Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 "Мыкты район" сынагына

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу
Нууман САЙДУЛЛАЕВ:
Лейлек жергеси - түштүгү Түркстан тоо кыркалары, батышы Бабур байырлаган Өрө-Төбө, түндүгү сымаптай көлкүп шар аккан Фергана бермети Сыр-Дарыя, чыгышы байманалуу Баткен менен хан Манастын кайын журту Канибадам, Чарку (Төрт-Тоо) курчоосунда жайгашкан. Төр жагында легендарлуу ак кар, көк муздуу Алтын-Бешик тоосу асман тиреп келберсип, төмөндө Кулунду, Арка массиви жайылып жатат.

"Ийгиликтерди кармап калмайын, аймагыбыз өнүкпөйт"
Элибиз ынтымактуу
Кош өрүм кыз чачындай Козу-Баглан, Ак-Суу дайралары, куш канат талыткан кулпурган өрөөндөрү бар ажайып аймак. Табигый шарты катаал болгону менен районубуздун потенциалы жогору. Эли эмгекчил. Көп улуттуу.
Негизинен үч бир туу-
ган: кыргыз, өзбек, тажик элдери жашайт. Доордон доор, кылымдан кылым дос-жар, куда-сөөк болуп, ажырык тамырындай айкалышып жашап келишет. Деги эле журтчулуктун эң чоң байлыгы - алардын ынтымагы деп түшүнөмүн. Ошондуктан бизде "Ынтымагы бар элдин, ырыскысы түгөнбөйт" деген накыл кепти бийик тутушат. Акыл-эс тутуму зияда жана зирек лейлектиктер, тилекти да, билекти да бир кылып 2 миллиондон ашык калкы бар Тажикстандын Согди облусу менен бекем достук карым-катышта, тең аталык мамиледе канатташ жашап келе жатат. Өрүшүбүз малдуу, кампабыз дандуу. Быйылкы жылы айдоо аянтыбыз 16,5 миң гектарды түзүп, ал эми мал-жандыгыбыз 207 миң башка жетип олтурат.
Жер тилкелери берилет
"Башкасын коюп Манасты айт" демекчи, өткөн жылы улуу инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык мартабалуу мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Көзү өтсө да көсөм жетекчиге элдин демилгеси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылды. Айылына аллеясы курулуп, айкели тургузулду. Мектеп, лицейлерге Исхак Раззаков сабагы киргизилди.
Айрыкча автоунаа
жүрүүчү жолдорубузга көңүл бурулуп, Исфана шаарынын, Кулунду, Исхак Раззаков айылдарынын борбордук көчөлөрүнө 16,0 млн. сомдук асфальт төшөлдү. Жалпы сумасы 7,0 млн. сомго Манас атындагы орто мектебинин 2-корпусу, 5,5 млн. сомго 74-өрт коопсуздугу бөлүгүнүн жаңы имараттары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Спорт, маданият, туризмди өнүктүрүүгө көңүл буруудабыз.
Кадр даярдоо боюнча айыл аймактарынын бюджетинин каржылоосу менен алгачкы ирет 25 бала дене тарбия адистиги боюнча Дене тарбия академиясынын Исфанадагы А.Аманов атындагы филиалында билим алышууда. Жеке ишкер жана "Ата Журт" кичи ишканасынын демөөрчүлүгүндө Лейлек күрөшү, "Исхак ата-100" насаат китептери чыгарылды. Мындан сырткары көпүрөлөр, ичүүчү таза суу түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы "Бител" компаниясынын станциялары курулду.
Үстүбүздөгү жылы көптөгөн нааразычылык көйгөйлөрдү жаратып келген тажик бажысына кирбеген эгемен "Интернационал-Максат" жолунун курулушу элдик "ашар" жолу менен аяктоо алдында турат. Беш Бала айылында 24 метрлик жалпы курулуш баасы 65,2 млн. сомдук көпүрөлөрдүн курулуштарына тендер өткөрүлүп, иш башталды. Азыркы күндө "Абди-Бешер" каналын оңдоо үчүн 46 млн. сомдук каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Эл аралык уюмдар тарабынан 122 объект же жалпы суммасы 200 млн. сомдук ар кандай курулуштар жыл ичинде пайдаланууга берилмекчи. Адам тукуму өсөт, өнүгөт. Быйыл райондо 5,5 миң кожолукка тамарка ажыратып берүү маселеси кырынан коюлууда. Ошондуктан Майты участкасынан 100, Селкен каналынын астынан 29, Исфана шаарынан 14 гектар жерге тамарка берүү пландаштырылып, чечилүү алдында турат.
Исфанага таза суу тартылат
Арка өрөөнүнө өз нугу менен агып келүүчү канал куруу - келечектүү максат мүдөөлөрүбүздүн бири. Мамлекет ошондо Арка каскадына жыл сайын 50-60 млн. сом чыгым жасоодон биротоло кутулар эле. Лейлектеги мунайды өзүбүз иштетели, аны кайра иштетип продукция чыгарып, өзүбүздө арзан нефти сырьёсу менен өсүүнү камсыз кылалы деген пландарыбыз бар.
Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушунун бир бөлүгүн бизден баштаса адилеттик болмок. Менин билишимде Бишкек-Ош жолунун азабын Лейлек атуулдарынан ашык тарткан жан жок. Кудай буюрса "Айгүл-Таш-Самат" электролиниясынын курулушу үстүбүздөгү жылы аягына чыгат.
Катраң айылындагы таза суу программасы ишке ашырыла башталды. Дагы башка долбоорлор аркылуу Исфана шаар башкармалыгын таза суу менен камсыздайлы деп жатабыз. Быйыл 8 км. жолду асфальттоо пландаштырылган. Эң башкысы өнүгүүдөгү ийгиликтерди кармап калмайын аймагыбыз өнүкпөйт. Бул үчүн кыска мезгилде өзүбүздөгү колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кичи продукция өндүрүүдөгү жана кайра
иштетүүчү ишканаларды ачуу, чакан заводдорду ишке кийирүү, чет жакалардан инвестиция тартуу менен жаңы жумушчу орундарды камсыздап, элдин турмуш-шартын жакшыртууга көңүл бурушубуз абзел.
Азыр 13 миңден ашуун лейлектиктер Россияда, Казакстанда жүрүшөт. Алар жакшы жашоодон улам кетип жатышкан жок. Бирок, мамлекеттик айрым чиновниктер, мигрант-инвесторлордон республикага бир жылдык бюджет келип жатат дегенин укканымда ачууланып кетем. Бул үчүн биз алтындан кымбат ден соолуктан, улутубуздун уңгусунан ажырап калып жатпайбызбы. Трагедиялуу өлүм, бир өмүр майыптыкка кабылган учурлар катталууда. Минтип олтурсак элибиздин убалы кимге?
Чечүүсү зарыл көйгөйлөр
Миграция эң көп аймак бул - Баткен облусу. Баткен облусуна КРнын Өкмөтү өзгөчө көңүл бөлүп, атайын программа иштеп чыгып, келечекте районду стратегиялык жактан өнүктүрүү максатында төмөнкү маселелерди чечүүбүз зарыл деп эсептеймин:
- Райондун төмөнкү аймагын өзүнчө бөлүп - Исхак Раззаков районун түзүү. Чек арага административдик башкаруунун жайгаштырылышы, көптөгөн көйгөйлөрдүн ыкчам чечилишин шарттайт;
- "Арка" өрөөнүнө "Эркин Экономикалык Аймакты" (СЭЗ) ачуу (кварц кумун, нефтини жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдор куру-лат, кошумча 10-15 миң жумушчу орун пайда болот);
- Коргон-Бешкент айылдарынын ортосуна "Ак-Тоок" 2 участкасы аркылуу 9,8 км. аралыктагы эгемен автожолун куруу;
- "Лейлек" суу сактагычын долбоорлоо жана ку-рууну мамлекеттик программага киргизүү. Анда 10 миң гектар суулуу жерге жаңыдан 8 миң гектар кошулуп, суу ресурсун пайдаланып, коңшулаш Тажикстан үчүн да бир топ ыңгайлуу жана жемиштүү шарт, мүмкүнчүлүктөрдү жаратмак. Кичи ГЭС курулуп, төмөн-кү аймагыбыз туруктуу электр-энергиясы менен камсыздалмак.
Акырында айтаарым, бардык башталыштар оңойго турбайт. Ага батылдык, бекем эрк, иш билгилик сапат талап кылынат. Демек, аракет болсо, албетте, берекетке негиз бар дегим келет. Исхак атадай улуу инсаны, Саматтай баатыры, Абдырахмандай палваны, Абдираим Шамадай акыны бар уюткулуу журтубуздун зоболосу ак ниет, адал эмгек менен ар дайым көтөрүлүп, аброю арта беришине ишеничим бар.
Даярдаган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика