"Кыргыз туусу", 21.06.11
  Кыргыз жери - бейиштин төрү

Жан сергиткен
"Жалал-Абад"- эл кызматында
Кандай заман болбосун "Жалал-Абад" санаторийи өзүнүн ажайып
кооздугу, жылуу суусу, дарылык касиети күчтүү баткагы менен атагы алыска, даңкы далайга даңазаланып келет. Жылдын кайсы мезгили болбосун бул курорттун астанасынан эс алуучулар үзүлбөйт. Былтыр гана каргашалуу Ош, Жалал-Абад коогалаңында алардын аягы сээлдей түшкөн эле. Азыр туруктуулук, тынччылык, жай турмуш өкүм сүрүп, быйыл эл арбын.
Кезинде Кыргызстандын гана эмес союздун дарылоо курортторунун эң алдыңкы сабында турган Жалал-Абад санаторийи экс-президент К.Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин түздөн-түз көзөмөлүндө болуп, убагында коррупционерлердин майлуу акырына айланган. Эл ырыскысына чардагандар бул мекемени 500 миллиондон ашык сомго карызга батырган жана акыры банкрот абалга келтирип, менчиктештирүүнү көздөп калышкан.
Элдин энчиси болгон эс алуучу жайдын бактысын Апрель революциясы ачты. Азыр "Жалал-Абад" санаторийи анда иштеген жамааттын колуна тийип, эл кызматында. Кабарчыбыз эмгек жамааттын жана мекеменин башкы директору Аскат Ахмедович Маметовдун бүгүнкү күндө "Жалал-Абад" санаторийин ден соолукту чыңдоонун жана эс алуунун чыныгы очогуна айландырууга жасалган астейдил иш-аракеттерине күбө болуп кайткан эле.

"Жалал-Абад" - тарыхый мурастардын эң байыркысы.
"Жалал-Абад" кандайча дарылануучу жайга айланып калганы туурасында эл арасында ар кыл мазмундагы уламыштар айтылып келсе да, анын ичинен эң ынанымдуусу Аюп пайгамбар жөнүндө.
Эми гана биз ЮНЕСКОнун тизмесине киргизип жаткан Сулайман -Тоо, кийин чыккан пайгамбарлардан болгон Даут пайгамбардан да мурда, мындан болжол менен 3000-4000 жылдарда Аюп пайгамбар жашап өткөн деп айтылат уламышта. Учурунда Аюп пайгамбар жугуштуу өнөкөт оору (кандай оору экени так кесе айтылбайт) менен ооруйт. Оорусуна шыпаа издеп дал ушул "Жалал-Абад" курорту жайгашкан аймакка тушугат. Ошондон улам Аюп пайгамбар ушул жайды жердегени, сыйынганы, касиетин тааныганынын далили бекеринен бул жердеги кычкылдуу булактын аты пайгамбардын атында Аюп-Булак деп аталбаса керек. Дагы бир изи анда барган адамдар сыйынган Аюп пайгамбардын күмбөзү деп аталган белги буга күбө. Сөз чынынан бузулбайт.
ЮНЕСКОнун тизмесине Сулайман-Тоодон мурда хронологиялык тартипте киргизилип калса өз ордун тапмак.
Ооба, кыргыздын тарыхый мурас жерлеринин көч башында болмок, кыргыздын руханий сөөлөтү, сыймыгы артылып, кыргыздын дагы бир дүйнө жүзүнө тааныткан тарыхый жайы катары калса эң сонун болмок деген өксүк ой өзөктү өрттөйт.
Кудай жолундагы жетекчи
Аюп пайгамбардай Кудай жолуна түшкөн жетинчи жолу ажылык сапарын карыткан Аскат Маметов мырза - касиеттүү "Жалал-Абад" санаторийинин директорунун милдетин аткаруучу болуп 2010-жылдын октябрь айынан бери иштеп келе жатат. Республиканын туризм тармагында 20 жылдан бери эмгектенген, иштин көзүн билген өз ишинин кесипкөйү кыска убакыттын аралыгында жа-маат менен тил табышып ишти жөнгө салды. Улуу кичүүгө тең илбериңки мамиле жасаган бул жетекчи жөнүндө анда иштеген кызматкерлерден тартып , аз убакытка келген эс алуучулардын да жылуу пикирлерин уктук. Азыр кадимкидей жамаат ичинде моралдык-психологиялык аба ырайы өзгөрүлүп, ишке болгон ишеним артып, чарбалык- социалдык маселелер жөнгө салынып туруктуулук орногон. Мурдагы жетекчи К.Матраимовдун мураска калтырып кеткен карыздарынан кутулушту, музейдей сакталган люкс тибиндеги жатак бөлмөлөр ишке киргизилип жөнөкөй жарандар эс алышууда. Өзүн-өзү каржылаган аталган мекемеде дагы көйгөйлөр көп, иш убакытты талап кылат.
Жигердүү жетекчинин келечек максаты "Жалал-Абад" санаторийинин айланасын жашылдандыруу, декоративдүү өсүмдүктөрдү отургузуу, аймактын инфра түзүмүн дүйнөлүк стандартка жакындатуу, эс алуучулардын натыйжалуу дарыланып кетишине заманбап медициналык жаб-дуулар менен камсыз кылуу.
Музей демекчи, эң алды "Жалал-Абад" дарылоочу мекемесин тарыхый мурас катары коомчулук менен бирге ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштоо; чет өлкөдөн келген туристтерге жана келген эс алуучуларга Улуу Манастын урпактарын
тааныткан улуттук экспонаттар
коюлган музей куруу оюнда бышып турат. Бул максаттар качан, кандай кырдаалда ишке ашырылат убакыт таразалайт эмеспи.
Алтын колдуу ак халатчандар
Бул жамаатта өз ишин мыкты билген чейрек кылымдан бери жаштыгын, күч-кубатын, тажрыйбасын ушул мекемеге арнаган адамдар бар. Андай эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгондордун бири ден соолук сакчысы,"КРнын саламаттыкты сактоосунун мыктысы", "Манас" орденинин ээси, мекеменин директорунун орун басары Тилек Тукубаев. Аны чынчылдыгы, ак ниеттүүлүгү үчүн жалпы жа-маат кадырлашат. Сөзүбүз кур болбосун үчүн анын жамаатка жасаган бир иши санаториянын эл үчүн сакталып калышы үчүн коррупционерлер менен күрөшкөнүн белгилеп кетүүгө болот. Таянган тоосу бийик, болушунча тайраңдаган мурдагы мүдүр К.Матраимовдун "Кыргыз курорттур Кеңештин" жетекчиси Ч.Токобаеванын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси К.Осмоналиевдердин санаторияга жасаган мамилелери коррупциянын нак чегине жеткен. Т.Тукубаев жамааттын эмгек акысын 30 пайызга жогорулаткандыгы үчүн К.Матраимов иштен бошотуп коет. Т.Тукубаев алты ай ишсиз калат. Мыйзамдуу түрдө өз укугун коргогон Тилек Тукубаевдин арызына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту менен Кыргызстан профсоюз федерациясынын 30 коллегия мүчөсүнүн 29у колдоп, алардын чечими менен туура жыйынтык чыгарылып өз ордуна калтырылган.
Эмгек ардагери бул окуяны эстесем кан басымым көтөрүлүп кетет дейт. "Жалал-Абад" санаториясында иштеген дарыгерлердин катарында "Саламаттыкты сактоонун мыктысы" Дурусбек Муратбеков, Айтыкан Сакбаева, биринчи категориядагы дарыгер Роза Шамбетова эл кызматында. Алардын колуна кол, бутуна бут болуп иштеп келе жаткан медайымдар Зина Нарматова, жергиликтүү профсоюз уюмунун төрайымы Гүлбара Ашыралиева жана башка техникалык кызматкерлер иштешет.
Реанимация - жан соога, реабилитация - калыбына келтирүү
"Жалал-Абад" курортунун директорунун орун басары Т.Тукубаевдин айтымында "Кыргыз курорттор Совети" өзүлөрүнө ким? эмне үчүн иштеп жатабыз? деп санаториялар жөнүндө ойлонушаарына шегим бар дейт. Быйыл 2000ге жакын жолдомо элге берилгенде санаториянын бүгүнкү абалы жакшырмак. Негизинен Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына берилгенде оорулар жан соогалап бейтапканаларга барышса, ал эми өнөкөт ооруларга чалдыккандар бизден дарыланганга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Анын үстүнө таза аба, жылуу суу химиясыз эле айыктырууга күчү жетет. Биз деле эс алуучуларды тартуунун аракетин-
дебиз. Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова менен алдын алуу макулдашуунун негизинде "Жалал-Абад" санаторийи менен министрликтин ортосунда келишим түзүлмөкчү. Ал келишимдин пункттарынын биринде Ош, Жалал-Абад коогалаңынан жапа чеккендерди колдоо багытында айрым социалдык аялуу адамдарга медициналык-психологиялык жардамдарды берүү каралып жатат. Алардын бекер эс алууларына шарт түзүп берүүнү санаторийдин жамааты милдеттенген учуру бар.
Эс алуучулардын
пикири
ИБРАИМОВ Калдар жана БЕКИБАЕВА Ырыс "Куттуу Бек" фермердик чарбасынын дыйкандары. Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагы Ак-Кыя айылы.
- Биз Жалал-Абад курортуна биринчи жолу келген жокпуз. Дайыма эс алганы келебиз. Курорттогу өзгөрүүлөр дайыма биздин көз алдыбызда. Мындан 3-4 жыл мурун аябай эс алуучуларды тейлөө бир топ төмөн деңгээлге түшүп кеткен эле. Кудайга шүгүр, быйыл бардык жерде оңдоолор болуп, жакшырып калыптыр. Тамак аш жагы да оңолуптур.
ЖОРОЕВА Суусар, баатыр эне. Сузак району, Багыш айыл аймагы.
- Мен дагы баатыр эне катары ден соолугумду чыңдап, ушул эс алуу жайына келем. Быйыл абдан эле жакшырганы дароо көзгө байкалат. Таза, бак- дарактар, аймактын айланасы таптаза каралган. Жатак бөлмөлөргө жакшы шарттар түзүлгөн. Медиктер жакшы карап жатышат. Эмдиги жылы чалымды да кошо алып келейин деп жатам.
УРУМБАЕВ Кадыр. Сузак
районунун, Сузак айыл өкмөтү.
Эми колдо бар алтындын баркын билбейбиз да. Мурункуга караганда, бир топ өзгөрүүлөр бар. Эс алуу жайы бир топ ыңгайланышып, шарттары жакшырган. Мен көбүнчө эс алуу жайдын директору Аскат балама көптөн көп ыраазымын. Баардык жагын эске алып, жакшыртканы аракет жасап жаткан экен.
Маанай көтөрүүчү
иш-чаралар
Эс алуучулардын маанайын көтөрүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы "Гүлгүн жаш" эстрадалык тобунун көркөм жетекчиси Арзыбек Бедияровдун жамааты мезгил-мезгили менен келишип эс алуучуларга ыр-күүлөрдү тартуулап турушат. Ошондой эле Жалал-Абад санаториясынын администрациясы тарабынан эс алуучуларды дем алыш күндөрү Арсланбапка, Сары-Челекке жана Сулайман-Тоого алып баруу жагы уюштурулган.
Санаторийдеги өзгөрүүлөр
1980-жылдарда пайдаланууга берилген 1200 кишиге ылайыкталган дарылоочу комплексте 2003-жылдан бери эле оңдоолор ар кыл деңгээлде жүргүзүлүп келинди. Аймактагы архитектуралык курулуштар, жатак жайлар, анын ичинен №1, №3 кор-пустун жарымы , "Кут болсун" мейманканасы,"Аюп-Булактын" үч бөлмөсүндө жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Андан сырткары коттедждер бар. Бул оңдоо иштерин жүргүзүүдө бул мекемеде эмгектенген жамааттын эмгеги зор. Айрык-
ча минерал суу түтүкчөлөрү, иш бөлмөлөрү, азыркы маалда ашкананын сырты оңдолуп жатат. Мурда санатория 50%га жетпеген көлөмдө иштеп келсе, азыр 10 ванна иштеп жатса, ага дагы 10 ванна кошуп, 8 баткак кушеткасын 15ке көбөйтүү каралып жана циркулярдык душ оңдолууда.
"Жалал-Абад" кайсы дартка даба
Кыргыз курортторунун ичинен бирден бир айырмасы мындагы №1- булактын жана №2-булактын минерал суулары өзгөчө ашказан-ичеги карын ооруларына, бөйрөккө, табарсыкка, жыныстык органдарга, муун-сөөк органдарына пайдалуу. Тузсуз минерал №1-суу бөйрөктөгү ташты эритет. Башка курорттордо жок ичеги-карындарды жууп-тазалоочу бөлүмү бар. Бул жерде эмгектенишкен жогорку медициналык кесипкөй врачтардын тобу, заманбап жабдуулардын, гидропатиялык кабинеттердин, минералдык, балчык ванналарынын, душтардын жардамдары аркылуу биз жогоруда атап өткөн илдеттерден арылууга болот. Мындан сырткары мануалдык терапия, укалоо, ток менен дарылоочу кабинеттерди косметологиялык бөлүмдөрдү сунуш кыла алат.