![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Спорт Чыңгыз Мамедовдун коло медалы Румынияда болуп өткөн дзюдо боюнча дүйнөлүк кубокто кыргызстандык дзюдоист Чыңгыз Мамедов коло медалды жеңип алды. КРнын дзюдо федерациясынын директору Эркин Кадыракуновдун айтымында, Ч.Мамедов 90 кг. салмактагы 5 таймашты башынан өткөргөн. Алгач, украиндик, андан кийин молдовалык оюнчуларды жеңип, румыниялык спортчудан утулуп калган. Самбочулардан - 5 медаль Өзбекстанда өткөн Самбо боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары 5 медалды багындырды. Бул жөнүндө КРнын дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыбаева билдирди. Анын айтымына караганда, чемпионатка 17 өлкөдөн жалпы 500дөн ашуун самбочулар катышкан. Анда кыргызстандыктар 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалдарына ээ болуп кайтышты. Эң жогорку баскычка Муса уулу Тилек (57 кг.) жана Болот Рахатбеков (90 кг.) татыктуу болушту. Жумали кызы Анара (48 кг.) күмүш, ал эми Эстебесова Анара (56 кг.) жана Жаркынбай уулу Эльдияр (62 кг.) коло медалга ээ болушту. Дүйнөлүк чемпионатка катышууга укук алышты Болот уулу Адилет, Жамангулов Жоомарт жана Усупов Алтынбек Россиянын биринчилиги үчүн Барнаул шаарында өткөн каратэ-до чемпионатында биринчи жана үчүнчү орундарды жеңип, эки алтын, бир коло медаль алып келишти. Эми бул 3 спортчу Москвада 1-июлдан 3-июлга чейин өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Аларды учурда СССР спорт чебери Акысбек Өмүрбеков машыктырып жатат. "Ачык эшиктер күнү" Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда, саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн "Ачык эшиктер күнүн" өткөрөт. А.Сыдыбаеванын берген маалыматына таянсак, бул күнү бүтүрүүчүлөр бул тармак боюнча ар кандай лекцияларды уга алышат. Ошондой эле, аталган агенттиктин спорттук мекемелери жана алардын жабдуулары менен жакындан тааныша алышат. Жаш футболчулар эмнеге жетишет? Учурда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (17 жашка чейинкилер) Шанхай кызматташтык уюмунун 10 жылдыгына арналган эл аралык турнирге катышып жатат. Футбол федерациясынан билдиришкендей, аталган турнирге 19 жашка чейинки футболчулардын курамынан турган 19 команда катышууда. Оюн 11-июнда жыйынтыкталат. Ата Журт алкагында Электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн Кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана казинолорго электр кубаты үчүн тариф жогорулашы мүмкүн. Буга байланыштуу Энергетика министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору парламентте жактырылып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов билдирди. Жакында америкалык Tetra Tech компаниясы Кыргызстанда өзүнүн изилдөөсүн жүргүзүп, электр энергиянын өздүк баасы 1 сомдон 2,3 сомго чейин өсүшү мүмкүн экенин айткан. Компаниянын отчетунда үч вариант көрсөтүлгөн: 1. Кардарларга берилген электр энергия үзгүлтүккө учурап, тейлөө эң төмөнкү деңгээлде болсо анын баасы 1 кВт/с үчүн 1 сом. 2. Өлкөдөгү энергетикалык тутумду калыбына келтирип, кардарлар үзгүлтүксүз тейленген учурда анын баасы 1 кВт/с үчүн 1,65 сомго чейин жетет. 3. Республиканын бардык аймагындагы атуулдар эч бир үзгүлтүксүз, сапаттуу энергия менен камсыздалса, баа жогорулап 1 кВт/с үчүн 2,3 сом төлөнөт. Бирок аталган министрлик азырынча калкка тариф көтөрүлбөй турганын кабарлоодо. Эки гезитке кылмыш иши козголду Баш прокуратура "улутчул маанайдагы макала жарыялады" деп "Айкын саясат" жана "Эл сөзү" гезиттерине карата кылмыш ишин козгогондугун Башпрокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев билдирди. "Айкын Саясат" гезитине "Жөөттөр деп жөө калабызбы" аттуу макаласы үчүн, ал эми "Эл сөзү" гезитине Игорь Трофимовдун кайрылуусун басып чыккандыгы үчүн улут аралык мамилени козутууда деген айып коюлууда. Прокуратуранын мындай аракеттерин "Айкын саясат" гезитинин эмгек жамааты сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары кабыл алды. Гезиттин баш редактору Күнболот Момоконов "Жөөттөр деп жөө калабызбы" деген макаланын максаты улут аралык касташууну козутуу эмес, Кыргызстанды экономикалык каатчылыкка алып келгендердин башатында кимдер тургандыгын ачып берүү болгонун билдирди. Улуу Британиянын элчилиги ачылат Кыргызстанда ачылган элчилик негизинен саясий жана өнүгүү багытында кызматташат. Виза жана консулдук кызмат көрсөтүү мурдагыдай эле Казакстандын Алматы шаарында кала берет. Буга байланыштуу 6-июнда Улуу Британиянын Кыргызстан жана Казакстандагы элчиси Дэвид Моран Бишкекте маалымат берди. Кыргызстанга элчилик ачуу тууралуу май айында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Лондондо маалымдаган. Улуттук кийимдердин көргөзмөсү өтүүдө 6-июнда Тарых музейинде XIX кылымдын аягындагы жана XX кылымдын башындагы кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү ачылды. Бул кийимдер 1920-жылдардын аягында чогултулган. Көргөзмөгө жүндөн жана териден жасалган аял-эркектин кийимдери коюлду. Бир катар жаштар уюмдарынын демилгеси менен Кыргызстанда ушул жылы май айынын башында улуттук кийимдер жумалыгы өткөн болчу. Майга таңсыктык болбойт, бирок көтөрүлөт Кыргызстанга 100 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май келээрин Кыргызстан Нефтитрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Бул былтыр ташылып келинген көлөмдөн 25%га көп. 3-5 айдан кийин гана күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа түшүшү ыктымал. Ассоциация баалардын өсүшүн Орусиядан бензин кымбат келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Акенеев майлоочу май Кыргызстанда 1-1,5 сомго кымбаттаарын, бирок таңсыктык болбой турганын кабарлады. Жакында Орусиядан дагы 10-15 миң тоннага жакын май келиши күтүлүүдө. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бир аптада Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 30 тыйынга, Аи-92 үлгүсүнүкү 40 тыйынга чейин көтөрүлгөнүн билдирүүдө. Ал эми дизелдик отундун баасы 20 тыйынга чейин жогорулаган. Аалам алкагында Инфекция көк тамырдан тараган Германиянын Саксония аймагынын айыл чарба министри Герт Лидермандын сөзү боюнча, алдын ала текшерүү Е. Коли инфекциясы Гамбург, Ганновер шаарларынын ортосундагы органикалык фермада өстүрүлгөн буурчактын жана башка өсүмдүктөрдүн көк тамырынан тараганын көрсөттү. Бул инфекциядан Европада, айрыкча Германияда, аз дегенде 22 кишинин өмүрү кыйылып, эки миң чакты адам ооруп калды. Иликтөөгө ылайык, айтылган фермадан буурчактын жана башка өсүмдүктүн көк тамырлары бир катар шаарлардын ресторандарына жеткирилген. Ал эми Кыргызстандын Санитардык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков кыргызстандыктарды Европа өлкөлөрүндө элди сарсанаага салып жаткан жугуштуу ичеги таякчаларына камтама болбоого чакырды. Ал Кыргызстанга Испаниядан Орусия апельсин, лимон, мандарин жана банан мөмөлөрү кире турганын билдирип, алар чек арада дыкат текшерүүдөн өтүп жаткандыгын айтты. Сирияда Израилдин огунан 20 киши окко учту Сириялык демонстранттар Израил көзөмөлдөгөн Голан дөбөлөрүнө өтүүгө аракеттенгенде, Израил аскерлери ок ачты. Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, 5-майдагы окуяда 20 демонстрант каза таап, 300дөн ашыгы жараат алды. Израил бийликтери Сириянын өкмөтүн "элди ички кризистен алагды кылыш үчүн, чек арада кан төгүүнү шыкактап жатат" деп айыптады. Сирия кагылыш алдын ала пландалбаганын, ал палестиндердин чыдамы түгөнүп баратканын көрсөтөөрүн айтууда. Сирияда акыркы бир күндө коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга каршы операцияларында 25 киши каза тапты. Пакистан бомба чабуулуна кабылды Пакистандын түндүк-батышындагы Ноушера шаарындагы наабайканада 5-июнда жарылган бомбадан кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылып, 30 чактысы жараат алды. Андан бир нече саат мурда Пешавардан 20 чакырым аралыктагы машина базарында бомба жарылганда, алты кишинин каны төгүлүп, 12си жарадар болгон. Анын алдында АКШнын пилотсуз учактары Түштүк Вазиристан уруу аймагын бомбалап, Ал-Каида тобунун Пакистандагы кол башчысы Иляс Кашмири өлтүрүлгөн. Йемендиктер президентинин өлкөдөн чыгышын майрамдашты Йемендиктер Сана шаарынагы Тахрир аянтында президент Али-Абдулла Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин майрамдашты. 5-майда Йемен президенти Али Абдулла Салех дарыланганы Сауд Аравиясына кетти. Салех 3-июнда хансарайга урулган ракеталык соккуда жарат алган. Салех эң жарды өлкө саналган Йеменди 30 жылдан бери башкарып келатат. Ушул эле күнү АКШ президенти Барак Обаманын терроризмге каршы күрөшүү иштери боюнча жардамчысы башкы командачылык милдетти убактылуу алган Йемендин вице-президенти Абд-Раббу Мансур Хад менен жолугушканы кабарланды. Оймолор обон салганда Өзбекстандын Бухара шаарында ЮНЕСКОнун колдоосу менен уюштурулган "Жибек жана оймолор" аттуу XI эл аралык фестиваль 3-июнда өз ишин баштады. Анда Ташкент шаарынын тургуну, жергиликтүү кыргыздардын өкүлү Расия Жуманазарова өзүнүн "Оймолор обон салганда" аттуу көргөзмөсү менен катышууда. Мында бардык Борбор Азия мамлекеттеринен кол өнөрчүлүк менен алектенген 50дөн ашык адистер, модельерлер, дизайнерлер, усталар, тигүүчүлөр келишкен. "Менин тегим Таластан. Ташкенттеги консерваторияны бүтүрүп, ушул жакта калып калдым. Ташкент шаарындагы "Өзбекстан" басма үйүндөгү кыргыз редакциясында иштейм. Негизги милдетибиз - Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүү окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду даярдоо. Мына ошол китептерди даярдоодо кыргыз каада-салты, наркы, кол өнөрчүлүгү сыяктуу маселелер менен да жакындан таанышууга туура келди. Кыргыз оймолорун көрсөм, кандайдыр бир обон салгандай туюлат. Мына ушундан улам 2001- жылдан баштап "Оймолор обон салганда" аттуу көргөзмө пайда болгон. Көргөзмө менен Германия, Франция, Түркия, Япония, Малайзия сыяктуу мамлекеттерде болуп, элдик кол өнөрчүлүк менен кыргыздарды дүйнөгө таанытууда өз салымымды кошуп келе жатамын"- деди Р. Жуманазарова. Фестивалдын алгачкы күндөрүндө эле көп чет өлкөлүк туристтер, меймандар кыргыз кол өнөрчүлүгүнө зор кызыгуу билдиришти. "Азаттык" радиосунун, "Кабар" агенттигинин сайттарынан жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||