"Кыргыз туусу", 01.07.11 "Манаска" кызыгуу
бала чагынан башталган
Кыргыз адабияты менен искусствосун жаңы сереге көтөргөндөрдүн бири, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык баштаган көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси, таланттуу драматург жана белгилүү коомдук ишмер Бексултан Жакиев. Анын атактуу "Атанын тагдыры" драмасынын жарым кылымдан бери сахнадан түшпөй Кыргызстанда гана эмес, мурдагы СССРдин дээрлик көпчүлүк театр сахналарында көрүүчүлөргө тартууланып жаткандыгы жана татыктуу түрдө улуттук драматургиянын классикасына айланып калгандыгы эле автордун чыгармачылык бийик аброюнан кабар берет.

Кажарлуу калемгердин повесттери, драмалары, киносценарийлери, көркөм котормолору тууралуу мурдагы макалада баяндаган элек. Бул жолу энциклопедист замандашыбыздын манасчылык, дастанчылык жана төкмөчүлүк өнөр жаатында жасалган ат көтөргүс мээнетин, анын акыбети чоң аброй менен кайткандыгын, Бексултан Жаки уулу даярдаган элдик мурастар жөнүндөгү долбоордун ЮНЕСКО тарабынан бүткүл адамзат оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланып, колдоого алынганын, жакында сертификаты салтанаттуу түрдө берилгенин, бул болсо кыргыз салттуу маданияты үчүн зор жетишкендик экенин баса белгилеп коюунун жөнү бар.
Бул - эл аралык алкакта алганда да чоң жеңиш. Көп күч-кубат, акыл-эс сарпталган чоң эмгектин үзүрү, талыкпаган аракет күрөштүн жемиши. Ал качан башталган? "Манас" баштаган элдик мурастарга кызыгуу, аны аздектөө, андан таалим алып, каны-жанына сиңдирүү Бексултан өзү айткандай, бала чагынан эле башталган. Аларды эне сүтүндөй оозанып, Ата журт абасындай дем алып бой тарткан. Өнө-бойго сиңген ошол аздектөө сезими анын ошол табийгый дүйнө таанымынан, жараткан чыгармаларынан, айрыкча мындан он алты жыл мурда жергебизде дүйнөлүк деңгээлде өткөрүлгөн "Манастын" миң жылдык мааракесинде даана байкалган. Андагы театрлаштырылган спектаклдин адабий сценарийи Бексултан Жа-киев жазган, койгон режиссеру Болот Шамшиев болгон.
Ошондо атактуу Кароол чокунун этегинде айкөл атабыз Манастын арбагына багышталган улуу жыйынды бүт дүйнө жүзү көргөн. Элибиз урпактан урпакка ыйык тумардай бапестеп сактап келген эзелки баатырыбыз, даанышман бабабыз, айкөл Манасыбыз ондогон кылымдын
кыйырын басып, кыргыз көчүн баштап жүрүп отуруп, өзү жердеп өткөн Кеңколдун жайыгында чексиз мезгил мухитин кечип келип элине кошулган. Ошол мерчемде мезгил менен мейкиндиктин чектери кошулуп, Кеңколдун кенен айдыңында байыркы Манас заманы азыркы урпактары жашап жаткан доор менен аралашып кеткен.
Ошентип, бул салтанат-санжырганын миң жылдан кийин элибизге кайра айланып келген Кыргыз мамлекетин, болгондо да айкөл Манас түптөп кургандай мамлекет болгонун дүйнө элине байыркы рухубуз аркылуу таанытуунун айрыкча зор мааниси бар эле. Анан да бул ошону менен бирге эле ушундай кыйчалыш өткөөл мезгилде элибиздин айкөл баба рухунан күч-кубатты алышынын өбөлгөсү, дүйнөгө жаңыча көз карашыбыздын, жаңы эркин кыргыз улутунун бийик чабытка чыгышынын, саясий жана экономикалык сереге өрүштөшүнүн башталышы, Манас бабабыздын бүгүнкү урпактарына азыркы татаал жолдо тайманбай алга барышына берген ак батасы да болгон. "Манастын" миң жылдык тоюн бүткүл дүйнө эли куттуктаган. Америка Кошмо Штатынан баштап, Корея, Вьетнам Республикаларынын мамлекет башчыларына чейин куттуктоо саламдарын жиберген. Кыргыздарды жылдызга чыгара көтөргөн бул даңаза тойго төгөрөктүн төрт бурчунан меймандар келишкен. Чыгыштын чыгаан кыздары, Түркиянын жана Пакистандын ошол убактагы өкмөт башчылары Тансу Чиллер менен Беназир Бхутто ак калпактуу Ала-Тоо жергесине атайы келип, айкөл Манастын арбагына таазим этип, ак дилдеринен арноо сөздөрүн айткан. Барынан да түптүү түрк дүйнөсүнүн - Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын мамлекет башчылары Сулейман Демирель, Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Сапармурад Ниязов, Гейдар
Алиев миң жылдык тойдо баштары кошулуп, азыркы мезгилдин эң орчундуу маселелерин козгогон чоң жыйынды кыргыз жергесинде өткөрүшү өз заманында бүтүндөй түрк элин баш коштурган мамлекетти курган Манастын максат аракетине учташып турганы символикалуу болгон. Ошондо падыша үнү бар Болот Миңжылкиевдин: "Айкөл бабам эр Манас, Ала-Тоого кел Манас2 деген добулбас үнү бүт дүйнөгө сыймыктуу, шаңдуу жаңырган.
Бексултан Жакиевдин "Манас" дүйнөсүнө айрыкча тереңдеп сүңгүшү ошол даңаза күндөрдөн башталган. 1994-жылдан 2000-жылга чейин "Манас -1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору болуп иштеген жылдары кыргыз элинин дүйнөдөгү бирден бир уникалдуу алтын казынасынын катмар-катмар уюп жаткан ажайып даанышмандык маани-маңызын боюна сиңирип, улуу философиясын аңдап, дүйнөлүк баа-наркына каныккан. Азыр биз ажырап калган, өксүп жетпей жүргөн асылдыктардын баары "Манаста" жатканына, ал чети оюлгус руханий кенч экенине көзү жеткен. Анда чачылуунун муң-мүшкүлү, биригүүнүн кел-кел ооматы, кастык менен достук, арамдык менен айкөлдүк, дегеле жашоонун бардык осуят-накылдары камтылганына өкүнүчтүүсү - аны ушул күндө да жакшы билбегенибизде. Анын турмушубуздун энциклопедиясы экенине, өткөнүбүздүн эскерткичи, бүгүнкүбүздүн көзү менен кулагы, эртеңкибиздин жол көрсөткүчү экенине ынанган. Айрым бирөөлөр айтышкандай, "Манас" дастаны эски жомок эмес. "Өзүбүздү өзүбүзгө тааныта турган ыйык зат" (Ч.Айтматов). Манастын заманы руху жагынан биздин замандан кыйла жогору болгон. Ошондо Манас курган мамлекет деле көп улуттуу экен. Анын кадимки кырк чоросу канатташ өлкөлөрдүн хан-бектеринен турган. Алардын баатырлары, даанышман айлакерлери Манас курган мамлекетке ак кызмат өтөгөн, туусун көтөрүп, эл биримдигин бекемдөөгө салымдарын кошкон. "Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу" деген антка бекем турушкан.
Бул жагынан биз ошол Манас заманынын руханий деңгээлине жете албай жатканыбызды өткөн жылдагы Ош аймагындагы кандуу кагылыш, Кадыржан Батыров баштаган экстремист-улутчулдардын караниет чагымчыл жосундары ачык көргөздү.
Мындан биз эгемендүү мамлекет аталганыбызга 20 жыл болгонуна карабай алиге өлкөдө жашаган башка улут өкүлдөрүн бириктирген түптүү кыргыз улуту деген озуйпабызды аткара албай жатканыбыз, "Манастагы" "кулалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган" бир эл-журт катары уютулган биримдик пайдубалын түптөй албай жатканыбыз айкын болду.
Көп улуттан турган эл-журт түптүү калктын өзөгүнө бириккенде гана күчтүү мамлекет курулаарын, ал эми ар бир заманда кыргызды кыркка бөлгөн Кыргылчалдар болорун, алар сырткы душмандардан да коркунучтуу экенин Манас бабабыз бизге эскертип, улуу осуят катары мурастап кеткен. "Манаска" каршылаштар, элди бөлүп-жарган чагымчылар, мамлекеттик тилдин түпкү маанисин аңдабагандар арабыздан азыр да чыгып жатканы мунун ачык далили. Бул тууралуу өлкө башчысы Роза Отунбаева Кыргызстан элдеринин ассамблеясындагы жана кечээ эле өткөн "Манас" эпосу жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу өткөн жыйында баса айтты. Ал эми эне тилибиз менен Манасты бала бакчадан баштап окутуу, аң-сезимге ошол наристе кезден чөгөрүп сиңдирүү улуттун да, мамлекеттин да биримдигин бекемдерин Бексултан Жакиев мурдатан эле чоң маселе катары айтып келатканы белгилүү.
Ошондон улам да "Манас" жөн эле дастан эмес, түптүү, улуу идеология. Ошону гана тереңден иликтеп, өнө-боюбузга сиңиришибиз кажет, эне сүтү, эне тили менен кошо келген ыйык зат катары бабабыздын ушул осуяттарын чүрпө-урпактарыбыздын каны-жанына сиңиришибиз кажет. Бул - бүгүнкү күндүн манасчысы Бексултан Жакиевдин өзү аба менен суудай көрүп, аздектеп, аркалап келаткан, аткарып жаткан көрөсөндүү иши, залкарлык бейне белгиси.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер