Кыргыз гезиттери



  Экономикалык алаканын акыбети

Кыргыз-казак инвестициялык фонду иштей баштады
23-июнда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектеген министрлердин, ишкерлердин Казакстандын ири компанияларынын башчылары менен жолугушуусу болду. Анда Кыргыз-казак инвестициялык фондун иштетүү маселеси талкууланды.

Жыйынды ачкан Өмүрбек Бабанов: "Эки тарап инвестициялык фондду ачып иштетүү тууралуу үч жылдан бери эле сүйлөшүп келүүдө. Аны ишке ашырууга бүгүнтөн баштап батыл киришели. Бизде кайсыл тармакта кандай иштешүүнүн долбоорлору иштелип чыкты. Бүгүн топторго бөлүнүп, алардын бетачарын ачып, талкуулайлык. Биргелешип кандай иштерди алып барарыбызды аныктайлы", - деди. Ал инвестициялык фондунун иштеши үчүн атайын кеңсе бөлүнүп берилгендигин, бир нече долбоор талкууланып жаткандыгын билдирди. Негизинен Энергетика тармагында, тоо-кен өндүрүшүндө, "Кристалл" сыяктуу иштебей турган заводдорду ишке кийирүүдө, туризм, тейлөө жактарында биргелешип инвестиция жумшап иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигине басым жасады.
Казак делегациясынын атынан сүйлөгөн "Самрук-Казына" АКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айдан Карибжанов казакстандык чоң компаниялардын жетекчилери биргелешип иштөө үчүн келишкендигин, Казакстанда да кризистик кырдаалдар болгону менен, андан чыгып, өнүгүүгө бет алышкандыгын, ылайыктуу долбоорлорго инвестиция жумшоого даяр экендиктерин билдирди.
Таанышуу расмиси өткөндөн кийин өнөктөштөр топторго бөлүнүшүп, министрликтерде долбоорлордун бетачары өткөрүлдү. Алсак экономикалык тескөө министрлигинде иштебей турган "Кристалл" заводун сатуу боюнча 8-июлда өтө турган ачык конкурска катышуу "Самрук-Казына" АКсына сунушталды. Бетачарда маалымдалгандай, учурда завод иштебейт. Аны ишке киргизүүгө 300 миллиондон ашык доллар керектелет. Анын ичинде 65 млн. доллар эски жабдыктарды жаңылоого жана өндүрүштүн кубаттуулугун арттырууга жумшалат. Бул конкурска катышууга төрт компания оюн билдирген. Чет элдик алты компания катышабыз дешкени менен тийиштүү документтерди жөнөтүшө элек.
Ал эми энергетика министрлигинде өткөн бетачарда "Датка-
Кемин", "Кемин-Казакстан" жогорку чыңалуудагы линияларын куруу жагы казакстандык "КЕГОК" АКсы аркылуу куруу иштери сүйлөшүлүп такталды. Казакстандыктар Нарындын жогорку куймаларына чакан ГЭСтерди куруу ниеттерин билдиришип, тийиштүү маалыматтарды алышты.
Кыргызстан электр энергиясы тармагында биргелешип иштесе, ал Казакстандын рыногуна, Бажы союзуна мүчө мамлекеттерге чыгуу экендигин "Самрук-Казына" АКнын башкармалыгынын директору Алмасадам Саткалиев баса белгиледи. "Мында чоң потенциал бар. Кыргызстан Казакстан аркылуу Россияга электр энергиясын чыгарса болот. Ал тургай буга россиялык инвесторлор өздөрү кызыгышат", - дейт ал.
"Казактелеком" ААКсы сатууга коюла турган "Кыргызтелеком" ААКнын, "КыргызМобайлКомпаниянын" 51% акцияларын сатып алууга аукциондук конкурска катыша тургандыктарын билдиришти. "КыргызМобайл" компаниясынын 1-сентябрда өтө турган аукционуна катышуу чечимин чет өлкөлүк 69 компания билдирген, ага эми Казакстандан да кошулду. Ошондой эле жаратылыш ресурстары министрлигинде казакстандык "Самрук-Казына" АКнын өкүлдөрү Нарындын Кара-Кече көмүр кенине ТЭЦ куруу жагын сүйлөшүштү. Бул маселе министрликтердин жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүлмөк болду.
Ысык-Көл облусундагы "Тамчы" аэропортун реконструкциялоо, туристтик алакаларды чыңдоо сыяктуу бир нече сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Инвестициялык фондду түзүүгө 100 миллион доллар бөлүнүшү айтылган. Анын өлчөмүндө иш жүргүзүү үчүн өз ара келишимдер түзүлүп, өндүрүштүн иштеши күтүлгөнү жолугушуудагы иштиктүү келишимдерди түзүү аракеттеринде көрүнүүдө.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Жаңы төлөмдөр: ыраазылык

Чечкиндүү кадам катары Бааланууда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик мекемелеринде эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча аракети ишке ашып, алар алгачкы эмгек акыларын алышты. Биз жакында Ош облусунун алыскы Кара-Кулжа районунда болуп, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Примберди Дыйкановго жана айрым мектеп директорлоруна жана жаш мугалимдерге жолугуп, алар менен билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жаңы төлөмдөрдүн негизинде берилген эмгек акылары тууралуу кыскача маектештик.

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Дыйканов:
-Биздин райондун мектептеринин мугалимдери, мектепке чейинки мекемелеринин жана мектептен тышкаркы мекемелеринин кызматкерлери 2011-жылы май айынын айлыктарын толугу менен жаңы төлөмдөрдүн негизинде алып бүтүштү. Тактап айтканыбызда, район боюнча кепилденген эмгек акы 16 598 101, ал эми дем берүүчү фонд 1 659 810 сомду түзүп, район боюнча алганда айлык фонду 18 млн. 258 миң сомго жетти. Райондун билим берүү тармагынын кызматкерлери алардын татаал эмгегин эс алуу менен, маянаны көбөйтүү максатында ири суммадагы каражатты таап бергендиги үчүн мамлекет жетекчилерине ыраазылык билдирип, өз ишине мындан ары жоопкерчилик менен мамиле жасайт деп ишендирет.
Сайдилканов атындагы автордук мектептин директору Орозалы Сайдилканов:
- Биздин мектепте туруктуу иштеген мугалимдердин жалпы саны 30. Айрым мугалимдер маянасы колго тийгенге чейин ишенип-ишенбей да турушту. Нааразы болгон эч ким болгон жок, баары эле кубанды. Биздин мектепте эң алдыңкы айлык алган Айнагүл Матисакова деген мугалим болду. Анын маянасы 20 миң сомго жетти. Ал эми Дилбар Садыкова деген мугалимдин маянасы 17 миң сомду түздү. Менин мурдагы айлыгым 7000 сом эле, азыр ал 16 миң сомго жетип, колума 13 миң сом алдым.
Учурдан пайдаланып, жаңы жобого ылайык мектептерге өз алдынчалуулук бергендиги тууралуу айта кетүүнү туура көрдүм. Ага ылайык мектептин өзүндө түзүлгөн усулдук бирикмелер эксперттик кеңешке сунуш кылат. Эксперттик кеңеш тажрыйбасы көп, категориясы жогору мугалимдердин эмгегин эске алуу менен аларга дем берүүчү фонддун эсебинен аларга кошумча төлөмдөрдү берүүгө укуктуу. Бул билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, сабактан тышкары иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Менин оюмча мугалимдерге эмгек акыны ыйгаруунун системасы абдан туура болду. Маселен, мурда сабакка даярдыкка, усулдук чыгармачылык иштерге катышкандыгы үчүн акы төлөнбөйт болчу. Эми мугалимдин бул багыттагы эмгеги да эске алына турган болду.
Э.Осмонов атындагы орто мектептин жаш мугалими Света Жумашова:
- Мен жогорку окуу жайын бүтүп, сентябрда жумушка орношуп, жумасына 23 саат окуттум. Айлыгым 1760 сом экен. Ырасын айтайын, ишке көңүлүм чаппай калды. Үч ай иштеп, мектептен чыгып кеттим. Үчүнчү чейректен тартып ошол саат менен кайра иштей баштадым. Май айы үчүн алган айлыгымдын суммасы 6700 сомду түздү. Бул сумма 1760 сомго салыштырмалуу абдан эле көп да.
Бурул Жалилова жана Элнура Исмаилова деген жаш мугалимдерге кайрылганыбызда алар да май айында ушул суммадагы маяна алгандыгын айтышып, ишке болгон кызыгуулары артып, мамлекетибиз өз башынан кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жаткандыгына карабастан аларга каражат таап берүүгө чечкиндүү кадам жасагандыгына ыраазылыгын билдиришти.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.: