"Кыргыз туусу", 01.07.11 Апа мени өлдү дебе эч качан,
өлгөнүм жок мен
жылдыздай жаркырайм...
Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан токтом кабыл алынып, ага ылайык белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылды. Мындай демилгени "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев көтөрүп чыккан. Анын айтымында, Р.Санатбаев мындай жогорку, ардактуу наамга татыктуу инсан. Биз белгилей кетчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам буга чейин спортчуларга берилген эмес. Раатбек Санатбаев спорт чөйрөсүндөгү адамдардын ичинен Баатырлыкты алган алгачкы инсан. Коомчулук арасында айтылып жаткандай, мындай сый-урмат, мындай наам Р.Санатбаевдин көзү тирүүсүндө берилгенде жакшы болмок. Бирок, андай болгон жок...

Бул наамды беш жыл күттүм
Ал эми бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алган Дилбар апа (Раатбек Санатбаевдин апасы) бул наамды балдарына, башка бир жанга билгизбей, жүрөгүнөн сыздап 5 жыл күткөнүн айтат.
Меккеге барганымда, ташты
айланып жатып да, ушул баламдын эмгеги бааланып калса деп тилек кылгам. Эл бар экен, журт бар экен. Акыры уулумдун эмгегин баалап, даңктап беришти", - дейт.
Көк-Арттан чыккан биринчи баатыр
А бирок, кыргыз эли Раатбек Санатбаевге баатырлыкты эбак эле берип койгон. Кыргыз эли Р.Санатбаевди унуткан жок.
Жыл сайын 7-май күнү
анын жаркын элесине арналып, жер-жерлерде грек-рим күрөшү боюнча турнирлер өткөрүлүп жүрөт. Айылдаштары анын ысымын өзү жашаган айылдын көчөсүнө беришти. Жалал-Абадда өзү окуган №9 орто мектепке аты ыйгарылды. Ушунун баары баатырдын баатырлыгын даңазалап, өчүрбөй сактап калуу үчүн жасалып жаткан иштер. Р.Санатбаев аз жашаса да, артында эли сыймыктанчу иштерди жасады. Ал Сузак районунун Көк-Арт айылынан чыккан биринчи баатыр болду.
Төрөлгөндө
эле өзгөчө төрөлүптүр...
Уулунун жаңыдан төрөлгөнүн эсине түшүргөн Дилбар апа: "Азыр ойлосом Раатбегим төрөлгөдө эле өзгөчө төрөлүптүр.
А кезде биз Ошто жашачубуз.
Түнкү 12лер чамасында ичим ооруп, толгоом башталып калды. Тез жардам чакырттык. Ооруканага баратсак аябай бороон-чапкын болуп, свет өчүп, машина да жүрбөй токтоп калды. Улуу балам жанымда болчу. Ал: "Апа, чыдаңыз, чыдаңыз", - деп коёт. Каяктан чыдайм, ошол жерден эле балам бакырып жерге түшүп калды. Мени төрөтө турган кыздын үстүндөгү аппак халатына баламды ороп ооруканага бардык. Раат 7-майда саат 1де төрөлгөн. Ошону менен 9-майга чейин күндүн көзү көрүнбөй, чакалап жамгыр төккөн эле", - дейт. Дилбар апанын айтымында, уулу узак жолго чыгарда, же бир иш-чарага барардын алдында дайыма 2-3 сааттай жамгыр жаачу. Качан жетер жерине жетип, салтанат башталарга аз калганда жаап жаткан жамгыр тып токтоп, күн чайыттай ачылып тикеден тийип калчу.
Чымын-чиркейди капа кылуудан чочулап
турчу
Биздин маегибизге кошулган Р.Санатбаевдин карындашы Айсалкын Санатбаева: "Менин байкем эң боорукер, эң мээримдүү, акылдуу, ак көңүл, бала кыял, кичи пейил адам эле.
Ал адамдын
көңүлүн калтырмак түгүл, керек болсо чымын-чиркейди капа кылып алуудан чочулап, коркуп турчу. Достору да көп эле. Мисалы, биз өзүбүз менен тең чамалаш адамдар менен гана достошсок, байкем өзүнөн бир топ жаш улуу дагы, кичүү дагы балдар менен мамилешелешип: "Бул менин окуучум", - деп дайыма аларды ээрчитип жүрчү. Эгер бир нерсени жасайм десе, ошону чын көңүлү менен берилип аткарчу", - дейт А.Санатбаева.
Бир туугандарынын айтымына караганда Раатбек Санатбаев аябай жакшы ырдачу. Сүрөт да тартчу. Армияда жүрүп үйүнө кат жазганда барактын артына дайыма сүрөт тартып койчу дешет. Ошондой эле ал эч качан мактанбаган. Ини-карындаштарын да ушул сапатка үйрөткөн. "Эч качан жалган сүйлөбөгүлө. Жаман, уят иш кылбагыла", - деген.
"Ким апама катуу айтса,
ал менин душманым"
Биз баарыбыз апабызды сыйлап, урматтайбыз.
Капа кылбаганга аракет кылабыз. Бирок, Раатбек агам бизден да катуу сыйлап, апамдын көзүнүн кареги менен тең айланчу.
Апам ал үчүн бардыгынан
бийик жана биринчи турчу. Раатбек агам айтчу: "Ким апама катуу айтып, көзүнө тик карачу болсо, ал менин душманым", - деп. - Ооба, кыздарым айткандай, Раат өзгөчө бала эле. Тагдыр экен, моюн сунбашка арга жок.
Жоктоо
Жарк деп күлсө жайнап
турчу жамалы,
Жан адамга зыяны жок
бала эле.
Өз өмүрүн өз эркинче
сүрө албай,
Кайран жигит жадырап
кетти бат эле.

Раатбек, сен спорттун
Чыңгызысың,
Раатбек, асманда
чолпон жылдызысың.
Аталап артыңда
балдарың калды,
Агалап артыңда бир
туугандарың калды.
Раатбек, каяктасың деп
мен калдым,
Кыргыздын энелери-аталары
ыйлап калды.

Көк жал элең, баатыр элең,
Раатбек, сен жөнүндө
ыр жазаар нечен акын...
- Балким, келечекте Раатбектен дагы күчтүү спортчулар төрөлөр. Бирок, менин уулумдукундай мүнөзүндөгү спортчу 100 жылда эмес, 1000 жылда дагы төрөлбөйт,-дейт 65 жаштын чайын ичип отурган Дилбар апа. А бирок, Раатбек Санатбаев өлгөн жок. Ал биз менен, сиз менен чогуу. Акын Айнагүл Базарбаева ырында: "Апа мени өлдү дебе эч качан, өлгөнүм жок мен жылдыздай жаркырайм...", - деп жазылгандай Р.Санатбаев спорт асманында өчпөгөн жылдыз болуп жана берет.
Мен кыргызмын!..
Р.Санатбаевдин мекенчилдиги, анын мекенине болгон сүйүүсү жөнүндө өзүнчө чоң сөз кылса болот.
Ал тууралуу нечендеген ыр-
ларды, поэмаларды жазса болчудай. Эсиңиздерде болсо, союз тарагандан кийин Р.Санатбаевди казактын чемпиону Д.Турлыханов Астанага алып кетип, ал жакта 10 жылдан ашык иштеп жүрдү. Бөлөк жерде, бөтөн элде жүрүп Кыргызстандын намысын коргоп, желегин көтөрүп келди. Казак туугандарыбыздын канчасы, ага каршы чыгып: "Эмне үчүн казактын жеринде, казактын нанын жеп жүрүп, казактын намысын коргобойсуң", - дегенге чейин барышты. Бирок, Раатбек Санатбаев алардын айтканына, дегенине, жакшы шарттарына макул болбой: "Жок, мен кыргызмын. Мени кыргыз элим күтүп турат. Ал жакта менин инилерим, байкелерим арак ичип, наркоманияга азгырылып кетип жатат. Мен аларды ал жолдон адаштырып, спортко тартышым керек, мен Кыргызстан үчүн күрөшүшүм керек", - деп кайтып келе берген. Болбосо, Д.Турлыханов ошондо Р.Санатбаевге бизнес десең бизнес ачып берели деп, дагы башка толгон сунуштарды тартуулаган. Бирок, кыргыздын кыраан уулу акчага, байлыкка сатылбай өз элине кайтып келген. Р.Санатбаевге ошондой мекенчилдиги үчүн Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев "Койсар" орденин таккан. Өз элинде аны көралбас, ичи тар, бут тоскучтар күтүп турганын баатыр кайдан билсин...
Бейтапкана жана мектеп салмак
- Раат байкем, алдына көп эле максаттарды койчу. Анын кээсине жетсе, айрымдары аткарылбай калды. Мисалы, чоң поликлиника анан спорт мектеп салам.
Грек-рим күрөшүн өнүктүрөм.
Күрөшкөн балдарды колдойм, көтөрөм дечү. Айла жок, ал максаттары орундалбай ушундай болуп калды, - дейт карындашы Айсалкын.
Бала кезинен эле айткан сөзүнөн кайтпаган, көздөгөнүнө жеткен шамдагай, шайыр жигит болгонун айткан Дилбар апа: "Раатбектин күрөшүп жатканын көргөндө, ал менин көзүмө көк жалдуу карышкыр сыяктуу көрүнчү, - дейт. - Кудайга шүгүр, артында калган балдары чоңоюп өсүп атат. Келиним мыкты чыкты. Баламдан калган балдарды Раатбектей кылып тарбиялап өстүрүп жатканына энелик чоң ыраазычылыгымды айтам. Ошондой эле Раатбегиме баатырлыкты ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыккандыгы үчүн, Камчыбек уулума алкыш. Ылайым жергебизде тынчтык болуп, биздин уул-кыздарыбыздын өркүнү өсө берсин.
Жазып алган,
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"