"Кыргыз туусу", 02.08.11
  Курманжан даткага - 200 жыл

Адыгине уулу
Баргынын күмбөзү
Ажыбек бий Ошту башкарып турганда чыгыштын булактарына караганда "200 миң буруттардын ордосунун элин Букарадан чыгышка дейре тизип коюуга дарамети жеткен" делинет. Бул маалыматтар (андагы сандар апыртылса да) Ош калаасы XVIII кылымдын орто ченинде Перикана (Фергана) өрөөнүндө эң чоң саясий маанилүү орунду ээлегенин кыйыр баяндайт.

Калаанын эмне үчүн Ош аталып калганы ошондой эле анын Сулайман Тоосу дайыма эле ушул аты менен аталбагандыгы жөнүндө аңыз кептер гана болбосо, так маалыматтар жокко эсе. Калаанын, тоонун аталыштары байыркы нукура кыргыз тилинде аталган.
Ош - "оош", "оошуп" жана "оошко" деген сөздөрдөн келип чыккан. Азыркы кезде кыргыздар алмашып же болбосо, айрыбаштайлы дешет. Ал кездерде азыркыдай акча бирдиги болбогондуктан ар ким өзүндөгү ашыкча малын, затын өзүнө керектүү тамак-ашка, затка айрыбаштап алышкан. Ошол кездерде эле базар азыркы калаада жайгашып, кыргыздар ага оошкону, оошуп келгени каттап турушкан. Барып-барып калаа Ош аталып калгандыгы ошондон.
Ал эми мусулманчылык күчөгөнчө Ош калаасынын азыркы Сулайман Тоосу башта кыргызча Буура-Тоо аталып келген. Мукамбет Бабурдун "Бабурнамэ" китебинде тоо "Бара кух" деп аталган. Бара - буура, ал эми "кух" деген сөз араб тилинен кыргыз тилине которгондо "тоо" деген маанини туюнтат. Тоону узактан, айрыкча, түштүк менен түндүктөн көз чаптырып карасаң анын аскалары атан төөнүн өркөчтөрүнө окшошуп, ошондуктан Буура-Тоо аталган. Кыргыздар байыртан эле жер-сууга аяр мамиле жасашып, жөндөн-жөн эле ат коюшпаган. Ошондуктан тоонун Буура-Тоо деп аталышы жөн жерден болгон эмес. Ал эми тоонун түштүк-чыгыш этегинде азыркы музейдин артында жайгашкан, пешенеси 9-10 метр келген күмбөз тарыхый булактарда "Асаф-ибн-ал-Бархия" деп аталат.
1901-жылы Курманжан датка Айт майрам күндөрү Асаф-ибн-ал-Бархия күмбөзүнүн алдына келип, куран окуп, анан бул менин күйөөм Алымбек датканын ата-бабаларынын сөөгү жаткан азиз жер дегенин орус окумуштуусу И.П.Ювачев 1907-ж. "Исторический вестник" журналына жазган.(И.П.Ювачев "Ала-Тоо журналы" 1989. № 7. Фрунзе. 129-бет). Ошондой эле Л.И. Зимин, Б.П.Денике, А.Н.Бернштам жана В.Е.Нусовдордун эмгектеринде күмбөздүн сүрөттөрү орун алган. Бул Адыгине уулу Баргы дегенди билдирет.
Перс, араб тилдүү элдер өздөрүнүн тилинин ыңгайына карап, Адыгинени "Асаф ибн ал" - уулу, теги Баргыны - "Бархия" деп аташкан. Ошолор аркылуу тарых булактарына түшкөн. Чыгыштын саякатчы, тарыхчыларынын эмгектеринде дагы бул күмбөз "жергиликтүү уруу башчы шайыктардын күмбөзү" деп жазылган. (В. Плоских, В. Галицкий. Старинный Ош. Ф. 1989-ж. 130 бет.).
Эми Сулайман пайгамбардын ким экенине назар салсак. Сулайман ибн Дауд Мийладдан (Ыса алейхи саламдын туулушунан) 900 жыл мурун Палестинада жашаган. Атасы Дауд алейхи салам сыяктуу пайгамбар жана падыша болгон. Анын падышалыгынын башкалардан айырмасы, ал инсандарга гана эмес, жиндерге да падыша болгон. Аллах ага шамалдарды, айбандарды жана куштарды да моюн сундурган.
Албетте, эгер реалдуу жана илимий физикалык көз караш менен карасак, эч кандай байланыш таба албайбыз. Себеби, бизден бир нече миң чакырым алыста жана дээрлик үч миң жыл мурун жашаган Сулайман пайгамбар менен Оштун арасында кандай байланыш болсун? Анткени Курани каримдин "Намл" сүрөсүндө Сулайман пайгамбардын окуясы баяндалат. Ошондо Сулайман Сааба (азыркы Сирия) өлкөсүнөн өзүнө келе жаткан каныша Билкистин тактысын "ким мага тез алып келип бере алат?" дегенде (Ифрийт) жин өкүлү "мен ушул межлисиң аяктаганга чейин алып келе аламын" дейт.
Ал эми инсан өкүлүнөн болгон Асаф ибн Бурхия болсо, "мен бир көз ирмемде алып келейин" дейт жана Исим Аазам (Аллах тааланын улук ысымдарын) дубасын окуп, Аллах таалага дуба кылганда, анын амири жана кудурети менен Билкистин тактысы бир көз ирмемде Сулаймандын алдында болуп калат (Ибнул Касир жана Абдуррахман Саадинин тафсирлерине караңыз). Эмне үчүн мен бул окуяны эстедим? Анткени Сулайман тоосунун чыгыш тарап этегинде тарыхый күмбөздүн эшигинде "Асаф ибн Бархиянын күмбөзү" деп жазылып турат. Бул өтө таң калычтуу жана түшүнүксүз!
Балким нечен кылымдардан бери мусулмандарды Аллахтан башкага сыйынтууга далбас уруп келе жаткан жөөттөрдүн тамашасыдыр. Эгер ал күмбөз чындыгында Асаф ибн Бархияга таандык болсо, эмне үчүн Бабур жана башкалар өз эмгектеринде эске алышкан эмес? Эмне үчүн андан башка тарыхый булактар бул маалыматты бышыктабайт? Оштогу карыялар азыркы Сулайман-Тоо бир кылымдын нары-берисинде гана "Сулайман-Тоо" аталып, мурда Баракух аталып келгендерин айтышат.
Андан сырткары 1991-жылы Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алдында Т.Касымбеков жана Алымбек датканын чөбүрөсү Кадырбеков Инаят аксакалдын ушул күмбөздү Адыгине уулу Баргыныкы экенин, он эки ата баргылар XX кылымдын 50-жылдарына чейин ал жерге келишип, куран түшүргөндөрүн айтышкан (Ошол жыйналыштагы чогулуш баяны К.Масаковдо сакталып турат). Андан кийин бийликтин жана ашынган атеисттердин катуу тыюу салганына байланыштуу ал салт унутта калган. Ушул ойду Ноокаттык баргы уруусунан М.Муратов дагы жазып калтырган. Анын каты азыркы күндө "Сулайман-Тоо" УТАМБсынын казына бөлүмүндө сакталып турат.
Каныбек МАСАКОВ,
Алай району