"Кыргыз туусу", 24.06.11
  Биринчи байлык - ден соолук

Тилектери халатындай апаппак
Кесиптердин ичинен эң татаалы да, эң жооптуусу да дарыгерлик кесип экенин жакшы билебиз. Дарыгерлердин кесиптик майрамына карата Ноокат аймактык ооруканасында эмгектенип жаткан медициналык кызматкерлер жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Ноокат аймактык ооруканасын бир топ жылдардан бери, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун мыктысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы дарыгер, хирург, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Асамидин Марипов жетектеп келе жатат. Ноокат аймактык ооруканасынын тазалыгы - кире бериш астанадан башталат. Ар бир бөлүмдүн алдында өстүрүлгөн гүлдөр көрк берип турат. Оорукананын чет жакасын курчап турган айланасына ак кайыңдар отургузулган. Медайымдар бош убактысында гүлдөрдү карашат. Оорукана эмес эле, курортко келгендей боло түшөсүң.
Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун көтөргөн демилгеси менен 2010-жылда көзгө көрүнөрлүк бир топ иштер аткарылды. Оорукананын эсебинде 605 керебет бар. Анын ичинен 420 керебет аймактык ооруканада, 185 керебет айылдык бөлүмдөрдө жайгашкан. Оорукананын ичиндеги бардык бөлүмдөрдүн ажатканасынан чыккан кир суулар мурда бөлүмдөрдүн сыртындагы чуңкурларга топтолуп, айлана-чөйрөгө жагымсыз жыттарды пайда кылчу.
Мындай кир суулар үчүн болгон чуңкурлар 15-20 га чейин болгон. Ушундай көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 2010-жылы бардык бөлүмдөрдүн ичиндеги ажатканалар толук ремонттолуп, алардын булганыч сууларын жаңы курулган канализациялык трасса менен долбоор боюнча курулган эки септикке топтолушун камсыз кылышкан.
Жаңыдан курулган канализациялык трассанын узундугу 800 метр, септиктердин көлөмү ар бири 300 метр куб болуп, булганган суулар топтолот. Оорукананын ар бир бөлүмүнө өзүнчө суу түтүктөрү тартылып, суу түйүндөрү курулду. Төрөт үйүнө тогуз очколуу ажатканалар жана кол жуугучтар, он эки жерге суу жылытуучу титандар орнотулуп, ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Оорукананын айланасындагы жолдорго жана төтө жолдорго 250 тонна асфальт төшөлдү.
Хирургия бөлүмүнүн операциялык блогу 100 миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Оорукананын чатырларын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 600 даана шифер жабылды. Оорукананын ичиндеги жана айылдык ооруканалардын ишин жакшыртуу үчүн жетиштүү түрдө медициналык аспаптар менен камсыз болду, айрыкча төрөт үйлөрүнө жетиштүү аспаптар берилди. 2010- жылы оорулууларга ыңгайлуу шарттарды жаратуу үчүн 250 даана жаңы керебеттер, 204 даана тумбочка, 25 даана медициналык шкаф, 9 даана стул сатып алынып, бөлүмдөргө таркатылып берилгендигин белгилеп кетүүгө болот.
Гуманитардык жардамдын жана ОМСтин колдоосу менен медициналык аппараттарды, ОМСтин эсебинен катуу жана жумшак эмеректерди, гуманитардык жардамдын эсебинен СПИД борборуна евроремонт жасалуу менен бирге медициналык жабдыктарды жана медициналык аспаптарды алышып, оорулуулар үчүн камкордуктар көрүлүп жатат.
2011-жылдын биринчи кварталында ооруканага жаңы рентген кабинети уюштурулуп, 250 000 долларлык рентген аппараты ишке киргизилди. 161400 сомдук хирургиялык аспаптар комплекти, 65000 сомдук 1 микроскоп, 51000 сомдук стол-стулдар, ж.б. эмеректер алынды. Оорукананын бардык бөлүмдөрүнө 600 даана жумшак эмеректерди "Көзү азиз жана дүлөйлөр коомунун Түштүк өндүрүштүк ишканасынан" алышты.
Оорукананын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында 200 даана ак кайыңды, 1500 түп роза гүлдөрүн отургузушту.Имараттардын ичи-сыртын акташып, сырдашты. 2011- жылдын ушул күнүнө чейин 11 дарыгер, 35 мээрман эжелер өз билимдерин өркүндөтүшүп келишти.
Медициналык аппараттарды ар бир бөлүмгө жеткирүүнү, лабораториялардын тейлөө деңгээлин жогорулатууну, кышка карата жылытуу системасын ремонттоо, мончо, душ курууну пландаштырышкан.
Оорукананын директору Асамидин Марипович чет элдик долбоорлор менен да иштеше билет. Япониянын " Корни Трава", ЮНИСЕФ Эл аралык уюмдарына долбоор жазып, ооруканада дарыланып жаткандар үчүн, эл үчүн өзүнүн ак эмгегин арнап, кызмат кылууда. Оорукананын бөлүмдөрү жөнүндө учкай сөз:
Ирсалат Имарованын терапевт бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенине бир топ жылдын жүзү болуп калды.Өзүнүн бай тажрыйбасын бирге иштегендерине бөлүшүп келет. Жамаат арасында абройго ээ. Терапевт бөлүмүндө эмгектенгендердин көпчүлүгүн кыздар түзөт. И.Имарова "Саламаттыкты сактоонун мыктысы", жогорку категориядагы дарыгер.
Гүлнур Абдыракманова медициналык окуу жайын аяктагандан кийин, ушул ооруканада эмгектенип келе жатат. Өзүнүн ишине берилген мыкты дарыгер, неврология бөлүмүнүн башчысы. Бөлүмдө 4 дарыгер- невролог, 12 медайым, 4 кенже кызматкер иштешет.
Аман Турсуналиев кабыл алуу дарт тапма бөлүмүнүн башчысы болуп 26 жылдан бери иштесе, башкы мээрман эже Мира Мокушева 37 жылдан бери фельдшер-лаборант болуп иштеп келатат. Жогорку категориядагы фельдшер-лаборант. Клиникалык, серелогия, биохимия, СПИД, рентген, бак- лаборатория, УЗИ аппараты жана дарылоо кабинеттери бар. Бөлүмдө 7 дарыгер, 21 медайым жана 6 кенже кызматкер иштешет. Аймактык оорукананын башкы мээрман эжеси, "Саламаттыкты сактоонун мыктысы" Айсулуу Мамаюсупова, дарыгерлер Азиза Аданова, Медер Маткалыков, Тургунбай Чалиев, Дилшат Ормонов, лаборанткалар Арап кызы Назгүл, Максуда Абдуллаева. Кенже кызматкерлер Жыпар Алматова жана башка өз кесибин мыкты өздөштүргөн медицина кызматкерлерин айтууга болот.
Айтибай Боркошев жетектеген аптека бөлүмүндө иштешкен медициналык кызматкерлер тарабынан көбүнчө суюк дарылар жасалат. Күнүмдүк жасалган дарылар 200 граммдан 400 граммга чейинки флакондорго куюлуп, бөлүмдөргө таркатылат. Аймактык ооруканадан башка дагы Көк-Бел, Көк-Жар, Жаңы-Ноокат ооруканаларын дарылар менен камсыздайт.
Балдар жандандыруу бөлүмүнүн башчысы А.Абдувалиеванын айтымына караганда, балдар бөлүмүндө иштөө өтө кыйын.Алардын кайсыл жери ооруп жатканын аныктоо, диагноз коюу өтө кылдаттыкты талап кылат. Бул бөлүмдө көбүнчө өпкөсү шамалдагандар, ичи өткөндөр, аялдар боюнда бар мезгилде инфекция жугузуп алып, төрөгөндөн кийин балдарын дарылашкандар жатышат.
Өткөн жылы 610 бала дарыланган болсо, быйылкы жылы да ооруган балдардын саны көп. Азыркы күндө энелерибиз балдарын төрөгөндөн кийин энелик мээримин төкпөстөн, көкүрөктөгү сүтүн бербестен жаш балдарын калтырышып, иш издешип алыскы шаарларга кетип жатышат. Балдар дарыгери Шакир Маккамбаев, жаш дарыгер Назир Усманов, башкы мээрман эже Шайира Мирбабаева, мээрман эжелер Жумагүл Абдиева, Малик кызы Зиягүл, Апиза Абдуллаева өз өмүрлөрүн кичинекейлердин ден соолуктары үчүн арнап коюшкан.
"Саламаттыкты сактоонун мыктысы", жогорку категориядагы дарыгер Асылкан Маманованын бөлүм башчы болуп иштегенине да бир топ жылдын жүзү болуп калды. Келген ооруларга сылык мамиле жасай билет. Оорусуна карап дарылайт. Өткөн жылы " Жылдын мыкты дарыгери" деп табылган. Бирге иштешкен жамаат арасында кадыр- баркы бар.
Жармат Примбердиев , төрөт үйүнүн бөлүм башчысы, райондун акушер- гинекологу, "Саламаттыкты сактоонун мыктысы", жогорку категориядагы дарыгер. Жаш дарыгерлердин насаатчысы. Бөлүмдө мээрман киндик энелер иштешет. Аялдарды төрөт учурунда эркин төрөтүүгө жана биргеликте төрөтүүгө жол берилген. Төрөт бөлүмүндө бардык шарттар түзүлгөн.
2011-жылдын январь айында "Ымыркай балдарды жандандыруу" бөлүмү ачылган. Дарыгер- неонатолог Канталат Надирова ара төрөлгөн ымыркайларды күнү-түнү карап, алардын ден-соолугун текшерип турат. Азыркы күндө 10 наристе дарыгерлердин камкордугунда. 2009-жылдагыга караганда, 2010-жылдын беш айында 600 наристе көп төрөлдү. Ал эми 2011-жылдын июнь айына чейин 200 наристеге көп төрөлдү. Динара Жакыпова жетектеген балдар бөлүмүндө 30 керебет бар. Жогорку категориядагы 4 дарыгер, 14 мээрман эже эмгектенишет.
Бурма ЫСАКОВА,
Ош облусу, Ноокат району,
Сүрөттөрү автордуку.