"Кыргыз туусу", 28.06.11 Челпек баяны
РЕДАКЦИЯДАН: "Кыргыз
Туусу" гезитинде кийинки төрт жылдан бери сынакка жарыяланып келе жаткан айыл өкмөттөрү боюнча көлөмдүү материалдарда айылдардын жаралыш, түптөлүш жана аталыш тарыхтарына кененирээк токтолууга аракеттер жасалды. Себеби, андай тарыхый материалдар ошол айылга гана тиешелүү жарандар үчүн эмес, жалпы окурмандар үчүн да кызыгуу туудураары талашсыз. Айрым улуттар басымдуу жашаган айылдар жөнүндө жазганыбызда ошол жергиликтүү тургундардын каада-салттары тууралуу маалымат берүүгө аракеттенебиз.
Гезиттин бүгүнкү санында Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөтү тууралуу макалабызда ошол айылдын тарыхын изилдеп жазган Бектур Мансуровдун "Инсандар дөөлөтү" китебинен (Бишкек, 2004-ж.) үзүндү жарыялоону жана айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалыматтарды берүүнү туура көрдүк. Мындан көпчүлүк окурмандар кызыккан суроолоруна жетиштүү жооп ала алат деген ишеничтебиз.

Тагдыры жок жан болбос, тарыхы жок эл болбос. Анан калса тарыхты жаратуучу, анын кыймылдаткыч күчү да адам баласына барып такалат эмеспи. Ыйык Ысык-Көлдүн колтугунда, ажайып жаратылышы менен айырмаланган Аксуунун аймагында чер токойлуу, чегедекке бай Челпек деген айыл бар. Анда ар улуттан топтолгон арбын эл жашаса да басымдуу бөлүгүн кыргыздын калмак аталган эли түзөт. Бул элдин утуруму ушул убактарга чейин толук изилденбей келет.
Негизинен бул элди бир беткей "калмак" деп атоо калпыстыкка жатат. Кай бир тилинде мээри бар адамдардын айтуусунда илгери Бакы жана Ошур деген адамдар жашап өтүшкөн. Ал эми санжырага жана тарых таанымгөй жандардын изилдөөлөрүнө таянсак, Бакы да, Ошур да кыргыз элинин моңолдор уруусунан чыккан адамдар болушкан.
Ал мезгил 16-кылымдын экинчи жарымына туура келгендиктен күн көрүү санатын соодагерчиликке байланыштуу өтөшкөн делинет. Ошур, Бакы жана алардын жигиттери Кытай өлкөсүндөгү Цинь-Цзянь аймагында соода-сатык иштеринде жүрүшүп сынып, кайра тартып элине кете албай жүрүшүп, калмак элинин адамдары менен байланышып, байырлап калышат. Ошол элдин арасында жан сактоо үчүн иштөөгө мажбур болушат. Акырындап үйлүү-жайлуу болушкан. Өзүнчө чакан айыл болууга жетишишкен. Жергиликтүү калк аларга "хотун" деген жаңы жарлык беришет. Көрсө калмак таякелеринин "хотун" деген ыйгарымы "сарт"
деген эле сөздүн котормосу экен. Кийинчерээк ушул эки сөздүн куюлушунан "сарт-калмак" уруусу уланып, алар улуу эл катарында түптөлүп чыгышкан.
Керем жана Момун аттуу акылман адамдар зор кыйынчылыктар менен чачкын элдин башын бириктирип айыл топтошот. Эл жерине кайтуу көймаксат болсо ар кимисинин көөдөнүндө жанган отко айланат. Капсалаңдан кайтуу дитин байкашкан жергиликтүү бийлик төбөлдөрү жаңы туугандарды кайтарыкка салат. Күндөрдүн биринде "жаңы туугандар" жалпы эл баштыгын меймандап кетүүгө көндүрүшөт. Азганактай топ айыл аралай басып баштаар замат азан-казан, алаамат жүрүш башталат. Козудан кою көп маарайт, өкүрөңдөп өкүргөн тана, боздогон бото, жер чапчып кишенеген жылкысы арбын.
Заматта болуп өткөн бул көрүнүшкө таң болгон төбөл суроолуу тигилет. Ошондо жаңы туугандар: "бул боздогон жандык эли- жерине болгон кусалыгын чыгарып жатышат. Көрсө, Мекенин адам турсун айбан да эңсейт экен" деп, жооп кайтарышкан экен. Мына ошол окуядан соң жергиликтүү эл жаңы туугандарын өз эл жерине кайтуусуна уруксаат беришиптир. Көрсө, зирек калк өз эл жерине кайтуу мүдөөсүн кыябын келтире билдирүү максатында эл баштыгын чакыраардан күн мурда козуну, койдон, музоосун уйдан, тай-тапасын жылкыдан, түгөл жандык аттууну энесинен ажыратып, эл баштыгы качан айыл аралаганда бүт жандык аттууну тушаган тушоосунан агытып, жамыратышкан тура.
Ошентип алар өз мекенинде көчмөнчүлүктө жашап жүрүп отурукташуусу 19-кылымдын экинчи жарымына туура келет. Алгач Чүй бооруна жайгашышып, кийинче-рээк Ысык-Көлдүн колтугунан конуш табышат. Азыркы күндө ал жайда бак-шактуу шаар тибине ылайыкташкан Таш-Кыя, Челпек, Бурма-Суу, Бөрү-Баш айылдары жайгашкан. 10 миңден ашык калкы бар. Албетте, бул уюткулуу журттун уучка арзыбаган гана байыркы санактарынан. Ал эми кыргыз жерин жердеген сарт-калмактар калкынын бир жарым кылымдан ашуун кыябан санатында кыйла тарых жатат.
Курама курап жай кылган, төрт түлүгүн шай кылган, тарамыштан таар, шагылдан шаар кураган зор эмгек түпкү ата-бабаларыбызга
таандык. Байыртадан жердеген мисир жери болгон, эли бар элдин эри болгон. Төбөсүндө чатыры, балп эттирип атаганга баатыры боло келген. Бул жагдайда сарт-калмак аталган кыргыздардын уучу куру эмес. Советтик курулушта жана андан берки өндүрүштө өтөмдүү эмгеги, көсөмдүү жөрөлгөсү менен айырмаланган инсандарыбыз, айдарым барааны, айжаркын жамалы менен бөлүнгөн апаларыбыз, кыздарыбыз чыккандыгын танууга болбос.
Маселен, теги сарт-калмак аталган Турдукожо Искаковдун ысмы бүткүл Кыргызстан элдерине таанымал десек болоор. Бул инсан учурунда айыл чарба министри, министрлер Кеңешинин орун басары ж.б. бир катар мамлекеттик маанилүү кызматтарда белсене иштеп, адил эмгеги менен өзгөчө айырмалана алган. Ошондой эле республикабыздын калкына ысымы төп Өмүралы Носинов, Мухамед Султанов, Россия Федерациясынын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги Магрифа Рахимова, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги Калий Рахимов, кыргыз морфологиясынын негиздөөчүсүнүн бири, окумуштуу Казбек Бакеев, окумуштуу, илимдин доктору Кыргызбай Добаев, аялдар арасынан чыккан алгачкы прозаик жазуучу Айым Айтбаева, учурдун залкар ырчысы Данил Илязов сыяктуу эже, агалардын арбын элдин арасында дөөлөттүү барааны, ат көтөргүс орду бар экендиги талашсыз.
Ал эми Исраил Искаков, Калима Аюпова, Орускулов Рай эмгек сиңирген мугалим, эл агартуунун отличниктери болушса, Абдыкадыр Ахмедшарипов агайыбыз Тажик ССРинин эмгек сиңирген мугалими, СССРдин элге билим берүүсүнүн отличниги болгон. Көөнө тарыхка мына ушундай көрөңгөлүү саамалыгы менен из калтырган инсандарыбызды санай берсек дегеле узак тизме болчудай. Анан калса айылыбыздын чаңдуу көчөлөрүн арытып, эмгектүү күндү карытып, жөөккө түшүмүн эккен жөнөкөй жашап, жөнөкөйлүктөн жогорку чекке жеткен айылдаштарыбыздын да калың карааны бар.
Мен элибиздин эң бир асыл адамы Токтобай Абдулаевди өзгөчө белгилей кетким келет. Бул адам кыйла жылдар "Ысык-Көл тажрыйба селекциялык станциясынын" директору, башкы инженери ж.б. бир катар кызматтарда эмгектенди. Кандай иштерди аркалабасын артынан сокур сөз ээрчитпеди, эки эсе эмгегин арнады, эргип кетип элин танбады. Кары жаш менен тең болду, кыйналган кезде бел болду. Шүүдүрүмдөй тазалыгы, жубардай актыгы менен айырмаланып, замандаштарына чындыктын эталону боло алды.
Чыктым деп жерин чанбаган чыгаан кыздарыбыз чыкты. Исламова Эркингүл, Иманова Клава, Рыспекова Разима, Айсахунова Хайриниса, Кадырова Роза сыяктуу айым кыздар айрым "эрбиз" деген эркектердин колунан келгис шартнаамаларды жасашып, демилге көтөрүшүп, туулуп өскөн жерине демөөрчүлүгүнөн тайбай келишет. Мына ушундай тизмекти уланта берсе болот.
Эми кептин жайы башкада. Сарт-калмактар дал ушундай узун саптуу, уучу кенен болсо дагы алардын отуругу бүгүнкү күндө жеке гана туулуп өскөн айылында ченелип калганы жок. Турмуш шартка, аткарган кызматына, өтөгөн кезметине ылайык республикабыздын булуң бурчунда эмгектенишүүдө. Улам кийинки муундар улуу көчтүн уламасына аян таштай алышпай, баяндуу бабалардын, арымдуу агалардын, даражалуу энелердин, көрөсөм уул, кыздарыбыздын орду билинбей барат.
Даярдаган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"