"Кыргыз туусу", 28.06.11 Аламүдүн -
Кыргызстандын жүрөгү
Аламүдүн - борбор шаарыбызга канатташ күн чыгыш тарабынан орун алган өлкөбүздөгү ири райондордун бири. Бир караган адамга кадимки шаар турмушу: кыйма-чийме автоунаа каттамдары, агылган адамдар, поезд жолдору, күү-шаа мекеме- ишканалардын күрдөөлдүү иш ыргагы өкүм сүрүп турат. Ошол шаар турмушу сүңгүп, аралашып кеткен районубузда эмгек шаңы кайнаган айыл турмушу да бар. Районубузда 17 ири айыл округу, аларга караштуу бир канча айылдар бар. Мисалы, Лебединовка айыл округунда эле Лебединовка, Кырман, Восток, Дачное сыяктуу чоң айылдар орун алган. Айтылуу Ала-Арча суусунан баштап, аягы Казакстанга чектеш Октябрь айыл округуна чейин келберсип созулуп жаткан кутмандуу жерди толук кыдырып чыккан адам 360 километр жол жүрөрүн ар ким эле биле бербесе керек.

Беш айдын жыйынтык-тарынан
Районубузда учурда
жалпы 6650 чарба субъектилери бар болсо, анын 1467си чакан ишкана, фирма, жоопкерчилиги чектелген коомдор, 144ү кооператив, 4572си дыйкан,
фермер чарбалары, 213ү биргелешкен жана чет элдик, 254ү мамлекеттик
ишканалар.
Жогорудагы чакан,
биргелешкен ишкана жана жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер тарабынан өткөн беш айдын ичинде эле 511 546,7 миң сомдук эл керектөөчү продукциялар өндүрүлүп чыгарылган. Алардын алдыңкы сабында "Зорро", "Риха", "Шин-Лайн" сыяктуу ишканалар болсо, көмөкчү өнөр жай өндүрүшү бар "Ала-Тоо" ишканасы 894,5 миң сомдук иш аткарып, 26,7 миң литр шире суусун чыгарууга жетишкен.
Район айыл чарбасында да алдыңкы сапта келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата 4162 тонна эт (тирүүлөй салмакта), 16706 тонна сүт, 8921 даана жумуртка өндүргөн. Эттин 70,8% калктын жеке чарбаларынан, 23,7% дыйкан жана фермер чарбалардан, 5,5% коомдук секторлордун чарбаларынан өндүрүлүп чыгарылган. Район боюнча орточо сүт өндүрүү бир уйдан 1229,5 килограмм болуп, бул өткөн жылдын деңгээли менен бирдей көрсөткүчтө болду.
Айыл чарбасы тууралуу кеп кылганыбызда "Ветка" айыл-чарба кооперативи алдыңкы сапта турат. Бул кооператив колхоз-совхоз учурундагыдай эле чарба мүлкүн сактап калган. Чарба көп тармактуу болгондуктан, сүт, эт, буудай, арпа, чөп өндүрүлөт. Айыл чарба техникалары да орток колдонулат. Быйыл районубуз боюнча жалпы 13435 гектар жер айдалды. Күздүк 10842 гектарды түзөт. Анын ичинен 1246 гектар жерге картошка, 3224 гектарга жер-жемиш, 240 гектарга кант кызылчасы өстүрүлүп жатса, көп жылдык чөптүн аянты 1063 гектарды түзөт.
Сырткы соодада өсүш бар
Курулуш ишине да 689,6 миң сомго инвестиция тартылып, бир топ алга жылуулар бар. Райондун өндүрүш тармагына да 20105,1 миң сомдук иш көлөмүндө инвестиция тартканга жетиштик. "АРИСтин" алгылыктуу көмөгү менен мектептер, спорт аянттары, бала бакчалар, бир катар мекеме-ишканалар капиталдык оңдоодон өттү.
Беш ай ичинде эле турак-жай
курулушуна 111667,5 миң сом жумшалып, 72 жеке турак үйлөрү курулду, ал жалпы 8395 кв. метрди түзөт. Подряддык иштер 127615,0 миң сомду, капиталдык салым 185258,6 миң сомду түзөт.
Керек-жарак тармагында да алгылыктуу иштер аткарылууда. Жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмү беш айда 1048,5 млн. сом болсо, мунун басымдуу бөлүгү чекене соода жүргүзүү ишине туура келет. Районубуздун сырткы товар жүгүртүүсүндө да өсүш бар. Бажы кызматынын билдиргенине караганда, киреше 20,5 млн. америка долларын түзүп, 17,3%% өсүш берген. Биздин соода өнөктөштөрүбүз негизинен КМШ өлкөлөрү болуп эсептелинет. Анын көлөмү 12,2 млн. сом болсо, КМШ өлкөлөрүнөн тышкары 8,3 млн. сомдук соода жүгүртүү туура келет. Жогорудагы сандар районубуздун күрдөөлдүү ишинин айрымдары гана. Негизинен район ар бир күнүн мындай ишке жык толгон эмгектин шарданы менен коштойт десем жаңылышпайм.
Дыйкандарга шарт түзүлдү
Райондо кооперация саясаты алгылыктуу жүрүп жатат. Дыйкандар кылган эмгегинин үзүрүн көрүүгө жандалбас уруп, өзүнүн да, элдин да курсагын тойгузуп, калк дасторконуна кам көрүп келишет.
Бизде адат болуп калгандай,
дыйкандарыбыз өндүргөн продукциясын ортомчулуксуз шаар тургундарына сатууга шарт түзүп бергенбиз. Азыр жалпы эл билип калгандай, калаанын "Нарын" ресторанынын жанында жана "Жал" кичи районунда атайын айыл чарба жарманкеси алтынчы, дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул жарманкенин басымдуу бөлүгүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун дыйкандарынын өндүргөн экологиялык таза продукциялары экенин жакшы билип калышкан кардарлар бул күндү чыдамсыздык менен күтүп, керектүү нерселерин базар баасында эмес, тикелей өз баасында алып кетип жаткандарын көрүп бизде да "эл үчүн жакшы бир нерсе жасап жатабыз" деген кубануу сезимдери пайда болот.
Эл баатырлары унутта калбайт
Эми айтууга кыйын болгону менен эл болгондон кийин анын алдуусу, алсызы болот экен.
Ушул жылы эле калктын аялуу
катмарына айыл өкмөттөр тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына жергиликтүү бюджеттен 424 миң сом, Ооган согушунун катышуучуларына 154,4 сом, Чернобыль апаатынын залалдарын жоюуга катышкандарга 60,9 миң сомдук жардамдар берилди. Апрель окуясында аламүдүндүк беш адам ошол учурдагы түзүлүшкө каршы чыгышып, элдин бакубатчылыгы үчүн жандарын курмандыкка чалышкан. Алардын үй-бүлөлөрү да көңүл сыртында калбай ар бир үй-бүлөгө 5 миң сомдон, 64 катышуучуга да 5 миң сомдон жардамдар берилип, айыл округдар жер-жерлеринде курман болгондорго куран түшүрүү зыяратын кылышты. Жолдошу каза болгон бир айымдын үй-бүлөлүк шартына карап көрүп, "Небоскреб" курулуш ишканасы тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди.
Социалдык тармакка өзгөчө мамиле
Аймагыбызда 36 мектеп, Чүй облустук бириктирилген орукананы, өпкө орууларын дарылачу жайды, - Таш-Төбөдөгү ооруканаларды эсепке албаганда 39 дарылануучу мекемелер бар экенин айтсак, бул тармактарда да чечүүгө зарыл болгон көп маселелер, ошону менен катар ийгиликтер да бар экенин билсек болот.
Районубуздун мектептеринде
18867 окуучу билим алып, аларга 970 мугалим билим, тарбия берет. Алардын 257си билим берүүнүн отличниктери, 24 окуучу быйыл алтын медалга татыктуу болушту. Калктын саламаттыгын сактоодо да 105 жогорку билимдүү врачтар, 158 орто билимдүү кызматкерлерибиз бар. Медицина тармагында иштеген кызматкерлерибиздин иш-тажрыйбалары боюнча да, элибизге кызмат көргөзүү боюнча да алдыңкы орунда турат десем жаңылышпайм. Биздин райондун медицина кызматкерлери 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, 24 ФАПта кызмат кылат.
Спорт - районубузда эң алдыңкы катардагы тармак десем жаңылышпайм. Ленин айыл округунун спорттук жайында тарбияланган Урмат Аматов жаштардын Сингапурдагы олимпиадалык Азия оюнунда биринчи орунду камсыздаган. Кечээ жакында эле Казакстанда өткөн мелдеште боксчуларыбыз командалык эсепте биринчи орунду камсыздап, элибизге кубаныч тартуулады. Дегеле биздин спортчулар республикалык, облустук деңгээлде спорттун кайсы түрү болсо да алдыңкы сапта келе жатышканын сыймыктануу менен айтып койсок болот. Айылдарыбызда айыл округдарынын күчү менен спорт аянтчалары, балдардын ойноочу жайлары курулду.
2003-жылы 3 бала бакча болсо, азыр 23 бала бакча иштейт. Төмөнкү-Аларча айыл округунда Совет мезгилинде да бала бакча болбосо, бул айылда жүз орундуу бала бакчанын 70 пайыз иши бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Дээрлик бардык айылдарда клубдар оңдоодон өткөрүлүүдө. Таш-Төбө айыл округунда жаштардын демилгеси менен маданият үйү оңдолсо, Ак-Дөбөлүктөр айыл тургундарынын, автосүйүүчүлөрдүн күчү менен жол оңдоп алууга жетишкен. Жеке менин талабым жана көзөмөлүмдүн астында айылдарда түнкү жарыктар калыбына келтирилип, иштеп жатат. Эгер көпчүлүк айылдарда тээ илгертеден эле түнкү жарык фонарлары болбогонун айтсак, бүгүн биз бул жаатта да абдан эле көп иш аткарып жатканыбызды сыймык менен айтып койсок болот.
Дагы бир айтып койчу нерсе, биз айыл округ жетекчилери менен ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, Васильевка айыл округунда жайгашкан чек ара зардалысын толук капиталдык оңдоодон өткөрүп бердик. Биз оңдогонго чейинки абалы менен азыркы абалы асман менен жердей экендигин ишенимдүүлүк менен айтып койсок болот. Ал тургай чек арачылардын жаткан төшөнчү-шейшебине чейин алмаштырып бердик. Зардалыга беш миник ат тартууладык, ашканасын бүгүнкү күндүн талабына ылайыктап жайгаштырып бердик.
Ынтымакты бекемдейли десек
Окурмандар жакшы билгендей, былтыркы апрель окуясында борбор калаа менен биздин район көп зыян тарткан.
Айдалып, себилген айдоо аянт-
тар тебелендиде калып, айрым кызыкдар күчтөрдүн таасиринде жер басып алууга аракеттер абдан эле күчтүү болгон. Анын натыйжасында Маевка, Көк-Жар айылынын тургундары моралдык дагы, материалдык дагы зыяндарга учураган. "Убакыт дарылайт" дегендей, учурда бардык терс көрүнүштөр оң жолго коюлду.
Өрттөнүп кеткен турак-үйлөр калыбына келтирилди. Улуттар аралык кагылышууларга жол бербөө жана бир эл, бир журтту ынтымак ырашкерчиликке чакыруу максатында бардык айылдарда тегерек столдор өткөрүлүп, кечээ-жакында эле бул демилгебиз облустук деңгээлде ар улуттун катышуусунда жакшы маанайда жыйынтыкталды. Бул багытта ишибиз токтоп калбайт, анткени, бул жерде жашагандар кимибиз болбосун Кыргызстандык экенибизди, Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн бир кишидей кызмат кылышыбыз керек экенин жан дилибизден туйгудай идеологиялык саясат жүргүзүшүбүз керек. Элдин жаманы болбойт, бузукулар бар экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Жаңы конуштар - негизги көйгөйлөрүбүз
Районубузда көйгөйлөр да жок эмес. Мени түйшөлткөн маселе - жаңы конуштар. Жашырганда эмне турак-жай курулганы менен али күнчө жолу жасала элек, таза суу тартыла элек, электр трансформаторлору, зым түркүктөрү орнотулбай келет.
Элибизге талаптагыдай мек-
теп, дарылануучу жай, почта сыяктуу зарыл делген инфратүзүмдөрдү түзүп бере албай жатканыбыз өкүнүчтүү. Бир мезгилде асыл жерге кызыл кулактык кылып жибергендин кесепетинен эл абдан эле кыйналып жатканын көрүп күйгүлтүккө түшөсүң. Андайлардын бири - Көк-Жар жаңы конушу үлүшкө берилген менчик жер болгон. Ал жердин сейсмикалык туруктуулугун, жер кыртышын шартын эске албастан, турак-үй курууга уруксат берип жиберишкен. Натыйжада азыр карапайым калк кыйналып жатат.
Дагы бир көңүлүмдү өйүгөн маселе - мектеп. Ушул учурда окуучулар вагондо окуп жатат десек, эч ким ишенбес. Бирок абал ушундай. Аламүдүн айыл округундагы ГЭС-2 курулуп жаткан мектеп төрт жылдан бери улантылбай турат. Натыйжада мектепке батпаган окуучулар вагондордо окууга туура келет. Мындан тышкары, жол, коммуналдык тейлөө, саламаттыкты сактоо тармактарында да чечүүгө зарыл болгон көйгөйлөр орун алып келет. Ооба, бизде жетишкен ийгиликтер арбын. Чечүүгө зарыл болгон иштерибиз да арбын. Анын баары бизден талыбаган эмгекти талап кылып турат.
Анатолий ОЛЕЙНИЧЕНКО
Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин милдетин аткаруучу