"Кыргыз туусу", 07.06.11
  Баңги басты…

Кыргызстанда героинге
"отургандар" - 26 миң
Үстүбүздөгү жылдын 1-майындагы маалымат боюнча Кыргызстанда 3519 адам ВИЧ-СПИД дарты менен катталыптыр. Ал эми катталбагандары андан көп. Алардын 3046сы Кыргызстандын жарандары, калганы чет өлкөлүктөр. Кыргызстан дүйнөдөгү бул балээ тез көбөйүп бара жаткан 25 мамлекеттин ичине кирет экен. Өлкөбүз ансыз да оор тарыхый кырдаалды өткөрүп жатканда "бечелге жөтөлдүн кереги бар беле?" Алардын 66 пайызы эркектер, ийне аркылуу жуктургандар. Анысы аз келгенсип, жакынкы эле жылдарда кош бойлуу энелерден, наристелерден чыгып жатканы ого бетер коркунуч жаратууда.

Айталы, өткөн жылы эле бул айыкпас дартты 50 аял жуктурган. Мындан 24 жыл мурда Кыргызстанда ВИЧ менен 53 адам катталса, былтыркы бир эле жылдын ичинде 570 жаран жуктуруп алыптыр. Бир ууч калкы бар республика үчүн бул оңой "өсүш" эмес… Ага чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусу менен Ош шаарына туура келип, 40 пайызын түзгөн. Андан кийин Чүй облусу, Бишкек, Жалал-Абад… Айтор кара туман каптагандай көрүнүш жүрөк үшүн алууда.
Эгерде салыштырып көрө турган болсок, 28 млн. калкы бар Өзбекстанда 16 миң, Казакстандын 16 млн.дон ашык калкына ушундай эле 16 миң, Тажикстандын 6,5 млн. калкына 3 миң ВИЧ-СПИД менен расмий катталгандар туура келүүдө. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчтөрү.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиеванын демилгеси менен Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатында парламент депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик тиешелүү органдарынын өкүлдөрү катышкан ири жыйын болуп өттү.
Афганистандан агылган баңгизат Борбордук Азия үчүн кыйла мүшкүл түшүрүп, андан чыгып, тыш дүйнөнү аралай чабат. Ошол эле учурда Кыргызстандын өзүнүн кара куурай өскөн жерлерин картадан карасаң, белгиленген сызыктар кыйма-чиймеленип, дээрлик бардык аймактарды камтыйт. Кара куурай бизде 10 миң гектардан ашык жерлерде өсөт. Андан тышкары жүздөгөн гектар аймакты эфедра деген баңги балээ каптап, андан эфедрон баңгизаты алынат. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери ушул баңгизаты жашыруун даярдалган 62 лабораторияны жок кылууга жетишилген. Парламенттик угуу жыйынындагы башкы докладчылардын бири, КРнын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын лицензиялоо жана баңгичиликтин алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тимур Исаковдун маалыматы боюнча Кыргызстан бир жылда 1 тонна героинди "жейт" экен. Тактап атканда болжол менен 26 миң адам героинде "отурат". Беш млн. калкы бар эл үчүн өтө кооптуу жагдай бекен? 1991-2010-жылдардын аралыгында баңгизаттарды колдонгондордун саны 7,5 пайызга өскөн. Бул расмий маалымат боюнча. Кыргызстанда героинди колдонуу өсүп, апийимди колдонуу азайганы байкалууда.
- ВИЧ-СПИД дартын 62 пайызы ийне аркылуу жуктурат. Айрыкча абакта отургандар кыйналып турганда ийне тандабайт. Темир тордун ары жагындагылар канчалык кайтарылбасын, ал жакка баңгизат өтпөй койбойт. Алып өтүүнүн миң түркүн амалы бар. Жыйындын катышуучулары СПИДди алдын албаса эртең кеч болуп калаарын айтып жатышты. Анын алдын албаса коомго туудурган коркунучу бир тең, дарылоо арзанга турбастыгын эске алсак, жакынкы жылдарда өлкө бюджетин өнтөлөтөрү бир тең болуу божомолу бар. Улуттун генофондучу? Ал өзүчө кеп. Себеби, бул дарт алгачкы катталган 30 жылдын аралыгында дүйнөнүн 158 мамлекетин каптап келе жатат. Анын өскөнү өскөн, алды токтоп же азайып калган жери жок.
Кандай айтып, жер сабасак да болору болуп, боёсу канып жатыптыр. Эми абалдан кантип чыгабыз, кимдин сөзүн угабыз дегендей кырдаал жаралды. Дарылап куураганча, дарттын алдын ал демекчи, аты жаман ооруну жуктурбоо боюнча чараларды көрүүдөн башка арга азырынча табыла элек. Жыйындын катышуучулары мына ушунун тегерегинде "баш оорутушту". Алдын алуу боюнча Дамира Ниязалиева мындан эки-үч жыл мурда мыйзам долбоорун сунуштап, парламенттен өтүп, Өкмөткө жиберилген болчу. Бирок, парламенттин өткөн чакырылышында көз жара баштаган мыйзам, төртүнчү чакырылыштын өз мөөнөтүнөн мурда тарап кеткенине байланыштуу "абада асылып" калган.
Кыргызстанда тогуз жылдан бери героиндин ордуна метадон менен алмаштыруу долбоору Ош аймагында алгач башталган. Метадон деле кадимкидей баңгизат. Бирок, ал адамдын акылын тумандатпайт, коом үчүн коркунуч жаратпайт. Аны колдонгондор кадыресе бардык жарандар сыяктуу эле үй-бүлө күтөт. Атүгүл, метадонду кабыл алгандан кийин машине айдап кете берүүгө да болот. Метадонду кабыл алган адам тууралуу купуялык сакталып, акысыз дарыланат. Баңгизатка акча табуу үчүн уурдап-тоноо, жакындарынын буюмдарын тартып алып, сатуу сыяктуу кылмыштар жоюла баштайт. Мындай программа Германия, Австралия сыяктуу мамлекеттерде жакшы натыйжасын бергени тууралуу жыйындын катышуучулары бир ооздон айтып отурушту. Албетте, бизде бул программа адегенде коомчулуктун карама-каршы пикирин жараткан болчу. Баңгизат колдонгондорду азайтпай эле, кайра мыйзамдаштырып беребизби? - деген суроолор да чыккан. Бирок, метадонду бербей койгондон баңгичилер азайып кеткен эмес. Мына ушул программаны эми мыйзамдаштыруу жолу менен ВИЧ-СПИДдин алдын алып, азайтууга боло турганы айтылды. "2002-жылдан бери метадон терапиясын колдонуу бизде практикалана баштаган. Бирок, ал мыйзам түрүндө эмес, баңгизатка каршы күрөшүү боюнча улуттук программанын алкагында. Эгерде биз метадонду алмаштыруу терапиясы катары мыйзам жүзүндө колдоно баштасак, коркунуч азайат. Метадон дарыканаларда сатылбайт. Медициналык мекемелерде врачтын катуу көзөмөлү аркылуу гана берилет. Учурда метадон менен 1000ге жакын адам дарыланууда. Ал эми буга өтүүнү каалагандар 50 эсе арбын. Албетте, бул үчүн мамлекеттин каржылоосу да керек. Мындан каражат аясак, улуттун келечегине балта чапкан болобуз", - дейт Д.Ниязалиева.
- Акыркы үч жылдан бери 500 миңге жакын кош бойлуу аялды текшерсек, 150сүнөн СПИД табылды. Канчалык көп иликтеген сайын бул коркунучтуу дарт ошончолук көп чыгууда. Аялды текшерүүдөн өткөрүү менен төрөлө турган наристени дарттан сактап калууга мүмкүнчүлүк кыйла жогору болот. Төрөт учурунда врачтарга жугузуу коркунучу азаят. Мына ушуга байланыштуу кош бойлуу аялдарды милдеттүү түрдө текшерүүнү мыйзам түрүндө бекитип алуу зарылчылыгы жаралууда. Бул боюнча да депутат Дамира Ниязалиева сунуштаган мыйзам долбоору колдоого ээ болууда, - дейт "СПИД" республикалык борборунун директору Сагыналы Маматов.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"