"Кыргыз туусу", 19.07.11
  Жакшы адам жаныңда

Эсепчиден эмгек жолун баштаган залкар математик, улуу устат
Кереметтүү Чоң-Кеминдин уулу, улуу устат, академик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мурзабек Иманалиев өзүнүн илим жолунда тыкандыгы, математика дүйнөсүндө так өзүндөй ырааттуу, тактыгы менен кесиптештеринин көпчүлүгүнөн айырмаланып, 1960-жылдан тартып, СССРде жана чет өлкөлөрдө табигый-техникалык илимпоздордун арасында таанылып келет.

М.Иманалиев эмгек жолун 1946-жылы Чоң-Кеминдеги "Кайыңды" колхозунда эсепчи болуп иштөөдөн баштаган. А түгүл адабиятка болгон кызыгуусунан улам "Ленинчил жаш" гезитинде бир аз убакыт корректор да болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетин кызыл диплом менен бүткөндөн кийин аспирантурага калтырылып, 25 жашында физика-математика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 1957-жылдан баштап КМУнун окутуучусу, доценти жана Фрунзедеги политехникалык институтунун проректору болуп иштеген. Ал эми 1964-жылы докторлук диссертациясын коргогон. Андан соң, КМУнун профессору, кафедра башчысы, 1966-жылдан он жылдан ашык Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын физика жана математика институтунун директору, ал эми 1978-жылы президиумдун мүчөсү, кийинки жылы республиканын ИАсынын анык мүчөсү (академик), 1986-жылы СССРдин ИАсынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. 1976-1986-жылдар аралыгында КМУнун ректору, Кыргыз ССРинин ИАсынын президенти, 1986-жылдан бери математика институтунун директору болуп иштеп келе жатат.
Кыргызстан боюнча 1960-жылдан баштап шаардык, республикалык математикалык семинарларды уюштурган жана математикадан кандидаттыкты, докторлукту жактоо үчүн атайын кеңештин төрагасы болгон. Ал эки жүздөн ашык илимий эмгектин жана фундаменталдык монографиянын ээси болду, ошондой эле, илимдин 15 докторун, 43 кандидатын даярдап, жаш окумуштууларга насаатчы болду.
Академик М.Иманалиев өзүнүн илимий эмгектеринде кичине параметрдүү интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясынын өзгөчөлүгүн ачык-айкын көрсөткөн. Ошондой эле, ал туундунун астында кичине параметри болгон дифференциалдык, интегро-дифферен-циалдык теңдемелерин изилдөөнүн жалпы асимптотикалык методун түзүп, аны математика боюнча илимпоздор дүйнөсүнө тааныткан. Биринчи жолу кичине параметри менен болгон, ошол теңдемелер үчүн мезгилдүү, дээрлик мезгилдүү, чектелген чыгарылыштарына карата тармактуулуктун теориясы иштелип чыккан. Ушул эмгектери бааланып, Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин эки жолку депутаты, 1979-1989-жылдары СССР Жогорку Кеңештин депутаты, СССР Жогорку Кеңешинин илим жана техника боюнча улуттук кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.
1981-жылы "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланып, "КР илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам алган. I, II даражадагы "Манас" ордени, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле, дифференциалдык теңдемелерди изилдөөдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн жана жогорку квалификацилуу адистерди даярдоодогу сиңирген эмгектерине карата бир нече жолу РИА тарабынан алкыш жарыяланган.
2001-жылы ХХ кылымдагы илимдеги айрыкча жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардактуу алтын медалын алган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы координациялык кеңештин илим жана инновациялык технологиялар боюнча мүчөсү.
К.К.КАКИШОВ,
физика-математика илимдеринин доктору, профессор, С.Т.Раманкулов, профессор, М.А.Ажигулов, доцент,
Т.М.Иманалиев, физика-математика илимдеринин доктору, профессор