"Кыргыз туусу", 21.06.11
 "Мыкты шаар" сынагына

Бишкектен көп алыс эмес аралыкта жайгашкан Кант шаары ээлеген аянтынын, жашоочуларынын санынын аздыгына карабастан, учурунда өнөр жайы дүркүрөп өсүп, анын жалпы көлөмү боюнча республикадагы ири шаарлар менен теңтайлашкандардын бири катары эсептелчү. Бул шаардын өсүп-өнүгүшүнө республикалык мааниде да көңүл бөлүнүп, көптөгөн көп кабаттуу үйлөр, социалдык-маданий объектилер курулган, инфратүзүмдөрү да унутта калган эмес.
Бара-бара рынок шартына, заманга ылайык ондогон ири өнөр жай ишканалары менчиктештирилип, чыгарган продукцияларынын ассортименттерин өзгөртүүгө мажбур болушту. "Көч бара-бара түзөлөт" дегендей, жалпы кардарларга керек товарларды чыгарууга, кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкташканча убакыт өттү. Эми кийинки эки жылда өнөр жайында кескин өсүш байкалып, убактылуу токтоп турган ишканалардын саны кескин азайды. Кант шаарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу жагдайлар түзүлгөндүктөн, жеке ишкерлердин аз сандагы өнөр жай продукцияларын, калк керектөөчү азыктарды чыгаруучу цехтер, жалпы тургундарга кызмат кылуучу коомдук соода түйүндөрү, кафе, ресторандар көп санда тургузулган.

Экономика жаатынан кеп салсак
Өткөн 2010-жыл жалпы республикабыз үчүн саясий, экономикалык жактан катаал, оор болгону баарыбызга белгилүү. Ошол катаал сыноолорго карабастан Кант шаарынын өнөр жайы, кичи ишканалары, кызмат көрсөтүү тармагы иш ыргагын төмөндөтүшкөн жок.
Кант шаар башкармалыгынын
жыл жыйынтыгы боюнча статистикалык отчётунун маалыматтарына таянсак, өткөн жылы шаар боюнча 3 млрд. 200 млн. сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылган. Бул 2009-жылга караганда 9 пайыз көп товарлар чыгарылгандыгын айгинелейт.
Шаарда жайгашкан Кант цемент-шифер заводу, "Тринадцать" компаниясы, Кант жылуулук коммуналдык ишканасы, "Абдыш-Ата" ЖЧКсы, Кант окуу өндүрүштүк
коому, "Кант-Сүт" акционердик
коому, "ТШП" коому сыяктуу ири ишканалардын жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө кошкон салымдары бараандуу. Шаардагы жалпы товар жүгүртүү көлөмү 4,8 млрд. сомго жетип, аркы жылга салыштырмалуу 2 пайызга өскөн. Ошондой эле капиталдык салымдардын көлөмү жарым миллиард сомго жетип, өнөр жай ишканаларында жабдууларды алууда, имараттарды курууда жакшы саамалыктар бар.

Негизги басым - кичи бизнести өнүктүрүү
Жалпы шаар боюнча катталган 200дөн ашык мекеме-уюмдардын 137си кичи жана орто бизнес менен алектенгендер. Андан тышкары патент алып, соода, тургундарга кызмат көрсөтүү менен иш жүргүзгөндөрдүн саны 5 миңге чамалап барат.
Өткөн жылы эле
жеке ишкерлерге ишкерликти өнүктүрүүгө 66 жер тилкелерди ижарага берүү менен шаардык казынага 900 миң сом түшкөн. Шаар башкармалыгынын адистеринин айтымында алар өз ишканамды ачып, бизнес менен алектенем деп кайрылгандарга дайыма жардамдарын аяшпай, көп создуктурбай тиешелүү документтерин бүткөрүп берүүгө дайыма даяр.
Себеби, көп капиталдык салымдарды талап кылбаган, ошондой эле кардарларды табуу, товарларын сатуу жана кызмат көрсөтүүдө тос-коолдуктары аз кичи жана орто бизнести учурда өнүктүрүү актуалдуу, келечеги кең экенин шаар башкармалыгынын башчысы Жумадил Турдубеков жакшы түшүнөт.

Социалдык тармак да маанилүү
Жыйырма миң адамдан ашык жашоочулары бар Кант шаарында 300гө жакын аз камсыз үй-бүлөлөр катталып, социалдык паспорттору толтурулган.

Башкармалыктын социалдык адистери мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын, бейөкмөттүк уюмдар тарабынан бөлүнгөн жардамдардын берилишин катуу көзөмөлгө алып турушат. Шаардын жергиликтүү бюджети муктаж адамдарга материалдык жардамдарды берүү мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан, арыз жазып кайрылгандарга аларга жашоо-шарттарына жараша акчалай кол-доолор көрсөтүлүп турат. Өткөн жылы эле жарым миллион сом турмуш-шарттары колдоого муктаж адамдарга берилгенин башкармалыктын адистери ырасташты.
Шаар аймагында алты балдар бакчаларында 900дөн ашык жеткинчектер тарбияланышат. Ар бир наристеге жергиликтүү бюджеттен күнүнө 18 сомдон каралган, калган 18 сомун ата-энелердин чогулткан мүчөлүк акыларынан сарпталат. № 32 балдар бакчасынын базасында майып балдар үчүн "Нур" реабилитациялык борборунда 9, "Үмүт" борборунда 26, үй-бүлө тибиндеги "Алтын-98" балдар үйүндө 8 бала шаардын бюджетинен толук камсыздалышат.
Кантта Улуу Ата Мекендик согуштун 28 ардагерлери, майыптары, ооруктун эмгекчилери бар. Алар толугу менен коммуналдык кызматтарга төлөөдөн бошотулушуп, шаар ичиндеги транспорт кызматынан бекер пайдаланышат.
Шаар боюнча алты орто мектептин, төрт бала бакчанын жана балдарга билим берүү борборунун талаптагыдай иштеши үчүн шаар башкармалыгы бардык уюштуруу чараларын көрүп, жетишээрлик суммада акча каражатын бөлүп турат.
2008-жылы Кант шаар башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн "Тюльпан" балдар лагерин оңдоого, эмеректерин жаңыртууга бюджеттен 3 млн. сом, Ысык-Ата районунун акимчилиги 4 млн. сом бөлүп берген. Учурда лагерде курулуш иштери аяктоо алдында.
Шаарда маданиятты, спортту өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин толук кандуу иштешине, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык иш-пландары ырааттуу жүзөгө ашырылып жатат.
Шаар аталышына шайкеш болсун десек
Шаар башкармалыгы шаарды таза абалда кармоого, көрктөндүрүүгө, муниципалдык менчиктеги имараттарды оңдоп-түзөп турууга жана коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз, талаптагыдай иштешине өзгөчө көңүл бурат.
Көп учурларда кайсыл гана
шаар болбосун анын жалпы көрүнүшүнүн абалына, тазалыгына, көрктөндүрүлүшүнө жараша анын жетекчилигине баа берилет эмеспи. Кантта бир баам салып көз жүгүрткөн адамга тиешелүү кызматтардын адистери, жалпы эле шаар тургундары тазалыкка өзгөчө маани беришкендерине күбө боло алат.
Шаардын борборундагы Жеңиш паркы тургундардын, келген меймандардын сүйүктүү жайына айланды. Мында эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Балдардын ойноочу комплексинде ар түрдүү аттракциондор орнотулуп, үч оргуманын тегерегинен сейилдегендер үзүлбөйт. Өткөн жылы эле бюджеттен 5 млн. сомдон ашык каражат ички көчөлөрдү оңдоого бөлүнгөн.
Жогорудагы биз атаган паркты көрктөндүрүүгө 2 млн. сомдон ашык акча сарпталган. Ал эми орто мектептердин айланасын тосууга 2,5 млн. сомдон ашык каражат жумшалган. Айлананы жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн үч айлыгында шаардын эмгек жамааттарынын, тургундардын жардамы менен 10 миңден ашык көчөттөрдүн түрлөрү олтургузулган.
Шаар тургундарынын тазалыгын камсыз кылуучу "Кант-Тазалык" ишканасы кошумча 100 контейнерди калаанын көчөлөрүнө орнотуп, убагында калдыктарды ташып чыгарууну камсыз кылып турат. Кант коммуналдык ишканасы жылына элге 5,5 млн. сомдук кызмат көрсөтүп турат.
Башкармалыктын алдыдагы милдеттери
Шаар башкармалыгы бардык ишканалардын экономикалык жактан чыңдалып, өсүп-өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте кам көрүүнү башкы милдети деп эсептейт.
Ошондой эле жеке сектордун
кеңири кулач жайышына жагымдуу жагдай түзүү да дайым күн тартибинде. Быйыл бюджеттеги мекемелердин кызматкерлери үчүн 8 квартиралуу үйдү салуу үчүн башкармалык 4 млн. сом, райондун акимчилиги 4 млн. сом бөлүп берди. Долбоору 3 млн. сом турган теннис кортун да салуу ушул жылдын иш-планына кирген.
Аткарылуучу иш-чараларга маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин толук кандуу иштешин камсыз кылуу, жаңы тейлөө объектилерин пайдаланууга берүү, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну уюштуруу, көчөлөрдү тартипке келтирүү ж.б. маселелер кирет.
Шаардын өздүк бюджети өткөн жылы 63,3 млн. сом салык жыйымдары менен толукталган. Алдын-ала божомолдоо боюнча быйыл бул көрсөткүч 1 млн. сомго көбөйөт. Бул каражат шаар кеңешинин сессиясында кабыл алынган өнүгүү программасына ылайык тармактарды өнүктүрүүгө жумшалат.
Беш айдын жыйынтыгы боюнча тармактар боюнча көпчүлүк божомолдор аткарылып, өсүү ыргагы байкалат. Алсак ушул жылдын беш айында шаардын өнөр жай ишканалары 1, 347 млрд. сомдук продукция чыгарышып, 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 130 пайыз өсүш берген.
Ал эми жергиликтүү бюджетке 29,9 млн. сом салык жыйымдары топтолуп, план божомол 107 пайызга аткарылган.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"