"Кыргыз туусу", 17.06.11 Мечиттерге салык салуу эле калдыбы?
Биз, Талас облусундагы Кара-Буура районунун мусулмандар жамааты, төмөндөгүдөй себеп менен кайрылдык.
Азыркы учурда бизди тынчсыздандырган нерсе - райондогу мечиттерге салык инспекциясынын кызматкерлери келип, салык төлөөгө мажбурлап жаткандыгы. Мечиттер продукту иштеп чыгара турган ишкана болбогондон кийин молдо же имамдар айлык албаса, салыкты төлөө өтө оор экендиги анык. Мечиттерде, кудайга шүгүр, ыймандуулукка тарбиялап, ач көздүктөн, көралбастык, уурулук, зомбулукка, талап-тоноочулукка, паракорлукка, аракечтикке, зордук-зомбулукка, бирөөнүн менчигин тартып алууга, адам өлтүрүүгө каршы иштер жүрүп, аз да болсо мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө, коррупциялык системанын түп-тамыры менен өзгөрүшүнө өбөлгө түзүп жатат.
Экинчи маселе, жаштарыбыз үйлөнүп баш кошсо, алардын нике тууралуу күбөлүгү болмоюнча молдолордун нике кыюуга акысы жок экен. Эгерде нике кыйыла турган болсо, айылдык имамдарга айып салынып, жоопко тартылат экен. Мына ушул нерселердин баардыгы шариятка терс көрүнүш болуп, мусулман адамдарды кыжалат кылып жатат. Ойлонуп көрсөңүздөр, эгерде айыл жеринде алыс жактан келин алып келсе, анан нике тууралуу күбөлүк алат элек деп райЗАГСка кезек күтүп канча кыжалат болот.
Ошондуктан биз, Кара-Буура районунун жалпы мусулмандар жамааты, ушул мыйзамды киргизбей эле коюуңуздарды суранабыз.
Кайрылуу Кара-Буура районунун "Ислам Нуру" мечитинде талкууланды жана кабыл алынды.
М. КАЗАКБАЕВ,
Кара-Буура районунун Баш имам хатиби,
Сулайманкулов Б., Сейталиев Б., Айбашов К., Сманалиев Т... Бардыгы болуп 190 адам кол койгон.






Рысбай жана аккордеон
Жүрөгүндөй аккордеон туюлчу,
Жүлүндөрдү токтой болуп булкучу.
Ала-Тоого махабатты жар салса,
Аба аркылуу аалам дагы угуучу.

Жоктойт ээсин аккордеон унчукпай,
Жалгыз калган жайлоодогу кулундай.
Эгер азыр тил бүткөндө токтолбой,
Эң оболу эске түшмөк Рысбай.

Бири жерде, экинчиси жарыкта,
Бири жетим, экинчиси тарыхта.
Бириге албай мурдагыдай бап келип,
Бүгүн экөө айта алышпайт ааламга.
Сыздайт сезим, бүркүттөрдөй жаралуу,
Селкилердей жесир калган каралуу.
Улам-улам жалгыздыктан сыгылат,
Учуп кеткен уясынан бир аккуу.

Айткылачы, ачык сөздү тартынбай,
Айкөл талант атырылса вулкандай.
Аккуладай топту жарып баратса,
Аргымакты болдук башка ургандай.

Калп сөздөрдү жактырчу эмес дээринен,
Калкы билет, өнөрүнөн, кебинен.
Улуулугун, залкарлыгын көрө албай,
Уятсыздар эмнеликтен жээриген?..


Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Жалал-Абад шаары




Ырыс алды - ынтымак
Азыркы мезгилди Союз учуру менен эч салыштырууга болбойт. Анткени, алыс барбай эле, өзүбүздүн депутаттардын кандай иштеп жатышкандыгына көңүлүбүздү буралычы. Мамлекеттик башкаруу органы болгон парламенттин мүчөлөрү, башкача айтканда, чоң үмүт менен эл шайлаган депутаттардын жүрүм-туруму, кылык-жоруктары көпчүлүктү кыжырлантууда.

Анткени, депутаттар мушташ-са - эл
мушташат, бирин-бири жамандаса эл да көргөнүн жасайт. Бул болсо өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирет. Союз учурунда тартип бузган депутат мыйзамдуу түрдө жоопко тартылчу. Азырчы? Өзүңөр күбө болгондой, ар бир депутат өз алдынча, өз билгенин иштөөдө. Бирин-бири чукуламай, бирине-бири бут тосмой ынтымакты ыдыратууга, бөлүнүп-жары-лууга алып келүүдө.
Өлкөдө тартип болмоюнча иш эч оңолбойт. Андыктан, партиялар иш алып баруусу зарыл, антпесе, программасындагы милдеттер жай кыймылдоодо. Партиянын күчтүүлүгүн, анын эл үчүн жасаган чоң эмгеги аныктайт. Эл азыр жалаң эле саясатты сүйлөп калышкан. "Жакыр өлкөнүн эли жалаң саясат сүйлөп калат" деген сөз абдан туура. Чындыгында саясатты сүйлөө, кеп кылуу, каяша айтуу, бирин-бири мазактоо, сөз ыргытуу боюнча биздин өлкө алдыңкы орунду ээлери шексиз.
Өкмөт башчысы өлкөнү алдыга сүйрөөдө. Бирок, ага бут тосуулар көп. Эми жакында президенттик шайлоо болот. Кыргыздын мыкты азаматтары: А. Келдибеков, А. Атамбаев, Ө.Текебаев ж.б. жетекчилердин болушуна өз каалоолорун айткандар көп. Иштин көзүн билген жетекчи көп иш жасап, элинин турмушун оңойт. А.Атамбаев, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев эл үчүн көп иш жасашты.
Өлкөбүздө тартип, тазалык, тынчтык болсо, бакубат жашоо болуп, жаш мамлекетибиздин торолушуна чоң өбөлгө болот. Кооз жерибизге, байлыгыбызга көз арткандарга жол берилбесе деймин.
Бактыгүл БАЙСЕЙИТОВА,
Каракол шаары





Китепкана - кең дүйнө!
Китепкана - кең дүйнө!
Баарын табат издеген.


Аттанып чыксаң билимге,
Китептер анда беп-белен.

Катар, катар тизилип,
Көп тармакка бөлүнгөн.
Түркүн, түркүн илимдер,
Кол алдыңан көрүнгөн.

Кандай китеп окуйсуң?
Кызыгасың - эмнеге?
Китептер көп эң кызык,
Китеп окуйм дегенге.

Сен эмнеге кызыксаң,
Таамай айткын жөн-жайын.
Бардык китеп катталып,
Өз-өзүнчө бөлүнгөн.
Таап берет бат эле,
Даректери бүт дайын.

Романдар, повесттер,
Поэмалар өтө көп.
Кайра-кайра кызыктырып,
"Окугун" - деп "жетелейт".

Китепкана - кең дүйнө!
Ааламды бүт камтыган.
Океан бар, деңиз бар,
Жер терметип, толкуган.

Жазып койгон китептерде,
Бүт жаныбар, жандык бар.
Кабар берет толук бойдон,
Шашпай оку бир-бирден.

Китепкана - кең дүйнө!
Баарын табат издеген.
Материктер, өлкөлөр,
Карталарда берилген.

Баарын тапкан - издесең,
Китепкана - кең дүйнө!
Теңештирсем мен аны,
Теңдеши жок - КУТ дүйнө!
Сайнидин ИШЕНОВ,
Бишкек шаары