"Кыргыз туусу", 21.06.11
  Таазим

Гений
(Улуу Чыңгыз Айтматовду жоктоо)
Гений - бул тобокелчилик!
Гений - бул тынымсыз, такай изденүүчүлүк жана өзүнө эч бир канааттанбоочулук, эч кимге, башкага ыраазы болбоочулук. Гений - бул дүйнөнүн түбүн түшүрө кароочулук. Гений -
бул кыскалык, нускалык.
Вундеркинддер - жаш генийлер, балакай машаяктар, эрте ачылган байчечекей гүл сыңары жөндөмдүүлүк.
Гений - бул өз доорунан алда канча алдыга кетип калуу жана тарыхка, өткөн доорлорго дагы арыраак артка кетип калуу, келүү да жана милдет кылбоо. Гений - бул агымга каршы сүзүүчүлүк, турмуш, мыйзам, акыйкатсыздыктар менен кыл келишпөөчүлүк.
Гений - бул замандын жарк этиши чаламандын чак түшүндө, түн мейкиндигинде куйруктуу жылдыздын учушу, түбөлүктүүлүктүн асманына чагылгандын бир кол коюп кетиши.
Генийдин стихиясы - будуң-чаң түшүү менен айкын ой жоруулар. Саптардын леп этип мончоктой катарга тизилип туруп калышы.
Гений - катуу тартиптүүлүк, иреттүүлүк. Гений полководецтей солдаттардын алдыңкы катарында болуу.
Гений - бул параддарды кабыл алуу эмес, параддарды кайра салгылаштарга жиберүү. Бүт өткөн кылымдар - генийдин казынасы, кампасы жана алардын отчётун алат.
Гений - келечекке серп таштап, адамзатка зор пайда алып келээри бышык. Бир жигит бир айылды бакса, бир гений бир мамлекетти багат. Генийге көрпенделер убактылуу тоскоол болот, а душмандары курчутат жүрөгүн.
Генийдин тагдырынан жүрөк канайт. Гений аренага качан чыгышты да, кетишти да билет. Гений өзүнө катуу талаптарды коёт. Гений карапайым адамдар менен да жашайт жана жогорку даражалуулар менен өз кадырын кетирбей мамиле кыла алат.
Гений өз доорунун перзенти болуп тең туруу, теңтайлашуу менен менталитетти жана бардык кылым сырларын, өз мезгилин да терең өздөштүрүү менен өз элин түшүнөт жана өзүн түшүндүрөт, тарбиялайт. Гений өтө зор басым менен чыгат, мезгил алып чыкканча далай көбүктөр "тарс"жарылат.
Гений - чүпүрөк-сапыракты, тряпканы, акча кагазды, мебель жыгачты дүйнө дебейт. Ал мебелге эмес - Нобелге умтулат!
Генийге ажал кеч келет, балким өлүм да ага жок нерсе…
Генийге кеч келет сүйүү, бакыт, дөөлөт, а түгүл даңк дагы… Бир гана өкүнүчтүүсү генийди баары кеч түшүнүшөт. Андре Моруа туура айткан: "Генийдин генийлигин турмуш далилдебейт, ал аны багат".
XXI кылымдан ары жалаң генийлердин доору келе жатат… XX кылым жөндөмдүүлөрдүн, чылгый таланттардын жана накта халтурщиктердин, улуу плагиаттардын заманы болду.
XXI кылымдан ары баштап өлбөстүктүн, түбөлүктүүлүктүн доору келе жатат. XX кылымдын жыйынтыгы чыгарылат жана нака шедеврлер иргелчү мезгил. Жаратмандык мезгил дал ушул XXI кылым. Анын башында жаңы, жаш да, эски генийлер турат.
А Гений деген Сөздөн коркпош керек. Ал жөнөкөй эле нерсе - тынымсыз эмгек… Гений - Феникстей күл болуп күйгөн коломтодон жаркырак керемет куш болуп учуп чыгуу!..

Алик АКИМАЛИЕВ,
Республикалык Жоомарт Бөкөнбаев атындагы
адабий сыйлыктын лауреаты