"Кыргыз туусу", 24.06.11 Дабагер дарыгерге эл ыраазы
Адам ооруп врачтарга кайрылганда алардын мамилелерине карап айыгарына ишенич артат. Кагып-силкпей, илбериңки жумшак, адамгерчиликтүү кызмат көрсөткөндөрүнө карап көнүлүң көтөрүлүп калат эмеспи. Ошондой өз кесибине жоопкерчиликтүү караган дасыккан дарыгер Динара Сактанбекова Бишкек шаарынын №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда врач-терапевт болуп эмгектенет. Ооруган учурда гана жардам бербестен,
участкасындагыларды бирин калтырбастан тизмеге алып, ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүп, медициналык кароолордон өткөрүп турат.
Ооруп калгандарга, оорусу катталгандарга тажрыйбалуу врач катары колунан келген жардамдарын берип, дарылануу улана турган болсо кимге кайрылуу керектигин, кайда баруу тууралуу кеңештерин, сунуштарын айтып турат. Мындай жоопкерчиликтүү ишине эл ыраазы. Элдин сыйына, сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Динара Жоробековна тажрыйбалуу врач гана эмес, беш баланы татыктуу тар-биялаган мээримдүү эне, сүйүктүү өмүрлүк жар.
Мединститутту бүтүп, чейрек кылымдан ашык эмгектенген үзүрлүү эмгеги жогору бааланып,"Кыргыз Республикасынын медицинасынын отличниги" медалы менен сыйланган. Жогорку категориядагы дарыгер жыл сайын кесибин жогорулаткан атайын курстардан окуп, заманбап техникаларды өздөштүрүп, врачтык чеберчилигин арттырып, оорулууларга жакындан жардамын берип келүүдө. Ишине, үй-бүлөсүнө ийгилик каалайбыз.
Тамара КАРАЧАЛОВА,
Бишкек шаары




  Жолугушуу

Мамилени тереңдетүүгө негиздер бар
23-июнда КРнын Президенти Роза Отунбаева Пархат Турду жетектеген Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келген делегация менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Кытайдын, анын ичинде республиканын облустары менен Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун бир катар маселелери талкууланды.

Пархат Турду бул иш сапар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө, билим берүү, маданият, туризм, медицина, агартуучулук иштери жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында жасалып жаткандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, делегация Жалал-Абад жана Талас облустарында болду, ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарына да барып, байланыштарды арттыруу максатында бир катар жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.
Президент Роза Отунбаева кыргыз-кытай мамилелери жакшы нукта өнүгүп жаткандыгын белгиледи. "ШКУнун мааракелик саммити учурунда биз КЭР Төрагасы Ху Цзиньтао менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, өз ара пайдалуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде - автожолдорду куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири долбоорлорду талкууладык. Кытай тарап бизге грант түрүндө 100 млн.юань бере турган болду, аны Өкмөт жолдорду курууга пайдаланмакчы. Биздин мамилелерибизди тереңдетүү үчүн жакшы потенциалыбыз бар жана аны толук кандуу ишке ашырышыбыз керек, анын ичинде - өлкөлөр ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн жогорулатуу зарыл", - деди Р.Отунбаева.
Жолугушууга катышкан Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жылына 700 кытай студенттери өлкөнүн ЖОЖдорунда тил үйрөнүү курстарында билим алыша тургандыгын маалымдады. Ошондой эле ШКУ алкагында университеттер ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу жетишилгендигин жана магистрлик адистик боюнча бирдиктүү программа менен ишке ашырыла тургандыгын билдирди.
Анара АРЗЫБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"