"Кыргыз туусу", 24.06.11
  Конкурска

Чакан бизнес арымын арттырууда
Өлкөбүздөгү оош-кыйыш жагдайлардан улам, экономикабыз өнүкпөй, эл чарбасына көңүл бурулбай, кыйла артта калдык деп, кейимиш болгондор арабызда кездешээри жашыруун эмес. Бирок, канчалык чайпалып, төгүлсөк да, жашоо-турмуш уланып, улам барган сайын аз да болсо алгалап баратканыбызды эч ким тана албас. Мында ишкерчиликти чакан кредиттик каражат менен камсыздап келе жаткан каржылык мекемелердин ролу зор десек болот.

Эске сала кетсек, өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Союз ыдырап, көп сандаган кыргызстандыктар жумушсуз калып, каражат табуунун жаңы жолдорун издеп табууга мажбур болушкан. Дал ошол учурда, республикабызда өзүнүн бизнесин баштоого аракеттенген ишкерлер аз да болсо насыя каражат алып, иш-аракеттерин жүргүзүү зарылдыгынан улам чакан кредит берүүчү каржы уюмдары пайда болгон эле. Алардын алгачкыларынын бири FINCA деп аталган каржылык мекеме майда жана орто бизнесчилерге күрөө кепилдигисиз жана төмөнкү пайыздык үстөк менен насыя бере баштаган болчу.
Аталган каржы мекемеси өзү уюшулган 1995-жылдан баштап, ушул кезге чейин 60 миңден ашуун кишиге 160 млн. сомго жакын насыя берген. Учурда андан пайдаланышкан ишкерлер кыйла эле оңолуп, бизнесин өнүктүрүп жатышканын белгилей кетүү зарыл.
Алардын бири, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кызыл-Суу (Красная-Речка) айылынын тургуну Зарылбек Эстебесов FINCAдан алган насыя каражат менен өз бизнесин өркүндөтүп жатканына күбө болдук. Бул киши эки жылдан бери козу карынды өстүрүп-сатуу менен ишин алга жылдырган бизнесчилердин катарына кошулган.
Эмесе, козу карын өстүрүүнүн технологиясына бир аз токтоло кетели. Козу карын тондун жеңине окшогон сүйрү, сырты целлофан менен капталган тор баштыкчага өстүрүлөт. Ал баштыкчанын ичине адегенде жүгөрүнүн мардеги акшак сыяктуу майдаланып салынат да, ага дан эгининин улпагы жана башка азык болуучу заттар кошулат. Андан соң, ал атайын меште жогорку ысык температурада кайнатылып-бышырылгандан кийин козу карындын үрөнү себилет.
Козу карын өстүрүүнүн айрым жагдайларын билүү максатында жеке ишкер Зарылбек Эстебесовго суроо узаттык.
- Зарылбек, козу карындын үрөнүн кайдан аласыздар?
- Үрөн Кытайдан алынып келинет. Биз аны алып келгендерден сатып алабыз, эрежеге ылайык, баштыкчанын ичине салып өстүрө баштайбыз.
- Ошол сиз өстүргөн козу карын канча убакытта бышып жетилет?
- Баштыкчанын ичин керектүү заттар менен толтуруп, аны ийине жеткире бышырып, ага үрөн салганга чейин үч айга жакын убакыт кетет. Андан соң ошол тор баштыкчанын көзөнөгүнөн козу карын көз жарып, кылтыйып чыгып, бышып жетилгенге чейин дагы үч айча убакыт өтөт. Болгону ушул, анан аны үзүп алып, сата берсе болот.
- Ишти баштоо үчүн адегенде канча каражат насыя алдыңыз жана анын үстөк пайызы канча?
- Албетте, адегенде чоң суммадагы каражат алуудан чочулап, 12 миң сом эле алгам. Кудай жалгап ишим ойдогудай жүрүп кетти. Бир аз ирденип алган соң, акыркы жолу 150 миң сом алдым. Үстөгү 2,5%.
- Эми, козу карындарды сатып өткөрүү жагы кандай болуп жатат?
- Сатып өткөрүү жагы да жаман эмес, анткени, аны сатып ала турган кардарларыбыз бар, андан тышкары, ашкана, кафе, ресторандар сатып алышат. Учурда 1 миңге жакын баштыкчага козу карын өстүрүп жатам, алардын алды кылтыйып өнүп чыгууда. Албетте, мынчалык сандагы козу карынды өстүрүү үчүн кол эмгеги керек. Андыктан аны байкап, сугарып багуу үчүн киши жалдап иштетем. Антпесем өзүм үй-бүлөм менен жетише албайт экенмин. Жалданып иштегендерге күнүнө 250-300 сом төлөп берем.
Ошентип, бул жеке ишкер арымын арттырып, аз да болсо айрым адамдарга жумуш берип, аларга да көмөгүн көрсөтүүдө. Анын айтымында, ар бир баштыкчадан 5 килого чейин козу карын алынат экен. Ошондо эсептеп көрүңүз, 1 миң баштыкчадагы козу карынды 5ке көбөйтсөңүз 5 миң килограмм болот.
Баса, козу карындын баасы жыл мезгилине жараша болот экен жеке ишкердин айтымында. Мисалы, жайкысын 1 кило козу карын 50-60 сомдун айланасында болсо, кышкысын 150 сомго чейин чыгат экен. Ошондо орточо алганда 80-90 сомдон сатылса, 1 миңди 80ге көбөйтсөк, 80 миң сом чыга келет.
Айтмакчы, насыя акчанын айлык үстөгүн төлөп туруу максатында З.Эстебесов помидор, бадыраң, капуста ж.б. жашылча өстүрүп, ошолордун эсебинен пайыздык үстөгүн төлөп турат. Антпесе банкрот болуп калуу мүмкүндүгү бардыгын да Зарылбек Эстебесов жашырган жок.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"