Кыргыз гезиттери



  Өнөркана

Арслан Койчиев Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк алкактагы белгилүү журналист, тарыхчы. Бир топ жыл Лондондо, Би-Би-Си радиосунун кыргыз редакциясында иштеди. Соңку мезгилде адабиятка сүңгүп кирип, көркөм чыгармачылык менен алектенүүдө. Таланттуу жазуучу менен биздин капыл-тапыл маегибиз чыгармачылык, анын коомчулукта чоң кызыгууну туудурган "Мисмилдирик" романынын тегерегинде болду.

Арслан КАПАЙ уулу КОЙЧИЕВ:
"Орустун балдары
космонавт болом десе биз
жазуучу болом деп кыялданчубуз"
- Кыргыз совет адабиятынын классиктеринин ичинен Үркүн жөнүндө жазбагандары аз эле болсо керек. А.Токомбаевден тартып, М.Элебаевге чейин баары бул темага кайрылышкан. Мунун объективдүү себеби бар: алардын баары эл менен кошо үркүп, качкын турмуштун бүт азап-тозогун өз баштарынан өткөрүшкөн. Бирок, арадан дээрлик жүз жыл өткөндөн кийин Үркүндү көрбөгөн, ал мезгил жөнүндө китептен гана окуган жаш жазуучунун бул темага кайрылып жатканынын себеби эмнеде?
- Биз ошол адабиятты окуп калыптандык десек болот. "Кандуу жылдар", "Узак жол", "Ажар" албетте, жакшы жазылган чыгармалар. Бирок Үркүн темасы дагы эле болсо жетиштүү деңгээлде чагылдырыла элек деп эсептейм. Балким, кыргыздар өзүнүн узак тарыхында мындан да оор, мындан да мүшкүл, трагедиялуу окуяларды башынан кечиргендир. Бирок биз алардын масштабын божомол түрүндө гана биле алабыз. Ал эми Үркүн хронологиялык жактан бизге жакын турган тема. Тарыхта не деген гана трагедияларды баштан өткөргөн элдер бар. Мисалы, еврейлер өз башынан өткөргөн Холокост. Апаат алып келген жагынан мен Үркүндү ошол деңгээлдеги окуя деп эсептейм. Холокостту бир жазуучунун же бир режиссердун эмгеги менен толук чагылдыруу мүмкүн эмес. Бул улам бир жаңы темаларга, идеяларга булак болуп берчү окуя. Бул жөнүндө далай чыгармалар жазылды, ар кандай деңгээлде кино тасмаларды тартып жатышат. А биз кыргыздар өзүбүздүн баштан өткөн трагедияны аңдап, чагылдыра алдыкпы? Кыргыз элинин тарыхын дүйнөлүк контекстке кое турган болсок дагы Үркүн темасы баары бир чоң трагедия, бир чоң баскыч.
Кыргыз элинин басып өткөн тарыхына кайрылган кайсыл тарыхчы, кайсыл серепчи болбосун Үркүндү эч көз жаздымда калтыра албайт. Жакында эле ирландиялык бир кишилер менен сүйлөшүп отурсам "кыргыздар менен ирландиялыктар окшош, биз англичандардын кол алдында болсок, силер орустардын кол алдында болдуңар, силердин саныңар төрт-беш миллиондун тегереги экен, биз деле төрт-беш миллион калкпыз, биз Европадагы өз ордубузду табууга умтулган улутпуз, силер да азыр ошондой процессти баштан өткөрүп жатыпсыңар, биз 1916-жылы көз карандысыздык үчүн кыймылыбызды баштап, ошонун өтөөсүнө чыкканбыз, ал эми силердин көтөрүлүшүңөр эмне менен аяктады?" - деп сурап калды.1916-жылы элибиздин тең жарымы кырылып калган десем төбө чачтары тик туруп, "муну кино кылып тартыш керек турбайбы!" - дешти.
- Өзүң сыяктуу Үркүндү көрбөгөн адамга трагедияны, ошол кездин духун бериш бир топ эле кыйын болгондур? Романда чагылдырылган окуялар, кейипкерлер канчалык реалдуу? Сюжетти каяктан алдың? Тарыхый булактарданбы, же катышкан кишилердин эскерүүлөрүнөнбү?
- Туура, А.Токомбаев, М.Элебаев, К.Баялинов ал доорду көргөн. Бирок биз алардын чыгармаларын окудук да. Ал чыгармалар аркылуу биз ошол заманды кайсыл бир деңгээлде өзүбүзгө сиңирдик. Мисалы, "Узак жол" азыр да менин Лондондогу китеп текчемде турат. Улам-улам окуп коём. Үркүн темасы илгертен эле мага жакын окшойт. Студент кезде "Ленинчил жаш" гезитине "Эстелик тургузууга чакырам" аттуу макалам чыккан. Кийин, 2006-жылы жүрүш жасагандарга кошулуп Бедел ашуусуна бардым. Парз эле, сөөктөрдү жыйнап, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окуп дегендей.
Чынын айтайын, чыгарманын идеясы мага ошол жерден келди. 4250 метр бийиктиктеги Бедел ашуусуна чыкканда миңдеген азган-тозгон, ач-жылаңач элдин Барскоондун ашуусун ашып, Тарагайдын, Кара-Сайдын суусун кечип бараткандагы азап-тозогун элестеттим. Кайран эл дегенчелик эле бар экен да! Аска тоолордон кантип ашкан, ашууга кеткен жалгыз аяк жолго маал-маалы менен кар түшүп турат экен, аны кайран эл кантип ашкан? Чыгарманын сюжети келди да жазайын деп чечтим.
Менин Үркүн боюнча документтерди окуй жүргөнүм да жакшы болгон экен. Себеби, буга чейин чыгарма жазбагандан кийин күдүктөнүү, кооптонуу болот экен. Бирөөлөр омуроолоп кирсе эмне деп жообун берем деп ойлодум дагы мезгилдин, окуялардын өрчүшүн мүмкүн болушунча тарыхый окуяларга жакындатканга аракет кылдым. Эми Сиз анчалык сурап калгандан кийин дагы бир сырды ачууга туура келет. Окугандар Арслан Койчиев өтө эле фантазияга берилип кетиптир дебесин деп ошол мезгилден кабар берип жаткан документ сыяктуу таасир берсин үчүн кээ бир документтерди көркөм фантазия менен өзүм жаздым. А чындыгында андай документтер жок. Сөздүн кыскасы, мүмкүн болушунча реалдуулукка жакындаттым да.
- Сен өзүң он беш жыл Лондондо, кыргыз тилдүү чөйрөдөн алыста иштеп калдың. Бирок ошого карабастан каармандарыңды кудум ошол мезгилдин тилинде сүйлөтө алганың мени аябай таң калтырды. Тил байлыгың мурдатан эле кененби же роман жазыш үчүн атайын үйрөнүүгө туура келдиби?
- Кыргыз баласы бала болуп башына жүн чыкканы көркөм дүйнөгө аралашсам деп кыялданат. Жок дегенде төрт сап Манас айтат. Азыркыларды билбейм, бирок биз ошондой заманда чоңоюп калбадыкпы. Орустун баласы космонавт болом деп кыялданса, кыргыздын баласы жазуучу болом деп кыялданган мезгилде чоңойдук. Дүйнөнү адабият аркылуу көрчүбүз. Маселен, Кеңеш Жусуповдун Японияга, Италияга барып келип жазган жол дептерлери мен үчүн азыр деле чоң табылга. Мен деле Европаны, Азияны түрө кыдырып жүрөм, бирок дүйнөнү Кеңеш Жусуповдун көзү менен көргөндөй көрө алган жокмун.
Тил жагынан Айтматовду, Токомбаевди, Сыдыкбековду окуп каныктык. Чоңдор айтпаса деле эки жазуучуга баа берип койсом кийин ошол божомолум чын чыккан. Алардын биринчиси Т.Касымбеков, экинчиси К.Жусубалиев. Касымбековдун "Сынган кылычын" окуп алып, сегизинчи класстагы экзаменди күттүм. Анткени, бир жерден "Сынган кылыч" бар экенин айтып калыш керек эле да.
Чындап айта турган болсок, биз али да болсо Касымбековду ача элекпиз, ага жеткиликтүү баа бере элекпиз деп эсептейм. Отузунчу-кыркынчы жылдары кыргыздын аң-сезимин калыптандырууда А.Токомбаев, Т.Сыдыкбековдун ролу кандай болсо, алтымышынчы-жетимишинчи жылдарда кыргыздын аң- сезимин жаңы бийиктикке чыгарууда Т.Касымбековдун ролу ошондой эле болгон. Муну биз азыр деле түшүнө элекпиз. Касымбеков кыргыз элинин өзү жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтти. Силердин өрүшүңөр кең, тарыхыңар кең, силер аракеттенген мейкиндик кең дегенди айтты.
Өспүрүм кезде өзүмчө таап алган дагы бир жазуучу - бул К.Жусуба-лиев. "Күн автопортретин тартып бүтө элек" повести, "Толубай сынчы" аңгемелер жыйнагын мен өтө бийик деңгээлде, Айтматовдун деңгээлинде жазылган чыгармалар деп эсептечүмүн. "Муздак дубалдардын" кириш сөзүндө мындай деп жазат эмеспи: "Бул чыгарманын жатпаган жери жок, баланчанын эшигин сагалап жатты, түкүнчөнүн короосунда жатты.
Бир күнү бир белгилүү киши телефон чалып, орусча, кыргызча аралаштырып, "Кубат, ты гениальный писатель" деп айтты. Айтпай турган сөз эле эми айта берейин, бул киши Айтматов болчу. Мен кыйын жазуучу деп баа берсем, Айтматов да акыры "гений" деп айткан экен чиркиндики деп, мына ошондо өзүмө өзүм ыраазы болуп калгам. Кийин Айтматовдун өзүнө жолукканда да сураган жайым бар. Муну менен айтайын дегеним, көркөм табитти кылыптандырууда Айтматов, Касымбеков, Жусубалиев чоң таасир эткен.
- Мисмилдирик деген сөздү азыркылардын көбү билбейт. Сенин романыңды окугандан кийин гана бул эмне сөз, кандай маани берет деп ойлоно башташты.
- Башында сиздин сурооңузга кайпактатып жаттым эле эми тагы-раак жооп берүүгө туура келип калды. Эмне, биз азыр ошондой кырдаалды баштан өткөрүп жаткан жокпузбу? Ооба, 16- жылдары ата-бабаларыбыз тентип Кытайга чейин барган, тукум курут болуп жоголуп кете жаздаган. Азыр болсо кыргыз тентибей жатып эле жоголуунун жолуна түшүп алган жокпу? 1916-жылы элибиз Ак падышанын кылычынын алдында кордук көрдү эле, азыр кылычсыз эле кордук көргөн жокпу? Азыркы заман деле өзүнчө эле трагедия, туурабы? Ал учурда элибиздин уруу башчылары эл сактайбыз деп (албетте, жалпы кыргыз элинин масштабында ой жүгүрткөн эмес), уруулук намыс деп уруулук деңгээлде ой жүгүртүп жатат.
Азыр биз улут деп аталып, улуттун масштабына чыккан менен ошолорчолук ой жүгүртүп жатабызбы? Алдыда турган милдеттерди ошолорчолук аңдаганга, түшүнгөнгө аракет кылып жатабызбы? Алар уруунун ар бир мүчөсү үчүн кам көргөн. Ал ата болгон. Ошон үчү Журт атасы деп койчу. А азыркы акыбалыбыз кандай? Же сөзсүз эле Үркүндөй трагедияны баштан кечириш керекпи? Азыр жакын тууганың болбогондон кийин баарын тебелеп, сатып жатпайбызбы? Кыргыз кыргызды сатып жатат.
Ыраматылык Салижан Жигитов айтмакчы, азыр кыргыздар эмне деген трагедиялуу окуяларды баштан өткөрүүгө Шекспирдин эле калеми жетпей жатат. Азыркы трагедия өзүнүн масштабы жагынан 16-жылга барабар. "Мисмилдирик" деген сөз илгери Манаста колдонулган экен. Ал ың-жыңсыз жоголуп кетүү дегенди билдирет. Телегейи тегиз кыргыз ар кандай трагедиялардан улам майдаланып, кичирейип отуруп, акыры жоголуп кетет. Жусуп Мамайдын "Манасынын" толук версиясын окусаңыз ушинтип кайран Манастын урпагы үзүлдү, караан түн түштү деген сыяктуу саптар менен бүтөт.Так ошондой окуяны биз 16-жылы баштан өткөрдүк да, туурабы? Мен өткөн заманды жазып атсам дагы азыркы доор менен кандайдыр-бир параллелдерди жүргүзгүм келди. "Мисмилдирик" деп аталып калышы да ушундан улам.
- Өткөндө кинорежиссер Нурбек Эгендин бир интервьюсун окуп калдым. Журналисттин келечек пландарыңыз кандай деген суроосуна Арслан Капай уулунун "Мисмилдирик" романын окуган соң ошонун негизинде кино тартсамбы деп жатам дептир. Чын эле романды экрандаштыруу планыңар барбы? Эгер болсо ал кайсыл стадияда?
- Азыркы заманда элге таасир этиш үчүн адабият да, журналистика да аздык кылып калды. Элди тарбиялоонун бир жолу бул-кино. Ленин деле "Из всех искусств для нас важнейшим является кино" деп бекеринен айтпаса керек. Көрсө , көркөм тармактардын ичинен эң таасирдүүсү кино экен да. Ошондон улам кап атаң гөрү, Үркүн жөнүндө бир кино тартыш керек эле, биздин режиссёрлордун кимисинин колунан келет? - деп ойлоп жүргөм. Актан Арым Кубат "Ажардын" негизинде тартам деп жүрөт. Бирок, ал Куросаванын деңгээлиндегидей эпикалык чабыт менен тарта алабы? Куросава жетпей жатпайбы.
Анан бир күнү Нурбекке телефон чалып, мен атайын сен үчүн бир аңгеме жазып жатам, ошону киного тартпайсыңбы деп койдум. Чыгарма ортолоп калганда "бербейсиңби жанагыны" деп сурады. Чала бышкан черновый вариантын берсем көтөрүп алып кеткен. Кыязы, бирөөлөргө көргөзүп кеңеш сураган го. Бул арада мен чыгармамды жазып бүттүм, Нурбек окуп алып, аябай таасирленди. Эми муну киносценарийдин тилине түшүрүшүбүз керек экен деп калды. Бир-эки интервьюсунда тартам деп айтып жиберди окшойт. Азыр деле ошондой ойдо жүрөт. Андыктан, бул идея тирүү, дагынкысын дагы көрө жатарбыз. Балким конкурс жарыялаш керектир. Балким башка бирөөнүн сценарийи өтүп кетээр. Бирок, алдыда Үркүндүн жүз жылдыгы келатат,1916-жыл жөнүндө сөзсүз жакшы кино тартыш керек.
- Дагы бир чыгарманы баштап атам дедиң эле, ал эмне жөнүндө?
- Ойлор, идеялар бар. Илимий макала кылып жазайын десем аны элдин баары эле окуй бербейт экен. Кино тарткандай мен кино режиссер эмесмин, окуганга кеч болуп калды. Ошондуктан жаңы бир көркөм чыгарманын үстүндө иштеп жатам. Кудай буюрса, бир топ илгерилетип койдум. Бирок кайсыл тема экендигин азырынча айтпай эле турайын. Кээ бир жерлери жакшы чыгып атат, кээ бир жерлери купулума толбой дегендей.
- Баягында Баткенге барып жашап, ошол жергиликтүү элдин тилинде бирдеме жазгым келет деп айттың эле?
- Туура. Ошондой долбоорум бар. Мен Касымбековду бекеринен айткан жокмун. Касымбеков биздин өзүбүздү өзүбүз аңдоо өрүшүбүздү кеңейткенге аракет кылды. "Улут" деген кандай болуш керек, улут өзүн өзү кантип аңдаш керек? Бул жагынан Касымбеков бизге чоң сабак берди. Ошонун бир сабагы-бул тил. Бул темага бала кезден жакынмын. Кыргыз түндүк-түштүк болуп бөлүнбөсө экен, түндүктүн кыргызы түштүктүктү өз кыргызым деп сезсе экен. Түштүк кыргызы түндүк кыргызын өзүм десе экен. Ошондой деңгээлде болсок экен деп көп кыялданчумун.
Мен такай эле айтып жүрөм. "Диалект" деп атканчалык айырма жок кыргыздын тилинде. Мына кытай тилинен, англис тилинен көргүлө диалект каякта экендигин. Кыргыздын тилиндеги айырмачылык-бул говордун эле деңгээлинде. Андан чоң улуттук трагедия маселе жасабаш керек эле. Билимдүү, эс-акылы ордунда кыргыз ошол говордогу көп түрдүүлүктү кыргыз улутунун маданиятынын көп кырдуулугу деп түшүнүшүбүз керек. Бирок биз ошол деңгээлге чыга албай жатпайбызбы. Коктунун деңгээлинде жүрүп жатабыз. Чала сабат кишилер өз коктусунун тилинен айырмалаган бир эки терминди, бир эки сөздү байкап калса аны өзүнөн алыстатып, ошондон саясат жасап жатпайбы. Мен ушуга аябай каршымын. Касымбековдун бир сабагы ошол да. "Сынган кылычты" Кокон хандыгынын учурундагы кыргыздардын тилинде жазды.
Чоң окумуштуулардан интервью алганда ушул теманы козгоп көрсөм түштүктүн диалектинде жазып салыптыр дейт. Касымбековдун бийиктиги ошондо, эски мезгилдин тилин реконструкция жасап, көз алдыбызга тартып бергенинде болуп жатпайбы! Биздин өзүбүздү өзүбүз аңдаганыбызга шарт түзүп бергенинде. Айрымдардын тилдеги бир-эки айырмачылыктан чоң саясат жасаганына күйөм да күйөм. Башка элдерди карап көргүлөчү. Алар бөлүнбөйт, тилдеги өзгөчөлүктү улуттук байлык деп эсептешет. Дарактын көп бутагындай элестетет. Ошого суктанат, ошону менен сыймыктанат. Кыргыздар ошентип суктанган, сыймыктанган деңгээлге жете албай жатабыз.
2001-жылы болгон бир окуя эсимде. Баткендик чүкөдөй болгон бир кыргыз чал чегараны кайтарып турат. Чегарачылар ал кезде начар, бишкектегилер болсо менчиктештирүү, байлыкты бөлүштүрүү менен алек, Ошондо баткендик чалдын эрдиги, духу мени таң калтырды. Тажиктер биздин аймакка кирип кетпесин деп чегарага эки бөлмө үй салып, менин үйүмдүн дубалы чегара дептир. Жаштардын баары Россияда жүрөт, ал эми чапан кийип, белин кур менен курчанган чүкөдөй чал кыргыздын жери деп күйүп-бышып отурат.
Бишкектик билерман анын кайгысын түшүнбөсө, кулк-мүнөзүн билбесе, анын жан дүйнөсү эмне деп кейип атканын аңдабаса, говор менен сүйлөгөн тилин угуп, а булар баткендиктер да деп кете бериши мүмкүн да. А бул адам ички дүйнөсүндө бишкектикке караганда көбүрөөк мекенчил болуп атпайбы. Ошол себептен бир идея келди эле. "Кап атаң гөрү, бир Баткенге барсам, элдин турмушун көрүп, ошолордун тилинде бир чыгарма жазсам" деп ойлоп койгом. Чоң чыгарма жазбасам дагы мынчалык оозуман чыгып кеткенден кийин эми бир аңгеме жазышым керек го.
Мамат САБЫРОВ,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2011-ж.: