Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_8.htm on line 2


п»ї

  Эл эмгектен эскерсин

Өмүрү өрнөк, таза адамдар унутулбашы керек
Союз таркагандан кийин көп жакшы, белгилүү инсандар унутта калды. Алардын эмгегин баалоо максатында жана өмүрүнүн өрнөк кадамдарын, жасаган иштерин даана көрсөтүү биздин урпактардын ыйык милдети. Кыргызстанды түрө кыдырып, атын өчүрбөгөн аракет кылууга белсендик. Мына ушул аруу аракет Кыргызстандагы социалдык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү коомдук фондунун демилгелүү тобунун принциптерине туура келип, көптөгөн изилдөөлөрдүн негизинде калыстык менен карап, төмөндөгү жыйынтыкка келдик.

Биринчи иретте айта турган нерсе - кыргыз элинин касиети жана ариети анын бай, түптүү, нарктуу тарыхында, маданиятында, дилинде жана аны сактап алып жүргөн элинде. Ошону кийинки урпактарына мурас кылып берген карыларында. "Карысы бардын - ырысы бар" дегендей, ошондой нарк-насилдин, адеп-ахлактын, адамгерчиликтин үлгүсү болгон инсан, бүт өмүрүн өлкөсүнүн өнүгүшүнө арнап, чоң салым кошкондордун бири Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, чыныгы коммунист Качы Орозбаев жөнүндө сөзүбүздү улантмакпыз.
Бирок, өкүнүчтүүсү - ушул күнгө чейин Ысык-Көл обладминистрациясы тарабынан, же жергиликтүү Ысык-Көл облустук аксакалдар кеңеши тарабынан, же Ысык-Көл облустук коммунисттик партиясынын комитети тарабынан бир да жылуу сөз айтылбай келгени өкүнүчтүү. Албетте, советтик доор өтүп, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгонуна жыйырма жыл болду. Адам баласы болгондон кийин кылчактап артка карап - кечээги күндү унутпай, жүрөктүн тереңинде сактообуз абзел!
Ооба, Качы аксакалды тааныбаган адам болгон эмес. Ыраматылык Жумгалбек Аманбаев, Апсамат Масалиевдер, жетекчилер Жумагул Сааданбеков, Ысык-Көл облусунун депутаттар кеңешинин төрагасы Жолочу Турдубаев, көп жыл Ысык-Көл обкомунун 1975-жылдан 1983-жылга чейин экинчи катчысы болуп эмгектенген Беляк Юрий Петрович, 1942-жылдан 1950-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Пржевальск шааркомунун биринчи катчысы Николай Григорьевич Минич, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер жазуучу Асек Урманбетов, Жети-Өгүз районунун "Маяк коммунизма" райондук гезитинин редактору Турдубек Ишебаев Качы Орозбаев менен учурунда чогуу иштешкен.
"Өмүр өтсө да, эл эмгектен эскерсин", деп Аалы Токомбаев айткандай, бул адамдар Качы аксакалдын эмгегин, адамгерчилигин жакшы билишкен замандаштары. Экинчи айта турган нерсе, эгерде Жети-Өгүз районунда жайгашкан, Кызыл-Суу колхозун башкарган Социалисттик Эмгектин Баатыры, легендарлуу Юматова Анна Тихоновна эгерде тирүү болгондо, Качы Орозбаевди унутта калтырбай, эч болбоду дегенде бир айылга атын койдурмак. Ал киши: "Эгер кыргызга таасирлүү өмүр мисал болбосо, бизге, орустарга чоң жана туура таасирин тийгизген адам", - деп айтмак.
Үчүнчүсү, Качы Орозбаевдин өмүрүнө токтолсок, бул инсан 1919-жылы Жети-Өгүз районунун Даркан айылында туулган. 7-классты бүткөндөн кийин эле ал адамдын зээндүүлүгүнө баа берип, кайра мугалим кылып дайындашкан. Ал эми 1932-жылдан 1937-жылга чейин Тоң районунун Төрт-Күл айылында мугалим болуп эмгектенген. 1939-жылдан 1941-жылга чейин Караколдогу эки жылдык педагогикалык техникумду ийгиликтүү бүтүрөт. Ал эми 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кирип, 1943-жылы алган жараатына байланыштуу комиссиянын жыйынтыгынын негизинде согуштан кайтат.
Жети-Өгүз району боюнча алгачкылардан болуп Кызыл Жылдыз орденин алган бирден-бир согуштун катышуучусу болуп эсептелген, ошону менен бирге Качы Орозбаев көптөгөн согуштук орден, медалдардын ээси гана болбостон, тынчтык мезгилинде да медаль, ордендердин жана мамлекеттик маанидеги грамоталардын ээси болгон. Согуштан келгенден баштап Ворошилов колхозунун башкармасынын жардамчысы болот. Андан кийин Фрунзедеги партиялык мектепке жиберилет. Бүтүп келгенден кийин ошол Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын парткомунун катчысы болуп дайындалат.
Соңку жылдары Фрунзедеги Кыргыз айыл чарба техникумунда окуп, аяктаган соң Жети-Өгүз районунун айыл чарба башкармалыгында жетектөөчү адис катары таанылган. Ал эми 1962-жылдан баштап 1981-жылга чейин Даркан айылдык кеңешинин төрагасы болуп, республикалык маанидеги ардактуу пенсияга чыккан. Иштеп жүргөн кездеги кесиптештери, үзөңгүлөштөрү Качы Орозбаевди өтө принциптүү,
"Ысык-Көл кээде жымжырт,
кээде толкун
Толкуса толкунуна тең
ортокмун.
Турмушта канча жолдош
күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош
күткөн жокмун",
- деп улуу акын Алыкул Осмонов айткандай, жакшы жолдош катары, кыйынчылыкта өзгөрбөгөн, түз, жолдошчулукту ыйык туткан адам катары билишет. Анын эмгек жолунда эң татаал мезгил - Улуу Ата Мекендик согуш, анын кесепеттерин жоюу, жетишпегендик, кыйынчылык мезгилдер туш келген. Ушул жылдары жасаган эмгеги менен адамдарга жасаган мамилеси жаштарга берген тарбиясы менен элдин эсинде калган.
Качы Орозбаев бүт өмүрүндө өзүнүн жүрүм-турумун, жасаган иштерин таза, адал жана так өткөрүп, өзүн үлгү катары көрсөтө алган инсан болгон. Өткөнү болбогон, тарыхы болбогон адам болбойт. Тарыхты унутпай, анын барактарын ачып бизге жана жаштарга үлгү-мисал боло турган инсандарды эскерүү азыркы өткөөл мезгилде - эң негизги тарбиялык иштердин бири болуп калышы керек. Улуу полководец К.Роккосовский айткандай: "Өткөн тарыхты билбей, эртеңкиге кадам шилтөөгө болбойт".
Кыргызстандагы социалдык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү коомдук фонду чогулган материалдардын негизинде Качы Орозбаевич Орозбаевдин атын унутта калтырбоо максатында Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админис-трацияларына Качы Орозбаевдин атын он тогуз жыл өз айылын жетектеген Даркан айыл аймагына коюуну сунуштайт.
Ушул маселенин үстүндө ойлонуп, бир чара көрүлөт деген ойдобуз. Ошону менен бирге Качы Орозбаевди тааныган үзөңгүлөштөрү өздөрүнүн үндөрүн кошоруна ишенебиз. Кыргызстанда дили таза, асыл ою бийик, эли үчүн эмгектенген инсандар саналуу гана. Исхак Раззаков айткандай, "Коом деген сени менен мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот". Демек, өмүрү өрнөк таза адамдар унутулбашы керек.
Кыргызстандагы социалдык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү коомдук фонду





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.:










??.??