"Кыргыз туусу", 07.06.11
 "Мыкты айыл аймагы " сынагына

Бакыйган
Бакай-Ата аймагы
Талас облусунун Бакай-Ата районунда, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте турган Бакай-Ата айылдык округу бар. Ага Бакай-Ата менен Наматбек айылдары кирет.
Эки айылдын калкынын саны биригип 8188ди түзөт. Белгилей кетсек, мунун ичинде
өзбектер, орустар, татарлар, казактар жана немистер да бар. Бакайаталыктар башка улуттун өкүлдөрүн өгөйлөбөстөн, тескерисинче көп жылдан бери эриш-аркак эмгектенип келе жатышат. Эмесе, бул аймактын артыкчылыктары менен бирге алдыда аткарылчу иш-пландарын билүү үчүн сапарыбызды алга карай улайбыз...

Айыл чарбасында
Бакай-Ата айыл округундагы тургундардын 90 пайызынын оокат тиричилиги айыл чарбасы менен тыгыз байланыштуу.
Тагырак айтсак, элдин басым-
дуу көпчүлүк бөлүгү буудай, жүгөрү, төө буурчак, картошка, күн карама сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенишет. Айыл округунун башчысы Карабек Турдубаевдин айтымында, өткөн жылы 3 млн. сомдон ашык айыл чарба азык-түлүктөрү өндүрүлүп, мурунку жылга салыштырмалуу өсүү темпи 109 пайызды көрсөткөн. Мунун себебин К.Турдубаев 2010-жылы суугат суунун жакшы берилгендиги менен түшүндүрөт. Дыйкандар болсо, өтүп кеткен жылы төө буурчактарын алды 5-6 ирээт сугарганга жетишкендерин белгилешет. - Бирок, түшүмдүүлүк жакшы болуп жатканы менен, аларды сатып өткөрүү жагы улам сайын кыйындап, оорлоп бара жатат. Ошентсе дагы, биз бул маселени чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз, - дейт айыл округ башчысы.
Мал чарбачылыгы
Бакайаталыктардын кошумча киреше табуу булагы болуп - мал чарбачылыгы эсептелет. 2011-жылдын 1-январына карата округда 2802 бодо мал катталган.
Анын ичинде 1493 баш саан
уй, 13811 баш кой (тубары 8896), 918 баш эчки (тубары 519), ошондой эле 601 баш жылкы. Ал эми каттоодогу бардык малдарды ар кандай жугуштуу оорулардан алдын ала дарылап, профилактикалык иштерди аткарып туруучу эки ветеринардык врач бар. Алар өз милдеттерин так, туура жана өз убагында жасашат. Ошондой эле мал-жандыктарды жайкысын жайлоого алып чыгып, жайытка коё берүү иши менен алектенген жайыт комитети бар. Комитеттин төрагасы О.Осмоновдун берген маалыматы боюнча, 2010-жылдын жыйынтыгында бюджеттик кирешенин бөлүгү 18 млн. сомду түзгөн. Ал эми салык өндүрүүнүн түрлөрү боюнча, Бакай-Ата айыл округу жер үлүш салыгын жыйноо боюнча 86 пайыз, жер участокторунун салыгын жыйноо боюнча 96 пайыз жумуш аткарган. - Салык өндүрүү акыркы жылдары бир топ оор кыйынчылыктарды жаратууда. Айрым атуулдарыбыз тиешелүү салыктарды өз убагында төлөшпөйт,- дейт айыл округ башчысы. Анын пикиринде, салыктар өз учурунда төлөнүп турса, айыл округдун ички түзүмүн мындан да жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк болмок. - Себеби, биз, айыл округда иштеген кызматкерлер жасай турган иштер, так ошол салык төлөмдөргө жараша болот, - дейт К.Турдубаев.
Аймактын ички түзүмү
Ички түзүм демекчи, 2010-жылы Бакай-Ата айылдык округунда ички түзүмдү жакшыртуу боюнча бир топ жакшы иштер аткарылгандыгын белгилөөгө болот.
Мисалы, Бакай-Ата - Намат-
бек жолу толугу менен оңдолгон. Ошону менен катар Наматбек айылындагы Сыргабай, Бакай-Ата айылындагы Каныбек, Кайназар ж.б. көчөлөрүнө, Кошой автовокзалынын тегерегине шагыл төшөлүп, грейдделген. Ал эми аталган иштерге айыл округу 95 миң сом каражат сарптаган. Муну менен бирге 10 миң сом акча жумшап, эки айылдын көчөлөрүнө көчө жарыктарын орнотушкан. Аймактагы 11 көпүрө толук бойдон оңдолгон. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча 2 айлык жарыяланып, ошол учурда 20 миңден ашык бак-дарактардын көчөттөрү жана атайын келишимдин негизинде, 3 гектар жерге 5500 терек отургузулган.
Ал эми аймактын ички түзүмүн азыркыдан да жакшы кылып оңдоо үчүн алдыда төмөндөгүдөй максаттарды коюшкан. Эң биринчи ирээтте, суу түтүктөрүнүн башкы курулмасын оңдоо, "Болток", "Жалпак тил" жана Жаңырык каналдарын оңдоо, 1 ФАП куруу, Бакай-Ата айылына техсервис ачуу, ошондой эле, мөмө жемиштерин кургатуу жолу менен иштөөчү жана төө буурчакты иштетүүчү атайын чакан цех ачуу, Наматбек айылына мечит жана соода түйүндөрүн куруу каралган.
Таза суу көйгөйү бар
Бакай-Ата аймагындагы бирден-бир белгилеп кетүүчү эң орчундуу маселе - таза суу.
Айыл округундагы суу
түтүкчөсү 1937-жылы курулган жана ушул убакка чейин бир да оңдоо иштери болгон эмес. 112 км. түзгөн суу түтүгүндө 91 колонка болгону менен анын экөөсү гана иштейт. К.Турдубаевдин айтымында өткөн жылы элдин күчү менен 2 скважиналык насос жана 5 бышма кудук орнотулган.
- Булар бүгүнкү күндө иштеп жатат, бирок, эки айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн бул жетишсиздик кылат. Ошондуктан, биз Таза суу долбооруна кирбесек, 8 миңге жакын эл таза суусуз калат,-дейт таза суу боюнча адис Т.Байболотов. Алар жылдын башында жалпы элдин атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага, Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына Бакай-Ата айыл округун таза суу долбооруна киргизүүгө көмөк көрсөтүүлөрүн сурап кайрылышкан. - Буюрса, таза суу боюнча көйгөйүбүз оң жагына чечилет деген аруу үмүттөбүз, - дешет бакайаталыктар.
Билим берүүдө
Баятан сөз кылып жаткан аймакта 1 "Наристе" балдар бакчасы жана 5 орто мектеп бар. Аларда жалпысынан 1850 окуучу таалим-тарбия алат.
Ал эми аларга би-
лим берип, окуткан 225 мугалим бар. Айыл округ тарабынан, аталган мектептердин материалдык базаларын чыңдоо максатында, кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен ижара акысы жок 1,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Ошондой эле 2010-2011-окуу жылына карата мектепке ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 172 миң сом каражат бөлүнгөн. - Кудайга шүгүр кыштан оңой чыктык. 79 тонна көмүрүбүз кенен жетип, суукта жылуулуксуз калган жокпуз. 1-4-класстын окуучуларына түшкү тамак уюштуруп, жалпы округ боюнча 650 бала тамактанып жатты, - дейт айыл аймак жетекчиси.
Бакай-Ата айылдык округунда Нарикбай орто мектебинин абалы анча жакшы эмес. Аны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 2 млн. 300 миң сомдук долбоор жазылган. Окуучулардын, мугалимдердин, жалпы эле элеттиктердин тилегени - ушул долбоордун ишке кирип, мектептин оңдолуп калышы. Мугалимдердин айтымында, окуу китептеринин жана кадрлардын жетишсиздиги бул жакта дагы бар. Айлык акылардын көтөрүлүшү менен балким, бул маселе да акырындап өзүнөн-өзү чечилип калар деген үмүттө болушууда.
Социалдык коргоого чоң маани берилет
Жергиликтүү тургундардын белгилөөсүнө таянсак, аймак боюнча акыркы кездерде социалдык жактан коргоого чоң көңүл бурулуп келет.
Ошондой эле жакыр-
чылыкты жоюу боюнча да жасалган аракеттер арбын. 2010-жылга карата аймакта жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 40 пайызды түзгөн. Өткөн жылы ушундай 170 үй-бүлөгө жөлөк пул чегерилип, 19 үй-бүлөгө ун таратылып берилген. Андан сырткары, 80 жаштан ашкан кары-картаң адамдарга ар кандай белек-бечкектер таратылган. - Колубуздан келсе, баарына тең жардам көрсөтсөк эле дейбиз. Тилекке каршы, финансылык мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша иш кылып келебиз, -дейт айыл округ жетекчиси К.Арынович.
Бирок, ошого карабастан, Бакай-Ата айылдык округу Майыптар күнүндө, Карылар күнүндө, 9-майда ж.б.у.с. мерчемдүү күндөрдө түрдүү оюн-зоок, шаан-шөкөттөрдү уюштуруп, кары-картаңдарга, согуштун ардагерлерине акчалай жардам берүүнү унутпайт.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"