Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Чындык чыркырайт

Сотторго ишеним
калбай баратабы?
Кыргызстандын өкмөтү "Мегакомду" Максим Бакиевдин чөйрөсүндөгү кишилерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган Жогорку сотту айыптады.
Жалпы коомчулукта көптөн бери талкууланып келаткан "Мегаком" уюлдук байланыш операторунун Чубактын кунундай чубалжыган чуусу алиге чейин басылбай келе жатат. Мына ушундай жагдайга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен маалымат жыйыны өткөрүлдү.
Өкмөттүн маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда республиканын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы чечим кабыл алган. Ага ылайык, "Мегакомдун" 49% акциясын улутташтыруу жөнүндө акт иш жүзүндө таптакыр жокко чыгарылып отурат.
Белгилей кетүүчү нерсе, мындай чечимдин кабыл алынышы менен, эгерде ал кайра каралбаса, Кыргыз Республикасы эң эле жок дегенде 10-14 миллиард сом же АКШнын 220-300 доллары өлчөмүндө зыян тартат. Ал эми "Мегакомдун" телекоммуникация рыногунда чыныгы баасы 450-600 миллион даллардын айланасында бааланарын айта кетейин.
Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, адегенде мамлекетке зыян алып келе турган, "БиМоКомдун" пайдасына чыгарылган чечимди процессуалдык да жана укуктук да нормаларды бузуу менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы К.Качкыналиева, андан кийин Бишкек шаардык сотунун курамында А.Рыбалкина, С.Джузенова, Д.Мулюкбаева болгон соттук коллегиясы кабыл алышкан.
Эске сала кетсек, бул иш боюнча көзөмөлдүк арыз Жогорку сотто "Мегакомдун" мүлктүк комплексинин жана соода маркасынын чыныгы мыйзамдуу ээси болгон "Альфа Телеком" ЖЧКнын өкүлдөрү катыштырылбастан, үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда каралган. Айтмакчы, "Альфа Телекомдун" акцияларынын 49%ы мамлекетке, башкача айтканда, элге таандык. Ал эми, бул ишти караганда Жогорку сот "Альфа Телекомдун" ишти кароону токтото туруу жөнүндө өтүнүчүн эске алган эмес. Бирок, ишти убактылуу токтотуп, кийинкиге калтыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген, эске албай коюуга мүмкүн болбогон себептер жетиштүү болучу.
Ошентип, бул иш боюнча көзөмөлдүк арызды караган соттук коллегия, маалымат жыйынында айтылгандай, өзүнүн алдын-ала адилетсиздик чечим чыгаргандыгы жана республикадагы улутташтырылган объекттердин эң эле маанилүүлөрүнүн биринин ишин ар тараптан толук жана калыс кароону каалабагандыгын көрсөттү.
Ачыгын айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн сот органдары тарабынан мамлекеттик органдардын кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алуулар бат-бат кайталанып баратышы тынчсыздандырат. Ошону менен бирге, "Мегакомдун" кимге тиешелүү экендиги жөнүндө маселени кайра кароо зарылдыгына, сот тарабынан иштин бардык жагдайлары жана Кыргызстандын элинин таламдарын эске алуу менен мыйзамга гана негизделген чечим кабыл алынарына терең ишеничин блдирет.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Билим берүү

95 мыкты бүтүрүүчү аныкталды
Мына минтип жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанда 72 миң бүтүрүүчү үчүн коңгуроо кагылып, анын 3 миңге жакыны өзгөчө белгидеги аттестатка талапкер эле. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында өзгөчө аттестат алууга ат салышуучулар арасында тест тапшыруулар болуп өттү.

Тест тапшырууга Кыргызстан боюнча 3 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышкан. Тест улуттук тестирлөө борбору тарабынан жүргүзүлүп, мектепте өтүлгөн темалар жыйындысынын негизинде даярдалган. Тестирлөө кыргыз тили, математика жана кыргыз тарыхы боюнча өткөрүлгөн. Катышкандардын арасынан 95 бүтүрүүчү мыкты деп аталып, Кыргыз Республикасынын билим белүү министрлигинин электрондук дарегине жарыяланган. Аттестатка ээ болгон бүтүрүүчүлөргө мектептер аралык комиссиянын чечими менен тапшырылмакчы. Аттестат тапшыруу салтанаты 24-июнда башталат. Аттестат тапшыруу аземи ар бир мектепте өтүп, ага мугалимдер, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ата-энелер катышат.
Кыргызстан боюнча 52 жогорку окуу жайлары катталган. Азыркы кезде алар жаңы бүтүрүүчүлөрдү кабыл алганы даяр турушат. Тестке катышпай калгандарды атайын окуу жайлар өздөрү тестирлөө аркылуу кабыл алышмакчы.

Айгүл АТАБЕКОВА,
"Кыргыз Туусу"




Пикирим бар эле
Парламентибиз иштеп, коалициялык өкмөтүбүз түзүлүп, иштей баштагандан бери элибиз Кудайга тобо келтирип тынч тиричилигине киришкен эле. Анын натыйжасында эл чарбабыз жанданып, аздыр-көптүр ийгиликтер жаралып, кубанып турганыбызда, дагы чатак башталганы кимди болбосун өкүндүрбөй койбойт.

Атың чыкпаса, жер өрттөбү?
Айтайын дегеним, "Көкөтөйдүн ашы, чоң чатактын башы" демекчи, "Ата Журт" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев мырза баштаган чыр чоң чатакка айланбаса болгону. Анткени, кийинки кездери, аталган партиянын дагы бир мүчөсү депутат Бахадур Сулаймановду куттуу кабинетте тепкилеп, ошондон бери анын айланасында пайда болгон ызы-чуу басылбай, кайра күчөп бара жаткан сыяктуу.
Эске сала кетсем, Камчыбек Ташиевдин ур-токмогунан жабыр тарткан Бахадур Сулайманов ооруканада жаткандыктан, Ички иштер министрлиги аны жазага тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылганын жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип отурабыз. Анткени, К.Ташиев депутаттык кол тийбестикке ээ болгондуктан, мыйзам боюнча аны парламенттин макулдугусуз жоопко тартууга болбойт тура. Ошондуктан, Башкы прокуратура аны кол тийбестик укугунан ажыратууну өтүнүп, парламентке кайрылганы белгилүү.
Бирок, ага карабастан, К.Ташиевди колдогон күчтөр аны жактап, ызы-чуу чыгарышканы табышмактуу. Албетте, бул жерде аны уюштурган, биз сөз козгоп жаткан депутат мырзабыз го деп түшүнөм мен. Дагы бир ойдон улам, атың чыкпаса жер өрттө болуп, ал азаматыбыз атын чыгарганы жаткан окшойт деген да ой кетет. Антейин десем, Камчыбек Ташиевдин аты ал Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган кезден бери эле Кыргызстандын элине аттын кашкасындай таанымал эле да. Андыктан арадай жерге чарадай жыйын курбай, "эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый" дегендей, эрегиш ырбай электе этегин жапканы оң болор Камчыбек Ташиевдин.
Ал эми, жоопкерчиликке келе турган болсок, колуң менен кылганды, моюнуң менен тарт демекчи, күнөөсү болсо моюндап, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Анткени, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, Кудай да баарыбызды бирдей жараткан. Күчтүүсү күчсүзүн, алдуусу алсызын басып, жанчып, адамдык аброюна доомат кетиргенди Кудай да жактырбайт.

Т.САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика