"Кыргыз туусу", 26.07.11 Кесиптик билим алгандардын кєбї ишке орношкон (Башталышы 7-бетте) "Айылдагы кароосуз калган бала бакчаны ремонттоого Сорос фондунун, ПРООНдун жардамы менен ишсиз калышкан їй-бїлєлєргє жардам берели деп аларды атайын ишке тарттык. Бала бакча аз кїндє бїткєрїлєт. Мурда 25 бала болсо, эми 50 бала тарбияланышмакчы", - дейт ПРООНДун активисти Шарапат Тажиева. Айылдыктар болсо, бала бакча кеўейсе жаш їй-бїлєлєр иштегенге шарт тїзїлєт деп сїйїнїшїїдє. Кара-Суунун Ачы айылындагы Т.Шамырбеков атындагы мектеп августтун башында окуучуларды кабыл алганга даяр болот. 2004-жылы Кара-Сєгєттїдє жер кєчкї болгондо ал жактын эли Ачы айылына кєчїп келишкен. Мурда мектеп болбогондуктан контораны мектепке айлантышкан. Жыйырма жылдан бери бул имарат бир да жолу ремонт кєрбєптїр. Мектептин директору Мактым Абдымомунованын айтуусунда 200 бала окуган мектепти оўдоп-тїзєєгє Сорос фондунун каражаты, ПРООНдун долбоору, єздєрїнїн каражаты менен 450 миўден ашык акча сарпталууда. Мигранттар айылына там салып жатышат Ачы айылы караган Катта-Талдык айыл аймагы кайракы, суу тартыш. Буудай, арпа гана эгишет. Азыр эшик алдында агып жаткан сууларды Мерсиконун жардамы менен алып келишкен. Айылда заўгырата салынган жаўы їйлєр бир топ экен. Айыл башчысы Сапарбай Мадазимов бул їйлєрдї Россияда иштеген жаштар салышканын айтты. Анткени, жок дегенде бир їйдєн бирден бала четте иштешет. Бирок, баары эле иш таап кетишпесе да, элдин турмушу акырындап оўолуп баратканы жанын жанга, жамбашын ташка уруп, башка єлкєлєрдє иштеп, акча тапкан жаштардан улам болуп жатышканын бардык жерден уктук. Маселен, Ноокаттын борборунда гана эмес, айылдарында ичи-тышы заманбап, чоў їйлєр алда кайдан кєзгє урунат. Эки-їч їйдїн биринде чет элдик машина. Кийинки кезде малчылык, дыйканчылык да киреше алып келїїдє. 1 гектар жерге айдалган картошкадан 100 миў сом тапса болот. Эў байлардын колунда 200-500 кой, 15тен кара малдары бар. Акчанын 60 пайызы айлык акыга Аталган долбоордун аркасында Жалал-Абад облусунда да бир топ иштер аткарылууда. Сузак районундагы Ладан-Кара айылында жол салынып, трансформатор орнотулду. Эски кєпїрєнїн начардыгынан машина айылдын аркы кєчєсїнє айланып жетсе, эми жаўы кєпїрє аркылуу тїз жол тургундарга жеўилдик тїзмєкчї. Азыр 850 метр кєчєгє шагыл тєгїлїп жатканын ушул долбоордун техникалык эксперти Таалайбек Їсєнбаев билдирди. Жалал-Абад шаарында облустук китепканада, Бабкин атындагы орто мектепте ремонт жїрїп жатат. Бул даўазалуу мектепте аскер учкучтары, Улуу Ата Мекендик согушта каармандык кєрсєтїп, Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болушкан М.Бабкин, Е.Мазков окушкан. Бїгїнкї кїндє мектептин чатырлары бїт бойдон алмаштырылууда. Ошондой эле Т.Сатылганов атындагы парк, "Росинка" балдар бакчасы оўдолууда. Облус боюнча 21ден ашуун балдар аянтчасы курулмакчы. Мисалы, "Достук" кичирайонунда курулган балдар аянтчасында балдар ойноп жатканын кєрдїк. ПРООНдун долбоорунун Ош облусу боюнча координатору Таалайбек Азимов менен баарлашканыбызда социалдык объекттерди оўдоодо, курууда Сорос фонду негизги донор экенин айтты. Жалпы бюджет 1,5 млн. долларды тїзєт. Долбоор боюнча каралган каражаттын 60 пайызы иштеген адамдарга кїнїмдїк акы катары тєлєнєт. Калган 40 пайызына ремонт иштерине керек болчу каражаттар алынып берилет. Долбоордун алкагындагы бардык объекттер 30-октябрга карата бїткєрїлєт. "Негизи эле ПРООНдун жакырчылыкты жоюу боюнча жакшы тажрыйбасы бар. Он жылдан бери бул программа аткарылып келатат", - дейт Т.Азимов. Єткєн жылы мындай иштер Убактылуу єкмєттїн суранычы менен башталган. Їстїбїздєгї жылы да Сорос фонду, Россиянын жана Польшанын єкмєттєрї тїштїккє коогалаўдын кесепеттери тийген жерлерди калыбына келтирїї жана жергиликтїї бизнес чєйрєнї єнїктїрїї багытында каражаттарын жумшоосун улантып жатышат. Россия жана Польшанын єкмєттєрї 53 гранттык долбоорду, Сорос фонду суммасы 49 млн. сомдук 117 долбоорду колдоого алууда. Кєптєгєн социалдык объекттерди оўдоого тартылгандардын саны 2905 адамды тїздї, алардын 30 пайызы жаштар, 34 пайызы аялдар, 60 пайызы кыргыздар, 35 пайызы єзбектер. Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу" Сїрєттєрї автордуку