"Кыргыз туусу", 05.08.11
  Той-тамаша-тамада, талант керек ага да!

Акылбектин ак жарыгы
Айылдык клубдардан алгачкы ансамблди түзүп...
Илгери, 80-жылдары эстрадалык жандуу ансамблдер болор эле. Акылбек жаштайынан өнөр жагына тартылып, окуу жайлардын алдында ачылган ошондой ансамблдерине барып, катышып жүрүп, көп нерсени үйрөнүп, билип калган.
Окууну бүтүп келгенде Чат-Базар айылдык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иште-
ди. Ошондо ал айылдык клубдардын ичинен эң биринчи эстрадалык ансамблди мектептеги жогорку класстын таланттуу балдарынан тандап уюштурган. Айылда музыкалык аппаратура табуу кыйын болгон. Бирок, агасы Марат Алыбаевдин жардамы менен музыкалык аппаратурага жеткен эле. Ошон үчүн анын ансамбли тез эле тааныла баштаган. 1984-жылдары айылдагы комсомолдук үйлөнүү тойлорго, майрам, салтанаттарда ансамбль менен ойноп чыга башташкан. Бир жылдан кийин, 1985-жылы
райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Бүбүйра Мукутова, Талас райкомпартиясынын үчүнчү катчысы Батма Разакунова анын чыгармачылык ишине жогору баа берип, натыйжада райондук маданият үйүнүн директорлугуна көп талапкерлер менен ат салыштырып, сынактан өткөрүп, алып келишкен. Ошондо ал 26 гана жашта эле. Анда Талас элдик театры иштечү. Ошол убакта Бүткүл союздук фестивалдарда лауреат болуп, таанылып калышкан таланттар Анаркүл Кожокеева, Асылбек Медетов, Шумкарбек Абдылдаев, Бермет Оторбаева, Калипа Чалова, Бокин Серибаев, Жумабек Сагынбаев менен иштешкен.


Башкарма болгусу келбей, музыкант болгусу келгенде...
Акылбек таланттуу тамада, ырчы. Ал айтылуу Таластын Чат-Базар айылында туулуп, эр жеткен. Булардын үй-бүлөсү баары музыка дүйнөсү менен жашагандар эле.
Агасы Марат Алыбаев белгилүү обончу катары кыргызга таанымал. Өкүнүчтүү жагы ааламдан эрте өтүп кеткени. Кийинки агасы Мурат да аккордеонду жакшы ойноочу. Акылбектин атасы мектепке кароолчу болуп иштечү. Жумалы деген музыкадан окуткан агайы сабак бүткөндөн кийин аккордеонду Акылбектин атасына табыштап, үйүнө коюп кетчү. Үчөө кызыгышып эч ким жокто ойноп жүрүп, кийин аккордеон тартканды үйрөнүп алышкан. Балким, музыкага кызыккандарына ошол себепчи болгондур.
Азыр Акылбек үй-бүлөсү менен Манас айылында (мурдагы Ак-Сай) турат. Бирок, көбүнчө Бишкекте. Анткенинин да жөнү бар. Тамадалык кесип менен шугурланган соң, шарт ошондой. Буга анын өмүрлүк жубайы Дилбара да туура түшүнөт. Дегеле чыгармачылыкка толук шарт түзүп, балдардын атасы элдик адам болгон соң, эл арасында аты таанылып, Кудай берген өнөрүн баксын деп турат. Акылбек сегиз баланын бактылуу атасы. Алды үйлөндү, арты экинчи класста.
Ал Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун маданий агартуу иштерин уюштуруу факультетин окуп бүтүргөн. Адегенде ата-энеси анын музыкалык окууга барганына каршы болушкан. Ошондуктан мектепти бүткөндөн кийин биринчи жылы "артист деген эмне, андан көрө кийин башкарма болосуң" дешип, аргасыз айыл чарба институтуна тапшырган, бирок, өтпөй калды. Ага кейиген деле жок, анткени ага өзүнүн көңүлү да жок эле. Бир жыл курулушта жумушчу болуп иштеди. Анан кийинки жылы үйдөгүлөргө кайра эле айыл чарба институтуна барам деп коюп, Марат акеси менен кеңешип, искусство институтуна тапшырган. Экзаменде талантына карап алышты, ошон үчүн биринчисинен 5ке тапшырды, калганы шыр кетти. Аны өнөрдүн ак жарыгы чакырып тургандай жүрөгү эңсеген жол ачылгансыды.
Ошо менен 1979-жылдан студенттик күндөрү башталды. Марат байкеси "Башка окууларга башкарманын, же чоңдордун балдары акча берип өтүшөт. Сен ушул окууга жөн эле өтөсүң" деген.
Акылбек окуган курста таланттуулар көп болчу. Эшенкул Барпиев, Айтурган Темирова бир курста окушту. Эмнегедир ошондо мугалимдердин күчтүү тобу иштечү. Жумабаев, Молдобаев, Вольтер, Баякунов ж.б. Насыр Давлесов, Калый Молдобасановго окшогон чоң композиторлорду көрүп жүрүштүн эле таасири канча.
Бирок ал сырттан окууга которулууга туура келген. Анткени ошол жылдары апасы кайтыш болуп, андан аскердик кызматка чакырылып, армияга кеткен. Келгенден кийин окуусун улантып, аяктаган соң айылга иштөөгө кетти. Ага байкелери себепчи болду. Анткени булар үч бир тууган эле. Марат менен Мурат улуу, ошондуктан кичүү уул болгонуна байланыштуу айылдагы үйгө Акылбек барыш керек. Агалары кеңешип, "Сен айылга барып иште, өзүң каалагандай ансамблиңди түз. Бардык аппаратураны биз сатып беребиз" дешкен.


"Таазимден" - тамадага
1987-жылы экинчи жолу "Таазим" деген эстраданы уюштурду.
Ошондо "Таазимде" Эркин Турсу-
налиев, Кубат Үмөталиев, Бекболот Курманалиев, Алина Жетигенова иштеген. "Ысык-Көл - 88" фестивалында лауреаттык
наамды алышкан. 89-жылы "Ямаха" деген музыкалык аспап келди. Мурун жандуу ансамбль менен чыкса, эми Марат агасы менен кошулуп, жаңы аспапта ойноп калды.
1995-1996-жылдары тамадалар пайда боло баштап, 2006-жылга чейин жалаң тамада болуп иштеди. Айрыкча Азадил Сулайманов менен көп иштешти. Ошол эле учурда маданий иш-чараларды да өткөрүп жүрдү. Биринчи категориядагы кесип ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери болду. Режиссердук менен да алектенип, спектаклдерди коюп, райондук чоң иш чараларды алып барып жүрдү.
- Облустагы кароо-конкурстарда биринчи орунду берчү эмес элек, - дейт аңгемелешип олтурганда Акылбек. - Мен чогуу иштешкен жамаатыма абдан ыраазымын. Кийин 2007-жылы Бишкекке келип, Эшенкул Бар-пиевдин чакыруусу менен тамадалыкта кызмат кылып калдым. Тамада болгонума Эшенкулдун салымы чоң. Бул жакта чоң чөйрө бар, айылдан айырмасы чоң. Чынында бул өнөрдү азыркы шартта кесип деп айтканга болот. Бишкекте атайын тамада борбору түзүлгөн. Анда көпчүлүк тамадалардын башы кошулган. Эшенкул, Бакай Шүкүров, Турдалы Аскарбеков, Илич Касымбеков, Айтбек Муканбеков ж.б. Бири-бирибиз өткөргөн тойго барып, иш тажрыйба алмашып жатабыз, бул кесиптин дагы өзүнүн чыгармачылыкты талап кылуучу көп түйшүгү бар. Ырчылар таарынбасын, тамаданын мээнети күчтүү, оор болот. Алты саат тикеңен тик туруп, жаагыңды жанып сүйлөйсүң. Сүйлөгөндө да адамдардын көңүлүн өзүңө бөлөсүң, ыгын келтирип, тамырын тартып, жагдайга жараша сөздү таап алып чыгып кетип турушуң керек. Тамаданын эмгегине той ээлери баа бериши керек.
Анын дагы бир өзгөчөлүгү - дыйканчылыгы. Жайкысын ар жылы эгин эгет. Картошка, төө буурчагы бар. Бирок, анын ишенимдүү жардамчылары-балдары, жердин көбүн ошолор эле багышат. Акылбек болсо финансы, чарбалык маселелерин бүтүрүп берет.
Ошентип жүрүп эр ортону элүүгө келип калганын сезбей да калды. Кыргызстанда кыдырбаган жери калбаптыр. Убагында Талас элдик театрында жүргөндө элге көп чыкты. Ал театр 60-жылдары түптөлүп, Москвадан эки жолу лауреаттыкты алып келишкен.
Чыгармачылык тагдырга ал ыраазы.
- Айрыкча ата-энеме ыраазымын, - дейт Акылбек, - жөнөкөй адамдар эле. Апам ооруканада санитарка, атам кароолчу болуп иштешчү. Бирок үч баласына тең билим берди. Окутту, өстүрдү, ошого ыраазымын.
Дагы бир унутпай айта жүрчү сөз, музыканын жан дүйнөсүнө мени, байкемдерди, комузчу, ырчыларды тарбиялап өстүргөн Жумалы Жусупов деген агай болгон. Өзү чоң комузчу эле. Обончу Сабатар Исаковду да ошол тарбиялаган. Айылдык клубда дагы ошолор менен иш баштагам.
Биздин айылдан комузчулар, музыканттар чыккан. Ошонун баары Жумалы агайдын таасиринен деп ойлойм. Багыт берип, туура тарбиялагандай сезилет, - дейт Акылбек.
Адам тагдырына өзү себепкер деген ушулдур. Жүрөгү каалаган өнөр сересинде элдин эрке уулу болуп, батадан көгөрүп өсүү дагы чоң тагдыр.