Кыргыз гезиттери



  Тилибиз - биздин дилибиз

Роза ОТУНБАЕВА:
"Этностордун мамлекеттик тилди билүүсү - өлкөнүн
турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет"
Кыргыз тили мекенибизде улуттар аралык тил болууга тийиш. Бирок мындан эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Болгону гана мамлекеттик тил - Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элдин ымаласын, ынтымак-ырашкерлигин чыңдаган көпүрө тил болуусу кажет жана кыргыз тили - кыргыздардын гана тили эмес, мамлекеттик тил катары окутулушу керек.
Бул тууралуу КРнын Президенти Р.Отунбаева "Борбордук Азиядагы азчылыктардын укуктарын илгерилетүү - коомдук турмушка натыйжалуу катышуу" аталышындагы аймактык конференцияда айтты.
- Советтер Союзу урагандан кийинки түзүлгөн мамлекеттердин дээрлик бардыгында тил саясаты абдан курч маселелерден болуп саналат. Бул проблема биздин коомдо да карама-каршылыктуу талаш-тартыштарды туудуруп, өтө эмоционалдуу талкууланган учурлар арбын. Биз көпчүлүк учурда бул маселени мамлекеттин саясатына такап коебуз. Анткен менен бүткүл дүйнө жүзүндө балдарынын келечегин аныктаган ата-энелердин ролуна көбүрөөк басым жасалат. Мамлекеттик тилди билүү өлкөнүн турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтээри шексиз. Кыргыз тили кыргыздардын тили катары эмес, мамлекеттик тил катары окутулушу керек. Биз тилди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик платформа иштеп чыгабыз. Бул жөн гана куру сөз эмес, окутуу усулдарын иштеп чыгуу, билим берүү системасына дүйнөлүк мыкты практиканы киргизүү боюнча иштер аткарыла тургандыгын баарыбыз түшүнүүбүз зарыл. Тил маселесин саясатташтыруунун кажети жок. Биз мамлекеттик тилдин ролуна жаңыча көз карашта мамиле кылып, ошол эле учурда башка этностордун тилдеринин маанисин басмырлабашыбыз керек, - деп баса белгиледи Президент.
Ушул жылдын 18-июнунда Бишкекте Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кезексиз курултайы болуп өткөндүгүн, анда аймактардан келген 800 делегат республиканын андан аркы өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулагандыгын айтты. "Курултайдын катышуучулары Этностук саясат жана коомду баш коштуруу концепциясын жактырышты. Эми биз аны иш жүзүнө ашырууга батыл киришүүбүз керек", - деген мамлекет башчысы бүгүнкү күндө парламенттеги орундардын 15 пайызы ар кыл этностук топторго бөлүнгөндүгүн айтты. Анткен менен башка улуттун өкүлдөрү армияда жана укук коргоо органдарында азырынча азыраак кездешүүдө. Ал эми ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Элчи Эндрю Тесорьер Кыргызстандын жетекчилигине бул иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүнө ыраазычылык билдирди.
- Бул конференция коомчулуктун региондогу улуттук азчылыктар дуушар болуп жаткан маселелерге көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк берет. Биз баарыбыз толук кандуу заманбап коомду улуттук азчылыктардын укуктарын эске албай туруп кура албай тургандыгыбызды түшүнүп турабыз. Кыргызстанда болуп өткөн былтыркы окуялар этностор аралык мамилелердеги жана улуттук азчылыктардын интеграциялануусуна байланышкан маселелерди чечүүгө чечкиндүү киришүүгө аракеттер жумшалышы керектигин айгинелеп турат. Бул конференциянын Бишкекте өткөрүлүп жатышы бизге өзгөчө жагымдуу болуп турат, анткени өлкөнүн бийлиги проблемаларга көз жумбай, аларды чечүүгө болгон ынтызарлыгын көрсөтүүдө, - деди Эндрю Тесорьер.

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Аталарга таазим

Кыргызстанга 200 миң адам, ири 30 завод көчүрүлгөн
- Биз азыр Советтер Союзун калыбына келтире албайбыз, бирок, бирдиктүү экономикалык аймакка, бажы кошунуна бириге алабыз. Жок дегенде биздин муундун убагында Улуу Ата Мекендик согушта жеңишти камсыз кылган көзү тирүү ардагерлерибиз мурдагы союздун аймагында тоскоолдуксуз өтүп, өздөрү кан майданга катышкан жерлерди көрүп келишсин, эскеришсин, - деди КРнын премьер-министри Алмазбек Атамбаев.
- Республикабыздагы согуш арадагерлери бери дегенде Москвага, Минскиге чейин каттап алышсын. Мына ушул үчүн да биз мүмкүн болушунча тезирээк Бажы биримдигине өтүшүбүз керек.
Өкмөт башчысы мындай пикирин 22-июнь күнү Бишкектеги "Орус китептеринин үйү" маданий борборунда өткөн "Биримдик камсыз кылган жеңиш: "Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына 70 жыл" аталышта өткөрүлгөн тегерек үстөл жыйынында билдирди. Жыйынга РФнын Президентинин башкармалыгына караштуу чет мамлекеттер менен кызматташуу жана маданий байланыштары боюнча жетекчиси Сергей Винокуров баштаган расмий өкүлдөр, тарыхчы окумуштуулар, республикабыздын согуш ардагерлери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.
- Советтер союзуна каршы стратегиялык чабуулдарды иштеп чыгууда Гитлер көп улуттан турган, полиэтникалык совет эли өз ара чачырап кетип, туруштук бере албай калат деген ишенимде болгон. Фашисттик машинанын кыйраткыч күчү өз максатына жетет деп ойлогон. Жашыруун жыйындарында караган маселелери азыр дүйнө коомчулугуна ачыкталып жатат.1940-жылдын 21-июлунда Германиянын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгын чогултуп, А.Гитлердин катышуусунда Чыгышка карата чабуул планын талкуулашкан. "Биз Россияны канчалык тез кыйрата алсак, ошончолук жакшы. Эгерде бир күчтүү чабуул менен бүтүндөй мамлекетти талкалап жок кылсак, анда артынан дагы кошумча операцияларды жасайбыз. Аны 1941-жылы март айында баштайбыз. Операциянын узактыгы беш айга созулат" - Гитлер өзүнүн аскер командачылыгына ушундай тапшырма жүктөгөн болчу", - дейт Сергей Винокуров.
Бүткүл дүйнөгө Гитлердин фашисттик армиясынын "Барбарос" планы деген директивасы белгилүү. Ал план боюнча Советтер Союзу бир чакан компаниянын алкагында гана тыптыйпыл болмок... Анын аскердик планынын ушунчалык текебердиги, совет элинин мүмкүнчүлүгүн баалап билбестиги таң калтырат. Ошол каардуу кармашта көп улуттуу совет эли массалык баатырдыкты көрсөтүшүп, Ата Мекен үчүн өз өмүрүн аяшкан эмес. Ошол согушта Казакстандан 1 млн. 360 миң, Өзбекстандан 1,5 млн., Тажикстандан 260 миң, Кыргызстандан 360 миңден ашык адам майданга жөнөтүлгөн. Тактап айтканда 1941-жылдагы өлкө калкынын жалпы санына салыштырмалуу ар бир алтынчы адам майданга кеткен. 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Андан тышкары № 316-панфиловчу мотоаткычтар дивизиясы Москваны кашык каны калганча коргошкону тарых барактарына өчкүс болуп жазылып калды.
Ошол жылдары согуш жүрүп жаткан союздун аймактарынан 200 миңге жакын адамдар көчүрүлгөн. Ири стратегиялык 30 завод көчүрүлүп келип, иштей баштаган.
Сергей Винокуров Кыргызстанга тиешелүү кызыктуу тарыхый фактыны келтире кетти: "1943-жылы кыргыз эли фронтто фашисттик гитлерчилер менен кармашып жаткан жердеш солдаттарына кайрылып аскердик заказ жолдошконбу, - дейт ал. - Ошол кайрылууга 700 миңден ашык ооруктун эмгекчилери кол коюшуптур".
Ата Мекендик согушта Советтер Союзу боюнча 26 млн. адам каза болгондугу айтылып жүрөт. Мына ошол согуш талааларында калган көп миллиондуу өмүрлөр, дүйнө жүзүндөгү элдерди фашисттик кыргындан арачалап алып калгандыгын тарых тастыктаган.
Тилекке каршы, мурдагы социалисттик түзүлүштө жашап келген кээ бир өлкөлөрдө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына, белгисиз солдаттардын эстеликтерине карата мамилелер өзгөрдү. Эстеликтерди томкоруп алып салган фактылар кездешүүдө. Ал эми Кыргызстанда Ата Мекендик коргоочуларга болгон урмат жыл өткөн сайын артып бара жатат. Ага мисал катары улам жаңы эстеликтердин ачылышын айтсак болот.
Жыйындын катышуучулары совет элинин эбегейсиз эрдиктери тууралуу мисалдарын тарыхтын тили менен далилдеп жатышты.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.: