Кыргыз гезиттери



  Сындайт десе эле...

Сырттан бычылган чечим
же судья А.Сатарованын мамлекеттик тилди чанганы
Адатта, окурмандарыбыз бизди: "Сын жазбайсыңар, өкмөттүк гезит болгондон
кийин ачуу чындыкты жазып, бийликтегилерди, кызмат адамдарынын аракетиндеги терс көрүнүштөрдү гезит бетинен сындап турсаңар, окурмандардын кызыгуусун арттырат эле", - деген мүнөздөгү дооматтарды коюп келишет. Албетте, жаандан кийинки жабыраган козу карындай болгон менчик гезиттер сыяктуу өкмөттүк гезит уккандын баарын эле жаза бербейт. Анткени "Кыргыз Туусуна" чыккан ар бир сындын артында адам тагдыры, анын аброю, кадыр-баркы тургандыгын да эстен чыгарбашыбыз абзел.
Анан калса, биздин гезитке сын макала чыгары менен эле айрымдар сотко берген учурлар да көп кездешет. Ошондуктан биздин гезитте бирөөнү шыбаган сындар өтө эле сейрек. Ошентсе да айрым сын материалдар гезит бетине чыгып кеткенден кийин соттук териштирүүлөр болгондугун, анда "Кыргыз Туусу" басма үйү туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн доого кириптер болгон учурларын да белгилей кеткенибиз оң.

Компьютер күнөөлүүбү?..
Бишкек шаарындагы Биринчи
май райондук сотунун судьясы А.Сатарова 2010- жылдын 16-сентябрындагы чечими менен доогер К.Мамыровдун "Кыргыз Туусу" гезитине болгон доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, "Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясынан доогер К. Мамыровдун пайдасына 15000 (он беш миң) сом моралдык зыян (компенсация эмес), 15250 (он беш миң эки жүз элүү) сом материалдык зыян өндүрүлсүн деген чечим чыгарыптыр.
Ал эми ушундай мазмундагы чечим бар экенин "Кыргыз Туусу" басма үйү 2011-жылдын 6- апрель күнү Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу Р.Б. Укуев чечимди ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш алып келгенде гана билди. Эмнегедир 2010-жылдын 16-сентябрында чыккан чечим "Кыргыз Туусу" басма үйүнө жөнөтүлгөн эмес. Ошентип сот тарабынан КРнын ЖПКнын 215-статьясынын талаптары одоно түрдө бузулган.
Ошондой эле аталган чечимдин экинчи бетиндеги экинчи абзацта "Сот, жоопкер - " Кыргыз Туусу" газетасынын редакциясынын 7-мая 2010-жылдагы ишеним каты аркылуу аракеттенген окулу А. Насирдинов, сот отурумунун орду жана убактысы жонундо тийиштуу турдо маалымдалып, сот отурумуна келип, бирок сот отурумуна белгисиз себептер менен катышпай кетип калгандыгына байланыштуу", - деп жазылган. Жогорудагы цитатаны оңдобостон келтирдик. Анткени аталган чечимдин турпаты толук ушундай жазылган.
Ушул жерде такташып алчу бир нече маанилүү учурлар бар. Андыктан урматтуу төр-
айымдык кылган сот А.Сатарова "Кыргыз Туусу" басма үйү тарабынан 2010-жылдын (7-мая эмес) 17-майында А. Насирдиновго берилген ишеним кат "Кыргыз Туусу" гезитинин атынан эмес, "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн атынан берилгенине кичине көңүл буруп, окуп койсо болмок экен. Ооба, "Кыргыз Туусу" деген аталыштагы гезит болгону менен ал өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелбейт. Ошондуктан сотко жоопкер катары тартылганга да мыйзамдуу укугу жок.
Анткени "Кыргыз Туусу" гезити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 токтому менен "Кыргыз Туусу" басма үйү болуп кайра түзүлгөндөн тартып юридикалык тарап болуп эсептелбейт. Ошол токтомдун 1-пунктунда "Кыргыз Туусу" басма үйүнө ... бир аталыштагы күн сайын чыгуучу жалпы улуттук газетаны, башка мезгилдүү басылмаларды чыгаруу жүктөлгөн. Ошондуктан бул жерде жоопкер катары аталган токтомдун 6-пунктуна ылайык юридикалык тарап болуп эсептелген "Кыргыз Туусу" басма үйү тартылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми бул иште болсо, "Кыргыз Туусу" гезити туура эмес жоопкер болуп калууда.
"Кыргыз Туусу" гезитине жарык көргөн ар кандай материалдар үчүн сот алдында же башка мамлекеттик органдар алдында "Кыргыз Туусу" басма үйү юридикалык тарап катары жоопкер болууга дайым даяр. Бир гана өтүнүч бардык маселелер мыйзамга ылайык чечилсе.
Кыргызга "кыргызча" котормочу
Эми "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн өкүлү
А.Насирдиновдун сот отурумуна катышпай калган белгисиз себептер жөнүндө. Ооба, 2010-жылдын 16-сентябрында мыйзамды урматтаган жаран катары көрсөтүлгөн убакта сотко келгенмин. Бирок маселенин түпкү маңызы башкада. Доо арызын кароону баштап, катышуучулардын өздүгүн тактаган соң, судья А.Сатарова катчысына котормочу таап келүүнү буюрду. Албетте, менде мыйзамдуу суроо пайда болду. - Доогер кыргыз болсо, арыз мамлекеттик тилде жазылса, жоопкер кыргыз болсо, талашка түшкөн макала мамлекеттик тилде жарык көрсө, анан кимге котормочу керек? Менин таң калган суроомо судья А.Сатарова:
- Котормочу мага керек, анткени ишти кароо орус тилинде жүрөт, - деп балп эттирди. Судьянын мамлекеттик тилди билбейм, ошон үчүн ишти кароону орусча алып барам, - дегенине, - мен макул эмесмин, ошондуктан сизге ишенбеймин, доо арызды кароону мамлекеттик тилди билген башка сотко өткөрүп бериңиз,-деп оозеки түрүндө, ишке катышуучулардын көзүнчө КРнын ЖПКнын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө таянып өтүнүч келтирдим да, чечим кабыл алуусун сурандым. Судья А.Сатарова жалгыз калып, аныктама чыгаруунун ордуна, тыныгуу жарыялап, бизди өз бөлмөсүнөн чыгуубузду талап кылды. Мен судья Сатарованын жасаган ишинен калыстык болбой турганын түшүндүм да ишке катышпайм деп айтып коюп кеттим.
Ошондуктан талашка түшүп жаткан макала кыргыз тилиндеги кыргыз тилдүү гезитке кыргызча жазылып жатса, Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Сатарова доо арызды орус тилинде карайм, кыргызча билбейм дегенин кандай түшүнсө болот. Макаланын түп нускасы мамлекеттик тилде жарыялангандан кийин, маани-маңызы бурмаланбастан доо арыз да мамлекеттик тилде каралып, чечим да кыргызча болсо жакшы болмок. Бул "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн эле эмес, Кыргыз Республикасынын "КЫРГЫЗ" деген атын алып жүргөн түпкүлүктүү элдин да Конституциялык укугу. Улутту, тилди басмырлоого жол бербөө соттордун да ыйык милдети. Кантсе да намыстанганбы же бирөө жазып бергенби, айтор чечимди эптеп-септеп кыргыз тилинде чыгарыптыр. Ушунусуна да ыракмат.
Ошондой эле аталган чечимди судья А.Сатарова 2010-жылдын 16-сентябрында чыгарганы да күмөндүү. Муну ишке 2010-жылдын 19-сентябрындагы тил катты тиркеп (50-бет), 20-сентябрда кол коюлган актыны далил катары пайдаланганы эле айтып турат. Ошондой эле аталган жарандык ишти кароодо судья А.Сатарова тарабынан процессуалдык тартип бузууга жол берилгендиги үчүн да аталган чечим бузулуп, кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна башка курамда кароого жөнөтүлүшү керек. Далилдери: 2010-жылдын 16-сентябрындагы (эгерде чын болсо) чечимди жоопкерге жөнөтпөгөндүгү, 2010-жылдын 19-сентябрында жазылган тил катты ишке далил катары тиркегени, 2010-жылдын 20-сентябрында А. Насирдинов ишке катышпай койду деп акты жазып жатканы, сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөн факты соттун протоколуна чагылдырылбаганы жана ал боюнча ишенимдүү аныктаманын жоктугу.
Андан да кызыгы аталган чечимге 2011-жылы 18- апрелде Биринчи май райондук сотуна тапшырылган кассациялык даттануу ушул күнгө чейин шаардык сотко кароо үчүн жөнөтүлбөгөнү. Ал даттануу ошондон бери судья А. Сатарованын колунда турат. Шылтоосу эле аталган чечимге даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчүн доогердин катышуусунда караш керек экен. Эгер доогер келбей же даттанууга кайчы пикирин билдирбей койсочу, анда биздин даттануу да каралбай жата береби? Же КР ЖПКнын 337-6, 337-7 статьяларын жетекчиликке алып, даттанууну Бишкек шаардык сотунун кассациялык инстанциясына жөнөтүп коюшабы?
Дегинкиси бизди шыктандырганы Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 2011-жылдын 16-июнундагы басма сөз жыйынында мамлекеттик тил боюнча ачык айткан айкын позициясы болду. Анда Прези-
денттин: "Кимде-ким Кыргызстандын турмушуна активдүү катышам десе... тилди үйрөнүшү керек. Бул мамлекеттик тил",- дегенин кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген айрым сотторубуз да кулактарына күмүш сырга кылып тагып алышса жакшы болбойт беле.
Аскарбек НАСИРДИНОВ,
"Кыргыз Туусу"








Ё "Кыргыз Туусуна" жарыяланды эле
Көпүрөнүн курулушу келерки
жылы ишке ашырылат
"Кыргыз Туусу" гезитинин № 27-санында жарыяланган "Сары-Камышты сарсанаага салган маселелер көп" аттуу макаладагы 6-, 7-беренелериндеги көтөрүлгөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Өрнөк айылынын Сары-Камыш айылына өтүүчү Көкөмерен суусундагы узундугу 84 метрлик жыгач
көпүрөнүн авариялык абалында тургандыктан, кырсык коркунучу пайда болушу жана эки айылдын ортосундагы 25 чакырым жолдун өтө жаман абалда экендиги тууралуу бир топ кат-кабарлар келип түшкөн, алар:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин интернет сайтына жиберилген кат боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жооп каты жөнөтүлгөн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жарандардын кайрылуулары боюнча иштөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Дадиевдин тапшырмасы боюнча Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары Т.Рыспаевдин, Б.Куловдун дарегине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жооп каты жөнөтүлгөн.
3. Жогоркудагы маселелер боюнча Өрнөк айыл тургундары О.Шоруковага, П.Карыпбековго ж.б. тургундарга, көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жооп каты жөнөтүлгөн.
4. Ушул эле маселелер боюнча Өрнөк айыл тургундары О.Шоруковага, П.Карыпбековго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комитеттин төрайымы Д.Ниязалиевага жооп каты жөнөтүлгөн.
Ушундай эле маанидеги кат боюнча Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары Т.Рыспаевдин, Б.Куловдун дарегине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Абдылдаевге, көчүрмөсү Нарын облустук мамлекеттик администрациясына жооп каты жөнөтүлгөн.
Макаланын 6-беренесинде көрсөтүлгөн "Көкөмерен" суусундагы узундугу 84 метрлик жыгач көпүрө 1971-жылы курулуп, Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылы менен Токтогул районунун Сары-Камыш, Котур-Суу, Таалга, Кең-Суу жана Кызыл-Коргон айылдарын байланыштырган маанилүү көпүрө болгону менен анын эскилиги жетип, оңдоого же кайрадан курууга көп акча каражаты талап кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын 2011-жылга бюджеттин чектелишине байланыштуу, долбоорлоо-эсептөө документтери азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыздортранспроект" долбоорлоо институтуна даярдоо тапшырылып, министрлик тараптан 2012-жылдын титулдук тизмесине киргизилүү менен ишке ашырылмакчы.
Ал эми, ушул эле макаланын 7-беренесинде көрсөтүлгөн Өрнөк айылын Сары-Камыш айылы менен бириктирип турган 25 чакырым жол Жумгал районундагы № 24 Жол тейлөө ишканасынын балансында турат. Бул жол V-техникалык категориядагы шагыл төшөлбөгөн жана эч кандай курулуш нормалары сакталбастан салынгандыктан, тез эле бузулууга дуушар болууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, аталган жолду учурдагы оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү менен (жолдун үстүн автогрейдер жана бульдозер менен тегиздөө ж.б.) чектелип, толук оңдоо иштери 2012-2013-жылдардын иш пландарына киргизилип, ишке ашырыларын билдирет.
Э.ИСАКОВ,
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.: