Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0624_24.htm on line 2


п»ї
Элдияр төрагада болду
Жаш спортчу (таэквандочу) Элдияр Касмамбетов ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибековдун кабыл алуусунда болду.
"Мен спорт менен жаштарды коомдогу бир бүтүн нерсе катары кабыл алам. Спорт эл аралык достукту, карым-катнашты чыңдап турган маанилүү курал. Ошондуктан мамлекет жаштарга жана спортко колдоо көрсөтүүнү көз жаздымда калтырбашы керек", - деди төрага А. Келдибеков.
Ал эми таэквандо менен машыккан спортчулардын жетишкендиктери, ошол эле учурда алардын муктаждыктары жөнүндө сөз учугун улаган Элдияр Касмамбетов парламент башчысына келечек максаттары, өз чөйрөсүндөгү жаштардын коом менен болгон байланышы жөнүндө айтып берди.
А.Келдибеков жаш спортчунун келечегине ийгиликтерди каалап, спортко кам көрүү аркылуу жаштарды ар тараптуу колдой тургандыгын билдирди.

Губернатордун кубогу өтөт
Кыргызстандын тай бокс боюнча федерациясы Ысык-Көл облусунун губернаторунун кубогу үчүн эл аралык турнир уюштурууда. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Елена Шевченко билдирди.
Анын айтымында, турнирде биздин федерациянын эң мыкты спортчулары чогулат. Анын жыйынтыгы боюнча, сентябрь айында Ташкентте өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуучу Кыргызстандын курама командасы аныкталат.
Иш-чара 25-июндан 28-июнга чейин Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында өтүп, ага Россиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан спортчулар катышмакчы.

Жогорку Кеңештин биринчилиги
25-26-июнда Жогорку Кеңештин кичи футбол боюнча биринчилиги өтөт. Иш-чарага эки топтон турган 13 команда катышат.
Бир топ ЖКнын депутаттарынан турса, каршылаш командада депутаттардын жардамчылары жана Аппараттын жумушчулары болмокчу.
Биринчиликтин соңунда жеңүүчүлөр атайын дипломдорго жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат.

Япония 850 миң АКШ долларын бөлөт
Япония өкмөтү Кыргызстандагы дзюдо спортун өнүктүрүү үчүн КРнын дене тарбия жана спорт агенттигине 850 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык жардам бөлөт.
Ал эми бул каражатка Бишкектеги жана Токмоктогу спорт залдарына жаңы жабдыктар алынмакчы.

Чемпионат болот
22-31-июлда Сингапурда жел кайыктардын жарышы боюнча Азия чемпионаты өтөт.
Жел кайык боюнча КРнын федерациясынан билдиришкендей, буга Кыргызстандын атынан Антон Еременко менен Максим Фирсов ат салышмакчы.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.:










??.??