"Кыргыз туусу", 19.07.11
  Журт башчы жолугушуусу

Роза Отунбаева:
"Бийликти өткөрүп берүүнүн жаңы салтын калыптандырууга бекем ниетибиз бар"
18-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту.
Р.Блейк Кыргызстандын меймандостугу жана Эл аралык аялдардын экономикалык симпозиумунун өткөрүлүшүнө болгон колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу учурунда Роза Отунбаева америкалык делегациянын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы социалдык жана саясий абал жөнүндө кыскача айтып берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарын белгилеп өттү.
"Биз азыр президенттик шайлоонун алдында турабыз, ал ушул жылдын октябрь айында өтөт. Президенттик шайлоонун ачык жана айкын өтүшү биз үчүн негизги мааниге ээ жана биз бул үчүн колубуздан келишинче аракет кылуудабыз. Тынчтык жана мыйзамдуу жол менен бийликти өткөрүп берүүнүн жаңы салтын калыптандырууга бекем ниетибиз бар", - деди Р.Отунбаева.
Мамлекет башчысы президенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар жөнүндө сөз кылып, жаңы шайлоо мыйзамдары кабыл алынгандыгын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндүгүн белгилеп өттү.
Тараптар өлкөдө сот тутумун өзгөртүү жана реформалоо жөнүндө да пикир алмашышты. Р.Отунбаева Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамын түзүүдө талапкерлер сот корпусунан, парламенттик көпчүлүктөн жана азчылыктан көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш соттордун арасынан татыктууларын тандоо процессин өткөрөт.
"Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө өтөт, судьяларды ачык-айкын тандоону жүргүзүп, жарандарыбыздын сот тутумуна ишенүү деңгээлин жогорулатат", - деди Р.Отунбаева.
Р.Блейк Кыргызстандын жетекчилигинин саясий процесстердин демократиялуулугун жана айкындуулугун камсыз кылуу жана жарандардын бийликке болгон ишеничин жогорулатуу боюнча жасаган иш-аракеттерине жогору баа берди жана АКШ республиканын демократиялуу өнүгүшүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Р.Отунбаева Борбор Азия жана Афганистан аялдарынын экономикалык симпозиумун жана микрокаржылоо саммитин өткөрүү боюнча демилгеге ыраазычылыгын билдирди. "Биз коомубуздун потенциалын калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү аркылуу гана көтөрө алабыз, ошондуктан, мында социалдык жактан аз камсыздалгандарга өзгөчө көңүл бурулат", - деди Президент.
Жолугушууда региондогу коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери да талкууланды. Р.Блейк Кыргызстан АКШнын региондогу коопсуздук жана тынчтык маселелери боюнча маанилүү стратегиялык өнөктөшү болуп санала тургандыгын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар демократиялык баалуулуктарды андан ары жайылтуу жана илгерилетүү максатында кызматташтыкты бекемдей тургандыктарын белгилешти деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы.
К. Сапаров