-чатактуу коогалаңдарга өсүп кетпешин көздөйт.
Кийинки он жыл аралыгында бул багыттагы иштер биздин өлкөдө да жолго коюлган. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасынын (БУУӨП - ПРООН) Тынчтык жана өнүгүү долбоору Кыргыз өкмөтү менен бирдикте, республиканын коомдук, бейөкмөт уюмдарынын жана жалпы жарандарынын катышуусунда ишке ашырууда. Натыйжада, элдик нааразылыктар алдын ала илик-
тенип, алардын коогалаңдуу тирешүүлөргө, чыр-чатакка айлануусуна бөгөт коюу аракеттери жасалууда.
Аларды өз убагында алдын алуу коогалаңдуу кырсыктардын далайынан сактап келатканын мен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасынын (БУУӨП - ПРООН) иликтөөлөрү жана жүргүзгөн иш-чараларынын жыйынтыктары менен кабардар болгонум үчүн гана эмес, жер-жерлердеги калктын бул иш-чараларга ишеними күчөп, оң пикири калыптанып баратканынан улам айтып отурам.
БУУӨП тарабынан Тынчтыкты жана өнүгүүнү талдоо процесси Кыргызстанда кооптуу көрүнүштөрдү жаратуучу нааразылыктар көп кырдуу жана ар облус, район, аймактарда ар түрдүү жана ар башка көрүнүштөргө ээ экенин аныктады. Мисалы, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жашоочуларын чек аранын алиге такталбаганы, коңшу мамлекеттеги жек жаат, тааныштары менен карым-катышы начарлаганы кыжаалат кылып, нааразылыкка айланып баратканы байкалат. Кыргыз жарандарына Өзбек, Тажик чек арачыларынын чектен чыккан орой жана катаал мамилелери, сугат жана ичүүчү суунун тартыштыгы да чыңалууга себеп болууда.
Нарын, Чүй облустарында тымызын диний тирешүүлөр бар. Бул аймактарда ар кандай секталарга азгырылгандар менен салттуу ишенимди сактагандар ортосунда карама- каршылыктар коогалаң жараткан. Салттуу диний көз караштагы көпчүлүк секталарга кирген азчылыкты коомдон четтетип, айыл, кыштактардын ортолук көрүстөнүнө секта мүчөлөрүнүн сөөгүн койдурбай, жаңжал чыккан. Ал тирешүүлөрдү жергиликтүү бийлик жеңилдете алган эмес.
Ысык Көл облусунда жаандан
кийинки козу карындай көбөйгөн жеке менчик пансионаттар кумдуу жээктерди өз билгениндей короолоп алганына байланыштуу көл жээгине эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жергиликтүү элдин нааразылыгы жаралган. Талас облусунда төө буурчак өстүрүү жана алтын кендерин иштетүү жергиликтүү калктын кызыкчылыгын толук канааттандырбаганы элдин
нааразылыгына себепкер болгон.
Жакырчылык, жумушсуздук, коррупция, шайлоонун "шайтан оюндары", ички жана тышкы миграциянын оорчулуктары, билим берүүнүн, медициналык тейлөөнүн начарлашы, өлкөнүн ички жолдорунун бузулушу өңдүү терс көрүнүштөр Кыргызстандын бардык региондорунда окшош. Алар да элдик нааразылыкты улам тереңдетип, калк катмарын региондук, кландык, уруулук, жердештик бөлүнүүлөргө, карама каршылыктарга, улут аралык тирешүүгө да түртүүдө. Коррупция менен кылмыштуулук да абалдын чыңалышын жана нааразылыктарды күчөтүүдө.
Тилекке каршы, бул кемчиликтердин улам тереңдеши республикалык жана жергиликтүү бийликке эл ишенимин солгундаткан. Андай нааразылыктар бийликке жана өлкөнүн саясий, экономикалык абалына тетири таасир этүүдө. Анткен менен учурдагы Кыргыз бийлиги БУУӨП менен бирдикте анын себептерин жамы журтка туура түшүндүрүү, колдон келишинче алдын алуу аракеттери кайсы туруктуулукту камсыз кылганын тануу кыйын.
Кыргыз өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы (БУУӨП) биргелешип, Кыргызстанда Тынчтыкка жана өнүгүүгө талдоо жүргүзүүсү араздашуу жана коогалаң коркунучу бар аймактарды аныктады. Ал аймактарда иликтөө мониторингдерин жүргүзүү, жергиликтүү тургундар жана айыл, уруу лидерлери, аксакалдары менен жолугушууларды, талкууларды, семинарларды уюштуруу нааразылыктардын басаңдашын шарттап, бийлик органдарынын багыттуу жана натыйжалуу иштешин активдештирди.
Арийне, нааразылыктардын көпчүлүгү тиричиликтеги элементардык көрүнүштөр, экономикалык жана руханий канааттанбагандык, жарандардын ортосундагы түшүнбөстүктөргө байланыштуу экенин, ал коогалаң бейпил жашоого, экономикалык жана руханий өнүгүүгө бөгөт болуп, калк арасында чыңалуулар менен нааразылыктарды тымызын тереңдеткенден башка пайда бербешин жалпы эл түшүнө баштады. Учурда бул да чоң ийгилик.
БУУӨП тарабынан 2000-2011 - жылдары Тынчтык жана Өнүгүү программасынын алкагында жүргүзгөн иштери өлкөнүн улуттук жана жергиликтүү деңгээлде мындан ары өнүгүшүнүн стратегиясына керектүү маалыматтарды топтоого зор салым кошту. Ал маалыматтардын баалуулугу - жер жерлердеги уюмдар менен тургундардын турмуш талабын чагылдыра алгандыгы. Андай так маалыматтар ушуга чейин чогултула элек болуучу. Тынчтык жана өнүгүүнү талдоо боюнча облустук Кеңешүү комитеттеринин иштиктүү аракеттери жана араздашуу коогалаңдарын алдын алуу боюнча көп секторлуу форумдарды жана талкууларды жүргүзүүсү келечектүү иш пландарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Албетте, бул иштер мындан ары да улантылат. Кечээ жакында Бишкек шаарында өткөн улуттук конферен-циянын катышуучулары Кыргызстанда Тынчтыкты жана өнүгүүнү талдоо боюнча иш-чаралардын ийгиликтери менен кемчиликтерин кеңири талкууга алды. Жер-жерлерден келген өкүлдөр, президенттик, өкмөттүк аппараттын жооптуу кызматкерлери
коогалаңдарды алдын алуу, тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылышын каалагандыктарын билдиришти. БУУӨПтүн Кыргызстандагы саясий кеңешчиси бул иштер жаңыча аракеттер менен улантылаарына ишенимин билдирди.
Токтобай МҮЛКҮБАТОВ,
жазуучу,
"Кыргызстан эли"
коомунун төрагасы