Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Аймактык телекөрсөтүү: ийгиликтер, проблемалар

"ОшТВ" телекомпаниясынын директору Сюита СОУРБАЕВА:
"Ишти эң башынан
баштоого туура келди"
Сюита Соурбаева айтылуу Аксынын кызы. Атасы Оңолбек ага өмүр бою соода тармагындагы жооптуу кызматтарда иштеген адам. Апасы Гүлбарчы эже 12 баланы тарбиялап өстүргөн ыйык эне. Сюита он эки бир туугандын онунчусу. Ал 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз телевидениесинде кабарчылыктан баштаган. Кийин "КООРТ" телекомпаниясында кабарчы, "Жаңылыктар" бөлүмүндө , Бешинчи каналдын "Күндеми" жаңылыктар кызматынын жооптуу редактору, "Майдан" программасынын алып баруучусу жана теле компаниянын атка-руучу продюсери, УТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык берүү-лөр дирекциясынын директору болуп иш-теп көрөрмандардын купулуна толуп, алардын сүймөнчүлүгүнө айланып калган белгилүү тележурналист Сюита Соурбаева "ОшТВ" телекомпаниясынын башына кыйынчылык түшүп турган учур-да келди.

Өткөн жылдагы июнь айында болгон Ош окуясынан кийин Сюитанын кыз башы менен Ош шаарынын жүгүн көтөрүүгө бел байлап келгендигин баса белгилеп коюубуз шарт. Ал келгенде жамааттын маанайы суз болчу. Чачылганы калган чарбалык иштерди калыбына келтирүү, чыгармачылык жа-
мааттын натыйжалуу иштеши үчүн аларга шарт түзүп берүүгө канча мээнет, канча күч жумшалды дейсиз… Чуркап жүрүп, телеканалдын жаңы имаратын бүтүрүүгө, анын материалдык-техникалык базасын чың-
доого жетишти. Ишке чыгармачылык менен мамиле жасаган журналисттерди тандоо да оңойго турган жок. Кадр тандоодо жаңылган учурлар да болду. Бирок, кыска убакытта аракеттин үзүрү кайта баштады.
Азыркы учурда Кудайдын көзү түз болсун, азыр телеканал кадимкидей бутуна туруп, түштүк аймактагы өз жүзү, өз үнү бар чыгармачылык топ катары кадыр-баркка ээ болуп калды. Өткөн жылы "Замандаш" журналынын "Аймактагы мыкты телеканал", Аялдар конгрессинин иликтөөсү боюнча эң мыкты жетекчиси" номинациясына татыктуу болгондугу бекеринен эмес. Биздин кабарчыбыз жакында Оштогу кесиптешибиз Сюита Соурбаевга жолугуп, аны менен маектешип кайткан. Аймактагы телеканалдардын оош-кыйышын чагылдырган бул маек окурмандарды көңүл кош калтырбайт деген ойдо аны окурмандарга тартуулоону туура таптык.
- Бир караганга телевидение жеңил нерседей сезилет, бирок анын көтөргөн жүгү, түйшүгү абдан көп эмеспи. Анын түйшүгү, өзгөчөлүгү эмнеде?
- Теле көрсөтүүнүн куралышын көп адамдар билбеши мүмкүн, чындыгына келгенде анын башка жалпыга маалымдоочу каражаттарына салыштырганда ал маалыматты кашыктап жыйнайт. Бул жерде журналист, оператор, камера, монтаждоочу аппаратура болмоюнча ал маалымат эфирге чыга албайт. Басма сөз жаатында бир адам керектүү материал таап келсе, ал тексти жазып, аны басмага чыгара алат. Ал эми телекөрсөтүүгө текст да, тартылган тасма да керек. Ошол жердеги болуп жаткан кырдаалды, сүйлөп жаткан адамдын эмоциясын, аураны да чагылдыруу зарыл.
Анын өзгөчөлүгү, артыкчылыгы, баалуулугу ошондо турат. Ар бир жетекчи өзү тандап алган жолун өзү чечиш керек. Биз "ОшТВ"ны ай-асманга жеткирип койдук деп айтсам, чындыкка окшошпос, бирок, биздин жамаатта жөнөкөй нерседен жакшы нерсени алып чыгууга болгон далалат бар. Бизде миллионго тургузулган студия, ошол суммага сатып алынган жасалга да жок. Бирок, телеге жан-дүйнөсүн арнап койгон, ал үчүн баш-оту менен берилген адамдарыбыз бар. Ошонун негизинде иштеп жатканыбыз болуш керек.
- Калк калыс тараза эмеспи, алар "ОшТВ" телеканалынын түштүк аймактагы өз жүзү, өз үнү бар чыгармачылык топ экендигин айтып жүрүшөт. Анын сыры эмнеде?
- Негизинен менин журналисттик жолумда ишти эң башынан баштап келген учурлар көп болду. Ошко баратканда бул кыйынчылыктарды жеңүүгө бел байлап келгемин. Бул жерде да ошондой тагдырга тушуктум. Келген күндөгү тарткан кыйынчылыктарды ошол учурду сөз менен жеткирип берүү абдан кыйын. Азыр эстеп алып, башты чайкайм. Техникалык база, ишти билген журналисттер жокко эсе болчу. Керектүү маалыматты тартып кел десең, аны талаптагыдай жаза албайт. Чарбалык иштерим да чачтан көп болгондугуна карабастан беш айга жакын телеге эмне маалымат чыкса анын бардык тексттерин өзүм жазып жүрдүм.
Бизде мамлекеттик тил тууралуу мыйзам киргизилген менен ал Ошто деле аткарылбай калган экен. Мени бушайманга салган нерсе, телекомпаниянын кыргыз тилинде сүйлөй албай калгандыгы болду. Жашырганда эмне, анын мурдагы жетекчилиги "бизде ресурс жок, биз кыргыз тилиндеги материалдарды бере албайбыз" деген шылтоону бетине кармаган учурлары көп болгон экен. Ал эми биз Кыргыз Республикасынын аймагында кыргыз тилиндеги теле берүүлөрдү уюштурса боло тургандыгын далилдеп, кыска мөөнөттүн ичинде биз-
дин жамаат "ОшТВ"ны кыргыз тилинде сүйлөткөнгө, ырдатканга жетише алдык. Бирок ага жетишүү оңойго турган жок.
Кадр артында канчалаган пикир келишпестиктер, кайым айтышуулар болду, көз жаштар калды. Бирок анын баары келип, бизге жакшы нерселерди алып келди. Мезгил калыс тараза экен, бизге каршы болгондордун ою азыр өзгөрүлдү. Менин бул жерге келгениме бир жыл убакыт болоюн деп калды. Тартынбастан эле ачык айтууга тийишмин, азыркы учурду жаңы келген мезгил менен салыштырууга болбойт. Бир жыл - теле үчүн өтө эле кыска убакыт. Бул мезгилдин ичинде жаңы имаратты куруп, техникаларды сатып алып, жаңы кадрларды тандап, эфирди тазалап, мамлекеттик тил мыйзамына ылайык кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо жалгыз адам үчүн кыйын. Ошондуктан мени колдоого алган жамаатыма ыраазымын. Алар мен көтөргөн идеяны, мен сунуштаган долбоорлорду ишке ашырууга салымдарын кошушту. Аны азбы-көппү өтөсүнө жеткирип аткарып келишти. Кичинекей компаниянын ушундай деңгээлге чыгуусуна, албетте, бизди колдогон, бизге жардам көрсөтүп, бизге кол сунган адамдардын да эмгеги чоң. Мындай биргелешкен аракет өз жемишин берип жаткандыгын түшүнгөн, билген адамдар баалап жатышат.
- Биз байкагандан жамааттын негизин жаштар түзөт. Анын артыкчылыгы, мүчүлүштүгү жактарына токтоло өтсөңүз...
- Туура байкапсыз, жамааттын негизги өзөгүн жан-дили менен берилип иштеп жаткан жаштар түзөт. Бизде эмне үчүн жаштарга басым жасалат. Сизге ыймандай сырымды айтайын, менде даяр кадрларды алып келип, даяр эфир жасайм деген ой жок болчу. Бул жерге келгенде ишти сынак жарыялоо менен баштадым. Ондогон десем аздык кылат, сынакка жүздөгөн улан-кыздарыбыз келишти. Алардын ичинен идиреги бар, бардык кыйынчылыкка чыдайм дегендерин тандап алдык. Ошол улан-кыздарды окутуп-тарбиялап, өздөрүнө ылайыктуу программаларды сунуштадык. Биздин башка каналдардан айырмабыз эмнеде? Биз каналды саясатташтырбастан, социалдаштырууга, анын ичинде жаштар темасына жакындаштырууга аракет жасадык.
Албетте, саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди чагылдырган программалар, маалыматтык блоктор көңүл сыртында калган жок. Бул тармакты терең түшүнгөн билими терең, деңгээли жогору болгон журналисттерге тапшырдык. Азыркы учурда түштүктө тележурналисттерди даяр-доочу мектептин пайдубалы түптөлүп калды деп айтсак аша чапкандык болбос. Региондордо деле жөндөмдүү, көп нерсени билгенге умтулган мыкты улан-кыздар бар, алардын борбордо окусам дегенде эки көзү төрт. Бирок, турмуш шартка же башка себептерге байланыштуу ага мүмкүнчүлүгү жок, колу жетпейт. Аларга жол көрсөткөндөр, колдогондор жок. Болгону алардын өз жолуна түшүүсү үчүн белгилүү бир убакыт керек, мүмкүнчүлүгү ачылганга чейин чыдамдуулук зарыл. Тек жетекчи аларды көрө билүүсү зарыл.
Улуу жана орто муундагы жетекчилер жаштарды тарбиялоого милдеттүүбүз. Кыргызстандын аймактарын бириктирүүгө болгон аракетибиз бар. Аны жамааттын мисалы менен далилдеп берем. Кызматкерибизди алсак, алар Бишкектен, Таластан, Жалал-Абаддан, Баткенден, Оштон бар. Алсак, Камил Сыдыков деген орун басарым, өзү нарындык жигит. Гүлкайыр Жанымбетова деген кызыбыз таластан. Продюссерибиз Бурул Жороева оштон, өз ишин абдан жакшы билет. Эртең мененки берүүлөрдү Ширин Муктарбекова, Канышай Эркинбекова, Гулзина Абдырашит кызы, Салтанат Исакова сыяктуу кыздарыбыз алып барууда. Чеберчилиги улам бийиктеп баратат. Ал эми музыкалык программаны алып барган Темир Назаров деген ырчы жигит бизге келгенден бери теленин казанына кайнап, анын сырын өздөштүрө баштады.
Кабарчылар Нурсултан менен Динаранын жасаган берүүлөрүн көргөн адам "ОшТВ"нын кадыр-баркын бийик даражага көтөрө турган муун өсүп келе жаткандыгына ынанат. Эң негизгиси, аларда алга умтулуу, чоң аракет, бийик максаты бар. Жыйынтыктап айтканда, мына ушундай улан-кыздарыбыз татаал мезгилде компаниянын жүгүн көтөрүп, көрөрмандарды өзүнө тартып жатышат. Азыркыдай атаандашуу күч алып бараткан шартта биздин телеканалдын келечеги бар.
- Турмуш мыйзамы окшойт, элге төбөсү көрүнүп калган адамды урматтагандар, сулуу кыздарыбызга суктангандар, ошол эле учурда аны көрө албагандар да чыгат эмеспи.
- Теле көрүүчүлөрдүн бизди урматтагандыгы, суктангандыгы жагымдуу. Бирок, сен өз жумушуңду билбесең, пери болуп кетсең да аның эч нерсеге татыбайт. Мен 10 жылдан ашык телевидение тармагында жүрдүм, кудайга шүгүр, туура эмес жолго баскан учурум болгон жок, ошондуктан артымдан жаман сөз жок. Табигат кандай өң-түс берсе, аны ата-энем берген акыл-насааты жана тарбиясы менен айкалыштырып жүргөнгө аракет кылам. Аны жаштарга да насаат катары айтып келем.
Бул жашоодо сенин жараткан ийгилигиңди, жасап жаткан ишиңди көрө албаган адамдар болот. Жаныңда жүрүп, ыңгайы келсе артыңдан бычак саюуга даяр турган адамдар да чыгат экен. Бирок, жумуштун кызыкчылыгы үчүн ошондой адамдар менен да иштешүүгө туура келди. Азыр деле иштеп жатат, ошол адамдар. Алар менен жумуштан четтетүү жолу менен эмес, аларга туура багыт берүү, ынандыруу аркылуу тил табышып, өзүмдүн жолумду тазалап алдым.
- Ош шаарынын бийлиги эки элдин ортосундагы жараканы кайра бекитүү максатында 2011-жылды "Улуттар аралык мамилени, ынтымакты жана достукту чыңдоо жылы" деп жарыялады. Сиз жетектеген чыгармачылык топ, анын алкагында кандай багытта кандай иштерди алып барууда?
- Акыркы маалыматтарга карап көрсөк, Ош шаарында жашаган калктын бир бөлүгүн өзбек улутундагы адамдар түзөт. Калктын ушул бөлүгүнүн теле берүүлөргө болгон талабын канааттандыруу үчүн программаларды түштүктүн менталитетине жараша жасоого аракет кылабыз. Бир өлкөдө, бир аймакта жашагандан кийин, баарыбыз бири-бирибиздин маданиятыбызды, тилибизди сыйлоого, аны урматтоого үйрөтүшүбүз керек. Бул багытта биздин теле компанияда атайын долбоорлор иштелип чыгып, атайын берүүлөр көрсөтүлүүдө.
Бул жерде бир нерсени белгилеп өтүшүбүз зарыл. Кийинки мезгилде бизге өзбек улутундагы көрүүчүлөр да кайрыла башташты. Алардын арасында Ош шаарындагы жаңылыктарды кыргыз тилиндеги берүүлөр аркылуу калтырбай көргөндөрү бар. Улуттар аралык мамилени мына ушундай программалар аркылуу чыңдап берип жатабыз. Бизде теле берүүлөрдүн баары жалаң гана кыргыздар жөнүндө болушу керек деген сөз жок. Бирок, түпкүлүктүү элдин тилин, маданиятын экинчи планга калтырып коюу да туура эмес болуп калат. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди өзгөлөр сыйлайбы?.. Адегенде биз өзүбүздү сыйлашыбыз зарыл, ошондо гана башка улуттар да кыргыз элин сыйлайт.
- Ош коогалаңы болуп өткөнүнө бир жылдан ашты. Эки элдин ортосуна от жаккан, жүздөгөн адамдардын канына забын болгон адамдарды даңазалоого жол берген мурдагы жетекчилер шаар бийлигине күнөө тагып, айрым учурда сизди да аралыштырып жиберишүүдө. Анын канчалык даражада чындыгы бар?
- Ал сөздүн чындыгы жок. Масштабы абдан чоң июнь трагедиясынын окуясынын келип чыгышына чакырык таштаган мурдагы жетекчинин мындай аракетин тек бет тырмоочулук деп түшүнүү зарыл. Телеканалдын жамааты бир топ жыл элемантардык шарты жок эки бөлмөлүү үйдө иштеп келгендиги эсинен чыга элек. Теле берүүнүн түпкүлүгүндө комментариясы жок берүү деген түшүнүк жок. Ал деген ошол компаниянын жетекчисинин жоопкерчиликти өзүнөн оолакта-тууга жасаган аракети болгон.
Расмий документтер анын компанияны басып алды деген дооматтын негизсиз экендигин, компаниянын акциясын өз ыктыяры менен саткандыгын далилдеп турса да,
океандын ары жагынан бул жалган фактыга саясий түс берүү менен эки улутту бири-бирине кайрадан кайраштырууга умтулган аракетине мезгил калыс баасын берет. Бул жерде менин дарегиме туура эмес айтылган сын чындыкка дегеле окшошпойт.
Төлөнбай АБДРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика