"Кыргыз туусу", 01.07.11
  Кабыргасы ката элек байкуштарым

Назик ийинге артылган оор жүк
Жакында эле балдардын эмгегине каршы күрөшүү күнү дүйнө жүзүндө белгиленди. Кыргызстанда да бул күн унутта калган жок. Анткени, кабыргасы ката элек өспүрүмдөрдүн зыяндуу, оор жумушта ишегендери аз эмес. Тилекке каршы, кенедейинен оор жумуш жасаган балдардын саны көбөйүүдө. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча бүткүл дүйнөдө 215 млн. бала иштесе, алардын 115 миллиону зыяндуу жумуштарга тартылган. Алар баланын ден соолугуна, өмүрүнө, адебине, сезимине коркунуч келтирген жумуштар. Ден соолук, өмүр түшүнүктүү болсо, адебине, сезимине делгени балдарды сатуу, кепилдикке алуу, балдардын денесин сатууга мажбурлоо, порнографиялык максатта балдарды колдонуу дегенди билдирет. Дегеле мындай нерсенин болушунун өзү жардылык жана социалдык теңсиздиктин белгиси деп бааланат. Ал эми Кыргызстанда 600дөй бала өздөрүнүн жаш курагына жана өнүгүүсүнө туура келбеген иштерде эмгектенишет. Башкача айтканда 5-17 жаш курактагы балдардын жалпы санынын 40 пайыздан ашыгы назик ийини, назик колдору менен кара жумуштун зардабын тартып жаткандар. Мындайча айтканда алардын теңине жакыны балалыктын дооронун сүрүшпөй, чоң кишилердей эле зыяндуу, оор жумуштарды иштешип, белдерин ийип мээнеттенип жүрүшөт.

Бактылуу
балалыкты
каалаган
"чоң кишилер"
Өкмөттүн социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы
Абдиманап Муратов:
- Мыйзам боюнча балдар иштебеши керек. Балдар айыл чарбасында, базарларда, тамекиде, пахтада иштешет.
Бул социалдык терс көрүнүш. Бирок, Кыргызстан эле эмес, башка жактарда деле балдардын эмгегин пайдалануу орун алган. Ошол себептен дүйнө жүзүндө балдардын эмгегине каршы акциялар өткөрүлүп келет. Кыргызстанда министрликтер, өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясы менен бирдикте ага бөгөт коюу үчүн иштер жүргүзүлүп жатат. Бизде "Жаңы муун" программасы кабыл алынган, ушунун алкагында да иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Балдардын эмгеги алардын ден соолугуна зыян тийгизет. Ошондуктан, бул жаатта абдан ырааттуу, үзгүлтүксүз иш жүргүзүү зарыл.
Калкты социалдык жактан коргоо министри
Айгүл Рыскулова:
- Эмгектенген балдар менен жолугушууда мага бул балдар өздөрүнүн маселесин чоң кишилерче айтып беришти. Аларды угуу оор болду. Эмгектенгенден азап тарткан, кыйналган балдар министрликтеги жолугушууга жөн келишкен жок, мамлекет иштеген балдардын маселесине көңүл бурабы деп келишти. Алар ата-энесинин, мамлекеттин камкордугун сезбегенин айтышты. Бул өтө маанилүү. Бул балдар бактылуу балалыкты каалаган "чоң кишилер". Кыргызстанда балдардын эмгектенгени, мамлекеттин аларга татыктуу түрдө камкордук көрө албай жатканы өкүнүчтүү. Кыргызстанда эмгектенген балдардын санын жылдан-жылга кыскартуу үчүн иштешибиз керек.
Балдардын укуктарын
жана кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын
директору
Наталья Воробьева:
- Балдар "Дордойдо" 50 сом табыш үчүн 25-35 кг. картон көтөрүүгө аргасыз. 7-8 жаштагы кыздар дагы ушундай салмактагы картон көтөрүшөт. Андыктан, бул алардын ден соолугуна өлчөөсүз зыян келтирет. Азыркы учурда өлкөбүздө 600дөн ашык бала өздөрүнүн жаш курагына тең келбеген иштерде иштешет. Салыштырып карасак, өлкөбүздө 2 млн. 100 миң бала болсо, анын бир топ бөлүгү балдар эмгеги менен алектенип жатышканын байкоо кыйын эмес.
Талас облустук
мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы
Нарынбек Токтосунов:
- Талас облусунда бул жаатта чоң шаарлардагыдай олуттуу маселе жок. Бирок, ошондой болсо дагы балдар менен иштөөдө бизге кризистик борборлор керек болууда. Анткени, арактын аркасынан сая түшүп, балдарын кароосуз калтырып коюшкан үй-бүлөлөр бар. Өзгөчө Талас шаарында мындай 5-6 үй-бүлө барын билебиз. Алардын балдарын коңшулар карап калып жатышат. Ошон үчүн бул балдардын ата-энелери менен иш жүргүзүп, туура жашоого алып келгиче балдарды кризистик борборлордо камкордукка алып туруу зарыл. Ар бир бала бактылуу болууга укуктуу. Келечекте экономикабыз көтөрүлсө, зордук менен
зыяндуу, оор жумушта иштеген, дегеле эмгектенген балдар болбой калат го деп ойлойм.
"Кичинемден
жалданып иштеп келатам"
Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору
Болот ОРОКОВ:
- Тилекке каршы, Кыргызстанда бактылуу балалыкты камсыз кыла албай жатабыз. Балдар эмгектенгендин ордуна ден соолуктарын сактап, билим алышса жакшы болмок. Көп балдар ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирген ченемден ашык иштерде иштешет. Эл аралык эмгек уюмунун жетекчилиги жумуш берүүчүлөрдү бул маселеге көңүл бурууга чакырат.
Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматты өнүктүрүү боюнча
башкармалыктын башчысы Екатерина ХОРОШМАН:
- Материалдык оор абалдан, калктын маалдымдуулугунун аздыгынан балдар жаз, күздө талаачылыкта, атап айтканда тамеки, күрүч өндүрүүдө, пахта терүүдө иштешет. Ошондой эле соодада, буюмдарды жүктөө, түшүрүү, машина жуу иштеринде иштегендер, денесин сатууга аргасыз болгондор бар. А 14-16 жаштагы балдар жумасына 24 сааттан ашык иштебөөлөрү керек.
8-класстан бери иштеп
келаткан ЖАНАРА:
- Мени чоң энем жалгыз өзү багып чоңойтту. Пенсия жетишчү эмес. Ошондуктан, короо шыпыргыч да болуп иштегем, пол жуугам. Чоң энем бир ай мурун каза болду, мен эми жалгыз калдым. Азыр бала багып, үй жумуштарына жардам берип жалданып иштейм. Кээси акчамды бербей алдап кетишет. Айына 350 сом мамлекеттен жөлөкпул алам. Мектептен дайыма жакшы жардам беришет, паспорт алууга акча да чогултуп беришкен. Окууну бүтсөм, Кыргыз-Түрк Манас университетине же кесиптик окуу жайынан диспетчердик билим алгым келет.
Омуртка сөөгү кыйрайып...
Статистикалык маалыматтарга таянсак, Ош шаарынын базарында эмгектенген балдардын 38 пайызы
"тачка" түртүшөт.
Базарларда балдар 30 килограммдан 500 килограммга чейин оор жүк ташышат. Врачтардын айтуусунда бул балдардын омуртка сөөктөрүнө, бөйрөктөрүнө күч келтирет, тукумсуздукка алып келет. Эмгектенген балдардын көбүндө скелеттин бузулуусу аныкталган, ал медицина тили менен айтканда сколиоз деген дарт. Ошондой эле кабыргасы ката элегинде иштеген балдар остеохондроз, радикулит, грыжа, омуртканын оркоюп чыгып калуусу, невроз, агрессивдүүлүк, баш айлануу, кан-тамыр системаларынын бузулушу илдеттерине чалдыгышат. Ошол эле кезде чоң киши "тачкистке" караганда бала "тачкисттин" эмгеги арзан баалангандыктан, базарларда балдардын эмгеги көп пайдаланылат.
Улуттук
жол картасы шам болуп береби?
Жакында "Кыргыз
Республикасында 2016-жылга чейин балдар эмгегинин эң начар формаларын жоюу боюнча өнөктөштөрдүн жалпы күч-аракеттеринин улуттук жол картасы" кабыл алынды.
Сүйүндүргөнү аны аткарууга бир эле мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары эмес, профсоюздар, жумуш берүүчүлөр менен ишкерлердин ассоциациясы, жарандык коом, эл аралык уюмдар тартылган. Демек, бул процесске бардыгы катышмакчы. Түпкү максат - 2016-жылга карата Кыргызстанда балдар эмгегинин эң начар формаларынын тамырына балта чабуу. Муну менен бирге улуттук жол картасында Өкмөттүн, социалдык өнөктөштөрдүн, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык жана аймактык уюмдардын аракеттери жана жол картасын алдыга жылдыруунун жолу так көрсөтүлгөн. Кеп эми ушул сонун документти кыйшаюсуз аткарууда турат. Бир эле базарларда "тачка" түртүп жан баккан балдардын кийинки тагдырын элестетеличи. Омурткасы кыйшайып, бөйрөгү иштен чыккан, окуудан өксүгөн бала чоңойгондо мүмкүнчүлүгү чектелүү же майып бала болбогондо ким болот? Мунун артында улутубуздун генофонд маселесинин учу оркоюп чыгып турбайбы.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"