![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Мамбетов эффектиси" жөнүндө эскерүү Мындан 40 жыл мурдагы оптимисттик трагедия Дүрбөлөң Мамбетов аттуу инсандын сексен жылдыгын быйыл өлкөбүздүн илим-билим коомчулугу жогорку деңгээлде белгилемек. Анын атомдук физика багытына кошкон илимий салымы өз мезгилинде илимпоздордун арасында салмактуу резонанс жасаган эле. Тилекке каршы, анын күтүүсүз жерден арабыздан кетип калгандыгы ал негиздеген жаңы илим багыты боюнча пландаган эксперименттеринин токтолушуна алып келди. Д.Мамбетов жөнүндө кыскача эскерүүмдү мен 1970-жылы болгон окуядан баштагым келет. Ошол мезгилде Москвада командировкада жүрүп, дүйнөгө белгилүү "Химия и жизнь" журналынын редакциясында иштеп жүргөн таанышым менен жолугушуп калсам, ал мага "Биздин журналдын жакынкы санында "Эффект Мамбетова" деген макала жарыяланат, чоң илимий ачылыш окшойт, Мамбетов сенин жердешиң экен, куттуктаймын!" - деди. Чоң кубаныч менен Фрунзеге учуп келип, тилекке каршы, өтө жаман кабарга туш келдим! Мамбетов Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, жүрөк оорусу кармап, каза болуп калыптыр! Кандай өкүнүч, трагедия! Бар болгону 39 гана жашта экен! "Мамбетов эффектиси" "Эффект" - деген сөздү алсак, илимпоздор, кандайдыр бир кубулуш ачылса, аны биринчи байкаган автордун аты менен байланыштырышат. Мисалы, "Фара-дей эффектиси", "Доплер эффектиси" ж.б толуп жаткан эффекттерди энциклопедиялардан окууга болот. Илимпоздор үчүн бул эң жогорку баа жана урмат! Өзүнүн аты менен байланыша турган жаңы кубулушту Мамбетов Алма-Атада аспирантурада окуп жүргөн мезгилинде 23 жашында (1954-ж.), эксперимент жасап жатып, кокустан байкап калат. Анын диссертациясы темасы, радиоактивдүү элементтер: торий, уран жана радий изотопторун "Белгиленген атомдор" ("Меченные атомы") катары пайдаланып, байыркы археологиялык табылгалардын геологиялык жашын аныктоого багытталыптыр. Көндүм режимде иш жүргүзүлүп жаткан мезгилдердин биринде, диссертанттын негизги изилдөө куралы - ионизациялык камерасында түшүнүксүз нурлар аралашып турат. Бул окуянын тегерегинде көп изилдөөнү жүргүзүп, Мамбетов акырында "кылгылыктын" ээсин табууга жетишет. Ал көрсө, кызматкерлердин бирөө Мамбетовдун камерасын пайдаланып жатып, кокустан таштап кеткен гана зат экен. Ал, натрий сульфаты - деп аталган туз болуп чыгат. Мамбетовдун тапкан жаңылыгы: өз алдынча кристаллдык структурасы бар, натрий сульфатынын кристаллогидраты (курамында суунун оң молекуласы бар Nа2SO4 o 10H2O) суу молекулаларынан ажырай баштаган мезгилинде ("кургаганда") кристаллдан электрон агымы (электрон эмиссиясы) бөлүнүп чыга баштайт. Суунун акыркы молекуласы учуп кеткенде электрондук эмиссия токтойт. Кристалл өзүнөн өзү талкаланып күкүмгө айланат. Мына ушул кубулуш "Мамбетов эффектиси" деп атала баштайт. Мамбетов диссертациясын 1955-жылы ийгиликтүү коргоп, Фрунзедеги өзү бүтүргөн университетине келип иштей баштайт. Тилекке каршы, жаңыдан түзүлгөн ошол мезгилдеги Кыргыз Илимдер Академиясында атомдук физика боюнча илимий иштер жүргүзүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу ал Өзбек илимдер Академиясына которулуп, ал жердеги өзүнүн илимий табылгасы боюнча көп жаңы материалдарды алып келгенге жетишет. Кара-Богаз көлүндөгү эксперименттер Сульфат натрийин, бир жерге атайын чогултуп турган жаратылыштын, өз алдынча "Өндүрүш заводу" бар. Ал жер Каспий деңизинин "Кара-Богаз-көл" - деп аталган бир булуңу. Суулар ашып-ташып турган, жаз мезгилде деңизден агып чыккан суу бир нече жүз квадраттык километр аянтты, 10-15 метр тереңдикти ээлейт. Жер ысык чөл болгондуктан, суу тез бууланып учуп, эриген туздар кристаллданып жыйыла берет. Бул жерде кристалло-гидрат Na2SO4 o 10H2O мирабилит деп дагы аталат. Мамбетовдор алып барган ядролук счётчиктердин, Кара-Богаз көлүнө чукулдаганда эле кыймылга келиши, көлдүн үстүндөгү атмосферанын ар дайым туруктуу иондошуп тургандыгы, (атайын көккө учурулган зонддор аркылуу аныкталган), айрыкча шамал болгон учурда (Мамбетов лабораторияда вентиляторду колдонуучу) ионизация процессинин күчөп кетиши ж.б. ар түрдүү байкоолор Мамбетовду жаш баладай кубанычка алып келгендигин кошо баргандар айтып келишиптир. Кара-Богаз көлүндөгү триумфалдык эксперименттер, албетте, Мамбетовдун диссертациясынын салмагын жогору көтөрүп, "Мамбетов эффектиси" чын эле жаратылыш шартында бар экендиги далилденет. Ошондой болсо дагы, электрондук эмиссия натрий сульфатынан башка заттарда дагы болушу мүмкүн, аналог табыш керек деген пикир бул иштердин улантуусуна алып келет. Мамбетов тапкан кубулуш бул багытка көрүнүктүү мисал болсо, электрондук эмиссиянын башка жаңы түрлөрү, мисалы, экзоэмиссия, меха-ноэмиссия, адгезия жана когезия шарттарындагы эмиссиялар, ошол жылдарда аныктала баштаган. Д.Мамбетов СССР илимдер академиясынын атактуу "Физикалык химия" институту менен бирдикте, кошумча илимий иштерди жүргүзгөн. Пайда болгон жаңы маалыматтар, эл аралык эки симпозиумда каралат. Анын бирөө "Механохимия жана механоэмиссия"- деген ат менен Мамбетовдун уюштуруусунда, Фрунзе шаарында 1969-жылы июнь айында өткөрүлгөн (август айында Мамбетов каза болуп калат). "Экинчи фронт", же Мамбетов эки академик ортосунда Мамбетовдун докторлук диссертациясы биринчи фронт катары каралса, экинчиси Мамбетов, атактуу академик П. А. Ребиндер менен кездешкенден башталат. Академик табылган кубулушка айрыкча кызыгып, СССРдин илим багытындагы эң жогорку тепкичин ээлеген журнал ДАНга (Доклады Академии Наук), өзү рекомендация берип, Мамбетовдун макаласын 1966-жылы жарыялайт. Бул окуя менен удаа эле, Мамбетов СССРдин ойлоп чыгаруу жана илимий ачылыш Комитетине өзүнүн илимий табылгасын ("Мамбетов эффектиси") илимий ачылыш (открытие) катары заявка кылып жиберет. Бул окуяга илимпоздор сөзсүз академик Ребиндердин таасири бар деп божомолдошот. Анткени, академик бүт дүйнөгө "Эффект Ребиндера" аркылуу белгилүү! Берилген заявка Мамбетовду дагы бир залкар окумуштуу - Со-циалисттик Эмгектин Баатыры, акад. А.В.Шубников менен жолугушууга алып келет. Ал инсан Мамбетовдун заявкасынын эксперти болуп аныкталыптыр. "Экинчи фронт" боюнча, менин колумда Мамбетовдун архивинде сакталып калган, Комитеттин башкы рецензенти академик А. В. Шубниковдун рецензиялары турат (үчөө экен). Анын биринчисинде (1967-ж.) " Мамбетовдун эмгегин колдой турган кызыктуу иштердин бири экен" - деп жазылган, академиктин акыркы (үчүнчү) - рецен-зиясы (1969-ж.) "Автордун айрыкча жасаган аракетин эсепке алып, патент берүүгө мүмкүн" - деген жыйынтык менен аяктайт! Тилекке каршы, бул рецензия Мамбетовдун колуна тийбейт (анын сөөгү жерге берилип калган). Эгерде Мамбетов тирүү болгондо, албетте, ал А.В.Шубников менен кездешүүгө аракеттенмек. Бирок, тагдырдын татаалдыгын кара, академик дагы ошол эле жылы 24-мартта каза болуп калыптыр (БСЭ, том 21, 1975-ж.)! Экинчи фронт боюнча, башка материал жок болуп чыкты. Мамбетовдун докторлук диссертациясын коргоо алдында (ал мезгилде саналуу эле докторлор бар болучу), капыстан каза болуп калгандыгы, анын чукул адамдарын, өз алдынча шок абалына алып келсе керек, эч ким Комитетке кайрылып сураштырбаптыр! Андан бери кырк жыл өттү. СССР убагында Комитет чыгарып турган Бюллетендерди аңтарып жатып, мен бир кызык материал таап алдым. Ал гезиттик материал болбогондуктан, аны Мамбетовго арналган атайын бир томдукка кошолу деп чечтик. Ал, буюрса, жыл аягында жарык көрүп калат. Мен, илгери, чийки студент кезимде Москванын Малый театрында болуп, маанисин жакшы түшүнбөсөм дагы "Оптимистическая трагедия" деген сөздү биринчи жолу угуп, спектаклди көрүп, айрыкча толкундангам. Азыр, Мамбетовдун кыска өмүрүнүн кээ бир "беттерин барактап" көрүп, "Оптимистическая трагедия" Мамбетовдун тагдырында деген жыйынтыкта турам. Албетте, анын өмүрү терең трагедиялуу. Физика илими боюнча биринчи илимдин доктору болоор алдында, 39 жашында жаш балдарын (бешөө) жетим калтырып, капыстан каза болуп калуусу кандай трагедия! Ошону менен эле бирге бул инсандын илимий эмгектери салмактуу оптимизмдин жогорку даражасында турат. Мисалы, Кыргызстанда жаңыдан илим багыты баш көтөрүп, Илимдер Академиясы уюштурулуп жатканда, 24 жашында, диссертациясын ийгиликтүү коргоо менен бирге, Мирабилит аттуу минералынын мурун белгисиз "Эффект Мамбетова" - деп атала баштаган жаңы касиетин ачып, аны СССР илимдер академиясынын дүйнөгө белгилүү журналдарына: "ДАН СССР", "Физическая химия", "Физика твердого тела", "Коллоидная химия" ж.б.га жарыялайт Ал 5 илимдин кандидатын даярдап, 60тан ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 2 монография жана 6 патенттин автору. Мамбетов кыргыз тилинде окуу китептерди биринчилерден болуп жазгандарга кирет ("Атомдун түзүлүшү жана энергиясы". Ф. 1956-ж., "Элементардык атомдук физика" Ф., 1969-ж. ж. б.). Атынын жанында эффект деген, аныктамасы бар кыргызстандык жалгыз инсан! Биз, Мамбетовдун замандаштары, бирге иштешкендер Мамбетовду өз мезгилинде баалай албай илимдин кандидаты эле деп, некролог турмак, үй-бүлөсүнө гезит аркылуу көңүл айтып коюуга жарабаптырбыз! Бүгүн, анын 80 жылдыгын белгилеп жатып, маркумдан кечирим сурап , өзүбүз жазбасак дагы, жок дегенде мындан 40 жыл мурда, Москвада академиктердин колу коюлуп жарык көргөн некрологдун фотокөчүрмөсү менен кыргызстандыктарды тааныштырып коёлу! Үсөн Асанов Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору, академик
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||