газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №56, 22.07.11. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •






Өкмөт башчыларынын
жолугушуусу жемиштүү болду
Кыргыз Республикасынын жана Россиянын Өкмөт башчыларынын бул жолку жолугушуусу өзгөчө натыйжалуу болду. "Мунай затына экспорттук пошлинанын алынып салынышы - бул чыныгы жаңы жылдык белек болду. Мунун натыйжасында кыргыз экономикасы өсүү жолуна түштү", - деди Кыргызстандын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев. "Акыркы жолу биз биздин өз ара аракеттенүүбүздүн маанилүү аспектилери боюнча багыттарды белгилеп алдык. Аларга энергетика, айыл чарбасы, илимий-техникалык кызматташтык, аскердик кызматташтык кирет, - деп сөздү улады Владимир Путин. - Бүгүн бизде бул бардык багыттар боюнча кандайча алга карай баратканыбызга көз жүгүртүп алууга мүмкүнчүлүктүн бар экендиги абдан дурус".
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Россиянын колдоосун дайыма сезип жаткандыгын, бул колдоо көрсөтүүнүн натыйжасында экономикабыз калыбына келип жаткандыгын баса белгиледи.
(Уландысы 3-бетте)