"Кыргыз туусу", 22.07.11
  Өнөр сереси

Актёр Өмүрзак ТОКТОМУРАТОВ:
"Киного тартылгандан баш тарткан учурларым көп болду"
- Өмүрзак мырза, актерлук кесипти тандап алууңузга эмне себеп болду?
- Мен бала кезде биздин үйдө "Манас" китеби болоор эле. Адегенде сүрөтүн карап, анан окуп, радиодон укканда туурап айтканга аракет кылып жүрдүм. Сегизинчи классты бүткөндөн кийин Ошко келип, Рапия апа дегендин үйүндө жашап калдым. Ал театрда иштечү. Кечинде иштен чыккан соң жалгыз келиш керек да. Ошон үчүн мени күнүгө жүр, бүгүн мобул спектакль болот деп ээрчитип алчу. Адегенде аргасыздан барсам, бара-бара театр мени өзүнө тартып кетти. Артист болуш үчүн кайда барып окуш керек деген ойлор келе баштады. Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга кирип, биринчи курсту бүткөн соң Москвага, Кичи театрдын алдындагы Шепкин атындагы окуу жайга которулдум. Аны 1989-жылы бүтүп келээрибиз менен өспүрүмдөр жана балдар театры (азыркы ТЮЗ) ачылып, бир тобубуз ошол жерде иштеп калдык. Ошол жылы биз менен бүткөн сегиз бала, беш кыздын арасында Абдималик Шерматов, Бакыт Жунусов, Бакыт Жумалиев, Шайыр Касымалиева, Жыргал Төрөгелдиев, Гүлмира Турсунбаева, Гулмира Ташматова ж.б. бар эле. Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Расул Маматкулов, Медер Кыдыршаев да ошол кезде биз менен иштешкен.
- Анда, Болот Бейшеналиев, Алмаз Сарлыкбеков менен иштешип калган турбайсызбы?
- Ооба. Биз келгенден кийин Нарын театрынан агылып келе башташты. Кийин Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Курманалиева Нарындан, Д.Байдөбөтов, Назира Мамбетова, Оштон келип, биздин жамаатка кошулду. Ошентип, биздин театр аябай күчтөнгөн. Азыр эми Болот Бейшеналиев кайтыш болуп кетти. Капар Медетбеков ооруп үйүндө жатат. Бакирдин Алиевдин көзү көрбөй калды, ал да үйүндө.
- Бая күнү телевизорду коё койсом силердин жамаатыңар биздин айлык акылар дээрлик көбөйгөн жок деп нааразылык билдирип жатышкан экен. ТЮЗдагылардын шарты оор экенин мурда эле билчү элек. Көрсө, акыбал айлык акы көбөйгөндөн
кийин деле жакшырган эмес турбайбы?
- Жогорку категориядагы артистке, мисалы, мага 25 сом 2 тыйын, биринчи катагориядагыларга 75 сом, 2 категориядагыларга 240 сом кошулуптур. Ал эми эмгек сиңирген артист, эл артисти наамы барлардын айлыгы тескерисинче, азайыптыр. Ошону биз өзүбүзчө сүйлөшүп, эки -үч эсе көтөрүлөт дегени ушул болдубу деп талкуулаганбыз. "Ашың оңолбой ишиң оңолбойт" демекчи, биринчи курсагың ток болбосо кайдагы өнөр болсун?!
- Жакында театралдык сезон бүтөт эмеспи. Эми гастролдорго чыга баштасаңар керек?
- Биздин "Үч кемпир" деген жакшынакай спектаклибиз бар. Ошону менен кечээ эле Көлдү кыдырып келишти. Жакында Кудайберген Жапаровдун "Намыскөйлөрүн" койгон жатабыз.
- Бул спектаклде сиз кайсыл ролду ойнойсуз?
- Кырбаш деген
каарман бар. Бул ролду учурунда Капар Медетбеков, Бакирдин
Алиев ойногон. Республиканы кыдырып койгондо аларды көрүп күлбөгөн адам калган эмес. Андан кийин Көлдүн театры койгон. Бул чыныгы кыргызчыл пьеса болгондуктан, эми биз ошону кайрадан койгон жатабыз.
- Сиз өзүңүздү көбүрөөк комедиялык актермун деп эсептейсизби же?..
- Илгери сен комедиялык актерсуң, сен трагиксиң деп бөлүнчү. Кийинки кездерде артисттердин баары универсал болуп калышкан. Комедияны деле, трагедияны деле ойноп кете бересиң. Мен деле ошондоймун. Театр менен кинонун актеру катары кайсыл жанр төп келсе аткара берем.
- Кино демекчи, бул тармак актердун элге бат таанылып, анан материалдык жактан да бутка туруусуна жакшы өбөлгө түзөт эмеспи. Сиз да киного тартылып жүрөсүзбү?
- Менин көз карашымда биздин кинолордун көбү сюжети боюнча эски стереотиптен чыга албай жүрүшөт. Эски стереотип деген эмне? Баягы эле стакан кагышып, арак ичмей, бириникин -бири уурдамай, бирөөнүн аялын бирөө зордомой, баягы эле жокчулук, жыртык-тешик, самтырак кийимдерди кийип, таштандыларды тыткандар...Анан фильмде сөзсүз эки-үч жинди болуш керек да. Мен ушуга таптакыр түшүнө албайм. Эмне үчүн жиндилерди кошуп коюшат? Студент кезде бир сунуш болгондо бул биздин элдин ар-намысына шек келтирет деп тартылбай койгом. Азыр да көп фильмдердин сценарийин окуп чыгып, жанагындай биздин кыргыздын менталитетине туура келбеген, өзүбүздү өзүбүз басынткан эпизоддорду көргөндө тартылгандан баш тартам.
Мадина САБЫРОВА