"Кыргыз туусу", 05.08.11
  Бардык кесип мугалимден окуган

Педагогдук өмүрүнө өрүлүшкөн Өскөнбаев
Педагогика айдыңында кырк жылга жакын мезгил жол баскан Касым Өскөнбаев пайгамбар жашынын босогосуна жакындап калганын өзү да сезбей калды. Себеби, бардык кесиптердин атасы болгон педагогдук кесипте келечектин ээлерин окутуу, тарбиялоо өтө жооптуу дагы, өтө түйшүктүү дагы иш эмеспи. Мугалимден кимдер гана билим албаган... Элдин, мамлекеттин келечеги өсүп келе жаткан жаш муундардын колунда деп абалтан айтылган кептин чындыгын ким тана алат. Кептин баары алардын кандай билим, тарбия алышында. Ошон үчүн балдардын заманбап өсүп, жетилиши чоңдордун милдети дешет тура. Калетсиз сөз.

Мындай кесипти аркалагандар канткен менен чоң сөзгө татыктуу. Өңгөсүн айтпаганда да 45 мүнөттүк сабакка даярдануу жана ошону балдардын жүрөгүнө сүртүп окутуунун өзү эле эмне деген эмгек. Бул кесипти Касым Өскөнбаев өмүр тагдырында туура тандап алгандай сезилет. Кыргыз Улуттук Жусуп Балагын атындагы (мурдагы Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын флагманы Кыргыз мамлекеттик университети) университеттин математика факультетин 1973-жылы бүтүп келип, Токтогул районунун Мазар-Суу айылындагы Жоомарт атындагы орто мектепке мугалим болуп, эмгектеги алгачкы чыйыры башталган эле. Андан "Эмгек" орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп бир нече жылдар эмгектенди.
Ал эми 80-90-жылдар аралыгында Токтогул райондук комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалады. Андан "Эмгек" орто мектебинин директорлугуна дайындалып, кайрадан педагогдик кесиптин турмушуна чоң кадам менен келди. Ал уюштуруучулуктагы чебер жөндөмү аркылуу 93-жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Ошондон ушул күнгө чейин бул иште үзүрлүү эмгектенип келет.
Касым Өскөнбаевичтин өмүр жолу менен өрүлүшкөн педагогдук ишинде акыркы он сегиз жылдагы өтөгөн кызматы Кетмен-Төбө элинин жаш муундарын заманбап тарбиялап өстүрүүдө чоң аракеттерди жумшаган, унутулгус жылдар болду деп айтууга арзыйт. Анткени бул жылдар Советтик доор кыйрап, жаңы системага келип, эгемендикке ээ болгон кыргыз элинин турмушундагы тарыхый окуяларга бай өткөөл мезгилдин бороон чапкынын баштан кечирген жылдар экени белгилүү эмеспи. Бардык тармактар сыяктуу эле мындай кыйын кезеңдин билим берүү тармагына да таасири тийбей койгон жок. Ал турсун катаал жагдайлар дал ушул педагогдорго туш болду. Аргасыздан айрым мугалимдер калем, дептерин таштап, базарга, же башка жактарга иштеп кетишкени жашыруун эмес. Бирок, мына ушундай шартта Касым Өскөн-баевичтин жетекчилик сырбилгилигинен далай мугалимдер өз кесиби менен, эч жакка кетпей, мектепте иштеп калышты. Натыйжада мектептерде ар бир предметтик сабактар өз деңгээлинде өтүлүүгө шарттар болуп турду.
Билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын абалына да ал жакындан көмөк берип, колдон келген аракеттерин аябай, сактап калууга жанын үрөдү. Эмесе, республиканын бардык жактарында менчиктештирүү саясатынын ашкере ишке ашышы менен далай балдар бакчалары иштебей, имараттары жеке менчикке алынып кеткени жалпы журтчулукка деле белгилүү. Ошентип райондо азыр 7 балдар бакчасы кемелинен кемибей, кадимкисиндей иштеп жатат.
Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, мына ушул он сегиз жылдын аралыгында райондо жалпы 41 мектеп болсо, анын ичинен 14 мектеп жаңы типте курулуп, ишке берилди. Мектеп куруу деген оңой-олтоң иш эмес экендиги да чындык. Мамлекеттик деңгээлде маселелерди коюу, керектүү жерлерге ат тезегин кургатпай чуркоо менен талбаган аракеттердин натыйжасында ушундай чоң иштердин бүтүшү албетте жетекчинин кызмат ишине жоопкерчиликтүү мамилесинин жемиши.
Окутуунун методикалык жаңы ыкмалары менен республикага белгилүү аты бар Бекмырза Баатыркулов да дал ушул жылдары Кыргыз Республикасынын Эл мугалими наамына татыктуу болду. Мындай новатор, таланттуу педагогдор менен иштешүүдө Касым Өскөнбаевичтин адамдык бийик сапаты, кесипкөйлүктү көрө билген жетекчилик артыкчылыгы белгилөөгө татыйт. Анда кызмат
жоопкерчилигин ыйык тутуу менен улуу жөнөкөйлүк ширелишкен. Ошон үчүн аны кесиптештери ызаат менен карап, сыйлашат. Мындан сырткары ал иштеп жаткан жылдарда 7 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими деген мамлекеттик жогорку наамга ээ болушту. 200гө жакын мугалимдер Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы төш белгилерин тагынышты. Окуунун жүздөгөн мыктылары республикалык жана облус-
тук сынак-кароолордо, олимпиадаларда жеңүүчүлүр деп табылып, мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайларыныда тандаган кесиптери боюнча окууга өтүп, алды ар тармакта иштеп жатышат. Быйыл эле 960 бүтүрүүчү мектеп партасынан учуп чыгышып, мыкты окугандар өз максаттары менен жогорку окуу жайларына тапшырышууда. Азыр алардын ийгилигин тилеп турган кез.
Эмгек жерде калбайт эмеспи. Касым Өскөнбаевичтин да эмгеги өз учурунда бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы тапшырылган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн жана республикалык профсоюз кыймылынын мыктысы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин Ардак Грамотасынын ээси.
Адам утуру жашы өйдөлөгөндө артты кылчайып карап эмне эмгек жасадым дейт тура. Касым Өскөн-баевич андай шартта сыймыктана турган жөнү бар. Ал кутман куракты жогоркудай ийгиликтерди жаратып тосуп олтурат. Үй-бүлөдө бактылуу ата. Жаштыктын карылыгыбы, же карылыктын жаштыгы дейлиби, бул жакшы курак. Кут болсун демекчибиз.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"