![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Кыргыз Туусу" суроо салат Сотторду тандоо Кеңеши элдин үмүтүн актайбы? Сотторду тандоо боюнча жаңы түзүм да калыптанды. Биздин коомчулукта болгон көп терс көрүнүштөр инсандарыбызды ар бир шайлоого, тандоого, дайындоого бирде шектенүү менен каратса, бирде тутанган үмүт менен баа бердирет. Бүгүн жаңы түзүлгөн Сотторду тандоо боюнча Кеңеш да ошондой алгачкы баасын ала баштады. Сотторду тандоо Кеңеши, анын алып барчу иши жөнүндө саясий серепчилер Шерадил Бактыгулов менен Нурбек Токтакуновдун ой-пикирин сунуштамакчыбыз. "Оңолуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар" - Шерадил мырза, учурда сотторду тандоо боюнча Кеңеш тандалып бүттү. Сиздин оюңузча бул процесс ачык, акыйкат болдубу? Кесипкөйлүктү кайсы критерий менен бааласа болот? - Сотторду тандоо кеңеши биз эгемендик алгандан бери бар болчу, калыптанып калган. Кеңештин иши Конституциянын жоболору менен такталат. Соттордун макамы жөнүндө, аларды тандоо жөнүндө мыйзамда так жазылган. Башка кеп - анын 2007-жылы, коомдук уюмдардын катышуусу менен жазылгандыгында. Мындайча айтканда сотторду тандоодо дайыма 3-4 адам башка, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдардан мүчө да каралган. Бул жолу да сотторду тандоо Кеңешине 24 адам тандалды. Алардын 8и оппозициядан, 8и коалициядан, 8и Президенттин, Жогорку соттун сунушу менен бекийт. Ошону менен катар талапкерлерге да талаптар камтылган. Алар ошол талаптарга туура келиши керек. Эгер Кеңештин курамындагыларды карасак, алардын ичинде ишбилги адамдар бар, алар сот системасында бир топ жыл иштегендер, адвокат болуп иштегендер. Алар сот системасын тышынан гана эмес, ичинен да билишкендер, сот системасын реформалоого катышкандар. Алар Мыйзамды жетекчиликке алып иштегени талап. Мына ошону сотторду тандоо Кеңеши ишке ашыра алабы - кеп ушунда. Сотторду тандоо боюнча мандат аларды сунуштай алганы менен аларды ишке беките албайт. Алардын негизги милдети - талапка жараша талапкерлерди тандоо. Ал эми жаңы критерийлер жок, иштелип чыга элек. - Критерийлер кандай болсо деп ойлойсуз? - Стажы ээлөөчү орунга жараша 5-10 жыл болушу керек. Кесипкөйлүгү жагы кандай, аны да кароо зарыл. Аны үчүн тест тапшырмалар, кеңейтилген критерийлер болгону жакшы. Мурда, 1991-жылдары соттор өзүлөрүнүн жакындыгы, мамилелештиги жагынан, кызматташа алабы, ошого карап тандалчу. Ошондуктан соттордун эркиндиги жөнүндө кеп кылууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Мына азыр гана мыйзамды жетекчиликке алып иштеше ала турган сот системасы калыптанганы жатат. Ошондо да сот абдан күчтүү система, ал мыйзамды өзү түшүндүрмөлөп, аны кабыл алат. Жана ал мыйзамды сактайбы же жокпу, өзүнөн гана көз каранды. Мыйзамды пайда, акча табуу үчүн пайдаланабы, же элге кызмат кылдырабы өзү билет. Албетте, бул көңүл бурчу маселе. - Сотторду тандоо Кеңешине келген инсандар жөнүндө Сиз эмне демекчисиз? - Кеп ал Кеңешке кирген адамдардын сот тармагын жакшы билген, билбегендигинде эмес. Себеби сотторду тандоо кеңешине талапкер болуу критерийи жок. Аны бүгүн иштеп чыгуу керек. Анан да ошол тандалып алынган адамга критерийлерди алып талап кылса болот. Бул Кеңешке ар кайсы бийлик бутагынан тандалгандыгы эле ар түрдүү кызыкчылыктарды көңүл чордонунда кармоону, өз кызыкчылыгына тартып кетпөөнү камсыздайт. Биздин мамлекет кичинекей, ким эмне кылып жатканы билинип турат. Алардын иштеген иши да репортаж болуп он-лайн жана түз эфирде каралып турат. Ким кааласа отурумдарда эмне болгонун көрүп, талдап алса болот. - Сот системасында чечим кабыл алууда эркиндик керекпи? - Сот системасындагы эркиндик жөнүндө кеп кылганда конкреттүү сот ишинде соттун кабыл алган чечими мыйзам чегинде болдубу, мына ошондон эле бааланат. Мына ошол эле эркиндиктин негизги көрсөткүчү. Бизде мындай система али жок. - Соттордун иштөөсү боюнча жарандык көзөмөл керекпи? - Сот системасында негизги маселе - соттун отурумунун протоколун түзүү. Алар эки-үч күн жазылат, кээ бирлери башка жерден даярын көчүрүп алышат. Мына ушул жагдайда аларды көзөмөлдөө болсо жакшы болмок. Эгер сотту көзөмөлдөбөсө ал өзүнүн кызыкчылыгына же башка, каалаган адамдын кызыкчылыгына дал келген чечимдерди чыгарып коюшу мүмкүн. Соттун чечимин көзөмөлдөө иши өтө орчундуу маселе. - Байкоо кандай форматта болгону жакшы? - Бул, биринчиден, сот отурумуна катышуу. Соттун чечимин талдоо, бардык тараптардын сөзүн, арызын караштыруу. Мына ошондо алгылыктуу иш болмок. - Сот системасынын жакшы иштеши үчүн Конституцияга же мыйзамга кандайдыр бир өзгөрүүлөр кириши керекпи? - Биздин Баш мыйзамыбызда да, мыйзамдарыбызда баары жазылган. Бирок, мыйзам кандай жакшы болбосун, аны пайдалангандар адамдар эмеспи. Ошондуктан адамдардын менталдыгы өзгөрүшү зарыл, сот системасындагы мыйзамды аткарууда ары-бери тартышуулар, аны бузуулар болбошу керек. Соттор өзүлөрү деле кээ бир чечимдерди кабыл алууда чоң пара алгандыгын моюнга алып жатышпайбы. Ошондуктан жарандарыбыздын менталитети мыйзамды сыйлоого багытталышы керек, максат соттун жеке каалоосун канааттандыруу эмес. "Жарандар кандай тагдыр кааласа, ошондой соттордун иштешине жол ачат" - Нурбек мырза, учурда сотторду тандоо кеңешине тандоолор бүттү. Сиз бул тандоолорду адилет деп эсептейсизби? - Ушул сунушту мен өзүм киргизгем. Бул окуяга он күн калганда мен "Прецедент" өнөктөштүк тобунун атынан Сот тандоо кеңештин мүчөлөрү жең ичинен сүйлөшүп алуу менен тандалып жатканын айтып чыккам. Мен жең ичинен сүйлөшүп алды дегеним, эгерде шайлоо ачык өтсө, баары ошол жөнүндө маалымат алышмак. Конституцияда Кеңештин мүчөлөрү жарандык коомдон тандалышы керек экени жазылып турат. А жарандык коом деген түшүндүрмөнү бүткүл Кыргызстанга карата колдонсо болот. Мындайча айтканда, сот системасынын реформасы өтүп жатканы жөнүндө маалымат бүткүл Кыргызстанга таратылыш керек болчу. Конкурс өтүп, сот тандоо боюнча компетенттүү, абийирдүү адам шайланышы парз. Алар кеңешке мүчөлөрдү тандоо үчүн эч кандай ченемдерди атаган жок. Эч кандай конкурс болгон да жок. Жогорку Кеңештеги адамдар жөн эле өздөрүнүн тааныштарын алып, сот тандоо кеңешке мүчө кылып коюшкан. Кеңешке мүчө болгондор: философтор, армреслинг федерациясынын президенти, юристтер, УКМК пенсионерлери, бир геолог-чалгынчы жана мурунку жемкор сот жүрөт. Кеңештин курулушу - дүйнөлүк практикадан да көрүп жатабыз, бул зарылдык. Бирок ошо менен да бирге, кеңешке эң жакшы талапкерлерди тандаш керек болчу. - Сиздин оюңузча кесипкөйлүктү кандай критерийлер менен бааласа болот? - Бул иште кесипкөйлүктү чоң юридикалык тажрыйба жана практика аныктайт. Мен азыркы кеңештин тизмесинде тажрыйбалуу юристтер аз экенин көрүп жатам. Алардын кандайдыр бир нюанстарды түшүнөөрү менде күмөн туудурат. Бул жагынан соттордун фракциясы буларды басып турат. Бул түзүм соттордун ишин баалай албайт. Себеби соттордун колунда ресурстар бар, алар өзүлөрүн каалагандай гана сындаганга ыңгайлуу адамдарды тандашты. Мен да сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болууга арыз бергенмин. Менин алардын катарына кирбей калышым - судьялардын коомчулугунун таасири деп эсептейм. Эгер таза эмес жол менен шайланышкан болушса, алар деле таза эмес судьялардын түзүмүн тандашат. Бул өтө маанилүү да. Мен бул жөнүндө үнүмдүн жетишинче айткым келет. Бирок, элдин буга кабатырланып, кылы кыйшайып койгонун көргөнүм жок. Эгер коомчулук буга көңүлкош караса, демек ал ошондой судьяларга гана татыктуу. А эми жакшы сот түзүмүн шайлап алсак калганы бат эле оңолмок. - Кыргызстанда сот түзүмү канчалык деңгээлде эркин? - Эгер абсолюттук эркиндик жөнүндө сөз кылсак, абсолюттук эркиндик жок, ал табиятында эле жок. Бул жерде жеке, руханий, эркиндик жөнүндө кеп болуп жатат. Сот, мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийликтин бири-бири менен катышы, таасири бар. Бирок сот системасы башка орунда турат. Сот жүргөндө деле сот постаментте отурат эмеспи, ал баарынан өйдө, баарына адилет, үстүнөн, саясаттан тыш карашы керек. Ал саясаттан, майда-чүйдөдөн өйдө болгону жакшы. Ошондуктан мен сот системасынын физикалык алмашуусу керек дейм. Баары кетип, башка инсандар келиши керек. Азыр адилет, тазаларын калтырыш керек дешээрин билип турам. Бирок ал жерде пакиза адам жок, себеби ал жерге кимдер барышкан? Акча жасап, сый, кадыр күткүсү келгендер барган. Эч ким адилет, ак соттогону барган жок. Себеби соттоо оор иш. Кандай, кантип соттош керектигин шарт эле биле койбойт адам. Буга убакыт, чоң жоопкерчилик керек. Эстүү киши буга бара коюшу оор. А бизде болсо бир орунга 5-6 адам. Бул туура эмес. - Сотторду тандоодо кандай критерийлер жана механизмдер керек? - Мыйзамда мунун баары каралган. Тандоодо ачыктык болуп, кайдыгер эмес адамдар катышканга мүмкүнчүлүк алышы керек. Стенограмма элге жеткиликтүү болушу керек. Бюллетендер менен шайланат. Ошондо кайсы сотторду тандоочу мүчөлөр кимди шайлаганы билинип турат. Регламентти кантип уюштурганынан да караш керек. Алар азыр регламентти да өзүлөрү каалагандай кылып алгылары келип жатышат. Мага да ишенимдүү адамдардан соттордун ордун сатып алууга акча топтоп жатышканын уктум. - Соттордун кеңешинин сотторду тандоо ишине жарандык көзөмөлдөө таасир кыла алабы? - Ооба, биз сунуштап жатабыз, жөн эле көзөмөлдөө эмес, сот органдарын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу. Бул жагынан дүйнөлүк тажрыйба бар. Бизде да мониторинг жүргүзүлгөн. Бул бардык сот процесстери, стандарттары сакталдыбы, ошону мониторинг кылуу. Процесстер кантип өтүп жатат, сот баарына тегиз сөз берип жатабы? Бардык материалдар кунт коюлуп каралып жатабы? Эгер соттордун кээ бир иштерин гана бөлүп караганда алар дайыма актанып кетишет. Ал эми анкеталарды тегиз караганда соттун иши айкын көрүнөт. ОБСЕ мониторинг кылганда биз изилдөөлөрүбүздү соттордун алдына койдук. Ошондо алар бирөөсүн да тана алышкан жок. Бул да укук коргоочулардын жетишкендиги. Ошондуктан сотторго жарандар көп катышышы зарыл. Материалдарга жетүү да оңой болушу керек. Бүгүн материалдарга жетүү бизде оорчулукту жаратууда. Эгер сот ачык болуп жаткан соң, ага тийиштүү документтер да таанышууга ыңгайлуу болушу зарыл. Эки гана документке чектөө керек, алар - мамлекеттин жашыруун сыры камтылган документтер жана зордуктоо боюнча материалдар. Процесстерди компьютерге терип, сайтка илип коюш керек. Элдин баары таанышышат. - Сот системасындагы өзгөрүүлөр болушу үчүн Мыйзам жана Конституцияга өзгөртүүлөр керекпи? - Жок, эч качан аны кылып кереги жок. Мени мыйзам чыгаруу иштери боюнча чакырышат, мен андан баш тартып жатам. Биздин мыйзамдарда көп мүчүлүштүктөр бар. Юридикалык техника жагынан чабал дешет. Проблема анда эмес, аны аткарууда. Канча мыйзам кабыл алба, анын ишке ашпаган соң кереги не? Сотторго тийиштүү берененин баары Мыйзамда, Конституцияда бар, ошону иштетиш керек.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||