"Кыргыз туусу", 19.07.11
  Көйгөй

Каттоо коррупциянын
очогу болуп калды

Кыргызстанда
"каттоо" деген бир
баш оору бар
Башкача айтканда жашаган жери боюнча каттоого туруу. Андай көйгөй менин да башыман өткөн. Окууну бүтүп ишке орношуш үчүн көп мекемелердин, министрликтердин, редакциялардын эшигин сагаладым. Бардык жерде эле "пропискаң" жок экен дешип жолотушпайт. Каттоого туруш үчүн үйүң болуш керек да. Менде каяктагы үй. Жакшы таанышың же тууган-туушканың болбосо кимдир-бирөө ишенип үйүнө каттатпайт да экен. Эптеп тааныш таап, Сокулук районунун Белагорко айылын издеп таап барып, үй ээсинин сураган акчасын берип жатып, ошол үйгө каттоого турганым али да эсимен кетпейт. Мага окшогон канчалаган адамдар каттоонун моралдык да, материалдык да көйгөйүн тартты дейсиң. Азыр да тартып жатышат.
Эгерде каттооң жок болсо кайсы бир ишкананын, мекеменин, фирманын жетекчилиги менен мыйзамдуу түрдө келишим түзүп иштеше да албайт экенсиң. А эгерде оозеки түрдө сүйлөшүп ишке кирсең, очойто иш бере берип, очорултат.
Көңүлгө көк таштай тийген дагы бир жагы - бейтапканаларга жашаган жериң, тактап айтканда катталган жериң боюнча көрүнүүгө милдеттүүлүгүң. Анан да паспортунда каттоосу жок болсо, же алыскы чет жактардагы райондордон келген болсо, андайларды милиция кызматкерлери көчөдөн кармап алып, көрүнгөн суроолорду берип, жадагалса көздөн далдоо жерге алпарып, коркутуп-үркүтүп акчасын шыпырып алып койгондору канча дейсиң.
"Пропискаң" жок болсо Социалдык фонд тарабынан берилчү жөлөкпулдан, анча-мынча көмөктөрдөн кол жуудум дей бериңиз.
Көпчүлүк жарандар каттоосу болбогондон кийин шайлоолорго катыша албай калып да жатышат. Ал эми балдарын мектепке бере албай тааныш издеп убара тартып жүргөндөр да аз эмес. Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев "каттоо" чынында эле айрыкча билим берүү мекемелеринде коррупциянын күчтүү куралына айланып кеткендигин билдирди.

Каттоонун
көйгөйү көп
Борбордук Азиядагы Америка университетинин Социалдык изилдөө борборунун миграция боюнча тематикалык лидери Эмил Насритдинов калктын каттоого байланыштуу маселелери жаатында изилдөө жүргүзүшкөндүгүн айтып төмөндөгүлөргө токтолду:
- "Каттоосу" жоктордун 95%ы жумуш орунунда келишим түзө алышпаса, 71%ы эс алуу дегенди аргасыз "эстен чыгарып" тыным билбей жумасына жети күн иштешкен. Адатта белгиленген жумушчу күн аптасына 40 саат деп эсептелсе, сурамжылангандардын 86%ы андан да көп иштөөгө аргасыз болушкан. 20%ын каттооң жок дешип ооруканалар кабыл албай коюшса, 34%ы врачтарга алдыртан акча жылдырып көрүнүшкөн. 55%ы милициялар кармап, документтерин текшеришип "каттоосу" жоктугуна шылтоолошуп Ормон опузага салышканда акча берип өздөрүн арачалап калышкандыктарын айтышты. Ал эми 20%ын ошол эле каттоосу жоктугуна күнөөлөшүп, камап коюшкан. Алтургай ошол камалгандардын 26%ын ур-токмокко алышкандарын эмне деп түшүндүрүүгө болот? Мурда жашаган жерлери боюнча жөлөкпул алып жүрүшкөндөрдүн 43%ы андан кол жууп калышкан. 90%ы шайлоолорго катышкан эмес. 55%ы балдарын мектепке киргизе алышпай, аргасыз акча беришкен.
"Пролетариат диктатурасын чыңдоо максатында шаарлардын, жумушчу поселкалардын, жаңы конуштардын жашоочуларын каттоого алып, бул жерлерди коомго пайдасы тийбеген, жумуш кылбаган жарандардан, ошондой эле жашыруун жүргөн кулактардан жана башка коомдун коопсуздугуна шек келтирген элементтерден арылтуу керек". Бул СССР убагында 1932-жылы такталган, андан кийин бардык ички миграцияны көзөмөлдөөгө колдонула баштаган каттоонун максаты. Бүгүнкү күндө бул маселе актуалдуулугун жоготту, ал түп-тамырынан бери каралып чыгышы абзел.

Каттоо калктын криминалдашып кетүүсүнө
шарт түзүүдө
Каалаган жерине барып, каалаган учурда тоскоолдуксуз, убаракерчилиги жок отурукташа алуусу адамзатынын асыл тилеги, эңсөөсү, демек, ал аткарылыш керек. Айтмакчы, бул табигый таклип Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында да бекитилген. Анан эмне болду? "Каттоонун" толгон-токой көйгөйү Баш мыйзамдын түпкү маңызына теңирден-тескери келип олтурат.
Каттоо режими көбүнчө карапайым, колунда жок жарандарыбызды ар кандай кыйынчылыктарга тушуктурууда. Жаран жашаган жерин которгондон кийин жаңы келген жериндеги каттоо органына 10 күндүн ичинде арыз менен кайрылуусу керек. Ал үчүн төмөндөгү документтерди топтоосу зарыл болуп жатпайбы:
1. Паспорт же жарандын өздүгүн аныктаган документ.
2. Жаранды жаңы турак-жайга орношууга уруксат берген документ (турак-жайды берип жаткан уюмдан ордер, келишим, арыз жана башка документ) же анын көчүрмөсү.
3. Конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун төрагасынан көчөсүнүн аты жана үйүнүн номерин тастыктаган справка.
4. Мурдагы турак-жайдан каттоодон чыккандыгын тастыктоочу адрес баракчасы.
5. Камакта болгон жарандардан камактан чыккандыгы тууралуу справка.
6. Аскерге жарактуу деп табылган жарандар үчүн мурдагы катталган жериндеги аскер комиссариатынан каттоодон чыгып, жаңы көчүп келген жериндеги аскер комиссариатына катталган аскердик күбөлүк.
Аталган кагаздарды топтоонун өзү толгон түйшүк, алтындай убактың коройт, бирөөлөр менен жаман-жакшы айтышып нервиң кетет, тыякка-биякка чапкылап, анан да алакандай кагаз үчүн акча төлөп бөөдө чыгым болосуң. Жарандардын чыгымынан сырткары бул системаны башкаруу жана нормаларды аткаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен миң-миллиондогон сом каралат. Бул чыгымдарга "Нелегал" деп аталуучу рейддерди жүргүзүп, каттоосу жок жарандарды кармап жаткан милиция кызматкерлеринин айлыгы да кирет. Мына ушунун баары очойгон акча да. А биз болсок бюджетте акча калбады, капчыгы жукарып калды деп алакан жайып олтурабыз.
Каттоо системасы коррупциянын очогу болуп калды. Бул очокко карапайым, колунда жок адамдар өтө көп түшүүдө. Азыркы жарандарды каттоо институту элдин жашоо шартын жакшыртып, социалдык туруктуулукту камсыздамак тургай, тескерисинче чалмакей чалып, калктын криминалдашып кетүүсүнө шарт түзүп келүүдө.

Өнүккөн
өлкөлөрдө каттоо системасы жок

Каттоо системасын посткоммунисттик өлкөлөрдөн башка жерде колдонушпайт. Англия, Франция, Германия, АКШ жана Бразилия сыяктуу мамлекеттерде жарандарды каттоо системасы жок. Кытай менен Россия бул системаны толугу менен алып салууну көздөп жатышат. Ал эми Грузия, Латвия, Эстония сыяктуу мамлекеттер болсо жарандардын эркин жылып жүрүүсүн экономикалык жана моралдык жактан пайдалуу деп таап, каттоо системасын жоюп салышкан.
Ашмалтайы чыгып эскирип бүткөн "каттоонун" ордуна көпчүлүк өлкөлөрдө коммуналдык тейлөөлөргө төлөгөндүгү тууралуу квитанция колдонулат. Бул квитанция мамлекеттик жана жеке тейлөөлөрдү пайдаланууда турак-жайы бар экендигин аныктайт. Бул Грецияда иштеген жеринен аныкталат, Италияда жарандар өздөрү келип каттоодон өтүшөт. Ал эми Бразилияда болсо, мамлекет салык чогултууда жана жарандар жеке чарба ачкан убакта гана каттоосун карай башташат. АКШда өз жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн электрондук каттоо системасы иштейт. Мындай системада жарандар өзү жөнүндө сакталып турган маалыматты каалаган убакта барып алса болот жана туура эмес болуп калган жерлерин тактап алууга укуктуу.
Кыргызстан "каттоо" системасын жарандарды эсепке алуу системасына алмаштырып, бирок андан эч бир көйгөйү чечилбей келген Россия жана Белоруссия өлкөлөрүнүн катасын кайталабашы керек.

Кыргызстан
каттоо системасын жоюу менен эмнелерди камсыз
кыла алат?
Жарандарды каттоо системасын жоюу аркылуу Кыргызстан бийлиги эмнелерди камсыз кыла алат? Биринчиден, жарандардын өлкө ичинде эркин жер которуп жүрүү укугун сактоого чакырган бардык эл аралык жана конституциялык нормаларды аткарат. Экинчиден, бүгүнкү экономикада эң маанилүү ролду ойногон мобилдүү жумушчу күчүн түзүүгө жол ачып, ал жумушчу күчүн жаңы иш орундарына орноштуруу процесси жөнөкөйлөшмөк. Жаңы көчүп келгендердин мамлекеттик жана жеке тейлөөлөрдө дискриминацияга кабылышын түп-тамырынан жоймок. Жарандардын убактысы жана акча каражаттары гана үнөмдөлбөстөн, өкмөт да ашыкча чыгымдардан арылмак жана ал нерселер башка конкреттүү баалуулуктарга жумшалмак.
РЕДАКЦИЯДАН: "Кыргыз Туусу" гезити карапайым элдин көйгөйү болгон "прописка" маселесин көтөрүп, мындан ары да кайрылып турууну чечти. Коррупциялашып кеткен каттоо системасын канткенде жөнөкөйлөштүрө алабыз? Кайсы өлкөнүн модели бизге туура келет? Гезитибиз бул маселеге кайдыгер карабаган жарандардын - укук коргоочулардын, депутаттардын, атайын адистердин пикирлерин жарыялоого даяр.
Дайырбек МЕЙМАНОВ,
"Кыргыз Туусу"