"Кыргыз туусу", 21.06.11
 22-июнь - Турар Кожомбердиевдин туулган күнү

Заман залкары!
Акын Турар Кожомбердиевге 22-июнда 70 жыл толот. Дегеле кыргыз жана боордош элдер адабиятында мындай өзгөчө акын чанда.
Жетимиш жашта алп акын,
Жетилген ойго март акын.
Айрымдар "салют, фейерверк",
А Турар болсо - "Залп акын..!" - деп жазган Барчынбек Бугубаев "Кызыл-от" поэмасын оңдоп, "Ыр-дайра" атында улантып жазып келет. Анын дагы да улантылаарын, кеңейтээрин тарыхый поэма сапатында иштелээрин айткан автор, бул поэманы 70 жылдыгына карата поэзия күйөрмандарына сунуштайт. Т.Кожомбердиев жөнүндө сөз өтө көп... Бул чыгарма таланттуу акын - Т.Кожомбердиев жөнүндөгү бирден-бир поэма. Анда акыныбыздын 70 жылдык күндөрү байсалдуу болсун!.

"Ыр-дайра"
(поэма)
Т. Кожомбердиевге

Кыпкызыл оттой жанып түндү өрттөгөн,
Кыргызга кимдер келип, ким кетпеген?..
Мен бүгүн алп акынга таазим кылып,
Ырдаймын ыр буюрган милдет менен.

II
Ажайып Алатоонун коюнунда,
Төрөлүп улуу жайдын толугунда.
Жаркырап бир дайра агып келе жатты,
Сарыөзөн таштарынын коңулунда.

Ал тунук, тунуктугун ушундан бил!
Көрүнбөйт кабагынан туман киргил.
Шаңкайган улуу тоодон узап чыгып,
Шашылып жолдо келет күндүр-түндүр.

Шарп этип кызыктырган дабыштарды,
Шарында ыргып ойноп балыктары.
Жол менен шыбырашып туруп калат,
Жээгинде шыңга бойлуу камыштары.

Күлө албайт, келесоолор мыйыгынан,
Сүрдөшөт поэзия ыйыгынан.
Ак ташы, кызыл ташы, кара ташы,
Көрүнүп турат суунун тунугунан...

Too берген ак дайрага кубанасың,
Толкундун кайрыктарын угаласың.
Адамдын сезимине ыр жазыптыр,
Ушундай элестелет... Турар акын.

Ошол ыр, суулар кечип... бел ашкансыйт,
Ошол ыр, аттай чуркап, тери аккансыйт.
Урпактар алгаласа... коңгуроодой,
Ургулап эл ойготуп келаткансыйт.

Жол болуп эртеңдердин чүрпөсүнө,
Гүл сунуп акыйкаттын бийкечине.
Алп дайра... алп акынды эске салды,
Агылган поэзия тилкесине...

III
Күнөстүү Алатоонун бир жеринде,
Күндөрдүн зымыраган ирмеминде.
Керемет бир даракты көрүп калдым,
Кезинде ыр жазам деп жүргөнүмдө.

Туш-тушка бутактары чачыраган,
Тууган жер карегиндей асыраган.
Жабылып жалбырактар кол чабышып,
Миңдеген алакандай шатыраган.

Күнөстөп кары келет, жаш да келет,
Күүгүмдө... күздө... жайда... жазда келет.
Үшкүрүп кээде дарак түйшөлгөндө,
Үйрүлүп чокусунан асман өбөт.

Дарактын бир бутагын күкүк ээлеп...
Бирөөндө булбул безеп күүсүн элеп,
Дагы бир бутагында торгой сайрап,
Сандаган канаттуулар тегеренет.

Жактырбайт жеткен арам сасыктарды...
Кайгыдан каректери ачышканды.
Бооруна бекем кысат тууганындай,
...Жашырат жалбырагы ашыктарды.

Кулпунуп конуп алган айрыгына,
Куштардын ким эргибейт кайрыгына.
Дарактын мынча бийик өскөндүгү,
Жакпай да жүргөн чыгаар айрымына.

Арсыздар акыйкаттан жеңилгендир,
Ал кезде "жоготом" деп темингендир.
Чыдабай, кара жерди оюп кирип,
Чычкандай тамырларын кемиргендир.

Аз болуп ат салыша чыккандары,
Алардын бүттү бүгүн кызганганы.
Чындыктын бороонунан корголошуп,
Чыйпыктайт саясаттын чычкандары...

Боштордун тийип турган намысына,
Бороондун колу жетпей далысына.
Сулуулар, не бир кыйын акылдуулар,
Суктанып өткөн чыгаар дабышына.

Ырына канча муун кумарланат,
Ышкыбоз жаш акындар кыялданат.
Текебер тежиктердей бой көтөрбөйт,
Термелет теребелге Турар дарак!..

Ичинде миң сандаган майда бактын,
Ийилип улуу боюн кайда катсын?..
Жаңы эле жазып жүргөн тайкүлүктөр,
Жанында чогулчубуз ал дарактын...

Бардыгы чыгат экен чекке жетсе,
Арга жок азыр кайра эстебеске.
Басасың дагы далай жакшы жол, - деп,
Башымдан сылап койгон кездер эсте...

...Эгер сен ыр шаарына келбегенде,
Эки эсе кыйын турмак пенделерге.
Көбүнүн ыр дүйнөсү кедей болмок,
Көк чийген дарагыңды көрбөгөндө.

Эгер сен ыр талаага акпаганда,
Турбасаң мисал болуп башкаларга.
Канча акын майда болуп кала бермек,
Кайрылып сени туурап жазбаганда...

IV
Аркардай айрымаң бар башкалардан,
Арааның алыс кеткен бакмалардан.
Секирип кой, өтөт, - деп ким ишенет,
Сен өзүң каргып өткөн аскалардан.

Колдоонун талантка да кереги бар,
Кол кабыш кылат дечи терең ырлар.
Аркардын ээси Кудай... бакмалардын,
Байкасаң баккан пенде ээлери бар.

Каткырбай, табалабай күйүккөнгө,
Арга издеп туруучу экен сүйүнткөнгө.
Ар кимге кулдук урбай, Теңир менен,
Жараткан менен болдуң бийик төрдө!..

V
Бөлмөдө сөздөр учуп ойкуп-кайкып,
Турганда тууган жериң рахмат айтып.
Ушунча тажадыңбы макоолордон,
Убайлуу жашка чыкпай кеттиң кайтып.

Оттой бир өмүpүңдү элге арнадың,
Керемет ырың менен өлбөй калдың.
Өскөнү, башкасы да ачык турган,
Өлкөнүн өткөөл доорун көрбөй калдың...

Жылытып канчаларды оттой жандың,
Ырында калдың канча жазган жандын.
Кыйла жыл күттүрдү эле Нооруз майрам,
Кыргыздын жаңы жылын тоспой калдың...

Кайрыды кайра элиң санаа-салтты,
Калың журт катаал жолдон кайра тартты.
Ушундай уламалуу эл болгон соң,
Унутпай кайрып алат сендей алпты.

Ырларыңда көп сырлардын ачкычы бар,
Теңдегин! - деп кудурет чыкты сынаар.
Жакшы акыны бар элден кыйын эл жок.
Бул жагынан кыргыздын бактысы бар!

Баары бир жылдар өтө берет экен,
Акынга арабасын чегет экен.
Алдыга аны көбү сүйрөп жөнөп,
Таланты барлар гана жеңет экен.

Турбадык бир да мүнөт биз үмүтсүз,
Кетишти канча жандар изи жиксиз.
Турмуштун татаалдыгы жөргөмүштүн,
Болбосун желесиндей түшүнүксүз...

Көңүлдүн канча ырларын жаратпадың,
Көлчүктүн тынчын алган шар акканың...
Сел болуп шыгың кирип турган кезде,
Сезбедиң түн келгенин, таң атканын.

Сен өзүң болбосоң да бу чактарда,
Ырларың булбулдардай учат таңда.
Бакалар чымырканып секирсе да,
Жетпеди сен отурган бутактарга.

Жакшы ыр ой, азык болот жанга деле,
Жайдары, тамылжыган тандар эле.
Ал кезде гезитке ырың чыккан күнү,
Биз үчүн майрамдардын майрамы эле.
Окугам, ойго түшкөн, барактагам,
Ырларың кимге гана жарашпаган.
Бир дагы ыр болбоптур ал китепте,
Мен окуп жакпай калып, жаратпаган.

Энени отко кошуп жазыптырсың,
Элжиреп жүрөгүнө басыптырсың.
Алыкул Ысыккөлдү кандай ачса,
Апаны так ошондой ачыптырсың.

Жазыпсың кубанычты, өкүттөрдү,
Аттарды, аскаларды, бешиктерди.
Анда мен ырларыңдан элестеткем,
Ааламга кең ачылган эшиктерди...

Элдерге жакшылыктын кабарысың,
Ыймандын чакырыгы, аянысың.
Энени окугандар апаларды,
Ардактап урмат кылып калаары чын...

Жүрөктөн ыр агызып кыялдардай,
Жүз жолу кайталоодон кумар канбай.
Ырларың обон менен жуурулушуп,
Кыр-кырдан үн салышат уларлардай...

VI
... Заңгырап жолдо турат бир имарат,
Чубуруп бири кетсе, бири барат.
"Факультет" акын Турар атындагы,
Акындар ыр жагынан билим алат.

Ажайып бөлмөлөрүн көрсөң карап,
Жандуудай сүрөттөрү тамыр кагат.
Арзуунун сырларынан айтып берет,
Эненин эмне экенин эске салат...

Тоолордун токтоо турган сүрөттөрүн,
Тополоң тоолук элдин күрөштөрүн.
Ишаарат менен гана айтып турат,
Илгерки бабалардын мүнөздөрүн.

Баары бар, кыздан баштап, чалга чейин,
Кыпкызыл гүлдөр баштап, карга чейин.
Капыстан мен да барып кирип калып,
Олтургам баш көтөрбөй таңга чейин...

Кылыктуу кыздар кирип, жигит кирип,
Балбылдайт бурчтарында үмүт күйүп.
Кыргыздын адам аттуу сан жолдорун,
Тургансыйт ушул жерден бириктирип.

Окушат, ойлонушат... жылмайышат,
Кубанса кыялдары жыргап учат.
Кимде-ким келбей калса имаратка,
Ырлардын жыргалынан кур калышат.

Дарак да.., дарыя да.., имарат да..,
Карытып кылымдарды туралат да.
Байкалбай эл ичине сиңип кетип,
Баарысы конуп алган Турар атка.

VII
Унутпай жүргөн өңдүү эл өзүңдү,
Унутпайт жаш акындар кеңешиңди.
Сен үчүн мен ашамын... жаштар ашат,
Сен ашпай токтоп калган белесиңди...

Арзууга сабыр, акыл, эске белек,
Китебиң кийинкилер чечмелемек.
Ырыңды эстегенде эмнегедир,
Ыймандын үндөөлөрү эске келет.

Кыргызда сендей акын аз жаралат,
Кылымдар өзү келип тактап алат.
Жанагы эч керексиз таланттардын,
Ырлары бакалардай сазда калат.

Чурулдап бак-бак этээр... эчтеме эмес,
Алар ким... алар чындык кепке мерез.
Булбулдун кадырына жетпейт алар,
Бууданга эч бир эшек жеткен эмес.

VIII
Колтуктап китебиңди баскан далай,
Кол сундуң кичүүлөргө жаш тандабай.
Шаар, айыл, адамдарды туташтырып,
Шаркырап ага бергин Ак дайрадай!

Ырларың жашай бермек аруу жандай,
Ар таңда күндү тоскон айылдардай.
Канчанын жүрөгүндө кала бердиң,
Капыстан түндү тилген чагылгандай...

Асыл баа кыялдардын кыйырындай,
Айкөл бир адамдардын чын ырындай.
Турасың тууган жердин жүрөгүндө,
Бир сырдуу кереметтин шыбырындай...

Кыпкызыл оттой жанып түндү өрттөгөн,
Кыргызга кимдер келип, ким кетпеген?!
Таланттар жаман ырды жазган эмес,
Татыксыз ойду элге үйрөтпөгөн.

Бул жактан устат болдуң далайларга,
Булбулдай үнүң калды замандарга.
Ак пейил ар бир сабың айтып келет,
Адам бол! Адам бол! - деп адамдарга!..

Барчынбек БУГУБАЕВ,
"Алтын Калем" жана
Бүткүл дүйнөлүк "Хельветас",
Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыктарынын лауреаты,
акын жана журналист


Кыргызга кайталанып келер белең

(Турар Кожомбердиевге)

Акындар сенден сүрдөп турар элек,
Уга элек жаңы үнүңдү угар элек.
Ачылып алдыбызда жаңы дүйнө,
Көрө элек көркөмдүктү туяр элек.
Сезимди селт эткизген сергек ойлор,
Жаңычыл ырларыңа кумар элек.
Көрүнүп ырдын сүрүү падышасы,
Өзүңдөн ыйба кылып турар элек.
Күпүлдөп оргуштаган ыр дайраңа,
Кубанып эркин кулач урар элек.
Күн сайын иштегендер бир бөлмөдө,
Жан жыргап жаңы ырыңды угар элек.
Тазарып дил жаңырып, көздөр жанып,
Кайрадан окушуңду сурар элек.
Жашарып жан дүйнөбүз жаңыланып,
Сүйүүнүн сырларына тунар элек.
Ырдалып ал ырларың жүрөт таңшып.
Кыргыздын ырларынын көркүн ачып,
Табийгат бизге берген сен бир бөлөк.
Сен жаккан коломтого ырдан бүткөн,
Ой тамызгы от сурап барар элек.
Ойлордун от ордосу ыр дүйнөңө,
Жылынып жалынынан жанар элек.
Сен айткан алп сөздөрдөн кудуреттүү,
Демденип ырдан кубат алар элек.
Суктанып алып кетти ажал дагы,
Аттиң ай, сени жоктоп калар белек.

Күүлдөп поэзия асманында,
Бир келип шаңшып учкан шумкар элең.
Жашоого кумар элең, куштар элең.
Ай көрүп көлчүктөн да жаркыраган,
Ажайып сулуулукту сунар элең.
Дүйнөнү карап бала көзү менен,
Баланын балдай ширин сөзү менен,
Тамшанта айтып берип утар элең.
Ыйманга сугарылган бала мүнөз,
Алп туруп жаш баладай уяң элең.
Чоң туруп чоң сүйлөбөй кичик болуп,
Улуудан ыйбаа кылып турар элең.
Туу тутуп адамдыкты, адалдыкты,
Мелжиген ырдан сепил курар элең.
Сен бүгүн тирүү болсоң атаганат,
Жалганды көзгө сайып ырың менен,
Чындыктын туусун ыргап турар элең.
Жарк эткен кылычтан курч сөзүң менен,
Жаманды жакшылыкка бурар элең.
Эч кимге окшобогон, кайталангыс,
Бир гана Турарга тең Турар элең.
Кайрылып кылымда бир ыр пирибиз,
Кыргызга кайталанып турар белең!

Гүлсайра МОМУНОВА,
Кыргыз Республикасынын эл акыны