"Кыргыз туусу", 19.07.11
  Өтүнүчүбүз бар

Талант
баасын алса...
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага
Урматтуу Роза Исаковна!
Көп жылдар бою көмө жүрүп көркөм сөздүн көөрүгүн баскан көрөсөн акын-жа-зуучуларыбыз арбын. Ошолордун арасынан өз ыктыяры менен 2005-жылдан бери такай "Оозеки китебин" жогорку окуу жайларынын, техникумдардын, кесиптик лицейлердин жана орто мектептердин жаштарына жатка бир сааттан ашык окуп берген жазуучу Калканбай Ашымбаевди өзгөчө бөлүп айтууга болот.
Жазуучунун бул китеби - асыл-ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, кыска-кыска философиялык притчалар, афоризм жана уюткулуу сөз түрмөктөрүнүн жыйындысы. Жаңы табылга, жаңыча стиль жана чечендиктин үлгүсү "Оозеки китептен" таасын баамдалды. Жазуучунун ыргактуу поэтикага канык, ширелүү тили жаштарды арбап алды да жан дүйнөсүн жалбырттатып турду.
Анткени, жазуучу ошончолук артисттик чеберчилик менен так, нары кыска, нары нуска сөздөрдү бир калыптагы турумунда бийик ойлорду өзгөчө дабышка салып айтканы угуучуларды таңдантты. Студенттер сөзгө байыды, акыл-ойго тунду, кыял чабыттары кеңиди. Сөздү машына келтирип, тыянак чыгара айтыштын жол-жобосун туюшту. Акырында Кыргызстан элге билим берүү жана илим министрлиги бардык дубандагы мектептерде окулсун деп жактырган жазуучунун "Батакөй чал", "Бой тумар", "Акылмандын каухар таш", "Даанышман" китептерин окушка кумарланышты.
Ушундан улам кыргыз-орус славян мамлекеттик университетинде, К.И.Скрябин атындагы мамлекеттик агрардык университетинде,
И.К.Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык, финансы-экономикалык академияларында, башка бир нече жогорку окуу жайларында жана техникумдарда жазуучу "Оозеки китебинен" улуттук нарк-насил аркылуу жаштарды намыстуулукка тарбиялоочу дарстарды окуду.
Эч бир жазуучуда кезикпеген бул сапатты Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин педагогикалык жамааты жогору баалашып, институттардагы идиректүү жаштар үчүн 2008-2009-окуу жылында "Чечендик жана көсөмдүк" деген республиканын билим берүү тармагындагы алгачкы саамалык сабагын ачышты.
Эл агартуунун отличниги, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу К.Ашымбаев "Чечендик жана көсөмдүк" сабагынан дарс окуду. Окумуштуулар кеңеши анын жаңы сабагын жогору баалашып, университеттин "Ардактуу профессору" деген илимий наам ыйгарышты.
Жарты кылым жабык жүрүп, кыргыз жазуучулары батына албаган жумушчу темасына белсене киришип "Интергельпо", "Жолдогу өмүр", "Насаатчы" романдарын, кесипчилик-техникалык окуу жайларынын улан-кыздары жөнүндө "Болоттун куймасы", "Кыйын тагдырлар", "Өчпөс толкун" повесттерин жазып, СССР Жазуучулар союзу уюштурган конкурста кызыктыруучу сыйлыкка арзыган.
Жазуучу өзү жашаган доордун ири окуяларына кайрылып "Сокмо көйнөкчөндөр", "Даанышман", "Академик өмүрү" аттуу роман-повесттерин жана 500дөн ашык очерк, публицистика, фельетондорду жараткан. Көптөгөн жаш таланттардын таалимчиси, коомдук ишмер, белгилүү жазуучу "Чалкан" журналында башкы редактор болуп иштеп, сатиранын өрүшүн кеңейткени баарыбызга белгилүү.
Күнү бүгүн анын чыгармалары "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттеринде, мамлекеттик радио уктурууда, КТР, ЭЛТР каналдарында такай берилип, калкыбыздын сүймөнчүлүгүнө ээ болууда. Ушундай сейрек кездешүүчү табигый талантка эмдигиче "Кыргыз эл жазуучусу" деген наам берилбей келе жатканына тынчсызданып, Сизге кайрылып жатабыз. Бул наам жазуучуга небак эле берилсе болмок. Бирок, азыр да кеч эмес.
Сизди терең урматтоо менен,
Ы.Ч.МОМБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы,
Т.А.ЧОЛПОНКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик кесиптик-техникалык билим берүү агентствосунун директору,
А.ТУРДУБАЕВ,
Эргеш Алиев атындагы ички иштер министрлиги академиясынын тарбия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы,
милициянын полковниги,
М.АБЫЛКАСЫМОВА,
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
Кыргыз эл акыны,
Э.ТУРСУНОВ,
Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер,
А.ЖАКШЫЛЫКОВ,
Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер,
С.ТУРГУНБАЕВ,
Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер,
С.АКМАТБЕКОВА,
Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер,
С.ЖЕТИМИШЕВ, белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер