![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Олуя атанын руху кыргыз элин колдоп жүрсүн дедим "Куйручук кара жаак чечен эле... Ал кандай шартка кабылса да, Башын төмөн салып багынбаган, Куюлуштуруп сүйлөсө жаңылбаган, Оттой жалындаган адам болгон. Сөзү кылычтай курч, тили тибирткелүү эле, сөзүнүн күчтүүлүгү жана сөз тапкычтыгы боюнча кыргыз элинде Куйручукка эч ким жеткен эмес эле" Тоголок Молдо Кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган талант, олуя Кудайберген Куйручук Өмүрзак уулунун туулган күнүнүн 145 жылдык мааракеси айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 20-21-июль күндөрү өттү. Жай айынын көйрөңдөнүп толуп турган көркүнө жарашкан көк жайыкта 300дөн ашык боз үйлөр тигилип, тай казандар асылып, кемегенин оту өчпөй, самоордун түтүнү буркурап, шаңкылдаган күлкүлөр, мукам добуш ырлар коштолгон шарапатта жомоктогудай болгон мөлтүр сулуу көлүбүз Соң-Көлдүн жээгин шаңга бөлөдү. Айланайын кыргызым ай, пейили кенен экенин дасторкондон көргөзгөн салты келген коноктордун жүзүн жаркытты. Кумурскадай эл жайнайт, жеңил машиналар жалтырак коңуздардай күнгө чагылышып санай албайсың. Алган маалыматка караганда атайын чакырылган коноктор 2000ге жакын, алардын арасында Россия, Казакстан, Кытай, Түркиядан келгендери бар. Ал эми "Тюрксойдон" үч өкүл келип, Кыргызстандын ар дубанынан өздөрү көргөнгө келгендер, мааракени өз демилгеси менен өткөрүп жаткан теңиртоолуктар көчүп келгенсип, көп эл катышты. Иши кылып тойго жалпы келген элдин саны бери жагы он беш миң, ары жагы 20 миңдей болжол-донду. Мааракени Нарын облусунун губернатору К.Муратбеков салтанаттуу ачып, алгачкы сөздү Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага берди. - Айтылуу Соң-Көл Манас ата байырлаган кыргыздын касиеттүү жери, - деди Роза Отунбаева, - жер соорусу, дүйнөнү, эң кооз табият менен жан дүйнөнү жуурулуштуруп турган асыл жерибиз Соң-Көл менен кыргыз тарыхы көөнө замандан бери элибиздин жашоодогу узак жана саябандуу турмушунун эң татына барактарын эске салат. Качандыр бир убакта Манас атабыз ушул алакандай болгон дүйнөнүн чүрөктөй жерин байырлап, элибиздин биримдиги менен ынтымагын, ырысы менен ырашкерлигин чыңдап, ушул алакандай жерде улуу кыргыз тарыхынын түптүү тамыры өсүп чыкканын биз өзгөчө сыймык катары тутунабыз. Элибиздин эң башкы сапаты катары мен сөзгө болгон, сөздүн кутуна, сөздүн маанисине, сөздүн салмагына, сөздүн тереңдигине таамайлыгына бийик баа бергендигин, сөздүн кадыры элибизди өзгөчө феномен катары кабыл алгандыгын айтаар элем. Элибиз таамай, өз убагында айтылган сөздү-сөз атасы деп атаган. Мамлекет башчысы андан аркы сөзүндө кыргыз элинин сөз өнөрүнүн кыраандарынын бири, улуу талант, көрөгөч олуя Куйручук ата жана анын 145 жылдык салтанаты тууралуу кең-кесири баяндама айтып, мындай деди: "Куйручук атабыз кыргыздын улуу сөз берметтерин таптаган гиганттардын арасында өзүнүн көөнө орду бар залкарларыбыздын бири. Ага бир беткей гана баа бербестен, анын талантын, адамдык сапаттарын, ошол мезгилдеги коомдогу ролун ар тараптан кароого тийишпиз. Куйручуктун куудулдугу анын көп кырдуу талантынын бир гана кыры десек болот. Куйручук акын болгон, атактуу акындар менен айтышта жеңип чыккан. Дипломат да болгон, кыргыз-казак уруулары араздашып кетерде аларды жараштырып, батыштырган. Куйручук балбан болгон, көп жолу күрөшкө түшүп, далай балбандарды жеңип чыккан. Ошондой эле эл аны олуя катары да жогору баалашкан. Мен бул жерде анын дагы бир талантын суктануу жана сыймыктануу менен айткым келет. Ар бир адамдын мүнөзүн, адам катары дареметин бир караганда баалай алган инсан болгон. Азыркы тил менен айтканда өтө жогору деңгээлдеги психолог болгон". Роза Отунбаева сөзүнүн акырында жазуучу Эркалы Өскөналынын "Куйдай сүйгөн Куйручук" аттуу китебине жогору баа берип, дүйнөдөгү бардык элдердин күлкү өнөрүнүн касиеттерине салыштырмалуу кыргыздын дагы Куйручук сыяктуу залкар таланттарынын бардыгын сыймыктуу белгиледи. Келечекте дагы бүткүл кыргыз эли сыймыктана турган керемет таланттардын чыгаарына тилегин билдирди. Салтанатта мааракенин уюштуруу комитетинин төрагасы катары КРнын вице-премьер-министри И.Жунусов, орун басары, КРнын эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев ж.б. расмий атуулдар сөз сүйлөштү. Керемет кечтин шаңын кыргыз искусствосунун чеберлеринин концерттик номерлери коштоду. Той күндөрү мыкты жасалгалуу боз үйлөрдүн, манасчылардын, акындардын, куудулдардын, сулуулардын конкурстары өткөрүлдү. Улуттук оюндар: ат чабыш, кунан жарыш, көкбөрү жана спорттук оюндардын мелдеши болду. Ар бир конкурстун, мелдештин жеңүүчүсү аталып, баш байгеге ээ болгондорго жалпы он бир жеңил автомашина берилди. Калгандарына акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды. "Көп түкүрсө-көл болот" демекчи, теңир-тоолуктардын чогулуп, намыска жараган бул эрдигин келген коноктор үлгү катары кабыл алып, ыраазылык айтылып жатты. Куйручук атанын арбагы оодарылып, ыраазы болуп жатканын тилеген көпчүлүк эл күндүн жаркырап тийген нуру менен сезишкендей болушту. Залкар олуя атанын руху кыргыз элин колдоп жүрүүсүн тилек кылуу менен куттуу той кубанычтуу тарады. Бактыгүл ЧОТУРОВА, "Кыргыз Туусу". Сүрөттөрү С.Досалиевдики
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||